смотров сегодня
Саламатсыздарбы!!
Бүгүнкү “Акыл ордо” – интеллектуалдык оюнубузду улуу ойчул Гольфиндин сөзү менен баштасак:
Китеп билим булагы,
Китепти сүйө билгиле.
Ал турмушуңарды жеңилдетип,
Ой пикириңердин, сезимдин, окуялардын чиеленишин чечүүгө жардам берет.
Башкаларды жана өзүн – өзү урматтоого үйрөтөт деген экен.
Китепти көп окуп, терең билим алууга үндөө менен №37 Үч-Терек жалпы билим берүүчү орто мектебиндеги “Акыл ордо” интеллектуалдык оюну ачык деп жарыяланат.
Акылы бар билимди самайт,
Акылы жок кийимди самайт демекчи.
Акыл миң күндүк,
Кийим бир күндүк экендигин аныктаган алты окуучу биздин алдыбызда турат.
Кылычты ар ким байланат,
Чабарына келгенде кандай жигит шайланат демекчи менин колумдагы кубокту жана китепти ким алып кетерин билгиңиз келсе алдыңкы мүнөттөрдө биз менен болуңуз.
Анда бүгүнкү катышуучулар менен таанышсак. Окуучулар өздөрүн тааныштырат. Баардыгы “Акыл ордого” билимин сынаганы катышат, ал эми кээ бир окуучулар билимине билим кошкону катышат экен. Азаматсыздар таанышканымдан абдан кубанычтамын. Анда эмесе биринчи тур оюнун баштасак.
1-тур. Тесттик суроолор.
Белгилүү аймактагы өсүмдүктөрдүн жыйындысы эмнени түзөт?
Флораны
Фаунаны
Бентосту
Фитонду
Камбийдин сыртынан жайгашкан механикалык ,өткөрүүчү жана негизги ткандардын комплекси – бул эмне?
Ядро:…
Клеткада заттардын жылышын камсыз кылат
Клетканын бөлүнүшүнө катышат
Клеткага форма берет
Клетканы коргоо функциясын аткарат
Ткань бул-
Пияздын чел кабыгы
Элодеянын жалбырагынын бөлүкчөсү
Жемиштин эттүү бөлүгү
Түзүлүшү бирдей, белгилүү функцияны аткарган клеткалардын тобу
Кайсыл өсүмдүктөрдө негизги тамыр жакшы өрчүгөн?
Мохтордо
Эки үлүштүүлөрдө
Бир үлүштүүлөрдө
Балырларда
Жалбырактан сабактан өсүп чыккан тамыр эмне тамыр деп талат?
Каптал
Негизги
Кошумча
Аба
Картофель түймөгү түрү өзгөртүлгөн кайсыл орган болуп саналат?
Тамыр
Жалбырак
Сабак
Гүлү
Дарак өсүмдүктөрүнүн сабагынын ички түзүлүшү кандай?
Камбий катмары жок
Эпидермис, була, камбий, сөңгөк, өзөк
Була катмары жок
Сөңгөктүн түтүкчөлөрү жок
Бир вегетациялык мезгилде камбий аркылуу пайда болгон сөңгөктүн катмары?
Була
Камбий шакекчеси
Пробка
Жылдык шакекче
Бакча кожогатын кантип көбөйтүшөт?
Кайыңдын жалбырагынын формасы кандай?
Канаттай айчыктуу
Тегерек
Канаттай терең айчыктуу
Сызыктуу
Бир үлүштүүлөрдүн жалбырагынын тарамыш алышы кандай?
Салаача
Дого
Торчо
Сызыктуу
Жалбырак кандай функцияны аткарат?
Сууну буулантуу
Температураны үнөмдөө
Фотосинтез, газ алмашуу, терморегуляция, органикалык заттарды топтоо
О2 ни бөлүп чыгаруу
Кайндай жалбыракты кыналган жалбырак дейбиз?
Жалбырак пластинкасы өркүнгө бекилет
Жалбырак сабакка сабы аркылуу бекийт
Жалбырак сабакты айланта кыналат
Жалбырактын түбүндө пленкалар түпчөлөр бар
Клетканын кайсыл органоиддери фотосинтезди ишке ашырат?
Хлоропласттар
Лейкопласттар
Хромопласттар
Хромосомдор
Үт клеткалары көпчүлүк учурда жалбырактын кайсыл жагында жайгашкан?
Эки клетканын ортосунда
Көпчүлүк өсүмдүктөрдүн жалбырагынын астынкы бетинде
Каттмарлуу же катмарсыз
Үт клеткалар жалбырактын үстүнкү бетинде
Транспирация деген эмне?
Жалбырактын сууну буулантышы
Сууну сиңирип алуу
Температураны жөнгө салуу
Газ алмашуу
Өсүмдүктөрдүн жалбырагында фотосинтез жүрүүчү негизги шарт болуп эмне эсептелет?
Суу
Буу
Жарык
Жер семирткич
Мөмө демейде эмнеден өрчүйт?
Кайсыл өсүмдүктүн уругунда май көп?
Жүгөрү
Фасоль
Күн карама
Картошка
2-тур. Аралаш суроолор.
Томирис ким болгон?
Перстерди башкаруучусу
Хундардын шанүйү
Усундардын күнбагы
Сактардын башкаруучусу
Сактардын негизги кесипчилиги эмне болгон?
Карапа жасоо
Жер иштетүү
Кооздук буюмдарды жасоо
Көчмөндүү малчылык
Эгемендүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги качан кабыл алынган?
1999-жыл
1992-жыл
1995-жыл
1989-жыл
Кыргыздын улуттук валютасы – сом качан чыгарылган?
1999-жыл 19 – июнь
1993-жыл 10-май
1983-жыл 11-июлда
2000-жыл 16-мартта
Шамалдын багытын өлчөөчү прибор эмне деп аталат?
Флюгер
Термометр
Барометр
Динамометр
Организмдин кычкылтекти өзүнө тартып алуусу эмне деп аталат?
Бөлүп чыгаруу
Фотосинтез
Дем алуу
Кыргыз элинин баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин кичи мекени кайсы областа жайгашкан?
Санды бөлүүдөн келип чыккан жыйынтык кандай деп аталат?
Айырма
Сумма
Тийинди
Көөйтүндү
“Мүнүшкөр” деп кыргыздарда кимди аташат?
Ат таптаган адамды
Куш таптаган адамды
Аңчылык кылган адамды
Титаник кемеси кайсыл океанга чөккөн?
Тынч океан
Атлантика
Инди
Түндүк муз океаны
Манастын ысымын ким койгон?
Жакып
Акбалта
Думана
Чыйырды
Экиге бөлүнбөгөн сандар кандай деп аталат?
Так сандар
Бөлүнбөс сандар
Калдыксыз сандар
Жуп сандар
Фудбол оюнунда 1 тайм канча убакытка созулат?
1 саат
45 мин
90 мин
20 мин
Токтогул Сатылгановдун сүрөтүн канча сомдук купюрадан кезиктирүугө болот?
20 сом
100 сом
1000 сом
1 сом
Бул атрибуттардын кайсынысы “ Ордо” оюнунда колдонулат?
Чүко
Топ
Жоолук
Жыгач жумур
ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Кыргызстандагы тоо?
Тянь-Шань
Сулайман-Тоо
Тескей Ала-Тоо
Күнгөй Ала-Тоо
Эмомоли Рохмон кайсыл өлкөнүн президенти болуп саналат?
Өзбекстан
Таджикстан
Түркменистан
Азербайжан
“Бөлтүрүк” деп кайсы жаныбардын баласын аташат?
Түлкү
Карышкыр
Аюу
Сүлөсүн
“Жарамазан” ыры кайсы айда айтылат?
Рамазан айында
Чилде түшкөн айда
Эң кыска айда
Жай айларында
Текстин эң кичине бирдиги болуп эмне саналат?
3-тур. Категориялар.
Табышмактар
Мектеп
Жайлоо оюндары
Күн желеси
Дасторкон
“ И” тамгасы менен башталган сөздөр.
Табышмактар.
Австралия талаасын ,
Саякаттап табасың.
Чөнтөгүндө баласын,
Көргөндө таң каласың.
Эки колун көтөрүп,
Буту менен кетет ал.
Муну кимдер чече алат? (кеңгеру)
Жыл мезгилин ылгабас,
Кышдыр жайдыр кургабас. (арча)
Муун – муун муунчак,
муун ала түйүнчөк.
сегиз кыздын энеси,
селкилдеген келинчек.
узун –узун бою бар,
курамалуу тонубар. ( камыш)
тап табышмак,
Күндүзү көрөм.
Түндөсү көрбөйм. (күн)
Алты көкүл атасы Аалам көркүн ачып турат,
Күмүш нурдуу карындашы көлөкөлөп качып турат
Атасы айланып жүрөт, карындашы байланып жүрөт.(күн, жер, ай)
Атасы молдо,
Апасы жорго.
Кызы бийчи,
Баласы ырчы.(көпүрө, суу, балык, бака)
Аталат адам ысымы,
Эсиңде болсо эми айтчы.
Болгонго 3000миң жылдыгы. ( сулайман –Тоо)
Белгилүү эне мекени,
Билебиз Датка энени.
Ажалга тике караган,
Камчыбек бектин мекени. (Алай)
Ийне сайсаң илинбейт,
Чыккан жери билинбейт. (шамал)
Менин болот жагым үч,
Чокум дагы билгин үч.
Атымды менин айтканда,
Биринчи болот дайым үч. (үч бурчтук)
Мектеп
Жети жаштан жогорку балдарга билим берүүчү жай?
Бул нерсенин үнү окуучуларды сабакка чакырат?
Билим күнү качан белгилент?
“ маша жана аюу” мультфильминде Машанын мугалими?
Орто мектептин бүтүрүүчүсүнө мамлекет дал ушул кагазды тапшырат?
Класстык журналдагы сандар, булар-?
Узундукту өлчөө үчүн колдонулган мектеп куралы?
Тарбия кени мектеп, ал эми билим кени?
“Канаттандыраалык” баасы сан түрүндө канча деген бааны түшүндүрөт?
Окуучуларга арналган мектептеги бөлмөлөр?
Башталгыч класстардын бүтүрүүчүлөрү деп канчанчы класстын окуучуларын айтабыз?
Бул кесиптин ээсин “мөмөлүү даракка” салыштырып келишет?
Канча деген баа окуган окуучуну “отличник” деп атайбыз?
Совет бийлиги орногонго чейин, кыргыздардын кат сабатсыздыгын ким жойгон?
Балдардын ден – соолугуна кам көргөн мектептеги сабак?
Фигуралардын касиеттерин иликтеп үйрөтүүчү математиканын бөлүгү болгон сабак?
Жайлоо оюндары
Кайсы тойдо жаңы басып баштаган балага арнап жарыш уюштурулат?
Топ таш оюнун канча таш менен ойнолот?
Кыздар таш менен ойногон оюн эмне деп аталат?
Ыр кесе оюнуна катышуучулар эмнени кезек берип бири- бирине сунушат?
Упай оюнунда бир басым деп канча чүкө аталат?
Көкбөрү оюну дагы кантип аталат?
Кыз куумай оюнун баштоодо кыз менен жигиттин кимиси алдыраак турат?
Ак терек, көк терек,бизден сизге…
Айлуу түндө кайсыл оюн ойнолот?
Тогуз коргоол оюнунда канча үй бар?
Аркан тартышмай оюнунда катышуучулар бири – биринин кайсыл жеринен кармашат?
Ордо оюнунда хан чүкө канча чүкөгө бааланат?
Чүкөлөрдүн эң мыктысы кандай аталат?
Чүкө кандайынан түшкөндө көбүрөөк упай берилет?
Тогуз коргоолду канча адам ойношот?
Селкинчек оюнунун дагы бир аталышы кандай?
Күн желеси
“Шрек” мультфильминдеги негизги каармандын өңү кандай?
Жаңы келин алганда кыргыздар ушул түстөгү жолук салышат?
Казакстандын желеги ушул өңгө боёлгон?
“Кызыл алма” кинотасмасындагы “Бей тааныш кыздын” ролун жараткан актриса?
Күз мезгилинде кандай төөнүн карды жарылат?
Жөө жүргүнчүлөргө арналган светафордо автоунааларга арналган светафордон айырмаланып кайсы түстөгү жарык жок?
“Бутагыңа конойун, кыштын жолун торойун” – деп, Алыкул Осмонов кайсыл даракка кайрылган?
“Көгүлтүр от” көрсөтүүсүн кайсы майрамда көрө алабыз?
“Көк жал” деп кыргыздарда кайсы жаныбарды аташат?
“ак илбирстин тукуму” кинотасмасындагы башкы каарман?
Кайсыл жаратылыштын кубулшунан биз бир эле убакта жети өңдү көрө алабыз?
Орусия Федерациясынын желегинен канча түстү кезиктирүүгө болот?
Дасторкон
Эжигей азыгы эмнеден жазалат?
Жаңы төрөлгөн ымыркай ушул азык менен оозанат?
Алысты жакын кылган кыз, ал эми тамакты таттуу кылган?
Ата- энесинен качып барып түлкүгө жем болгон жомок каарманы?
Малдын өпкөсүнө сүт жана май кошуп даярдалган тамак кандай аталат?
Кайсы азык эң улук деп саналат?
Чай кайнайт, ал эми айранчы?
Кымыз ачытуу үчүн пайдаланылуучу