СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кашкардын урпагы

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Бабабыз Кашкардын беш уулу болгон. Алардын эң улуусун молдого окууга беришет. Ал бир колу жок болгондуктан кезек менен ага жардамдашканы инилери барып жүрүшөт. Натыйжада бардыгы молдолукту үйрөнүп, “Беш молдо” деген атка конушат.

Просмотр содержимого документа
«Кашкардын урпагы»

Өмүр баян

Раманкулов Эрназар 1922-жылы 1-майда Ош областынын Өзгөн районундагы Красный Маяк айылында туулган. 1932-жылы Өзгөн районунун Жылалды айылындагы мектепке барып, 4-класска чейин окуган. 1936-жылы Жалал-Абад шаарындагы колхозчу-жаштар мектебинде (ШКМ – школа крестьянской молодежи) 5-класстан окуусун уланткан. 1938-1941-жылдары Жалал-Абад шаарындагы педагогикалык окуу жайында окуп, андан кийин шаарга жакын жайгашкан Сузак районуна караштуу Ырыс айылындагы мектепте эки ай мугалимдик кызматта эмгектенген жана 1941-жылы ноябрь айында Улуу Ата-Мекендик согушка кеткен.

Украина, Белоруссия фронтторунда, Сталинград салгылашуусунда, Польшада немецтик баскынчыларга каршы согуштук аракеттерге адегенде сапёр, кийинчерээк артиллериялык полкто (439 ИПТАП - истребительно-противотанковый артиллерийский полк) наводчик катары катышкан. 1945-жылы 27-январда душмандар менен салгылашуу учурунда сол бутунан майып болуп, госпиталга жөнөтүлгөн.

1946-жылы туулган жерине – Өзгөнгө кайтып келген. Согуштан келгенден эки айдан кийин колхоздун жетекчилиги тарабынан Ош шаарындагы бухгалтерлерди даярдоочу алты айлык курскажөнөтүлгөн. Курсту бүтүргөндөн кийин Өзгөн районундагы “Кыймыл”, “Кызыл Октябрь”, “Путь к коммунизму” жана Карл Маркс атындагы колхоздордо, ал эми 1963-жылдан «Өзгөн» совхозунда эсепчи болуп эмгектенген. Анын дээрлик көпчүлүк мезгилинде башкы эсепчилик милдетти аткарган.

1973-1975-жылдарда Өзгөн районундагы Төрт-Көл селолук Советинде эсепчи жана жооптуу катчы болуп эмгектенген жана Эл депутаттарынын Төрт-Көл селолук Советинин бир нече чакырылышына депутат болуп шайланган. 1975-1977-жылдары «Өзгөн» совхозунун бөлүмдөрүндө эсепчи болуп иштеген. 2002-жылы 80 жашында узакка созулган оорудан каза болгон. Өзү жашаган көчөгө анын ысмы ыйгарылган. Орус, казак, өзбек, түрк, татар крым татар тилдеринде жазылган тарыхый жана адабий китептерди окуп, түшүнө билген. Араб жазуусун окуганды жана жазганды өз алдынча өздөштүрүп, колдонгон.

1948-жылы Ормоке кызы Уулбү (Сузак районунндагы Кызыл-Суу айылынан) менен баш кошуп, 8 балалуу (3 уул, 5 кыз) болгон. Уулдары Мухаммед-Назар (1952) – айылдагы мектепте мугалим, завуч, директор болуп иштеген, азыр ОшТУнун Өзгөндөгү институтунда эмгектенет, Акмат (1959-2020) – совхоздо эсепчи, башкы эсепчи болуп эмгектенген, союз тарагандан кийин Өзгөн райондук айыл-чарба департаментинде эсепчи кызматында иштеп жүрүп, 2020-жылы 4-августта оорудан каза болгон, Кошумбий (1966) – Орусияда иштеп жүрөт, Саадат (1949), Савлат (1955) – пенсионерлер, Салтанат (1964), пединститутту бүтүргөн, Сайрагүл (1969), университетти бүтүргөн, мектепте мугалимдер, Сайкал (1973) Кызыл-Кыядагы медициналык окуу жайын бүтүргөн, азыр медициналык кызматкер.

Улуу Ата-Мекендик согуштагы эрдиктери жана согуштан кийинки мезгилдеги үзүрлүү эмгеги үчүн төмөнкү сыйлыктарга ээ болгон:

Ордендери:

1. “Красная звезда”;

2. “Отечественная Война I степени”;

3. “Отечественная Война II степени”.

Медалдары:

1. “За отвагу”;

2. “За победу над Германией 1941-1945 гг.”;

3. “Медаль имени Жукова”;

4. “20 лет победы в Великой Отечественной войне 1941-45 гг.”;

5. “30 лет победы в Великой Отечественной войне 1941-45 гг.”;

6. “40 лет победы в Великой Отечественной войне 1941-45 гг.”;

7. “50 лет Вооруженных сил СССР”;

8. “50 лет победы в Великой Отечественной войне 1941-45 гг.”;

9. “60 лет Вооруженных сил СССР”;

10. “70 лет Вооруженных сил СССР”;

11. “В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгы”.

Төш белгилери:

1. “25 лет победы в Великой Отечественной войне”;

2. “Отличник артиллерист”;

3. “Гвардия”.