Кечиримдүү болуу – эр кишинин иши.
А: Окуучуларга суроолор.
Кечиримдүүлүк деген эмне?
Учурда силер капа болгон бирөө барбы?
Бирөөнү кылган иши үчүн кечирип көрдүңөр беле?
Б: Теманы түшүндүрүү.
Башкаларды кечиргенибизде биз өзүбүз эркин болобуз (ичибиздеги жек көрүү, көрө албастык сыяктуу сезимдерден арылабыз). Жек көрүү жашоону ырахат менен жашообузга, адамдардын жакшы жактарын көрүүбүзгө тоскоол болот. Эч-ким бүтүндөй жакшы боло албайт. Ар бир адамда өзүнө жараша кемчиликтери болот. Мына ошол кемчиликтерин көрүп билип кечире билүү адамдык эң жогорку сапаттардан.
Ардайым кек сактоо, жек көрүү менен жүргөн адам өзүн шектенүү, депрессия жана үмүтсүздүк деңизине чөктүрүп жанында жүргөн досторуна жакындарына да ишенбей жалгыздыкка жамынып өзүн коомдон алыстата баштайт.
Жек көрүү (бирөөнү кемчилигине байланыштуу кечире албастык) бактысыз бир жашоонун себеби. Анткени адам коом менен адам. Адам баласы жаралгандан бери коомдун бир бөлүкчөсү болуп жашоосун улантууда. Ар бир инсандын коомдо өз орду бар, өз милдети бар, өз укуктары бар. Үй-бүлөдө, жумушта, досторунун чөйрөсүндө ар кимибиздин ордубуз бар экенин баарыбыз билебиз. Эч ким бизди бул коомдон, чөйрөдөн бөлө албайт, укугу жок. Ошондой эле, биз дагы өзүбүздү ошол эле коомдон жана чөйрөдөн арындыра албайбыз (изоляция). Бирөөгө капа болуп сүйлөбөй койобуз, экинчиси менен урушуп кетип катташпай койобуз, үчүнчүсүнүн бир кемчилдигин көрөбүз... Ким менен мамиле кылабыз.
Кечиримдүүлүк адамдын ички дүйнөсүн байытат. Кечирүү үчүн адам биринчиден өзү ошол жагдайларга даяр болуусу зарыл. Себеби кечиримдүүлүк кечире билүү бул өзүбүзгө каалаган тандоо. Тарыхыбыздан ата-бабаларыбыздын адамдык сапаттарынын канчалык жогору экенин билсек болот. Ошондой эле биз да өзүбүздү адамдык сыпыттардын эң жакшыларын өзүбүзгө алуубуз зарыл. Көп китеп окуп, чоңдордун акыл насаатарын угуп, өзүбүздү бул сыноолуу жашоодогу аркандай жагдайларга даярдашыбыз абзел.
Эч качан бирөөнүн кыйноосу менен кечирүү мүмкүн эмес. Кечире билүү белгилүү бир убакыт талап кылуусу да мүмкүн. Бул убакытты биз туура чечим чыгаруу үчүн так колдонушубуз керек. Кечирүү качан кайсыл жагдайда, кайсыл убакытта жана канча убакыттын ичинде болсо да белгилүү бир убакыттын жана адамдык сапаттын мөмөсү. Бирөөнү кечиргенибизде эч ким бизге карыз болбойт мындайча айтканда кечиримдүүлүктүн ордуна башкалардан бир нерсе күтүү бул өзү адамдын саппатарына жатпайт. Сиз кечирген адамдын да сизди кечирүүсүн же сиз каалагандай болуусун күтпөңүз. Кечиримдүүлүк бир тандоо. Өзүңүздү жаман ойлордон арылтып, ачык маанайда жашооңуз үчүн жасаган ишиңиз. Эч качан сиз кечирген адамдын тирүү же көз жумуусу сиздин кечирип жаткандагы өзүңүздө сезген кыйналуулар жана ойлонууларыңызда бир таасир жарата албайт. Ал кыйналуулар сиздин кыйналууларыңыз. Кечирүү оңой эмес. Бирок өзүбүздүн ички дүйнөбүздүн жарыктыгы үчүн керек. Көп адамдар кечирүүнүн кечирилген инсандын күнөөсүз же туура экендигин кабыл алуу деп эсептешет. Бирок кечиримдүүлүк аркада калган, колубузга кишен болуп тагылган, мойнубузга жүк болуп түшкөн оор жүктөрдөн арылуу, жеке жашообузга ошол ойлордун жаман таасирлеринен кутулуу.
В: Аңгеме
Бир күнү мектепте бир мугалим окуучуларына бир иш жасоолорун сунуш кылат :
“Бир жашоо сынагына катышууну каалайсыңарбы? “
Окуучулар мугалимин аябай жакшы көргөндүктөн бул сунушун кабыл кылышат.
“Анда“ дейт мугалим. “Мындан кийин эмне десем ошону аткарууга сөз бергиле”. Окуучулар буга макул болушат.
“Эми эртеңки үй-тапшырмаңарга даяр болгула. Анда ар бириңер бирден пакет жана 5 кг картошка алып келесиңер!”
Окуучулар эч нерсеге түшүнө албайт. Бирок эртеси күнү окуучулардын ар биринин алдында бирден пакет жана картошка болот. Мугалим өзүнө таңкалуу менен караган окуучуларына карап мындай дейт:
“Азыр ушул күнгө чейин кечирүүнү каалабаган адамдардын аттарын картошканын үстүнө жазып пакетке салгыла”
Кээ бир окуучулардын пакеттеринде эки-үч картошка турса, кээ бирлеринин пакеттери толуп кетти.
Мугалим өзүнө “Эми эмне болот” деп айтууну каалап турган окуучуларына карап сөзүн улантты:
“Бир жума бою кай жакка барсаңар да, бул пакеттерди жаныңарда алып жүргүлө. Жатканыңарда диваныңарда, мектепте партанын үстүндө... ардайым жаныңарда болот.”
Арадан бир жума өтөт. Мугалим класска кирээри менен айтылганды жасаган окуучулар арыздана башташат:
“Агай мындай оор жүктү ардайым көтөрүп жүрүү аябай кыйын болуп жатат.”
“Агай картошкалар жыттана баштады. Адамдар башкача карай башташты.”
“Анын үстүнө тажадык, чарчадык”
Мугалим жылмаю менен окуучуларына мындай деп насаат берет:
“Көрүп жатасыңар чынында кечирбей биз өзүбүздү жазаландырып жатабыз. Өзүбүздү рухубузда оор жүк ташууга мажбурлап жатабыз. Кечиримдүүлүктү ал адамга болгон белек деп эсептеп жатабыз, ал эми чындыгында кечиримдүүлүк өзүбүзгө жасаган жакшылык.”
Г: Накыл сөздөр.
Кечирүү бул - ошол адамды сүйүү же жактыруу эмес.
Кечирүү бул - ошол адам менен сүйлөшүүгө мажбурлоо эмес.
Кечирүү бул - ошол адам менен бирге жүрүү же катташуу эмес.
Кечирүү бул - ошол адамдын каалаганын жасоо эмес.
Кечирүү бул - ошол адамды кучактоо эмес.
Кечирүү бул - ошол адамды күнөөсүз деп эсептөө эмес.
Кечирүү бул - ошол адамды туура деп табуу эмес.
Кечирүү бул - ошол адамдын берген зыяндарын кайтаруу эмес.
Кечирүү бул - капа болуунун, ачуулануунун, жек көрүүнүн тизгининен кутулуу .
Кечирүү бул - жашоодо башкаларга бооорукер болуу.
Кечирүү бул - сабырдуулук.
Кечирүү бул - жакшылыкка себеп болуу.