Просмотр содержимого документа
«Химия Мезгилдик закон.Атомдун түзүлүшү»
ХИМИЯ предметинен тест 8-класс Мезгилдик закон. Атомдун түзүлүшү
1. Химиялык элементтерди салыштырууда Д.И.Менделеев мезгилдик закондун негизине эмнени колдонгон? а)атомдун валенттик электрондорунун санын б)атом ядросунун протондорунун санын в)атомдун электрондорунун санын г)атом ядросунун зарядын д)атомдук салмакты
2. Фосфордун кычкылтек менен болгон бирикмесинде ,фосфордун эн жогорку валенттүүлүгү кандай? А)V б)III в)IV г) II д)I
3. Натрий элементинин Мезгилдик системада жайгашкан группасы а)I б)II в)III г)V
4. Бешинчи топтун башкы топчосунда жайгашкан элементтердин кайсынысы кичине мезгилге кирет? А) As, P б) N, Sb в)Sb,Bi г)Ta,Sb д)N, P
5. Кайсы элементтин металл эместик касиеттери күчтүүрөөк ? а)CL б)F в)Br г)I д)At
6. Кошумча подгруппаларды кайсы элементтер түзөт? А)жалан эле металлдар б)жалан эле металл эместер в)металлдар менен металл эместер
7. Мезгилдик системада галогендердин катар номерлери өсүшү менен кайсы касиеттеринин өсүшү байкалат? А)метал эместик б)кычкылдануу в)валенттик электрондордун саны г)атомдук радиусу д)жогорку валенттүүлүгү
8. Атомдук түзүлүшү 1s2 2s2 2p3, болгон элементтин мезгилдик системада алган ордун аныктагыла. А)3-мезгил III группа б)2-мезгил III группа в)2-мезгил IIгруппа г)2-мезгил II группа д) 3-мезгил V группа
9. Атомдун ядросу кайсы бөлүктөн турат? а)электрондон ,нейтрондон б)протондон,нейтрондон в)протондон,электрондон г)протондон
10. Химиялык элементтердин катар номери эмнени көрсөтөт? А) атомдун ядросундагы протондун жана нейтрондун санын б)атомдогу электрондун жана нейтрондун санын в)атомдун ядросунун зарядын,протондун жана электрондун санын
11. Группадагы химиялык элементтин кайсы касиети ядронун зарядынын өсүшү менен күчөйт? А)кычкылдануу даражасы б)атомдук радиусу в)терс электрдүүлүгү г)сырткы орбитасындагы электрондорунун саны
12. Үчүнчү энергетикалык денгээлдеги электрондордун максималдык саны канча? а)2 б)8 в)18 г)32