СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Карагул ботом"поэмасы

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«"Карагул ботом"поэмасы»

Сабактын темасы: “Карагул ботом”поэмасы.

Сабактын максаты:

а)Окуучулар поэманын идеясын терең түшүнүшөт.

б)окуучулар ой жүгүртүүлөрүн өстүрүшүп,өз ойлорун так далилдүү айтууга үйрөнүшөт.

в)поэма аркылуу жаратылышты сүйүүгө,коргоого тарбияланышат.

Көрсөткүчтөрү:а)окуучулар поэманын идеясын түшүнүшсө.

б)окуучулар ой жүгүртүулөрүн өстүрүшсө.

в)поэма аркылуу жаратылышты сүйүп ,коргой алшса.

Сабактын тиби :Бышыктоо сабагы.

Сабактын ыкмасы:жаңы ыкма.Синквен,”Т”схема ,Венндин диаграммасы.

Сабактын тиби:топто ,өз алдынча .

Сабактын жүрүшү: а) саламдашуу

б) үй тапшырмасын текшерүү.

в)уюштуруу,окуучуларга өз атынын баш тамгасы менен башталган сүйгөн жаныбарын айтышат. Мисалы: Адилет арстанлы жакшы көрөт ж.б.

-Кана балдар, биз өткөн сабагыбызда “Карагул ботом”поемасыны өткөнбүз. Чыгарманын мазмуну менен баарыбыз таанышпыз. Азыр силер менен Тумаш мергендин арманынан үзүндү угалы.Тумаш мергендин образын талдап синквейн түзүшөт

Зат атооч: Тумаш.

Сын атооч:Таш боор,мерес .

Этиш :атат,өкүнөт, арман кылат.

Фраза: Тумаш мерген жаратылышка каршы адам .

Мергенчи

Салыштыруу:1.”Кожожаш”дастанында Кожожаш Сур эчкинин жалбарган суранычына карабай,Алабаш текесин баш кылып ,бүт эчки улагын кырат.Ошол себептен Кожожаш кайберендин каргышына калат да ,аскада камалып өлөт.Анын Тумаштын тагдырынан айырмасы кайсы?

2.Илгери дагы бир мергенчи балалуу эликти атып ,жарадар кылат.Огу түгөнгөндүктөн артынан кууп отуруп ,ал кирген үнкүргө кирип барат .Үнкүрдө бир кары кемпир турат, ал туякка айран куюп берип :” балам ,мындан ары балалуу эликти атпай жүр “-дейт.Мергенчи макул болуп ошондон кийин элик атпай калыптыр.Бул мергенчи Тумаштан эмнеси менен айырмаланат?(Окуучулар өз ойлорун айтышат).

Топторго тапшырма берүү:долбоор түзүшүп ,сүрөт менен жакташат.

Жаныбарлардын сүрөттөрүнүн формасындагы таратмалар берилет.

Бышыктоо: суроо жооп.

Балоо :”5”, “4”,”3”.

Үйгө тапшырма:”Жаратылыш биздин байлыгыбыз” деген темада эссе жазуу.