1)Уюштуруу (5 мүнөт) | Оорук-согушта жүргөндөр үчүн алардын арт жагы; тыл, дорбо-аттын жем баштыгы, чоюн баш-уруп жыгуу үчүн уютулуп жасалган курал, чопкут-найза өткүс кийим, торко-кездеменин түрү, жазайыл-майда октуу замбирек, оор мылтык, чарайна-темир кийим, туулга-жоокердин баш кийими, доолбас-тегерек кылып ийилген тактайча алкактын бир бетине, көбүнчө төө териси капталып, согушта, аңчылыкта колдонуучу барабан, алма баш-Эр Табылдынын мылтыгынын аты, аш берүү-өлгөн адамды эскерүү, туйгун-тынч жаткан деген мааниде, багалчак-согончок менен кызыл ашыктын үстүңкү бөлүгү, кишинин органы, соот-найза кирбес, ок өтпөс үчүн майда темир төңгөлөктөрдөн илиништирип жасалган жоо кийим, ашманчы күң-тамак-аш бышыруучу, ашпозчу аял. |
2)Үй тапшыр-масын суроо (5-мүнөт) | “Эр Табылды” эпосундагы жер-суу аттары. Үч-Нура, Нарын, Кичи-Нарын, Кашкар, Калмак-Ашуу, Балгарт, Боз-Дөбө, Кара Кыр, Кара-Каман, Кара-Таш, Кара-Суу, Кара-Тоо, Ак-Терек. |
3)Жаңы тема. (10 мүнөт) Эртең менен Элдияр, Эрмек келип Табылдынын ойготуп Чалкалмактын кабарын айтып жаткан кезде он төрт жаштагы Табылдынын карындашы Кардыгач жылаңаяк, жылаңбаш, карбаластап өзүнчө капаланып, бөлүнүп торкодон кылган көйнөгүн кийинип Арчаторуну агасына алып келмекке, кырк жигит дүрбөп жатканда жоонун артынан кууп жөнөптүр.Опур-топурда кыз менен эч ким ишалбай качан кеткенин да билген жан болбоптур. Кыз болсо атка жалбарып сен жылкынын эстүүсү эмес белең, өз үйүрүңө кайтып кел, колумдан мейизден жасалган жемиңди жесеңчи, эгер жоонун артынан кууп барсам, калмакка качып кетиптир деп хан агама сөз тийбесин, эгер барсам душмандар ашманчы күң кылбасын деп Боз-Дөбөдө буркурап ыйлайт. Бир маалда алыстан бир топ аттардын дүбүртү угулуп, карааны көрүнөт. Кардыгач болсо бир болсо Чалкалмак мени көрүп жоону баштап келе жатат окшщойт деп шыраалжындардын арасына бекинип калат. Бирок, ал караан Чалкалмак эмес эле, адам сымал эстүү Арчатору кырк бууданды ээрчитип, жеген жемин, сагынып айылына келе жаткан кербези экен. Арчатору Кардыгач бекинген Боз-Дөбөгө келип туруп калат, ошондо Кардыгач ордунан туруп мо-молоп Арчаторунун башына ноктосун салып, оң көзү менен сол көзүнөн өөп жемин берип эми жөнөйүн деп жатса, аттарды кууган калмактар жоо экен деп токтошуп калат. Аны көргөн Кардыгач жалгыздыгым билинип калбасын деп, торкодон кылган көйнөгүн чечип бүктөп ат үстүнө салып, ат баштыкты колуна алып кырк бууданды кыруу-кыруу деп чакырып агасынын алдын тосууга жөнөйт. Ошол мезгилде Эр Табылды да кырк жигитин ээрчитип, койчулар минип жүргөн Көкчолокко бутун салаңдатып минип, калган кырк жигитин жөө-жалаң ээрчитип Кара Кырды бет алып келе жатса эле, алыстан уюган калың чаң чыгат. Бу Чалкалмак эптеп бизди айылдан чыгарып, ар жерге жоолап, кармап алып кетейин деп кароол коюп жаткан го-деп, дүрбүсүн сала берип караса ат көрүнөт, караан жок, мал көрүнөт киши жок, бирок алдыңкысы эрбеңдейт, алдыда Арчатору ат көрүнөт, Кардыгач экен мингени, кызда болсо медерим, билдиңер беле жигиттер кыздын жоону жеңгенин, билдиңер беле кырк туйгун, кыздан жардам келерин деп Табылды эки көзүнө жаш алып, аны көргөн кырк жигит ыйлап, ал аңгыча,көйнөгү жок жылаңач, топусу жок жылаңбаш, көкүлү учуп эрбеңдеп, кырк аке деп сербеңдеп, таноолору дердеңдеп Кардыгач да жете келет. Ал-абалды сурашып, аттарды алып кайра артка кайтышат. |