СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кесиптик практика үчүн түзүгөн жумушчу программанын үлгүсү

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Кесиптик практика үчүн түзүгөн жумушчу программанын үлгүсү»

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ

БАТКЕН МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ

Кызыл-Кыя ПЕДАГОГИКАЛЫК ИНСТИТУТУ

ПЕДАГОГИКА ФАКУЛЬТЕТИ


«Макулдашдашылды» «Бекитемин »

Табигый-математикалык Педагогика факультетинин деканы:

билим берүү каф.башчысы: ________ Кошуев А.Ж.

_______Абдибайитова А.А. «___» ________ 201­­9-ж.

“___”________2019-ж.


ЖУМУШЧУ ПРОГРАММА


Дисциплина «Кесиптик-базалык практика»

Багыты 550100 Табигый-илимий билим берүү багыты

Профили «Биология»

Окутуунун формасы күндүзгү бакалавр (дистанттык)

Факультет Педагогика

Кафедра Табигый- математикалык билим берүү

Курсу - 3

Семестри6 (120 саат)


СӨИ –-120 саат

Отчеттулук: экзамен

Жалпы жүктөмү - 240 саат


Жумушчу программа Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген (2015-ж) мамлекеттик стандатынын негизинде түзүлгөн.


Жумушчу программаны түзгөндөр:______________Абдибайитова А.А.

______________Ташматова Н.К.


“Табигый –математикалык билим берүү” кафедрасынын отурумунда каралган, токтом №1, “____” сентябрь 2019-ж.


Педагогика факультетинин окуу –усулдук комиссиясында жактырылыды, токтом №1, “__” сентябрь 2019-ж. _______________доцент Кошуев А.Ж.

Окутуучунун электрондук дареги: aabdibaitova @list.ru

Мобилдик телефон номери: 0777-30 50 61


Кызыл-Кыя 2019-ж.


    1. НББПдагы кесиптик-базалык практикасынын орду

Кесиптик-базалык практика: мектепте окуу-тарбиялык иштерди уюштуруунун усулун үйрөнүшөт, коомдук уюмдардын, предметтик кааналардын, кружоктордун маани-мазмуну жөнүндө түшүнүк алып, предметтик кечелерди, тарбиялык, класстан тышкаркы иштерди өткөрүүнү, окуучулардын жеке инсандыгын, жалпы класс жамаатынын өзгөчөлүгүн үйрөнүшөт.

Калыптандыруучу компетенциялар:ЖК-3;ИК-4; ИК-5; ИК-6; СИМК-2; СИМК-4; КК-2; КК-3; КК-4; КК-9; КК-10; КК-16.

ЖК-3 – окуутуунун натыйжаларын алдын ала (илимий негизде) билүүгө, табигый, математикалык жана социалдык-гуманитардык илимдердин негизги жоболорун колдонуу менен окуудагы жетишкендиктерди баалоого жана мониторинг жүргүзүүгө жөндөмдүү;

Инструменталдык компетенциялар (ИК):

ИК-4 – педагогикалык жараяндын бардык субъектеринде жеке инсандар ортосундагы позитивдүү жана конструктивдүү мамилелерди уюуштурууга катыша алат, башкаруучулук чечимдерди кабыл алууга жөндөмдүү;

ИК-5 – түзүлгөн жаңы кырдаалды, анын натыйжасын туура баалай билет жана ага ыңгайлаша алат;

ИК-6 – билим берүү жараянында окуучулардын ден-соолугун коргоо жана жашоо ишмердигинин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча шарттарды түзүүгө жөндөмдүү;

Социалдык-инсандык жана жалпы маданий компетенциялар (СИМК):

СИМК-2 – көп маданияттуу коомдогу мамилелерди жөнгө салуучу укуктук жана этикалык нормаларды карманууга жана маданий айырмачылыктарына карабай бардык окуучуларга бирдей мүмкүнчүлүк түзүп берүүгө жөндөмдүү;

СИМК-4 – өзүнүн артыкчылыктарына жана кемчиликтерине сын көз менен карап, артыкчылыктарын өнүктүрүүнүн жана кемчиликтерин жоюунун каражаттарын, жолдорун таба билет;

Кесиптик компетенциялар (КК):

КК-2 – усулдук проблемаларды (моделдер, усулдар, окутуунун технологиялары жана ыкмалары) чечүүнүн ыкмаларына ээ жана окутуунун сапатын баалоонун технологияларын колдонууга жөндөмдүү;

КК-3 – инсанга жана туруктуу өнүгүүгө (сергек жашоо, жаратылышты коргоо жана жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу, энергоэффективдүүлүк, маданий ар түрдүүлүк, гендер, инклюзив ж.б.) багытталган билим берүү жараяны үчүн ыңгайлуу шарттарды түзгөнгө жөндөмдүү;

КК-4 – окуучуларды социалдаштыруунун ыкмаларын,жолдорун, техникасын, усулун билет жана алардын адистикти туура тандоосу үчүн шарттарды түзүүгө жөндөмдүү;

КК-9 – окуучулардын ар кандай тармактардагы (акыл эс, социалдык, адеп-ахлактык ж.б.) өнүгүүсүнүн деңгээлин диагнастикалай алат жана ар кандай терс таасирлерди (зомбулук, баңги, алкоголь ж.б.) жеңүүнүн үстүндө иш алып барууга жөндөмдүү;

КК-10 – табигый-илимий билим берүүнүн өнүгүү көйгөйлөрүн изилдөө иштерине катышууга жөндөмдүү;

КК-16кесиптик билим областында маданий-агартуу мүнөздөгү билим берүүчү маселелерди ишке ашырууга жөндөмдүү.

Кесиптик– базалык практиканын 3–курстун 6-семестрде пландаштырылган.

Кесиптик –базалык практика окуу планыны базалык бөлүгүнө кирет.

Студенттердин кесиптик-базалык практикасы жогорку кесиптик билим берүүнүн негизги билим берүү программасынын составдуу бөлүгү болуп саналат.

Кесиптик-базалык практиканы өздөштүрүү үчүн студенттер төмөнкү дисциплиналарды үйрөнүүдөн калыптанган билимдерин, билгичтиктерин жана көндүмдөрүн пайдаланышат.


педагогика

психология

педагогикалык кесипке киришүү

ботаника

биологиянын теориялык негиздери

зоология

анатомия

биохимия

биологияны окутуунун усулу

химияны окутуунун усулу


1.2. Кесиптик- базалык практиканын максаты


Кесиптик-базалык практиканын максаты студенттердин теориялык билимдерин бышыктоо жана билим берүү мекемелеринде реалдуу балдар менен педагогикалык ишмердүүлүктү ишке ашыруу болуп саналат.


1.3. Кесиптик- базалык практиканын маселеси


  1. Билим берүүчү мекемелердин ишмердүүлүгү, билим берүү жана тарбиялоо концепциялары жана алдыңкы педагогикалык тажрыйбалар менен таанышуу;


  1. Педагогикалык өзүн-өзү өнүктүрүүгө зарыл болгон кесиптик маанидеги мугалимдин личносттук сапаттарына тарбиялоо;


  1. Кесиптик билгичтиктерди жана көндүмдөрдү өнүктүрүү;


  1. Педагогикалык ишмердүүлүккө карата чыгармачылык тапкычтыкка жана изилдөөчүлүк ишмердүүлүктү калыптандыруу;


  1. Теориялык билимдерди бышыктоо жана тереңдетүү, ал билимдерди окуу-тарбия иштеринде колдонуу;


  1. Биология боюнча өз алдынча иштерди пландаштыруу, өткөрүү, контролдоо жана сабак жана сабактан тышкаркы иштер;


  1. Биология боюнча окуу–тарбия процессиндеги усулдар менен куралдануу, окуучулардын таанып-билүү ишмердүүлүгүн уюштура билүүсү;


  1. Биология мугалими жана класс жетекчиси катарында педагогикалык ишмердүүлүктү өз алдында өнүктүрө билүүсү;

  2. Биологияны окутууда заманбап педагогикалык технологияларга ээ болуу;


  1. Жекече педагогиклык кыйынчылыктарды чыгаруу, анализдөө жана аны жое билүү;


  1. Биология илиминин областында, байкоо, анализдөө жана алдыңкы педагогикалык ишмердүүлүктү жалпылоо сыяктуу илимий-изилдөө иштерин аткаруусу


1.4. Педагогикалык практика өткөрүүнүн жыйынтыгы


Жыйынтыгында педагогикалык практиканы өтүүдөн билүү керек:


Билүү:

- Биология жана ИКТ окутуунун заманбап усулдарынын маанисин жана ролун;

  • илимий түшүнүктөрдүн жалпы закон ченемдүүлүктөрү, адам жана коомдун өз ара аракеттенишүүсүнүн негизги закон ченемдүүлүктөрүн;

  • окуу жана тарбиялоонун негизги түшүнүктөрү, билим берүүнүн тарыхы, элдик жана чет элдик педагогдордун ролун;

  • максаттуу тилдин адабий нормаларын, түшүнүктөрүн, мүнөздөрүн, официалдуу-иштик стилин, илимий стилин;

  • маалыматтык билим берүүнүн максатын, окутуунун дидактикалык ыкмаларын жана каражаттарын, окутууну контролдоонун ыкмаларын;

  • заманбап усулдар, технологиялар жана ошондой эле маалыматтык технологиялардын маанисин;

  • билим берүү процессинде окуу программаларынын түзүү жана ишке ашыруу усулдарын;

колдоно билүү:

- үйрөнүлүп жаткан маселенин позициясында маалыматтарын анализдөө;

- биология жана ИКТ окутуунун заманбап усулдарын колдонуу;


- педагогикалык ишмердүүлүк үчүн социалдык-маанилүү факторун жана педагогикалык ишмердүүлүктү анализдөө жана баалоо;


  • педагогикалык концепцияны түзүү жана педагогикалык тажрыйбаны түшүнүү үчүн илимий түшүнүктөрдүн жалпы закон ченемдүүлүктөрүн колдонуу;


  • окуу кырдаалдарына карата тилдик каражаттарды тандоо, конкреттүү коммуникативдик жана таанып билүүчүлүк маселелерди чечүү;


  • өзүнүн кесиптик ишмердүүлүктөрүнүн жыйынтыктарын анализдөө жана баалоо; коюлган маселени чечүү;


  • Биология жана ИКТ боюнча мектеп окуулуктарын, мамлекеттик билим берүү стандартын, окуу программасын;


Ээ болуу:

- билим берүү процессинде окуучулардын ишмердүүлүктөрүн уюштуруунун ыкмаларын;

-билим берүү процессиндеги түрдүү маселелерди чечүү көндүмдөрүн;

  • мамиле, диалог жана дискуссия алып баруунун ыкмалары;

  • көп тилдүүлүк программасына ылайык максаттуу тилдин нормаларында, оозеки жана жазма речтин көндүмдөрүн ээ болуу менен лекция, доклад жана чыгуу сөз даярдай билүү;

  • кесиптик рефлексиялык көндүмдөрүнө;

  • конкреттүү билим берүү мекемесинин билим берүү даражасына ылайык маселелерди чечүүнүн ыкмалары;

окуу

  • окуу программасын өздөштүрүү процессинде окуучулардын ишмердүүлүктөрүн уюштуруу ыкмалары;



Аткарууга карата

  1. Жумуш:

    • окуу пландарын иштеп чыгуу боюнча (окуу планы, окуу программасы, предметтик мугалимдин календардык, тематикалык жана сабакка планы);

    • сабакка пландарды, класстык сааттарды жана ата-энелер чогулуштарын түзүү;

    • предмет боюнча окуу кабинетинде (ОТК, таблицаларды, схемаларды, таркатылуучу дидактикалык материалдарды, электрондук түрдөгү окуу китептерин, видеотеканы ж.б колдо барын колдонуу жана түзүү);

    • ар кандай формалардагы окуу процесстерин ишке ашыруу (cабак, саминар, тегерек стол, дебаттар ж.б);

    • предмет боюнча класстан тышкаркы ишти ишке ашыруу;

    • психологиялык педагогикалык диагностика ыкмаларын колдонуу менен балдар жамаатын башкаруу;

    • окуучулардын индивидуалдык жана курактык өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу;

    • класс жетекчисинин тарбиялык иштерин аткаруу;

    • класстын ППБдо заманбап окуу технологияларын ишке киргизүү.


  1. Катышуу:

  • предметтик мугалимдин сабагына дидактикалык материалды даярдоого;

  • окуу предмети боюнча КТП же ТП түзүүгө;

  • сабактарга ар кандай типтеги пландарды түзүүгө;

  • КТПга ылайыктуу ар кандай типтеги сабактарды өткөрүүгө;

  • сабактан тышкаркы үйрөтүү ишмердигинин ар кандай формаларын өткөрүүгө (окуу предмети боюнча);

  • класстык сааттарды жана сабактан тышкаркы иш чараларды даярдоого жана өткөрүүгө;

  • окуучулардын окуу материалды өздөштүрүүсүнө жардам көрсөтүүгө;

  • тарбия иштеринин айрым түрлөрүн жана формаларын өз ара даярдоо жана өткөрүү.


  1. Ишке ашыруу:

    • активдуу практикалык ишмердикти (сабактарды, иш чараларды ж.б өткөрүү);

    • класстын психологиялык-педагогикалык мүнөздөмөсүн иштеп чыгуу;

    • кесиптик өзүн тарбиялоо жана өзүнчө билим алуу программасын ишке ашыруу боюнча иш алып баруу;

    • сабактардын анализин жана башка иш чараларды өткөрүү;

    • окуучулардын жетишүүсү, катышуусу жана мониторинг боюнча отчетторду түзүү;

    • мектептеги иш кагаздар менен иштөө (журналдар, оздук делолор, окуучунун күндөлүгү).


1.5. Кесиптик-базалык практикасынын НББП сында орду. Кесиптик- базалык практика НББП төмөндөгү предметтеринин негизинде базаланат.

  • кыргыз тили

  • орус тили жана адабияты

  • англис тили

  • Информатика

  • Психология

  • Педагогика

  • адам өмүрүнүн коопсуздугу

  • биотехнология

  • биохимия

  • химия

  • зоология

  • анатомия

  • жалпы биология

  • окуу-таанышуу практикасы


1.6. Кесиптик –базалык практиканын мындан ары билим берүү траекториясына таасири

  • кесиптик-профилдик практика

  • окутуунун усулдары;

  • тандоо курстары;

  • илимий изилдөөчүлүк иштери;

  • Мамлекеттик экзамен


1.7. Кесиптик-педагогикалык практиканы өткөрүүнүн формасы



  • Аудиториялык;

  • Аудиториялык эмес (өз алдынча иштерди аткаруу үчүн тапшырмалар)


1.8. Кесиптик-базалык практиканы өтүү жайы



  • Кызыл-Кыя шаарындагы билим берүүчү орто мектептери;

  • Кадамжай районундагы орто билим берүүчү мекемелер;

  • Кадамжай районундагы орто билим берүүчү мекемелер;

  • Ноокат районундагы орто билим берүүчү орто мектептери;

  • Баткен районундагы орто билим берүүчү орто мектептери;

  • Араван районундагы орто билим берүүчү орто мектептери.




1.9. Кесиптик-базалык практиканын структурасы жана мазмуну


Максаты:


  • Мектеп биология курсун окутуунун түрдүү концепциясы менен таанышуу.

  • Биолгиянын базалык курсун окутуу процессинде окуучулар менен иштөөнүн туруктуу көндүмдөрүнө ээ болуу

  • Биологияны окутуу менен биргеликте максаттуу тилди өнүктүрүүгө салым кошуу


өтөө мөөнөтү 4 жума


Бөлүмдөрдүн аталышы

Студенттин ишмердүүлүгү

Аткаруу мөөнөтү (көлөмү)

Практика усулчусунун ишмердүүлүгү

факультеттин багыттоочу конференциясы

Конференцияга катышуу, жоболор, милдеттери менен таанышуу

1

Катышуу

Факультеттин жана профилдик усулчулардын чыгуу сөздөрү. Биология боюнча тапшырмаларды жана практиканы өтөө боюнча инструктаж берүү

Тапшырмаларды алуу, көрсөтмөлөрдү алуу

1

Консультация

Кесиптик-базалык практиканын программасы, отчеттук иш кагаздарынын тизмеси, педагогика жана психология усулчусунун тапшырмасы менен таанышуу

Тапшырмаларды алуу

1

Консультация

Билим берүү мекемесинде окуу-тарбиялоо процессин уюштуруу менен таанышуу




Администрация менен маек, Биология жана химия, география мугалими, класс жетекчиси менен маектешүү, мектептин материалдык –техникалык базасы менен таанышуу; окуу сабактарынын жадыбалы, мектептин иштөө режимин үйрөнүү жана аны анализдөө; мектептин эсептөө техникасы жана программалык камсыздоосуу менен таанышуу информатика кабинети, санитардык-гигиеналык абалы

Маек, анализ

6

Консультация

Курак жаш өзгөчөлүктөрү боюнча биология сабактарына катышуусу, группаларга бөлуштүрүү

Бекитилген класстын 1 жума сабактарына катышуу.

Сабактарга катышуу, бир катар тапшырмаларды аткаруу

12

Консультация

Мектептеги окуу-тарбиялык иштерди үйрөнүү, анализдөө жана жалпылоо




Билим берүү мекемесинин концепциясын, окуу планын жана биология боюнча программасын үйрөнүү, мугалимдин тематикалык жана сабактардын планын үйрөнүү; сабакта мугалимдин окуу-тарбиялоо иштеринин педагогикалык-психологиялык аспектилерин,

класстын коллективин жана окуучулардын психолого-педагогикалык өзгөчөлүктөрүн үйрөнүү

Тапшырмаларды аткаруу

12

Практиканттын ишин байкоо, анализдөө, контролдоо

Биология жана башка предметтер жана тарбиялык иштер боюнча сабактарга катышуу, катышкан сабактардагы окутуунун формаларын, каражаттарын, усулдук ыкмаларын анализдөө, тайпалаштар менен талкуулоо. Практика күндөлүгүнө алынган анализдерди түшүрүү;

Эки сабактын анализин каттоо

Тапшырмаларды аткаруу

40

Практиканттын ишин байкоо, анализдөө, контролдоо

Класстагы окуу-тарбиялык иштер




Практика мезгилинде студент практиканттын өтүүчү сабактарынын окуу-тематикалык планын бөлүмүн иштеп чыгуу;

-көрсөтүлгөн окуу-тематикалык планына карата максатты коюу жана конкреттештирүү;

- практика мезгилинде студент –практикант өтүүчү сабактардын конспект планын иштелмесин даярдоо;

-сабактарга карата дидактикалык материалдарды, көрсөтмө куралдарды даярдоо;

Төмөнкү сабактарды өткөрүү:

- Биология жана химия үйрөнчүк сабактары;

- Биология жана химия зачеттук сабакты өткөрүү;

- Биология боюнча класстан тышкаркы иштин иштелмесин иштеп чыгуу жана өткөрүү;

-класстык саат үчүн иштелме даярдоо жана өткөрүү.

Тапшырмаларды аткаруу;

Отчетторду даярдап баруу;


30

Сабактарга катышуу, анализдөө, рефлекция.

Усулдук, өз алдынча жана чыгармачылык иштер




Усулдук бирикмелердин ишине катышуу;

Практиканттын китепчесинде билим берүүчү мекеменин окуу –тарбиялык иштеринен алган тажрыйбаларды жана өзүнүн практикалык ишмердүүлүгүнө системалуу анализ жүргүзүү;

Жекече чыгармачылык тапшырмаларды аткаруу

Тапшырмаларды аткаруу

10

консультация

Жыйынтыктоочу отчеттук конференция




Отчеттук конференцияга материалдарды даярдоо

Маалыматтарды топтоо, кайра иштетүү, отчеттук конференцияга даярдык

10

консультация

Жыйынтыктоочу конференцияга катышуу

Отчетту көрсөтүү, коргоо иштери

4

Отчетту текшерүү, баалоо

Жалпы:


124



1.10. Отчетко талаптар (тиешелүү тиркемелер менен)



Студент –практикант педагогикалык практиканын аягында усулчуга төмөндөгү документтерди тапшырууга милдеттендирилет:


  1. Окуу-тарбиялык иштерди өткөрүү жана ар бир иштин аткарылышын белгилөө, анык убакыттагы жеке календарь;

кесиптик-базалык практика боюнча күндөлүк (өтөө убактысы, студенттин ишинин түрлөрү, педагогикалык тажрыйбаларды, көйгөйлөрдү, педагогикалык жана усулдук тиешелештиктеги өзүн-өзү анализдөөнү, жыйынтыктарды жана сунуштарды белгилөө);



  1. Предмет боюнча эки сабактын иштелмеси (максаттары, каражаты, өтүүнүн планы, колдонулган адабияттар, сабактын этаптар боюнча жүрүшү) жана өзүн-өзү анализдөө;


  1. Биология жана химия боюнча класстан тышкаркы иш чаранын иштелмеси;

  2. Мектеп усулчусунун анализдери, сунуштары;

  3. Жеке тапшырмаларды аткаруу боюнча отчету;

  4. Мектеп окуучусуна жана класска психологиялык мүнөздөмө;

  5. Кесиптик-базалык практиканын жыйынтыктоочу конференциясынын көргөзмөсүнө материал даярдоо;

  6. Студент –практикантка мүнөздөмө;

  7. Жалпы практиканын жүрүшү боюнча отчету.

    1. Студенттердин практика мезгилиндеги милдеттери

  1. Ар бир студент-практикант жекече иш планына ылайык күнүнө мектепте 6 саат болушу керек. Иштөө күнү сабактардын жадыбалында көрсөтүлөт.

  2. Студент педагогикалык практикасынын талабында көрсөтүлгөн бардык иштерди өз убагында аткаруугу тийиш.

  3. Практика мезгилинде студенттер терең билим, коомдук активдүүлүк, педагогдук кесипке болгон сүйүү, уюштуруучулук жөндөмдүүлүк жана тартиптүүлүк талап кылынат.

  4. Практика учурунда адистик усулчу, класс жетекчи менен бирдикте окуучулар арасында окуу тарбия иштери боюнча балдарга байкоо жүргүзүү жана өзүнүн жүргүзгөн окуу-тарбия иштерине анализ жасоо максатында алгачкы күндөн баштап, педагогикалык күндөлүк жаза баштайт.

  5. Студент практика өтөп жаткан мектептин администрациясынын иш тартибинин эрежелери менен практика жетекчилеринин көрсөтмөлөрүн так аткарууга тийиш.

  6. Практика өтөө укугунан ажыраган же аткарган иштери «канааттандырарлык эмес» деп баалаган практика өтөө үчүн мектептерге барбай койгон студенттер окуу планын аткарбаган деп эсептелет.

  7. Практика мезгилинде практика өтүп жаткан ар бир мектепте бир студент – практикант староста болуп шайланат. Ал студенттердин катышуусун жана жалпы практиканын жүрүшүн көзөмөлгө алат.

  8. Педагогикалык практиканын жүрүшүнүн натыйжасында «канааттандырарлык эмес» баа алган студент кайрадан практикадан өтүүгө милдеттүү.

  9. Практиканын бардык документтерин өз ичине камтыган бул китепче студенттин практика боюнча отчету болуп саналат жана ал факультеттин архивинде 4 жылга чейин сакталууга тийиш.


1.12. Кесиптик-базалык практиканы баалоо критерийлери


Студенттин кесиптик-базалык практикасынын жыйынтыгын баалоо усулчусу тарабынан жүргүзүлөт. Аны “Эң жакшы”, “Жакшы”, “Канааттандырарлык” жана “Канааттандырарлык эмес” деп баалайт.


Баасы( баллы)

Баалоо критерийи

“Эң жакшы”

85-100

-студент кесиптик-базалык практиканын бардык планын толук аткаруусу зарыл;

-предмет боюнча педагогикалык ишмердүүлүгүнө карата мектеп усулчусу тарабынан “эң жакшы” деп бааланса;

-студенттин зачеттук же ачык сабактарынын баасы “эң жакшы” болсо;

-эмгек дисциплинасында эч кандай таптип бзуулар болбосо;

усулчу тарабынан берилген тапшырмаларды туура, так жана өз убагында аткарса;

-студент-практикант багыттоочу жана жыйынтыктоочу конференцияга активдүү катышса;

- дидактикалык, көргөзмө куралдарды жыйынтыктоочу конференция үчүн даярдаса;

-педагогика жана психология боюнча тапшрмаларды аткара алса;

-отчетту презентациялай алса жана жасалгалоосу болсо

“Жакшы”

65-84

-студент кесиптик-базалык практиканын бардык планын толук аткаруусу зарыл;

-предмет боюнча педагогикалык ишмердүүлүгүнө карата мектеп усулчусу тарабынан “ жакшы” деп бааланса;

-студенттин зачеттук же ачык сабактарынын баасы “жакшы” болсо;

-эмгек дисциплинасында эч кандай таптип бзуулар болбосо;

усулчу тарабынан берилген тапшырмаларды туура, так жана өз убагында аткарса;

-студент-практикант багыттоочу жана жыйынтыктоочу конференцияга активдүү катышса;

- дидактикалык, көргөзмө куралдарды жыйынтыктоочу конференция үчүн даярдаса;

-педагогика жана психология боюнча тапшрмаларды аткара алса;

-отчетту презентациялай алса жана жасалгалоосу болсо.

“Канааттандырарлык”

50-64

студент кесиптик-базалык практиканын бардык планын толук аткара албаса;

-предмет боюнча педагогикалык ишмердүүлүгүнө карата мектеп усулчусу тарабынан “ канааттандырарлык” деп бааланса;

-студенттин зачеттук же ачык сабактарынын баасы “канааттандырарлык” болсо;

-эмгек дисциплинасында кээ бир таптип бузуулар болсо;

усулчу тарабынан берилген тапшырмаларды катасы менен аткарса;

-студент-практикант багыттоочу жана жыйынтыктоочу конференцияга катышса;

-педагогика жана психология боюнча тапшырмаларды өз убагында аткара албаса;

-отчетту жыйынтыктоочу конференциядан кийин тапшырса.


“Канааттандырарлык эмес”

0-49

студент кесиптик-базалык практиканын планын толук аткара албаса;

-предмет боюнча педагогикалык ишмердүүлүгүнө карата мектеп усулчусу тарабынан “канааттандырарлык” же “канааттандырарлык эмес”деп бааланса;

-студенттин зачеттук же ачык сабактарынын баасы “канааттандырарлык” болсо;

-эмгек дисциплинасында таптип бузуулар болсо;

-усулчу тарабынан берилген тапшырмаларды катасы менен аткарбаса;

-студент-практикант багыттоочу жана жыйынтыктоочу конференцияга катышпаса;

-педагогика жана психология боюнча тапшырмаларды өз убагында аткара албаса;

-отчетун усулчусуна тапшырбаса же күндөлүк толтурбаган болсо.

















адабияттар


1.15. Демонстрациондук жана таркатма материалдар.

Нормативдик- укуктук актылар


1.16. Педагогикалык практиканын усулдук камсыздоо


Интернет-ресурстар:


  1. http://www.rusedu.info/ – Биология и химии в образовании.

  2. http://festival.1september.ru/ – Фестиваль педагогических идей «Открытый урок».


  1. http://window.edu.ru/ – Единое окно доступа к образовательным ресурсам.

  2. http://www.botik.ru/~robot/ – Роботландия.

  3. http://www.klyaksa.net/ – Портал "Клякс@.net".

  4. http://www.it-n.ru/ – Сеть творческих учителей.

  5. http://www.openclass.ru/ – Открытый класс.


  1. http://vip.km.ru/vschool/demo/ — Интерактивный образовательный портал компании «Кирилл и Мефодий».


  1. http://metodist.lbz.ru/authors/informatika/ – Методическая служба Издательства

«Бином».


  1. http://schools.keldysh.ru/sch444/MUSEUM/index.htm – Музей информатики.


  1. http://kpolyakov.narod.ru/ – Личный сайт учителя информатики Полякова Константина Юрьевича.


1.17. Материалдык-техникалык камсыздоо


    1. Компьютердик жана мультимедиалык каражаттар: компьютер, сандык проектор, интерактивдик доскалар.


  1. Видео-аудиовизуалдык окутуунун каражаттары.


  1. Атайын каражаттар: санариптик камера, санариптик видеокамера, диктофон, сканер, мобилдик телефон, персоналдык коммуникатор.
























17



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!