СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до 18.06.2025

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Химия 8-класс. Физикалык жана химиялык кубулуштар

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Химия  8-класс 

Просмотр содержимого документа
«Химия 8-класс. Физикалык жана химиялык кубулуштар»

 Химия 8-класс  Тема: Физикалык жана химиялык кубулуштар № 11 В.В.Терешкова атындагы мектеп-интернаты Химия мугалими: Кимсанова Максуда

Химия 8-класс

Тема: Физикалык жана химиялык кубулуштар

№ 11 В.В.Терешкова атындагы мектеп-интернаты

Химия мугалими: Кимсанова Максуда

Физикалык кубулуштар Ар бир зат физикалык касиеттерге ээ болуу менен бирге, башка заттарга айлануу жөндөмдүүлүгүнө да ээ болот. Заттардын айланышы деген эмне? Элестетип көрөлүчү, биз сууну ысытсак, ал буулана баштайт. Бул учурда зат башка затка айландыбы? Жок, суунун бууланышы – бул физикалык кубулуш. Суунун буусу– бул суюктук түрүндө эмес, газ абалындагы химиялык зат, суу болуп саналат. Физикалык кубулуштар – бул баштапкы зат башка жаңы затка айланбай, анын агрегаттык абалы же формасы гана өзгөргөн кубулуштар.

Физикалык кубулуштар

  • Ар бир зат физикалык касиеттерге ээ болуу менен бирге, башка заттарга айлануу жөндөмдүүлүгүнө да ээ болот. Заттардын айланышы деген эмне?
  • Элестетип көрөлүчү, биз сууну ысытсак, ал буулана баштайт. Бул учурда зат башка затка айландыбы? Жок, суунун бууланышы – бул физикалык кубулуш. Суунун буусу– бул суюктук түрүндө эмес, газ абалындагы химиялык зат, суу болуп саналат.
  • Физикалык кубулуштар – бул баштапкы зат башка жаңы затка айланбай, анын агрегаттык абалы же формасы гана өзгөргөн кубулуштар.
Химиялык кубулуштар же химиялык реакциялар  Темирдин дат басышын карап көрөлү. Темир нымдуу аба менен тийишкенде, аны дат басат. Темирдин даты – күрөң түстөгү морт зат. Демек, темир, кычкылтек жана суу менен аракеттенишип, темирдин датын пайда кылды, б.а. бир зат башка жаңы затка айланды. Бул кубулуш химиялык кубулуш болуп саналат. Ал эми химиялык кубулушту химиялык реакция деп аташат. Химиялык кубулуштар же химиялык реакциялар – бул баштапкы заттардан курамдары, касиеттери боюнча айрымаланган жаңы заттарды пайда кылуучу кубулуштар. Химиялык реакцияга катышкан заттар (мисалы: темир, кычкылтек жана суу), баштапкы заттар деп аталат. Реакциянын натыйжасында пайда болгон заттар (темирдин даты), реакциянын продуктусу деп атал ат.

Химиялык кубулуштар же химиялык реакциялар

  • Темирдин дат басышын карап көрөлү. Темир нымдуу аба менен тийишкенде, аны дат басат. Темирдин даты – күрөң түстөгү морт зат. Демек, темир, кычкылтек жана суу менен аракеттенишип, темирдин датын пайда кылды, б.а. бир зат башка жаңы затка айланды. Бул кубулуш химиялык кубулуш болуп саналат. Ал эми химиялык кубулушту химиялык реакция деп аташат.
  • Химиялык кубулуштар же химиялык реакциялар – бул баштапкы заттардан курамдары, касиеттери боюнча айрымаланган жаңы заттарды пайда кылуучу кубулуштар.
  • Химиялык реакцияга катышкан заттар (мисалы: темир, кычкылтек жана суу), баштапкы заттар деп аталат.
  • Реакциянын натыйжасында пайда болгон заттар (темирдин даты), реакциянын продуктусу деп атал ат.
Ар бир химиялык затты физикалык жактан мүнөздөөгө болот 1.   Агрегаттык абалы.   Катуу, суюк, газ абалында жана плазма түрүндө болот. (Токамак– плазманы алуучу курал ). 2.   Өңү–түсү.   Металлдар күмүш сымал ачык түстөн, күңүрт–боз түскө чейин, көгүлтүр же кызгылт–сары өңдө кубулуп турат. Металл эместер түссүз (кычкылтек, азот), ак түстө (фосфор), сары, (күкүрт, хлор) кызгылт (фосфор), жашыл (фтор) же кочкул–боз (иод) түстө болушат. 3.   Тыгыздыгы.   Металлдардын ичинен эң жеңили – литий – 0,53 г/см 3  , эң оору – осмий – 22,7 г/см 3 . Тыгыздыгы 5 г/см 3  чейин болсо жеңил металл, 5 г/см 3  оор болсо, оор металл деп эсептелинет 4.   Жылуулукту жана электр тогун өткөргүчтүгү.   Күмүш жана алтын башка металлдарга караганда электр тогун жана жылуулукту жакшы өткөрсɵ да, алардын кымбат болгондугуна байланыштуу күндөлүк турмушта жез жана алюминий кеңири колдонулат. 5.   Балкуу жана кайноо температуралары   . Физикалык касиеттерге кирет

Ар бир химиялык затты физикалык жактан мүнөздөөгө болот

  • 1.   Агрегаттык абалы.   Катуу, суюк, газ абалында жана плазма түрүндө болот. (Токамак– плазманы алуучу курал ).
  • 2.   Өңү–түсү.   Металлдар күмүш сымал ачык түстөн, күңүрт–боз түскө чейин, көгүлтүр же кызгылт–сары өңдө кубулуп турат. Металл эместер түссүз (кычкылтек, азот), ак түстө (фосфор), сары, (күкүрт, хлор) кызгылт (фосфор), жашыл (фтор) же кочкул–боз (иод) түстө болушат.
  • 3.   Тыгыздыгы.   Металлдардын ичинен эң жеңили – литий – 0,53 г/см 3  , эң оору – осмий – 22,7 г/см 3 .
  • Тыгыздыгы 5 г/см 3  чейин болсо жеңил металл, 5 г/см 3  оор болсо, оор металл деп эсептелинет
  • 4.   Жылуулукту жана электр тогун өткөргүчтүгү.   Күмүш жана алтын башка металлдарга караганда электр тогун жана жылуулукту жакшы өткөрсɵ да, алардын кымбат болгондугуна байланыштуу күндөлүк турмушта жез жана алюминий кеңири колдонулат.
  • 5.   Балкуу жана кайноо температуралары   . Физикалык касиеттерге кирет
Жыйынтык Физикалык кубулуш учурунда заттардын курамы өзгөрбөйт, алардын агрегаттык абалы же формасы гана өзгөрөт. Ал эми химиялык реакциянын натыйжасында, баштапкы заттар жаңы заттарды пайда кылат.

Жыйынтык

  • Физикалык кубулуш учурунда заттардын курамы өзгөрбөйт, алардын агрегаттык абалы же формасы гана өзгөрөт. Ал эми химиялык реакциянын натыйжасында, баштапкы заттар жаңы заттарды пайда кылат.
Үй тапшырма 1. Төмөндө берилген кубулуштардын кайсынысы физикалык, кайсынысы химиялык экендигин аныктап, ар биринин жанына жазып чыккыла: Чычаланын күйүшү-______________________ Туздун сууда эриши-_______________________ Ысытуудан жездин карарышы-_____________ Сүттүн ириши-_____________________________ Суунун бууланышы-________________________ Муздун эриши-_____________________________ Канттын кыпынга айланышы-___________ ____ 2. параграф 21. 64-беттеги текшерүү үчүн суроолор, өз алдынча иштөө үчүн көнүгүүлөр

Үй тапшырма

  • 1. Төмөндө берилген кубулуштардын кайсынысы физикалык, кайсынысы химиялык экендигин аныктап, ар биринин жанына жазып чыккыла:
  • Чычаланын күйүшү-______________________
  • Туздун сууда эриши-_______________________
  • Ысытуудан жездин карарышы-_____________
  • Сүттүн ириши-_____________________________
  • Суунун бууланышы-________________________
  • Муздун эриши-_____________________________
  • Канттын кыпынга айланышы-___________ ____
  • 2. параграф 21. 64-беттеги текшерүү үчүн суроолор, өз алдынча иштөө үчүн көнүгүүлөр


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!

Поделитесь с друзьями
ВКонтактеОдноклассникиTwitterМой МирLiveJournalGoogle PlusЯндекс