Просмотр содержимого документа
«Химиялык элементтердин классификациясы»
Сабакка чейин
Сабактын темасы: Химиялык элементтердин классификациясы.
Сабактын методу: Түшүндүрүү
Сабактын тиби: Аралаш
Сабактын формасы: лекция
Сабактын максаты | Көрсөткүчтөрү |
А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): Химиялык элементтердин классификациясын окуп үйрөнүшөт | |
Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук, тарбиялоочулук): Химиялык элемент, атом, атомдун түрлөрү, жөнөкөй жана татаал заттар, мезгилдик система боюнча түшүнүгү өнүгөт. Окуучулардын таанып-билүүлөрү өсөт, тексти талдап окууга тарбияланышат. | Химиялык элемент; Атом; атомдун түрлөрү; жөнөкөй жана татаал заттар; мезгилдик система жөнүндө айтып бере алышса. Өз алдынча жана топто иштей алышса |
Күтүлүүчү натыйжа:
Химиялык элемент;
Атом;
атомдун түрлөрү;
жөнөкөй жана татаал заттар;
мезгилдик система жөнүндө айтып бере алышат.
Сабактын мотивациясы (бул сабак эмнени берет): Химиялык элементтердин классификациясы жөнүндө маалымат алышат
Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими (мурунку билими)): Химиялык элемент, атом, атомдун түрлөрү, жөнөкөй жана татаал заттар, мезгилдик система боюнча түшүнүгү бар
Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат.
Убакыт: 45 минута
Убакытты бѳлүштүрүү:Чакыруу этабы:6-8мин
Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):22-25 мин
Ойлонуу этабы (сабакты бышыктоо):12-12 мин
Сабак
Сабактын жүрүшү:
Чакыруу этабы:
Сабактын чөйрөсү: Саламдашуу,класстын тазалыгына кѳз салуу,тактоо.
Жагымдуу маанай түзүү: “Бадыраӊ же помидор” тести
Үй тапшырмасын текшерүү жана ѳтүлгѳн теманы кайталоо:
Теория менен гипотезаны салыштыруу.
Түшүнүү этабы(сабактын негизги болүгү):
Металл эместер — Элементтер мезгилдик системасынын кичине жана чоң мезгилдеринин аяк жагында жайгаштырылган көп учурда электронду кошуп алууга жөндөмдүү химимялык элементтер.
Металл эместердин тышкы электрондук катмарындагы электрон саны алар жайгашкан группанын номерине туура келет. Металл эместер туруктуу абалга келиш үчүн жетишпеген электронду кабыл алат, б. а. окистендиргичтик касиетке ээ. Окистендиргичтик касиети инертүү газга жакындаган сайын күчөйт. Ал эми группада окистендиргичтик касиети төмөндөн жогору карай өсөт. Терс электрлүүлүгү боюнча жалпы эле металл эместерди окистенүү жөндөмдүүлүгүнүн өсүшүнө карата төмөнкүдөй жайгаштырса болот:
Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):
Мугалимдин иш аракети: | Суроо-жооп, аӊгемелешүү менен сабак лекция түрүндө өтүлөт. |
1.Химиялык элементтер, физикалык касиети боюнча канча топко бөлүнөт? | |
Үйгѳ тапшырма:
Суроолорго жооп берүү:
1. Мезгилдик системанын ачылыш тарыхы жөнүндө кыскача баяндап бергиле.
Баалоо: