Сабакка чейин
Сабактын темасы: Химиялык формулаларды валенттүүлүк боюнча түзүү.
Сабактын методу: түшүндүрүп берүү
Сабактын тиби: Аралаш
Сабактын формасы: машыгуу сабагы
Сабактын максаты | Көрсөткүчтөрү |
А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): Химиялык формулаларды валенттүүлүк боюнча түзүүнү үйрөнүшөт. | |
Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук, тарбиялоочулук): Химиялык формула, заттын сандык жана сапаттык курамы, валенттүүлүк, индекс боюнча түшүнүгү өнүгөт. Бири-бирин сыйлоого тарбияланышат. | Химиялык формула; заттын сандык курамы; заттардын сапаттык курамы; валенттүүлүк; индекс жөнүндө айтып бере алышса бул түшүнүктөрдү өз алдынча көнүгүү иштөөдө пайдалана алышса; Өз алдынча жана топто иштей алышса |
Күтүлүүчү натыйжа:
Химиялык формулаларды валенттүүлүк боюнча түзүү боюнча көнүгүлөрдү өз алдынча аткара алышат;
Химиялык формула;
заттын сандык курамы;
заттардын сапаттык курамы;
валенттүүлүк;
индекс жөнүндө айтып бере алышса бул түшүнүктөрдү өз алдынча көнүгүү иштөөдө пайдалана алышат;
Өз алдынча жана топто иштей алышат.
Сабактын мотивациясы (бул сабак эмнени берет): Химиялык формулаларды валенттүүлүк боюнча түзүү боюнча көнүгүлөрдү өз алдынча аткарууга көнүгүшөт.
Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими (мурунку билими)): валенттүүлүк, заттын сандык жана сапаттык курамы, химиялык формула, индекс боюнча билимдери бар.
Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат.
Убакыт: 45 минута
Убакытты бѳлүштүрүү:Чакыруу этабы:6-8мин
Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):22-25 мин
Ойлонуу этабы (сабакты бышыктоо):12-12 мин
Сабак
Сабактын жүрүшү:
Чакыруу этабы:
Сабактын чөйрөсү: Саламдашуу,класстын тазалыгына кѳз салуу,тактоо.
Жагымдуу маанай түзүү:
Окуучулар бири бирине топ ыргытып каалоо, тилек айтышат (окуучулардын ар бири топ ичинде).
Үй тапшырмасын текшерүү жана ѳтүлгѳн теманы кайталоо:
1. Түзүлгөн формула боюнча Рb3О4, РbО2, РbО, Рb2О3, РbS коргошун валенттүүлүгүн аныктагыла.
Заттын формуласы боюнча молекулалык массасын эсептеп чыгаргыла.
2. Жез (I); темир (III); вольфрам (VI); темир (II); көмүртек (IV); күкүрт (VI); калай (IV); марганец (VII) оксиддер формулаларын түзгүлө.
Түзүлгөн формула боюнча оксиддин молекулалык массасын эсептеп чыгаргыла.
Түшүнүү этабы(сабактын негизги болүгү):
Валенттүүлүгү боюнча заттын химиялык формуласын түзүү
Эки химиялык элементтен турган заттын формуласын түзүү керек болсо элемент белгилерин жазып, валенттүүлүгүн рим цифрасы менен үстүнө жазышат.
Мисалы:
I I I I II I
NaxCly – NaCl, HxOy демек, Н2О, СаxСly болсо СаС12,
III I
AlxCly → AlCl3
Жогорку формуладагы натрий жана хлор бир валенттүү, ошондуктан, формуласы КаСl.
Кальций хлориди курамында кальций эки, хлор бир валенттүү болгондуктан химиялык формуласы – СаСl2 болот. Валенттүүлүктү байланыштыруучу сызыкча аркылуу белгилесек, анда бир кальций атомуна эки хлор туура келет. Са = + 2 – Сl → Сl - Са - Сl
Демек, кальций эки валенттүүлүгүнүн жалпы саны хлор индекстеринин жалпы санына барабар болуусу керек.
Заттын формуласы, аталышы жөнүндө кыскача түшүнүк 1.2-таблицада көрсөтүлгөн.
Заттар курамын түзгөн химиялык элементтер латынча аттарынан кыскартылып алынат.
Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):
Мугалимдин иш аракети: | Суроо-жооп, аӊгемелешүү менен сабак лекция түрүндө өтүлөт. |
1. Формулалары NH3, PH3, HCl, SiH4, H2S болгон бирикмелерде азот, фосфор, хлор, кремний жана күкүрттүн валенттүүлүктөрү канча? 2. Формулалары ZnS, Cu2S, Al2S3, SnS2, P2S5, HgO | |
Үйгѳ тапшырма:
1. Элемент валенттүүлүгүн кычкылтек жана суутек боюнча аныктагыла:
FеО, Fе2O3, N205, NO2, NO,
Баалоо: