8-кл. Жергиликтүү химия өнөр жайы. ( сабактын иштелмеси).
Сабактын темасы: Жегиликтүү химия өнөр жайы.
Конкреттүү максаты: ( билим берүүчүлүк)
Окуучулар химия предмети эмнени окутуп үйрөтөт , кандай мааниси бар экендиги менен таанышуу менен жергиликтүү химия өнөр жайы боюнча маалымат алышат. Өнөр жайлар боюнча маалыма алышат: Жер семирткич алуу, химиялык реагенттер синтездөө, химиялык кездеме, пластмасса, чайыр, боектор, кир кетируүчү заттар, тоокен химиясы, нефтехимия, органикалык жана органикалык эмес заттарды синтездөө ж.б . Химиянын айыл чарбасындагы, медицина тармактарындагы, үй-тиричилигиндеги мааниси менен таанышат..
Конструктивдүү максаты:(өнүктүрүүчүлүк,тарбиялык)
-Окуучулар Жер семирткич алуу, химиялык реагенттер синтездөө, химиялык кездеме, пластмасса, чайыр, боектор, кир кетируүчү заттар, тоокен химиясы, нефтехимия, органикалык жана органикалык эмес заттарды синтездөө ж.б боюнча өз алдынча рефераттарды жазып изилдөө иштерин аткарышып ,айтып бере алат;
-окуучулардын таанып-билүүлөрү өсөт, тексти окуп үйрөнүүнү, талдап окууну үйрөнүшөт.
Сабактын тиби: Жаңы билимдерди өздөштүрүү
Сабактын түрү: (формасы) Инновациялык сабак
Сабактын методу: мугалимдин сөзү; аңгемелешүү; сынчыл ойломдун айрым ыкмалары: синквейн, топ менен иштөө ж.б.
Сабактын жабдылышы: 1. Таблицалар, Слайд. анимация, видеолор. Сүрөттөр. ж.б.
С
абактын жүрүшү : ( мугалимдин иш аракети)
Жаңы теманы кабыл алууга даярдоо.
Суроо: Кыргызстанда кандай металлдар бар экендигин билесиӊер? ( окуучулар өз алдынча иштешет).
Окуучулардын жообу:
Алтын;
Күмүш;
Темир;
Жез;
Сымап;
Сурьма.
Суроо такуулангандан кийин окуучулар топторго бөлүнүп ( 1,2.3,4) ар бир топ тапшырма алат. 1- топ :Кыргызстандагы алтын кендеринин запастары:
2-топ: Кыргызстандагы күмүш кендеринин запастары:
3-топ: Кыргызстандагы темир кендеринин запастары:
4-топ: Кыргызстандагы сурьма жана сымап кендеринин запастары:
Ар бир топ өз ишин презентациялоо үчүн маалымат булактарын колдонушат. Алар интернет жана мугалим тарабынан даярдалган тексттер.
Т
екстер: Кыргызстандагы металлдар. Кыргызстанда темир, титан, ванадий кендери бар. Нарын шаарынан 30 км чыгышта Жетим- Тоо темир кен бассейни башталып, Чоң Нарын суусун бойлоп 70 км ге созулуп жатат. Жалпы запасы бир нече млрд. т. Сымап менен сурьма кендери боюнча Кыргызстан дүйнөдө көрүнүктүү орунда турат жана алар негизинен Түштүк Кыргызстанда кездешет. Чаткал жана Молдо-Тоодо да ал кендердин чыккан жерлери ачылды. Айдаркен жана Чаувайда сымаптын кендери орун алган. Сымаптын минералы киноварь менен көпчүлүк учурда сурьманын (антимонит) жана фтордун (флюорит) минералдары кошо жолугат. Сурьманын кендери Кадамжайда, Түндүк Ак-Ташта, Абширде, Терек-Сайда, Чаар-Атта к
ездешет.
Висмут кендери күмүш, мышьяк менен кошо Күмүштакта (Үч-Эмчек кени), ал эми висмут-жез кени Кастекте табылган. Күмүш. Күмүш чыгуучу жалгыз кен “Күмүштак” кени, ал Талас облусундагы «Күмүштак” капчыгайында жайланышкан. Күмүш кенинин запасы 2 миӊ. тонна. 3-сүрөт. Күмүштак капчыгайы.
Алтын кендеринен Тогуз-Тородогу Макмал кени иштетилип жатат. Чөкмөлөрдөгү чачыранды алтын Чаткалдан, Касан-Сайдан, Сумсардан алынат. Дүйнөдөгү ири алтын кендеринин катарына кирген Кум-Төр иштетиле баштады. Бул жерден алтын менен кошо күмүш, вольфрам, теллур, платина, полладий жана башка асыл металлдарды алууга болот. Таласта Жер-Үй кени иштетиле баштады. Кеминде Талды-Булак кени ачылды жана иштетүүгө даярдалып жатат. Көлдөгү «жыргалаң» көмүр кени бар.Азыркы учурда кыргызстанда 2500 алтыны бар жерлер катталган. Бирок кээ бир жерлер өтө эле майда жана алтын запасы аз.. Ошондой эле алтындын запасы болгон көп кендер да бар. Алар: Кум-Төр – алтындын запасы 200т, Жер-Үй, Талдыбулак-70т, Макмал, Бозымчак, Ункурташ, Иштамберди – 30-70т, Солтон –Сары, Джамгыр -5-30т. Кыргызстанда жалпы алтын кенинин запасы 500т. Кыргызстанда 30 га жакын пайдалуу кендер белгилүү, алар вольфрам, алюминий, калай, жездин запастары. Кыргызстандагы алтын өндүрүүчү кендер: “Кум-Төр”, “Жер-Үй”, “Бозумчак”, “Иштамберди”, “Солтон-Сары”, “Алтын-Жылга”, “Талды-Булак”.
Сурьма: Кадамжай районунун чарбасында өнөр-жай тармагы өндүргөн продукция республикада маанилүү орунду ээлейт. Алар дүйнөгө белгилүү «Кадамжай сурьма комбинаты» жана «Айдаркен сымап комбинаты» . Андан тышкары райондо 12 өнөр-жай ишканасы бар; ирилери Кадамжай Өнөр-жай ишканалары негизинен Кадамжай шаарында, Айдаркен шаарында, Совет шаарчаларында, Пүлгөн жана Бүргөндү айылдарында жайгашкан. Негизги өнөр-жай продукциялары: сымап, сурьма. Сурьманын запасы Айдаркенде 100миӊ тоннадан ашык.Майда кендер Терексай, Абшир, Чаарат, Шаркыратма кендери кендин запасы 30 миӊ тоннага жетет.
Жана башка маалыматтарды пайдалануу менен тексти кошумча маалымат менен толуктап презентациялашат.
Андан кийин сымап комбинатынын иштөө принциптери боюнча видеону көрүү менен
Сабак жыйынтыкталып, окуучулардын билимдери бааланат.