Кесиптик-профилдик практика
Студент-практикант жөнүндө маалымат.
Студент: Маматкадыр кызы Гүлзина
Факультети: Табият таануу жана География
Курсу: 3
Тайпасы: Б-17б
Усулчусу: Абжапарова Айнура
Оку талаа практикасы өтүлүүчү жай: Ош облусу Кара-Кулжа району
22-30майга чейин 2020-жылдын
Мен Б-17б тайпасынын студенти кесиптик профилдик практикасын шартка байланыштуу Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айыл өкмөтүнүн Кызыл-Булак айылы болгон өз айылымда 22-май күнү 1- лабараториялык ишимди баштадым.
Алгач өсүмдүктөрдүн минералдык тамактануусунун өзгөчөлүктөрүн байкоого кириштим.
Керектүү каражаттар: 15 даана вегатациялык идиш, маркер, уруктар, жер семирткич.
Негизги максат: Минералдык элементтердин өсүмдүктөрдүн өсүүсүнө тийгизген таасирин аныктоо.
Алдын ала өсүмдүк өстүрүлө турган жерди даярдап, топурагы жумшартылат.
Топурак минералдык жер семирткичтер менен байытылат. Негизинен азоттук жер семирткичтер колдонулат. Жер семирткичтер уруктарды себүүнүн алдында чачылат.
Өсүмдүктөрдүн уруктары себилгенден кийин күн сайын байкоо жүргүзүлүп турат. Сугаруу бир күндө бир же эки жолу жүргүзулөт.
Урук өнүп чыккандан киийн ага фенологиялык байкоо жүргүздүм. Анда негизинен өсүмдүктөрдүн өсүүсүнө болгон байкоо алардын сабагынын бийиктигин негизинен баштап учуна чейин өлчөө аркылуу жүргүзүлдү.
2-лабараториялык иш.
Тема: Тамырдын пайда болушунда жалбырактардын ролу.
Керектүү каражаттар: Традесканциянын сабагынын чоку тарабынан алынган размери бирдей 6 калемче, штатив, пробиркалар.
Иштин жүрүшү: Комната өсүмдүгүнөн бир нече калемче даярдап ал алты вариантта жасалды.
1.Бардык жалбырактары сакталат.
2.Бардык жалбырагын жана чоку бүчүрүн үзөт.
3.Бардык жалбырактарын станиол менен оройт.
4.Бардык жалбырагы үзүлөт, бирок чоку жалбырактары сакталат.
5.Төмөнкү 3 жалбырагы сакталат үстүнкү 3 жалбырагы үзүлөт.
6.Үстүнкү 3 жалбырагы сакталат төмөнкү 3 жалбырагы үзүлөт.
Алты вариант алты пробиркага жайгаштырылат, ар бир пробиркага жарымынан өйдө суу куюлат.
Пробиркалар салынган штативди жарык жакшы тийген жерге коет.
Байкоону күн сайын жүргүзүп турабыз. 7-8 күндөн киийн бардыгынын тамырларынын санын тамыр түкчөлөрү бар же жок экендигин байкадым.
3-лабараториялык иш.
Тема: Өсүмдүктүн запас заттарын аныктоо.
Керектүү каражаттар: Өсүмдүктүн мөмөлөрү, предметтик айнек, спиртовка, иод ж.б.
Иштин жүрүшү: Крахмалды аныктоо
Алынган өсүмдүктүн тканына калий иодинин эритмесинен эритилген иод тамызылат.
Бир аздан кийин көк түс пайда болду, демек крахмал бар экендигин билдирет.
4-лабараториялык иш.
Тема: Өсүмдүктүн ысыкка чыдамдуулугун аныктоо. Өсүмдүктөрдүн өсүүсүнө жарыктын таасирин аныктоо.
Керектүү каражаттар: Ар кайсы өсүмдүктөрдүн жаны үзүлгөн жалбырактары 0,2 н туз кислотасы, суу банясы, термометр, кыпчуур, 5 даана петринин табакчасы, стакан айнекке жазуучу калем.
Жарыкта өскөн өсүмдүк менен карангыда өскөн өсүмдүктү байкоо үчүн өсүмдүк уругун өндүрүп алып бирин жарыкка экинчисин карангыга койдум жана экөөнө бирдей суу берилип жатты.
Бир нече күндөн кийин байкадым. Мында жарыкта өскөн өсүмдүк уругу жеткиликтүү жакшы өскөн.
Ал эми карангыда өскөн өсүмдүк уругу жеткиликтүү өсө алган эмес.
5-лабараториялык иш.
Тема: Тамырдын өсүүсүнө кычкылтектин зарылчылыгын аныктоо.
Иштин максаты: тамырдын өсүүсүндө абанын маанисин түшүндүрүү.
Керектүү каражаттар: бөлмө өсүмдүгү, өсүмдүк майы, 500 мл айнек банкасы, картон, кайчы, сызгыч, кайнатылган суу.
Иштин жүрүшү: 500 мл эки банканын 2/3 бөлүгүнө кайнатылган суу куюлуп, төмөнкү бөлүгүнүн жалбырактары алынган узундугу 15-20 см болгон бөлмө өсүмдүгүнүн бутакчалары салынат.
Бутакчалар сууга түшүп кетпеси үчүн банканын бетине картонду жаап туруп, көзөнөкчө жасап, анан салынат. Салынгандан соң банканын бирине өсүмдүк майынан өсүмдүктү албай туруп куябыз.
Жыйынтык: Бир нече күндөн соң өсүмдүк майы куюлбаган өсүмдүктүн бутакчаларында тамыр пайда болгонун байкадым. Ал эми экинчи банкадан эч кандай тамыр пайда болбоду.
Демек өсүмдүктүн өсүүсү үчүн кычкылтектин зарыл экендиги аныкталды.
Жыйынтыктоо.
Өсүмдүктөрдүн минералдык тамактануусунун өзгөчөлүктөрүн байкоодо мында өсүмдүктүн жакшы жеткиликтүү өсүүсү үчүн шарт түзүлүшү керек жана жер семирткичтерди туура пайдалануу керек.
Өсүмдүктүн запас заттарын аныктоодо ар бир өсүмдүктүн курамында ар түрдүү запас заттар бар жана алар ар кандай жол менен аныкталат. Ошону менен бирге ар бир запас заттар адам баласынын жашоосунда ролу чон.
Ошондой эле өсүмдүктөрдүн өсүүсүндө жалбырактында ролу чон экендиги түшүнүктүү.