Просмотр содержимого документа
«Келечектеги биолог»
Аристотель-б.з.ч. 383-322-жылдары жашаган Грециянын философу. Жандуу жаратылыш жөнүндөгу алгачкы пикири диний мүнөздө болгон. Анын пикири боюнча жандуу жаратылыштын пайда болушуна жана анын ар турдүүлүгүнө кудай түрткү берген. Бирок ошону менен бирге “жаратылыш үзгүлтүксүз жансыз денелерден жандуу денелерге өтөт” деп жазган.
Карл Линней- Швед окумуштуусу. Ал өмүрүнүн аягына чейин тынбастан эмгектенип 10миңге жакын өсүмдүктөрдү жана 4200 жаныбарларды баяндап жазып, “Жаратылыштын систематикасы” эмгегин жазган.
Жорж Бюффон- Франциялык табиятты изилдөөчү. Ал материалистик көз карашта болгон. Негизги эмгеги “Табияттын тарыхы”.
Жан-Батист Ламарк- биринчи эволюциялык теориянын автору. Француз окумуштуусу. Бул эволюциялык теориянын негизги жоболору: алгачкы тирүү организмдер жансыз жаратылыштан келип чыккан; турлөр өзгөрүшөт; түрлөр максатка ылайык жөнөкөйдөн татаалды көздөй өрчүшөт. 1809-жылы жарык көргөн “Зоологиянын философиясы” эмгегинде түрлөрдүн өзгөрүшүнө көп далилдерди келтирип, өзгөргүчтүктүн себептерин ачууга аракет кылган.
Чарльз Дарвин- Биринчи накта илимий эволюциядык теорияны түптөгөн англиялык окумуштуу. 1859-жылы жарык көргөн “Табигый тандалуу жолу менен түрлөрдүн келип чыгышы, же жашоо үчүн күрөштө жагымдуу породалардын сакталып калышы” деген эмгегинде окумуштуу биологиялык эволюциянын негизги мыйзам ченемдүүлүктөрдүн көп түрдүүлүгүн жана организмдердин жашаган чөйрөсүнө ыңгайлануусун чечмелеген. 1831-36-жылдары Ч.Дарвин жаратылышты изилдөөчү катары “Бигль” кемеси менен Жер шарын айланып саякатка катышкан.
Креационисттик гипотезалар- ( англис тилинде create –жаратуу) мүнздө, жандуу жаратылышты кудай же кандайдыр бир сыйкырдуу күчтөр белгилүү мезгилде жаратышкан. Ошондон бери тиричилик өзгөрбөстөн уланып келе жатат.
Трансформизм (өзгөрүү) гипотезалары- жандуу жаратылыш дайыма өзгөрүү менен көп түрдүүлүккө жеткен. Алгачкы эң жөнөкөй организмдер бара-бара өзгөрүп, ар кандай татаалдыктагы жандыктарды пайда кылышкан. Ал эми алгачкы организмдерди кудай жараткан, же Ааламдан Жер бетине алынып келинген, өзүнөн өзү жаралган дешет.
Эволюция – (латын тилинде evolution- жайып жазуу) тиричиликтин өрчүшүнүн табигый процесси.
Өзгөргүчтүк-
Тукум куучулук-
Аныкталуучу өзөргүчтүк-
Аныкталбоочу өзгөргүчтүк-
Табыгый тандоо-
Жасалма тандоо- Адам баласынын тандоо аракетин Ч.Дарвин жасалма тандоо деп атаган.
Түр- тукум кууган түзүлүштүк, физиологиялык жана биохимиялык белгилери менен окшош болгон, белгилүү аймактаөсүп же жашап, бири-бири менен кайчылашып, арбын тукум берген жаныбарлардын тобу. 2011-ж. чейин жазылган түрлөр 1,7 млн жетти.