Просмотр содержимого документа
«Кептин түрлөрү: Кептин түрлөрү боюнча билимдерин системалаштыруу жана жалпылаштыруу»
Кыргыз тили
9-класс
Мугалими:
Мырзагелдиева Э.К.
Жаркылдатып кабагын, Мугалим берет сабагын. Күндө аткарып талабын, Мен билимге канамын.
Сабактын темасы:
Кептин түрлөрү:
Кептин түрлөрү боюнча билимдерин системалаштыруу жана жалпылаштыруу.
- Кепте баяндоо, сүрөттөө түрлөрүнүн колдонулушу туурасында билимдерин тереңдете алышат.
- Кептин түрлөрүн бири-биринен ажырата алышат (баяндоо, сүрөттөө)
Көркөм стилдин монолог формасы аркылуу берилишинде анын (кептин) баяндоо, сүрөттөө түрлөрүнүн колдонулушу мүнөздүү көрүнүш болуп эсептелинет. Ал эми алардын көркөм стилде колдонулуш өзгөчөлүктөрү да ар түрдүү мүнөздө болот. Бирде көркөм стилге тиешелүү текст кептин бир гана түрү аркылуу уюшулат:
Ушул жерде дагы бир Башарын деген бир бай орус бар. Мунун Кызыл-Кыяга келип түшкөнүнө көп жыл болсо керек. Жылыгы жетимиш-сексен ую тууйт. Элебестин келини Жаныман ушунун уюн саайт экен.
Кызыл-Кыя өрөөнүндө мындан башка да ар кайсы коктуда, сайларда бал челек салган, мал кесибин кылган бирин-серин орустар болот. Деген менен бул өрөөндө Башарындан ашып түшкөн бай жок. (М.Э.)
Текст эки абзацтан турганына карабастан,баштан аяк бир гана баяндоо кеби аркылуу уюшулган.
Ошондой эле : Түн. Кашкардын аяздуу түнү тигине. Ушул аяздуу түндү жамынып, аяздай суук адамдардын мүнөзүн, өңүн-түсүн жашырып, куду уйкусу качкан кара мүртөз чалдай түнөрүп, Кашкар жатат...(С.Ө.)
Бул текст жалан сүрөттөө кебинин үлгүсүндө түзүлгөн.
Көпчүлүк учурларда көркөм стилде баяндоо жана сүрөттөө кептери аралаш берилет. Бирок мындай учурда алардын бирөө негизги өзөктүк кеп болуп, экинчиси анын мазмунун ачып көрсөтүүнүн жардамчы-кошумча элементи катары келет:
Сарыбай байдын байбичеси мени киши катары санап «ардактап» чакыртып жибергени мени таң калтырды. «Сарыбай» деп сырттан укканым менен, үйүн көргөн жан эмесмин. Бардым. Тыштан бирөө мени башатап барып ак үйүнө киргизди. Мен кирип токтогон алдыңкы бөлмөсүндө чымкый башайы-макмалдын үстүндө жашыл тукаба чепкенин желбегей жамынып, көөлгүгөн бир зайып олтурат. Башында заңкайган торгун элечек. Байбиче ушул экенин байкадым. Жашы жетип калса да, кен дөөлөттүн аркасында али карылыкка моюн суна койбогондугу көрунүп турат. Семиз, чатыраган кызыл киши экен. (М.Э.)
Тексттеги негизги өзөктүк мазмуну баяндоо кеби аркылуу курулганы менен, анын мазмунун ачуунун кошумча каражаты катары анда салыштыруу кебинин элементтери да берилген.
Анча активдүү мүнөздө болбосо да, көркөм стилде баяндоо кеби менен ой жүгүртүүнүн бир эле текстте аралаш колдонулган учурлары кездешет.
34-бет 21-көнүгүү
Өзүңөр жакшы көргөн бир жаныбарды тема катары пайдаланып, кептин баяндоо жана сүрөттөө мүмкүн ой жүгүртүү түрлөрүнө карата айрым-айрым же аралаш түрүндө текст түзгүлө.