Просмотр содержимого документа
«Касымаалы Жантөшев»
А.Осмонов атындагы жалпы билим берүү орто мектеби
Тема: Касымалы Жантөшевдин өмүрү чыгармачылыгы
9-класс
Мугалим: Таалайбекова Н.Т
Сабактын темасы:
Касымалы Жантөшевдин өмүрү чыгармачылыгы
Сабактын максаты:
- К.Жантөшевдин өмүр жолу, чыгармачылыгы жөнүндө алган билимдерин тереңдетишет;
2.Алган билимдерин жашоосунда пайдаланышат;
Мен тансам: жаштан танам, ырдан танбайм, Ыры жок өмүрүмө канаттанбайм. Кудайга миң мертебе калп айтсам да, Ырыма бир мертебе калп айта албайм.
Кыргыз эл жазуучусу,көрүнүктүү прозаик жана драматург
Касымалы Жантөшев 1904-жылы Ак-Суу районундагы азыркы
Тепке айылында туулган.
Залкар жазуучу 16жашка келгенде гана жаңыдан кат тааныган.Арипти алгачкы жолу Орозакун Илепес уулу деген мугалимден үйрөнүп,1920-жылы анын колунан биринчи жолу китеп көргөнүн «Тепкедеги жаңы мектеп»деген эскерүүсүндө баяндаган.
- -1921-жылы комсомолдун катарына өткөн;
- -1924-жылы айылдык мектепте окуган;
- -1922-жылы «Койчу» деген биринчи драмалык чыгармасын жазган;
- -1926-жылы Фрунзедеги техникумда окуган;
- -1928-жылы «Алым менен Мария», «Карачач» чыгармасы жарык көргөн.
- -1930-жылы «Алым менен Мария»театрга коюлган.
- -1930-жылдарда методист,районо башчысы;
- -1938-жылы «Эки жаш»повестин жазыр кыргыз эли прозачы катары таанымал болду.
- -1942-жылы баатырдык «Курманбек» драмасы, «Өч»пьесасы, «Элдик ырчы»
драмасын Токтогул Сатылгановдун элесине арнап жазган.
- -1949-57-жж. «Тилек», «Жалындуу жаштар», «Хан-Теңирлик чабан» «Мендирман» поэмасы жарык көргөн;
- -1946-жылы Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер;
- - 1968-жылы Кыргыз Эл жазуучусу «Ардак белгиси»медалын алган;
- -1941-45-жж «Улуу Ата Мекендик согуштун каарман эмгеги үчүн»
- Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамоталары менен сыйланган.
Которгон чыгармалары
- Александр Островскийдин «Болот кантип курчуду»романын
- «Сепсиз кыз» пьесасын кыргызчалаган.
- Михаил Лермонтов,Ханс Кристиан Андерсен,Лидия Будогорская сыяктуу чет элдик жазуучулардын чыгармаларын которгон.
- Жазуучу талыкпай иштеген,изденгич жазуучу болгон.Анын ысмы Ысык-Көл облустук драма театрына,билим берүүчү мектептерге жана китепкагаларга,республиканыны шаарларынын көчөлөрүнө жана айылдарына берилген.
- Касымалы Жантөшев 1968-жылы дүйнө салган.
- Жазуучу сөзүнө синквейн түзгүлө...
1. жазуучу(зат атооч )
2. залкар,чыгаан (сын атооч)
3. Жазат,окуйт,иштейт(этиш)
4. Мыкты жазуучу Касымалы Жантөшев. (4сөздөн турган сүйлөм)
5. Акын(жазгыч) (синоним)
Бышыктоо үчүн суроолор ?
ҮЙ ТАПШЫРМА
- Касымалы Жантөшевдин чыгармасы «Курманбек» драмасын окуп келүү;
Көңүл бурганыңыздар үчүн чоң ырахмат!