Просмотр содержимого документа
«Касиеттүү Катраң айылы»
Касиеттүү Катраң айылы
Катраң айылы Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун түштүк бөлүгүнөн орун алгын. Жалпы аянты 12 439 км .Калкынын саны 2017- жылкы маалымат боюнча 9644 адамды түзгөн.
Катраң айылынын тарыхына кайрылсак. Ал б.з 17- 18 кылымдарда эле пайда болуп элдер жашагандыгы туурасында айыл ак-сакалдарынын айтуулары бар. Айылдын тарыхыйлыгын далилдей турган дагы бир окуя Катраң айылында жашаган Хан Шырдакты айта алабыз.
Айылдын тарыхы эле эмес атыда адамды таң калтырбай койбойт. Ар бир адамда эле ой болсо керек эмне үчүн, эмне себептен „Катраң” деп аталып калган.
Анда эмесе айылдын Катраң деп аталышы төмөнкүдөй.
Бир мезгилде азыркы Катраң айылынын ордунда «Катраң» деген укмуштуудай кооз жана ыйык дарак болгон. Дарак өтө жыш өткөндүктөн күндүн нурун өткөргөн эмес . Дарак аябай катуу бышык болгондуктан андан ар кандай эмеректерди жасашкандыктан азыркы учурда айылда аз кездешет.
Дагы бир варианты мындай: Биринчи вариантта айтылгандай „Катраң” дарак эмес өсүмдүктүн атынан келип чыккан .
Илгери бир мезгилде азыркы Катраңдын аймагында „татраң” деген өсүмдүк өсчү, ал экиге: тараң арпа жана татраң буудай болуп бөлүнгөн. Ошол мезгилде адамдар аны жыйып буудай ордуна колдонуп, ун тарттырышып өздөрүнүн турмушуна керектешкен. Ошол себептен „Катраң эли - татраң жеп чоңоюшкан” деген накыл кеп сакталып келе жатат. Катраң-татраң сөзүнүн бузулуп айтылышынан келип чыккан.
Козу-Баглан дарыясы
Козу-Баглан дарыясы Лейлек районундагы чоң дарыя. Анын атынын аталыш тарыхы төмөнкүдөй: Илгери-илгери өткөн заманда дарыянын баш жагында бир уруу эл жашаган болот. Алардын ичинде бир мергенчи жашаган экен. Ал өтө ак ниет, ырайымдуу адам болуп кайберендин балдарын, богоздорун, жаңы туугандарын аткан эмес. Бир күнү ал ууга чыгып, аркарларга дүрбү салса арасында бир соолук боз кой жүргөнүн көрөт. Жакын барып өңүткө алганда аркарлар качып кетет да,кой жете албай калат. Койду тутуп үйүнө алып елип, койлоруна кошуп коёт. Кийин ал бир козу тууйт. Козу койлордун арасында өтө чыйрак көркөм касиеттүү мал болуп куттуу козу деп аталат.
Козу туулгандан баштап мергендин үйүндө малы көбөйүп иши жүрүшүп үй-бүлөсү оорубай атканы кулап, түтүнү булап, ити кийик айдап берип, кушу кекилик, улар кармап берип, бейпил турмуш өткөрө баштайт. Козуну үй-бүлө мүчөлөрү, ал тургай ити да жакшы көрүп аны менен ойнойт экен. Күндөрдүн биринде чоңоюп калган козуну мергенчинин кызы ойнотуп ээрчитип кетет. Капысынан бүркүт келип козуну көтөрүп учат. Көрүп калган мергенчи жаадан ок атат. Бүркүттүн ченгээлинен козу түшүп кетип сууга агып жок өлөт. Ити улуп, койу маарап дарыя бойлоп жорто берет. Койунун желининен дирилдеп аккан сүт сууга кошулуп,көбүрүп көбүктөнүп кеткен экен. Кайыптан кудай бооз кылган, койдун багланы-козусу агып, эне сүтү кошулуп көбүк болуп аккан сыйкырдуу суу «Козу-Баглан» дарыясы –деп аталат.
Жети көпүрөө жайлоосу - бул жайлоого жетүү үчүн жети көпүрөдөн өтүүгө туура келет. Жайлоого жайында элдер көчүп барып күз башына чейин олтурушкан. Негизинен бул жайлоого унаа бара албайт. Адамдар унаанын ордуна аттарды колдонушат. Биздин Козу-Баглан дарыябыз да ушул жайлоодон ар кандай суулардын, булактардын топтолуусунан келип чыгат.
Айылыбыздын атын чыгарып элге тааныткан чыгаан инсандарыбыз да жок эмес. Учкуч Ормош Сапаров Ата Мекендик согушта душмандарды талкалоодо өзүнүн зор салымын кошкон. Азыркы учурда Катраң айылындагы мектепке аты ыйгарылган. Нууман Сайдуллаева жазуучу, коомдук ишмер. Кожо Ташбалтаев Совет доорундагы эң алдынкы соттордун бири болгон ж.б.көптөгөн чыгаан инсандар чыкан.