Просмотр содержимого документа
«Карышкыр менен эчки»
Күкүк
Илгери бир заманда бир жалгыз бой аял жашаптыр. Анын төрт баласы болгон экен. Балдары энесин такыр угушчу эмес. Эртеден кечке эшикте ойноп жүрө беришчү. Кийимдерин ыргытышып, чачышкандан башканы билишпейт. Энеси алардын артынан жыйнаганын койбойт. Үй оокатын жасап, тамак бышырып, кир жууп, суу ташып, короо шыпырып жаны калбай жумуш жасаганы жасаган. Балдары энесинин тилин албай, айтканын укпай тентек балдар болушат. Такыр жардам беришпейт. Ушундай кыйын жашоодон кыйналып, бир күнү энеси ооруп, төшөккө жатып калат.
Балдарын чакырып мындай дейт:
- Балдарым, мага суу бергилечи. Тамагым кургап кетти. Мага суу алып келип бергилечи.
Бир жолу, эки жолу, бир нече жолу суу алып келүүлөрүн өтүндү. Бирок эч кимиси уккан жок.
Бирөөсү жылуу баш кийимим жок десе, бирөөсү бутума чокойум жок, бирөөсү жылуу кийимим жок дешет. А төртүнчү баласы жооп да бербейт.
Ошондо энеси мынтип айтат:
-Суу жакын эле жерде агат го, жылуу баш кийимсиз деле, жылуу кийимсиз деле, чокойсуз деле барса болот го. Оозум кургап калды. Суу ичким келип жатат.
Балдары күлүп ойноп жүрө беришет. Көпкө чейин ойношту, энесин бир карап да коюшкан жок. Улуу баласы курсагы ачып үйгө кирип нан жейин дейт. Үйүнө кирсе энесинин колуна канат байлап, кушка айланып жатканын көрүп калат. Үйдөн кушка айланып, учуп чыккан энесин көрүп мындай деп кыйкырат:
- Карагыла, карагыла, биздин энебиз куш болуп учуп кеткени жатат!
Калган балдары чуркап келишип кыйкырышат:
- Апа, биз сизге суу алып келдик.
Апасы жооп берет:
- Кеч болуп калды. Суунун баары эми менин астымда көрүнүп турат, өзүм барып эле ичип алам. Суу ичкени учуп баратам.
Балдары энесинин артынан чөмүчкө суу куюп алып, аны энесине сунуп чуркашат.
Кичүү баласы кыйкырат:
- Апа, апа! Кайтчы үйгө! Мына суу, иче гой апа!
Энеси алыстан мындай дейт:
-Кү-кү, кү-кү, кү-кү! Кеч болуп калды, балам, мен эми кайтып келбейм.
Көп күн, көп түн балдары энесинин артынан чуркашат.
Өмүр бою, биротоло балдарын таштап кетти, күкүк эне.
Ошондон кийин күкүк уя салбай, балдарын өзү бакпай калган экен.
Күкүк
( жомок)