СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Карысы бардын ырысы бар

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Карысы бардын ырысы бар»

Сабактын темасы: Карысы бардын ырысы бар

Сабактын темасы:

Карысы бардын ырысы бар

Сабактын максаты:  « 1-октябрь Эл аралык Карылар күнү» тууралуу маалымат менен таанышабыз   Ата-энеге жана улуу муундагы адамдарга кайрымдуу болууга, аларды терең урматтоого жана сыйлоого тарбияланабыз

Сабактын максаты:

  • « 1-октябрь Эл аралык Карылар күнү» тууралуу маалымат менен таанышабыз 
  • Ата-энеге жана улуу муундагы адамдарга кайрымдуу болууга, аларды терең урматтоого жана сыйлоого тарбияланабыз
  Жок болсо да ак сарайым алтыным,  Бүт ааламдан, бүт дүйнөдөн мен баймын.  Менин дүйнөм, менин мүлкүм байлыгым,  Ата, апа, сиздердин тирүүлүктө барлыгың.  Ата-дөөлөт, эне- таалай бала үчүн,  Кадырлоого жумша андыктан бар күчүң.  Кылбасаң да чеке тердеп алп мээнет,  Ошол болсун коомго кошкон үлүшүң.  Ата менен эне тирүү барында ,  Эң башкы ишиң жан дилиңден кадырла.  Каза тапса арзыбайт бир тыйынга ,  Сен короткон алтының да, ыйың да.  Мактай албайм үйдөй алтын жыйнасам,  Мага десең академик , аалым бол!  Ата-энеңди терең урмат кылбасаң,  Адам деген асыл наамың болот кор.

«1-октябрь Эл аралык Карылар күнү» Тарыхы  Алгач мындай майрамды белгилөө 1970-жылы жер калкынын картю маселесин изилдеген адистердин оюна келген. Бирок Эл аралык статусту 1990-жылы ээ болгон. 1990-жылдын 14-декабрында БУУнун генералдык ассамблеяс

«1-октябрь Эл аралык Карылар күнү»

Тарыхы

Алгач мындай майрамды белгилөө 1970-жылы жер калкынын картю маселесин изилдеген адистердин оюна келген. Бирок Эл аралык статусту 1990-жылы ээ болгон. 1990-жылдын 14-декабрында БУУнун генералдык ассамблеяс " 1-октябрь Эл аралык Карылар күнү " деп токтом кылган. Токтомдун максаты : карылардын көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн буруу болгон. Алгач бул датаны Европада, андан соң Америкада, ал эми 1990-жылдын аягында бүт дүйөн белгилей баштаган. 1-октябрь күнү көптөгөн өлкөлөрдө түрдүү фестивалдар, майрамдар, акциялар жүрөт. Мунун баары улгайган адамдардын укуктарын коргоо, аларга көмөк көрсөтүү үчүн жасалат. Өкмөттүк эмес уюмдар ар кандай кайрымдуулук иш-чараларын өткөрүп, радио жана теле берүүлөрдө карылардын көйгөйлөрүн чагылдырышат.

 “ Ата- аскалуу тоо,эне-анын боорундагы булак, бала -экөөнө тең жанып турган шам чырак ” бул ар бир инсандын жүрөгүнөн түнөк тапкан нарктуу нуска.Окуучум! ,бул нуска сенин да жүрөгүңдөн түнөк табышын каалайм.Силердин бул жарык дүйнөгө келишиңерге себепкер болгон , тарбиялап өстүргөн ата-энеңердин сүт акысын актагы.Аларга болгон урматтооңорду ширин тил менен таза эмгегиңер менен көрсөткүлө.Өмүр боюу аларга ак кызмат кылып, алардын ыраазылыгын алгыла.

“ Ким көрсөтсө ата-энеге урмат-сый  Эрте-кечпи ал өзүнө кайтаттыр”деген темада көрүнүш аткарышат.    Көрүнүштө бир үй –бүлөнүн тамактанып жаткан учуру: чоң энеси,ата-энеси жана кичинекей небере. Чоң эне тамактанып жатып идишин сындырып алат. Аны көргөн келини каарданып карганып урушуп кирет. Апасы энесине каарданып урушуп жатканда уулуна тамак ичүүгө чакырат да, уулунун жыгач оюп жатканын көрөт. Баласынын эмне кылып жатканын сурайт.Ошондо уулу: — “ Эртең силер да картайганда идиш сындырып, жаңжал чыкпасын деп силерге жыгачтан идиш жасап жатам” –деп жооп берди.  Көрүнүш боюнча талкуу жүргүзүлөт.

“ Ким көрсөтсө ата-энеге урмат-сый Эрте-кечпи ал өзүнө кайтаттыр”деген темада көрүнүш аткарышат.

Көрүнүштө бир үй –бүлөнүн тамактанып жаткан учуру: чоң энеси,ата-энеси жана кичинекей небере. Чоң эне тамактанып жатып идишин сындырып алат. Аны көргөн келини каарданып карганып урушуп кирет. Апасы энесине каарданып урушуп жатканда уулуна тамак ичүүгө чакырат да, уулунун жыгач оюп жатканын көрөт. Баласынын эмне кылып жатканын сурайт.Ошондо уулу:

— “ Эртең силер да картайганда идиш сындырып, жаңжал чыкпасын деп силерге жыгачтан идиш жасап жатам” –деп жооп берди. Көрүнүш боюнча талкуу жүргүзүлөт.

Окуучулар ата-эне жөнүндө макалдарды айтышат.   Атаң барда эл тааны, атың барда жер тааны.

Окуучулар ата-эне жөнүндө макалдарды айтышат.

Атаң барда эл тааны,

атың барда жер тааны.

Ата сыйлаган абийир табат, Эне сыйлаган элине жагат.

Ата сыйлаган абийир табат,

Эне сыйлаган элине жагат.

Карынын кебин капка сал.

Карынын кебин капка сал.

Ак сүт берген эненин, балада акы зор болот .

Ак сүт берген эненин, балада акы зор болот .

Турмушта ар түрдүү жагдайлар, тагдырлар кездешет.Ата-энесин бакпай карылар үйүнө жеткиргендерди ата-энесине муздак мамиле жасап жаткандарын сын алгыдан, чыгармалардан окуп, көрүп, күбө болуп жүрөсүңөр. Анда эмесе акын Болуш Керимбаевдин “Таш боорлор кандай немесиң?” деген чыгармасын 2 окуучу көркөм окуп беришет.

Ээндеп айдап кемесин,  Элимдин укпай жемесин.  Каарыптар кайрым жайына,  Жеткирди кызы энесин!

Ээндеп айдап кемесин, Элимдин укпай жемесин. Каарыптар кайрым жайына, Жеткирди кызы энесин!

Алкаган ыйман батасын,  Агарткан кирсиз жакасын.  Карыптар кайрым жайына,  Жеткирди жигит атасын .

Алкаган ыйман батасын, Агарткан кирсиз жакасын. Карыптар кайрым жайына, Жеткирди жигит атасын .

Бышыктоо:  Сен билесиңби? деген оюну ойнотулат. Мында окуучулар биринен экинчисине улам гүл узатышып, ата-эненин ыйыктыгын даңазалаган сөздөрдү айтышат. Мисалы:  1)Ата-энең ыйык жана ардактуу билесиңби?  2)Ал сенин эң жакын адамың, билесиңби?  3)Сен орой, ичкич, жолу болбогон адам болсоң да, сени бүт дити менен коргоп, сен үчүн сыздап өтөт, билесиңби?  4)Сен канчалык оорукчан, түрү суук, майып болсоң да , сени эч кимге алмаштырбайт, билесиңби?  5)Сенин кыйынчылыгынды мойну менен көтөрүп, кайгы касиретиңе жүрөгү канап азап чегет, билесиңби?  6)Өзүңдө болбогон кымбат буюмду сенде болсун дейт , билесинби?

Бышыктоо:

Сен билесиңби? деген оюну ойнотулат. Мында окуучулар биринен экинчисине улам гүл узатышып, ата-эненин ыйыктыгын даңазалаган сөздөрдү айтышат. Мисалы: 1)Ата-энең ыйык жана ардактуу билесиңби? 2)Ал сенин эң жакын адамың, билесиңби? 3)Сен орой, ичкич, жолу болбогон адам болсоң да, сени бүт дити менен коргоп, сен үчүн сыздап өтөт, билесиңби? 4)Сен канчалык оорукчан, түрү суук, майып болсоң да , сени эч кимге алмаштырбайт, билесиңби? 5)Сенин кыйынчылыгынды мойну менен көтөрүп, кайгы касиретиңе жүрөгү канап азап чегет, билесиңби? 6)Өзүңдө болбогон кымбат буюмду сенде болсун дейт , билесинби?

Үйгө тапшырма:   “ Карысы бардын ырысы бар” деген темада дил баян жазуу

Үйгө тапшырма:

  “ Карысы бардын ырысы бар” деген темада дил баян жазуу