СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ката окуудан келип чыккан Эрен Улуг

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Ката окуудан келип чыккан Эрен Улуг»

Ката окуудан келип чыккан Эрен Улуг



Сөзүмдү лирикалык чегинүү сыяктуу эскерүүлөр менен баштагым келип турат. 2005-жылы Илимдер академиясынын Тил илими институтунда кенже илимий кызматкер болуп иштечү элем. Бир күнү институттун чогулушунда кызматкерлердин бир жылдык изилдөө иштеринин темалары бекитилмек болду. 50 жаштардагы бир агай кыргыз тилинин синтаксиси, т.а. татаал сүйлөмдөр боюнча изилдөө жүргүзө турганын айтты. Ага синтаксис боюнча фундаменталдуу эмгектери бар, мүчө-корреспондент наамына ээ 70 жаштардагы бир агай буга чейин баары жазылган деп каршы чыкты. Ортодо көп сөз айтылгандан кийин берки агай чыдабай "Бул жазып салган, тигил изилдеп салган деп эле иш жасатпайсыңарбы. Мүмкүн мен башкача метод менен жаңыча көз караш менен жазам" деп агынан жарылган эле.

Муну менен айтайын дегеним, менимче илим чексиздикке чейин салынып кете бере турган асман тиреген үй сыяктуу. Кыргызтаануу, түркология илиминин фундаменти 19-кылымдын аягынан баштап 20-кылымдын ортосуна чейин куюлуп бүтсө, эми ар бир муун өз дареметине жараша кирпичин коюп, дубалын өрүп кете берет. Ушул сыңары байыркы түрк жазма эстеликтеринин, анын ичинде Энесайдагы кыргыз жазма эстеликтеринин тарыхый өңүттөн изилденишинин фундаментин куйгандардын бири - бул С.Г. Кляшторный. Аталган окумуштуу 1976-жылы жарыяланган "Стелы Золотого озера (к датировке енисейских рунических памятников)" аттуу макаласында Хакасияда табылган Алтын-Көл (Е 28, Е 29) жазма эстеликтеринин бири Барсбек Каганга, бири Тибетке элчи болуп барган анын инисине таандык экендигин сунуштап, кыргызтаануу үчүн үлкөн ачылыш жасаган. Бирок кийинки изилдөөлөрдө анын макаласында айтылган кээ бир жагдайлар ката экени аныкталды. Ошондойлордун бири - бул болчар этноними жана Эрен Улуг адам аты. 1997-жылы Энесайдагы көлөмдүү жазма эстеликтерди "Тюркские енисейские эпитафии. Тексты и исследования" деген эмгегинде жарыялаган И.В. Кормушин С.Г. Кляшторный "болчар" этноними катары окуган сөздүн "болсо" деген маани берген "болсар (бол- этиши, -сар шарт мүчөсү)" сөзү экендигин, С. Г. Кляшторный "Эрен Улуг" адам аты катары кабыл алган сөздөрдүн "Эзруа алканып (Эзруаны алкап)" түрүндө окуларын тактап чыккан. Тилекке каршы, азыркы күнгө чейин илимий эмгектерде болсун, массалык маалымат каражаттарында болсун болчар уруусу жана Эрен Улуг аты айтылып келет. Агасы Барсбек Кагандын тапшырмасы менен Тибетке элчи болуп барган инисинин жазма эстеликтеги ысымы - бул Ынанчу Алп Саңун. И.В. Кормушиндин тактоолору чындыкка жакын экенин Минусинскте эстеликти жеринде өз көзүбүз менен окуп, ар бир тамгасын тактаганыбызда күбө болгонбуз.



Төмөндөгү сүрөт Ынанчу Алп Саңунга таандык Алтын-Көл II (Е 29) жазма эстелиги.