Тема:«Карысы бардын, ырысы бар»
1-октябрь-Улгайган адамдардын эл
аралык күнү
(8а-класс)
Кеченин максаты:
1-октябрь-Улгайган адамдардын эл аралык күнүнө карата
кече өтүү менен бирге карыларды сыйлоого,урматтоого
жаштарды тарбиялоо.
2. Карылардын насаат сөзүн угууга,айтылган макалдардын
маанисин түшүнүүгө үндөө.
Улууларды уматтоону,кичүүлөрдү ызатоону жана
ата-энелерин сыйлоону үйрөтүү.
Кеченин программасы:
Саламдашуу (декламация)
Насаат сөздөр
Бий
Тамашоу Ата-энелердин турмушундагы көрүнүш
Макал айтуу
Ыр
Хор (Тынчтык керек)
Иш чаранын жүрүшү:
1.«Карысы бардын, ырысы бар» 1-октябрь-Улгайган адамдардын эл аралык күнү
деп 8а-класс кеченин темасын коюшту.Класс жетекчиси Кадырбаева Жаңылай
уюштуруп даярдады.
Жасалгаланышы: Кийимдер
Саламдашуу:
Салам айтам ак сакалдуу аталарга,
Салам айтам ак элечек энелерге.
Салам айтам мында турган,
Кыргыз элиме.
Эсендикти сурап көрүшкөн,
Эзелтеден кыргыз салты экен.
Ата-энесин сыйлайм дегендер,
Жер үстүндө аман бар бекен.
Кечеге келген уландар,
Кол сунуп салам айтабыз.
Ата-эне жалгыз бирөө эле,
Коргойлу аны байканыз.
Жалпы: Бар бол Ата-эне,
Ооруба тек эле.
Төрүндө балдарын,
Жашасын эркинче.
Баарына бирдей кам көргөн,
Бар болсун ата-энебиз.
Балдары өссө бей капар,
Бактылуу өмүр кечебиз.
Ата-эне багат балдарын,
Өмүрүн сактай билели.
Жашартам десең ата-энеңди,
Ыймандуу болуп жүрөлү.
2. Насаат сөздөр Ата-Бабалар айткан насаат сөздүн маанисин угуп көрөлү жаштар.
- Ата-энеңе каяша айтпа;
- Алардын сөзүн эки кылба;
- Карылардын тилин алып,айтканын аткар;
- Улуулардан оозунуп,тамакка кол салба;
- Ата-энеңдин жеңилин жерден,оорун колдон ал;
- Ата-энең ооруп калса аларга баардык дитиң менен жардамыңды көрсөт;
- Ата-энең карыган кезде бапестеп бак;
- Орой сүйлөбө,көңүлүн оорутпа;
3. Бий Бийле кыздар бийлейли кыргыздын салттуу бийинен,
улуулар көрүп кубансын.
4. Тамашоу “Ата-энелердин турмушундагы көрүнүш “(Балдар аткарат)
5. Макал айтуу Элибиздэ айтып келген макал менен акыл кебин,
Бул жөн гана айтылган сөз дебегин.
Маанисине көңул бур,түшүнүп алгын тереңин.
“Кары келсе ашка,жаш келсе ишке”
“Улууну урматта,кичүүнү ызатта”
“Карысы бардын.ырысы бар”
“Улуулардын батасын ал”
“Жети өлчөп бир кес”
“Жамгыр менен жер көгөрөт,бата менен эл көгөрөт”
“Карынын сөзүн капка сал”
“Ата-энеңди сыйласаң,өз балаңдаң сый көрөсүң”
6. Ыр Ырда жигит ырда кыз,ырдап көңүл ачалы,
демечи азыркы кезекти ырга берели.
Созолонгон үнү менен акардиондун күүсү менен
“Апакем” атуу ырыды аткарат,
Эрали уулу Тургуналы,Кымбатбек уулу Эрбол
7.Интермедиа “Ата-энең кандай күн көрсөтсөн,ошло күндү өз балаңдан көрөсүң”
Атаке сиз үчүн аздык кылат ажыга алып барсам дагы,
Апаке сиз үчүн аздык кылат мүрөктүн суусун берсем дагы,
Алап баруучу: Карып абышканын уулу Азмат,келини Алтынай,небереси Азирет
бир үй-бүлөдө жашап келишти.Күндөрдүн-бир күнүндө
абышканын башына кайгылуу күн түштү
Карыптар кайрым жайына,
Жеткирди жигит- атасын!
Эрдик жасап койгонсуп,
Эсине албай катасын,
Таш боор уулун өстүргөн,
Турмушка чексиз капсың!
Жоруктан-жорук кубалап,
Жоготуп сулуу элесин,
Тагдырлар менен ойногон,
Таш боорлор кандай немесиң!
Тарттырып турмуш жапасын,
Кайнатып кандуу капасын.
Сакалдан сүйрөп жулмалап,
Сабашкан бар атасын.
Көрүнүп жатса кашкайып,
Көмүскө кайда катасың?
7.Хор. “Тынчтык керек”
Карыба ата-эне уулуң үчүн,
Карыба ата-эне кызың үчүн.
Саламат жашоо кечир бул дүйнөдө,
Сый көрүп уул-кызыңдан,небереңден.
Даярдаган: Т.Жумабаев атындагы №15 орто
мектеби география мугалими:
Кадырбаева Ж.