СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Химия боюнча суротттор

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

химия боюнча суротттор

Просмотр содержимого документа
«Химия боюнча суротттор»

Негиздер

Негиздер – металлдын атомдорунан жана алар менен байланышкан бир же бир нече гидроксил топторунан турган татаал заттар.Негиздер сууда эрүүчү жана эрибɵɵчү болуп бɵлүнɵт. Эрүүчү негиздер – щелочтор деп аталат.

Эрүүчү негиздерге – щелочторго, валенттүүлүгү I барабар болгон металлдар, ошондой эле барий, стронций жана кальций гидроксиддери кирет. Негиздердин ичинен кош касиетке ээ болгон, амфотердүү негиздерди белгилеп кетели., Курамында III, IV валенттүү металлдар болгон негиздер жана цинк гидроксиди амфотердүү негиздерге кирет. Бардык амфотердик негиздер сууда эрибейт. Бир эле амфотердик негиздин формуласы ар түрдүү болушу мүмкүн. Мисалы, Al(OH)3 жана H3ALO3. Химиялык реакцияларда зат чɵйрɵгɵ карата ɵзгɵрɵт. Эгер алюминий гидроксиди кислота менен реакцияга кирсе, формуласы – Al(OH)3, ал эми щелочтор менен реакцияга киргенде, формуласы: H3ALO3 ортоалюминий кислотасы деп белгиленет.Бардык амфотердик негиздер щелочтор менен реакцияга киргенде, суу бɵлүнүп чыгат, [Zn(OH)2] башкасы), HAlO2 (метаалюминий кислотасы) да бɵлүнүп чыгыш мүмкүн.

Щелочтордун жана негиздердин алынышы

1. Активдүү металлдар суу менен аракеттенишкенде щелочтор алынат:

2Na + 2H2O → 2NaOH + H2

2. Активдүү металлдардын оксиддери суу менен реакцияга киргенде щелочтор пайда болот:

СaO + H2O → Ca(OH)2

3. Туздар менен щелочтор алмашуу реакциясына киргенде, сууда эрибɵɵчү негиздер, анын ичинен– амфотердүү негиздер алынат:

MgCl2 + 2KOH → Mg(OH)2 ↓ + 2KCl

ZnSO4 + 2NaOH → Zn(OH)2 ↓ + Na2SO4

FeCl3 + 3NaOH → Fe(OH)3 ↓ + 3NaCl

4. Калий жана натрий гидроксиди алардын туздарынын эритмелерин электролиздɵɵдɵ, хлорид катары кɵп ɵлчɵмдɵ алынат

2KCl + 2H2  2KOH + H2↑ + Cl2

Негиздердин химиялык касиеттери

1. Щелочтор кɵмүртек оксиди (II) менен реакцияга кирип, щелочтуу металлдын формиатын пайда кылат:

NaOH + CO   HCOONa

2. Щелочтор амфотердик оксиддер менен реакцияга кирип, туздарды пайда кылат:

2NaOH + ZnO   Na2ZnO2 + H2O

6NaOH + Al2O3   2Na3AlO3 + 3H2O

2NaOH + Al2O3   2NaAlO2 + H2O (эң кɵп кездешкен реакция)

3. Щелочтор кɵмүртек оксиди (IV), менен реакцияга кирип, эки түрдүү туздарды пайда кылат:

NaOH + CO2   NaHCO3

NaOH + CO2   Na2CO3 + H2O

4. Щелочтор амфотердик гидроксиддер менен аракеттенишип, туздарды пайда кылат:

2NaOH + Zn(OH)2   Na2ZnO2 + 2H2O

3NaOH + Al(OH)3   Na3AlO3 + 3H2O

NaOH + Al(OH)3   NaAlO2 + 2H2O

5. Щелочтор жана сууда эрибɵɵчү негиздер кислоталар менен реакцияга кирет:

NaOH + HCl   NaCl + H2O

Fe(OH)3 + 3HCl   FeCl3 + 3H2O

Сууда эрибɵɵчү амфотердик негиздер күчтүү кислоталар менен реакцияга киргенде, эрүүчү туздарды пайда кылат.

Негиздердин жана кислоталардын ортосунда жүрүп, тузду жана сууну пайда кылган реакция, нейтралдашуу реакциясы деп аталат.

6. Эгерде негиз кислотанын ортосунда жүргɵн нейтралдашуу реакциясы аягына чейин жүрбɵсɵ, анда негиздик туздар пайда болот.

Ba(OH)2 + HNO3   Ba(OH)NO3 + H2O

7. Щелочтор туздар менен аракеттенишип, жаңы негиздерди жана жаңы туздарды пайда кылат:

FeCl3 + 3NaOH   Fe(OH)3↓ + 3NaCl

CuSO4 + 2KOH   Cu(OH)2↓ + K2SO4