СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
“Кызыктуу химия” окуу-методикалык колдонмо мектеп окуучуларына химияны, химиялык заттарды, химиялык процесстерди тереңдетип түшүндүрүү, химия илимине кызыктыруу үчүн жазылган колдонмо. Китепте химиялык теориялар, формулалар, процесстер супсак, кызыксыз берилбестен оюн, викторина, кроссворддор, саякаттар түрүндө түшүнүктүү, кызыктуу берилген. Азыркы учурда химиялык заттардын таасирлери адамзатка бардык тараптан көрсөтүлүп жаткандыктан, химиялык заттардын, процесстердин оң жана терс жагын билүү ар бир адамга керек деп ойлойбуз жана бул колдонмодо мындай суроолорго жооп табылат
Мурзубраимов Б.М., химия илимдеринин доктору, Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын академиги
Молдошев А., химия илимдеринин кандидаты, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору
“Кызыктуу химия” окуу-методикалык колдонмо мектеп окуучуларына химияны, химиялык заттарды, химиялык процесстерди тереңдетип түшүндүрүү, химия илимине кызыктыруу үчүн жазылган колдонмо. Китепте химиялык теориялар, формулалар, процесстер супсак, кызыксыз берилбестен оюн, викторина, кроссворддор, саякаттар түрүндө түшүнүктүү, кызыктуу берилген. Азыркы учурда химиялык заттардын таасирлери адамзатка бардык тараптан көрсөтүлүп жаткандыктан, химиялык заттардын, процесстердин оң жана терс жагын билүү ар бир адамга керек деп ойлойбуз жана бул колдонмодо мындай суроолорго жооп табылат.
Бул окуу-методикалык колдонмону химия сабагын берген мугалимдер, окуучулар сабак өтүүдө чыгамачылык менен иштөөдө колдонууга сунуш кылабыз.
Илим жана техниканын өсүшү адамзат менен химиянын, химиялык заттардын, химиялык процесстердин ортосундагы байланышты күчөттү. Жаратылыш адамга дем алсын деп абаны, ичсин деп сууну, жашылча, жер-жемиш өстүрсүн деп топурак-кыртышты берсе, адамдар андан космикалык кораблдерди ж.б. жазап булар иштесин деп отундарды, электр, күндүн, атомдун энергияларын колдонуп, жаңы жаратылышта болбогон заттарды (пластмассалар, кездемелер ж.б.) өндүрүп химиялык заттарды алып жатышат. Айтып отурсак, химиялык заттарсыз, химиялык процесстерсиз адамдын жашоо-тиричилигинде эч бир област (бөлүм) жок көрүнөт, ошондуктан химияны окуу, терең түшүнүк алуу, ошол химиялык заттарды колдонуу үчүн, аларды адамга зыянсыз кызмат кылдыруу үчүн зор мааниси бар деп ойлойбуз.
Келечекте, баардык өмүрүн химияга арнабаса да, башка профессияны аркаласа да мектептин көлөмүндө химияны өздөштүрүү ар бир адамга парз болуш керек, себеби химиялык заттардын касиетин билүү, заттар менен иштегенде коопсуздук эрежелерин сактоо ар бир адамга керек, себеби химиялык заттарга туура эмес мамиле болуп калса адам өзү жабыркап калат. Мисалы, эгер сууга күкүрт кислотасын аз-аздан кошбосо, шаркыратып куюп жиберсе же кислотага сууну куйса ал чачырап, көп жылуулукту бөлүп чыгарып адамдын кийимине, ачык колу-бетине күйүктү пайда кылат. Бул айыкпаган күйүк болуп эсептелет. Мындай мисалды көп эле келтирсе болот, ошондуктан экономист же юрист, агроном же жөнөкөй эле жумушчу, деги ким болсо да мектептен химияны жакшы өздөштүрүш керек деп ойлойбуз.
Химиядан алыс адамдар, химиялык заттарды бутылканын же колбанын ичинде эле куюлуп, салынып турган суюктук, порошок-күкүм катары көрүшөт. Ар бир заттын өзүнө тиешелүү касиеттери бар экенин, бири-бири менен реакцияга киргенде алар өзүлөрүн ар-түрдүүчө алып жүрүшөөрүн, кээде жарылуу, өрттөнүү, уулануу ж.б. кооптуу жагдайларга алып келээрин билишпейт, ошол үчүн шахталарда, каңдоо цехтеринде, үйдө деле адамадар зыянга туш болуп жатышат.
Химияны билбеген адамдар өлкөбүзгө ар түрдүү уулуу, радиоактивдүү заттарды, радиоактивдүү машина, жабдык, тетиктерди, оор металлдарды, дары-дармектерди, оюнчуктарды киргизгендиктен канча оорулар күчөп, жаңы ооруулар пайда болуп, деффект-кемтиги менен балдар төрөлүп жатат. Химиялык заттарды колдонуу, алардын зыяны көбөйүп жатса да, тилекке каршы мектепте химияны окутуу сааты аз болуп жатат, мисалы 8,9,10,11-класстарда жумасына 2ден эле саат өтүлөт, ошондуктан окуучуларга химиялык заттар, закондор, процесстер аз-аздан эле түшүнүк берилип, кенен түшүнүк берилбей калат. Мунун негизинде көп адамдар химияны абстрактуу илим катары карашып, кургак формулалар, эч кандай таасири жок процесстер сыяктуу эле коз карашта болушат.
Бул окуу-методикалык колдонмону жазууда биздин максатыбыз:
Химияга кызыккан, химик болом деп максат койгон окуучуларга терең түшүнүк берүү;
Ошондой эле чыгармачыл мугалимдерге билимин кеңейтүү үчүн жардам берүү;
Карапайым эле фермерлер, ишкерлер, айыл чарба, өнөр жайда иштегендерге жардам катары сунуш этүү болду.
Химия татаал илим болгондуктан, бул окуу-методикалык колдонмону жөнөкөй, түшүнүктүү тил менен жазууга аракет кылдык. Ошондой эле, химиялык формула, теңдемелер менен эле түшүндүрө бербестен ар кандай химиялык темаларга докладдарды жазуу, химиянын жумалыгын, он күндүгүн , бир айлыгын кантип өткөрүү керектигин, химиялык кечелерге суроолор, викториналардын үлгүлөрүн, химиялык өнөр жайларга саякаттар кандай өтүш керек экендигине мисалдарды бердик.
Окуу-методикалык колдонмодо химиялык олимпиадаларды өткөрүү, алардын теориялык жана эксперименталдык турларында берилүүчү мисалдар, маселелердин үлгүлөрүн дагы келтирдик.
Бул окуу- методикалык колдонмону толук окуп, түшүнгөн адамдардын химияга болгон көз караштары,ойлору өзгөрүп, химияны билүү менен адам айлана-чөйрөнү таза сактоого, өндүрүштүн өндүрүмдүүлүгүн арттырууда, өзүлөрүнүн, балдарынын коопсуздугун ден-соолугун сактоого, жаратылыш жана бири-бири менен гармонияда жашоого умтулат деп ойлойбуз.
Бул окуу-методикалык колдонмону окуп, баалуу ой-пикирлерин айта турган сунуштарды күтөбүз жана аларга алдын-ала ыраазычылыгыбызды билдиребиз.
Авторлордон.
Ушул мезгилге чейин бизге белгилүү булактардын негизинде химия боюнча класстан тышкаркы иштер жөнүндө такталган закон ченемдүүлүк жок. Бирок, мугалимдерден топтолгон тажрыйбалардын негизине таянып “Мугалимдин жетекчилиги астында, окуу планынан ашык окуучулардын өз эрктеринче класстан тышкары аткара турган окуу иштери” химия боюнча класстан тышкаркы иштер деп аталат деген болжолдуу аныктама берүүгө болот.
Класстан тышкаркы иштерге мугалим түздөн-түз жетекчилик кылат же тандалып алынган атайын кесиптер боюнча илим изилдөө мекемелеринин, жогорку окуу жайларынын, айыл чарбасында иштеген адистер, аспиранттар, жогорку окуу жайынын студенттери жетектесе болот.
Жаңы окуу планында химияны тереңдетип окутуучу орто мектептерде химия боюнча жаңыдан факультативдик сабак киргизилген. Класстан тышкаркы иштер сыяктуу эле факультативдик сабак да бардык окуучуларга милдеттүү түрдө өтүлбөстөн, окуучулардын тандап алган, каалаган курстары боюнча өтүлөт.
Класстан тышкары иштерден факультативдик сабактын айырмасы анын атайын түзүлгөн программасы болуп, өзүнчө расписание боюнча жүргүзүлөт да формасы боюнча кадимки сабакка окшош болот, бирок теориялык жана эксперименталдык материалдар кенен талкууланат.
Класстан тышкаркы жүргүзүлгөн окуу иштери окуучулардын билимин терендетип теориялык алган билимдерин турмуш менен байланыштырууга зээндүү, таланты жана жөндөмдүүлүгү бар окуучуларды тандоого алардын чыгармачылык ишмердүүлүгүн өз алдынча өркүндөтүүгө, илимий иштерди аткарууга , илимий адабияттарды окуп, анын маанисине түшүнө билүүгө, тажрыйбаларды тыкандык менен аткара билүүгө болуп жат кан кубулуштарды байкап, ага ар тараптан анализ бере билүүгө жардам берет.
Класстан тышкаркы иштердин милдеттери төмөнкүлөр:
Окуучулардын химияга болгон кызыгууларын арттыруу
Химия боюнча окуучулардын билимдерин жана эксперименталдык иштерди аткарууда алардын эптилүүлүктөрүн өркүндөтүү.
Окуучулардын чыгармачылыктарын,демилгелүүлүктөрүн жана өз алдынча иштөөчүлүктөрүн өөрчүтүү.
Мектептеги бардык класстан тышкаркы иштер окуучулардын каалоо принцибинин негизинде уюштурулат. Уюштуруу мезгилинде мугалим сабак учурунда окуучуларды химия илимине кызыктыруу, үгүттөө багытында жөнөкөй топтук, жекече аңгемелерди жүргүзөт.
Класстан тышкаркы иштердин алдыга койгон максаты, планы менен тааныштырып, каалоочулардын санын класстар боюнча алдын-ала билип алат. Окуучуларды кызыктырып жандандыруучу иш чараларга химия боюнча оюндар, эмоция келтире турган ар түрдүү эффективдүү демонстрациялар таандык. Практика корсөткөндөй уюштурулган саякат тандалып алынган өндүрүш жайлар, мекемелер, анын методикасы ар дайым эле жеткиликтүү боло бербейт. Класстан тышкаркы иштерди уюштурууда теманын материалдарынын ички маанисин түшүндүрүүдө окуучулардын жаш өзгөчөлүгүн эске алуу зарыл. Ошондуктан, жылына саякатты сегизинчи жана тогузунчу класста 1-2, онунчу жана он биринчи класстарда 2-3 жолу уюштуруу сунуш этилет. Ар бир класс боюнча саякаттарды өткөрүүчү мекемелер, өндүрүш жайлар болжол менен төмөнкүдөй: 8-класста крайлык, минералогиялык музей, айыл чарбасында, химиялык өндүрүш жайларында, өндүрүш жайлардагы химия лабораторияларында, аптекаларда, кен байлык алуучу карьерлерде, суу тазалагыч имараттарда, ТЭЦ те жана башка.
IX класста минералдык жер семирткичтерди өндүрүүчү комбинаттарда жана аларды сактоочу жайларда, цемент, кыш, айнек,акиташ заводдорунда, гальваникалык цехтерде, аналитикалык, агрохимиялык лабораторияларда ж.б.
Х класста нефтинин, жаратылыш газын кайра иштетүүчү өндүрүш жайларда,кант спирт, синтетикалык була, самын, пластмасса жана коксохимиялык заводдордо, мал фермаларында, кездеме боеочу цехтерде ж.б.
XI класста жогоруда келтирилген бардык өндүрүш тармактарында уюштурса болот.
Класстан тышкаркы жүргүзүлгөн иштер окуучуларды жалпы кызыгууга жана жолдоштук жамаатка бириктирет. Класстан тышкаркы иште сүйлөбөй,унчукбай туруп алуудан, өзүмчүлдүктөн, тартип бузуудан жана башка терс мүнөздөгү көрүнүштөрдү жеңе билүүгө жардам берет.
Химиялык ийрим, жаш химиктердин коому, саякаттар, кечелер жана башка массалык иштер окуучуларды жолдоштукка, илимге кызыгууга, коюлган максатты чечүүгө жана аны аткарууга тарбиялайт.
Колуңуздагы окуу- методткалык колдонмонун алдына койгон максаты, аз же көп даражада болсо да химия боюнча класстан тышкаркы иштерге тиешелүү топтолгон материалдарды пайдаланууну мугалимдерге сунуш этүү. Колдонмонун мазмунуна негизинен мурунку союздагы, республикадагы химия мугалимдеринин тажрыйбалары жыйналган.
Класстан тышкаркы иштер химия сабагы жүрүп жатканда башталбаса ал акыры эч кандай ийгиликке ээ боло албайт. Химия сабагы менен класстан тышкаркы иштер окуу-тарбия процессин уюштуруунун маанилүү түйүнү болуп эсептелет.
Мугалим сабак учурунда окуучуларды кызыктуруучу маалыматтарды айтып, окуу куралынан сырткары кошумча адабияттарды сунуш кылат.
Бул колдонмодо класстан тышкаркы иштердин массалык формасын уюштуруу жана аны өткөрүүнүн ыкмалары кийинки жылдарда жарык көргөн илимий булактардан топтолгон.
Иш жүзүндө өтүлгөн темалардан тандап же ага окшоштуруп мугалим өзү иштеген мектептин, окуучулардын мүмкүнчүлүгүнө, алардын мүдөөсүнө жараша андан кызыктуу андан да жеткиликтүү, катышуучулардын купулуна толо турган, алардын талабын канааттандыра турган кошумча иштерди чыгармачылык менен уюштурса болот.
Кеченин жүрүшүнө керектүү болгон химиялык табышмактар, кроссворддор, кызыктуу тажрыйбалар берилди. Мындай пайдалуу материалдарды мугалим бөлөк билим булактарынан топтоп өзүнүн тажрыйба карточкасын байыта алат. Класстан тышкаркы иштерге тиешелүү болгон ар түрдүү материалдар үлгү катарында жана мектептин окуу программасына ылайыкташтырылып топтолду. Бул колдонмодон мугалим мектептин чөйрөсүнө жана өтүлгөн темаларга жараша химиялык оюндарды, табышмактын суроолорун, кызыктуу тажрыйбаларды, кроссворддорду тандап ала алат.
I глава ХИМИЯЛЫК КЕЧЕЛЕР
§1. Химия мал чарбасында
Класстан тышкаркы иштердин массалык формасынын ичинен кеңири таралган бул химиялык кечелер болуп эсептелет. Химиялык кечелер программа боюнча белгилүү бир темада тандалып алынып,окуучуларды келечектеги кесипке багыттоого үндөйт. Кечени уюштурууда жана аны өткөрүүдө окуучулардын массалык көпчүлүгү тартылгандыктан аларда өз алдынча иштөөнүн ыкмалары, эксперименттерди жүргүзүү эптүүлүктөрү, ишке тыкандыктары жана жоопкерчиликтери иштелип чыгат.
Жогорку сапаттагы уюштурулган кечелер окуучулардын сабактан алган билимдерин кеңейтип, келечекте кесип тандоого жардам берет.
Химиялык кечелердин тематикалары мектепти курчап турган чөйрөгө жараша тандалышы абзел. Алсак, окуу программасына байланыштуу химиялык өнөр жайлары бар шаарларда жана айыл мектептеринде кеченин темалары ар түрдүү болот. Айылдык мектептерде “ Химия мал чарбасында “, “Суу жашоонун булагы”, “Химия үй тиричилигинде” жана башка темаларда кечени уюштурууга болот. Аталган биринчи темадагы кеченин ички мазмунун ачып көрсөтүүгө мугалим химиялык процесс менен өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын жашоолорунун ортосундагы байланышты, өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн, мал чарбасындагы малдардын азык-түлүк продуктыларынын сапатын жакшыртууда химиянын тийгизген таасирин аңгшеме кылып айтып берет.
Кеченин максаты. Окуучуларга кызыктуу жана жеткиликтүү формада азыркы учурда мал чарбасынын эт-сүт азыктарын,дан жана башка продуктыларын көп өндүрүүдө химиялык заттардын жаныбарлардын жашоосуна тийгизген оң таасирин изилдөөдөгү орус, кыргыз окумуштууларынын сиңирген эмгектеринин ролу жөнүндө билдирүү жазалат. Сенаж, тоюттарды ачытуу (силос) учурундагы химиялык процесстин механизмин ачык көрсөтүү, мал чарбасындагы иштеген малчылардын жашоо турмушундагы оордуктарды, мектептин чөйрөсүндөгү чарбанын, айылдын мал чарбасы боюнча жетишкен ийгиликтерин окуучулардын чарбага көрсөткөн жардамдары баяндалат.
Кечени өткөрүүнүн планы.
Мал чарбасы боюнча жетишилген ийгиликтер жана анын келечектеги өсүшү жөнүндө кечени алып баруучу окуучунун кыскача сөзү.
Тоюттардын химиялык курамдары, силостоодогу химиялык процесстер, кошумча тоюттар жөнүндө, тоюттардын курамындагы витаминдердин, углеводороддордун, белоктордун бар экендигин далилдеген кызыктуу тажрыйбалар, окуучулардын билдирүүлөрү.
Кечеге чакырылган мейман адистердин, алдыңкы фермерлердин, дыйкандардын, механизаторлордун сөздөрү.
Билдирүүлөрдүн биринен экинчисине өтүүнү алып баруучу окуучулар же кечеге катышкан бөлөк окуучуларга темага байланышкан ырларды, көркөм окуу же кинофильмдерди , диафильмдерди көрсөтүү менен ишке ашырышат. Окуучулардын билдирүүлөрү мүмкүн болушунча ар кандай графиктер, диаграммалар, чиймелер, окумуштуулардын портреттери, слайддар, музыка жана тажрыйбаларды көрсөтүү менен коштолот.
Кечени көркөмдөө, өтүлө турган жайдын дубалына илинип коюлган фото-газеталар борбордук орунду ээлейт. Алсак, “Таза суу”,”таза аба”,”химия жана ден-соолук”,”химия жана түшүм”. Андан сырткары цифралар менен көрсөтүлгөн тоюттарга кошумчалоочу химикаттар, колдонуучу тоюттардын түрлөрү, аларды даярдоонун кыскача технологиялык схемалары.
Кече ачылардын алдында темага карата музыка үнү ыргалат. Сценага бир кыз бала, бир эркек бала кечени алып барууга чыгышат.
Кыз-бала. Химиялык кубулуштар - бул жаратылышта тынымсыз болуп жаткан укмуштуудай татаал кубулуштар. Бүгүнкү күнү химиянын жетишкендиктери адамзаттын бардык тарабына кеңири пайдаланууда. Химия адам баласына кооз кийим материалдарын, турак жай курууга, ар кандай кырсыктуу ооруларга каршы күрөшүүгө дарыларды, ар кандай азык заттарын даярдоого жардам берет. Биз бүгүн, кымбаттуу кеченин катышуучулары, сиздерге өндүрүштү өнүктүрүүдөгү химиянын ролу жөнүндө айтып бермекчибиз.
Эркек-бала. Химия калкка керектүү башка нерселерге салыштырганда айыл чарбасында алда канча көп колдонулуп, азык заттары көп өндүрүлөт. Бул жерде темага тиешелүү мурдатан тандалып алынган акындардын ырлары окулуп, ылайыктуу болсо түстүү слайддар көрсөтүлөт.
Кыз-бала. Окумуштуулардын изилдөөлөрү көрсөткөндөй биздин республикадагы айдоо аянттарында климаттык шартка жараша ар кандай өсүмдүктөрдү өстүрүүгө мүмкүндүк бар. Биздин республиканын жалпы аянтынын 95 процентин тоолор ээлесе да, ага карабастан көп жылдык тоюттар, пахта, дан жана жашылча- жемиш өсүмдүктөрү өндүрүлөт.
Эркек-бала. Демек,калкты айыл чарба азыктар менен камсыз кылуу борбордогу милдет болуп турат, ошондуктан мал чарбасындагы мол тоют даярдоо негизги милдетибиз. Малды сапаттуу тоют менен камсыз кылбай туруп жогорку сапаттагы көп өлчөмдө продукция алуу кыйын. Сан жагынан эмес сапаттуу, чыктуу, даамдуу тоюттарды даярдоо талап кылынып жатат. Буга байланыштуу райондук, областык, республикалык илимий-өндүрүштүк химия бирикмелеринде тоюттардын курамына химиялык анализ жүргүзүлүп, тейленилип турулат. Сиздерге бул жөнүндө ХI –класстын окуучусу Шайымбеков Туратбек айтып берет. Туратбек мурунтадан даярдаган материалдар менен отургандарды тааныштырып кыскача билдирүү жасайт.
Жагымдуу, чыктуу тоюттардын жаныбарларга тийгизген таасирлерин адам баласы эчактан бери эле байкап келишкен. Ошондон улам илимдин өсүшүнө байланыштуу тоюттардын рационун иштеп чыгуу менен малдардын продуктуулугун башкарууга мүмкүндук түзүлдү.
Тоюттардын жагымдуулугун алардын химиялык курамын изилдөөдө ар кандай химиялык анализдердин ыкмалары колдонулат.
ХIХ кылымдын ортосунда Ю.Либих, К.Дюма, И.Буссендердин жүргүзгөн илимий иштеринин натыйжасында тоюттардын негизги составдык бөлүктөрү аныкталып, малдарга тоют катары колдонуучу ролу такталган.
Биохимиянын, физиологиянын жаңы ачылыштарында малдарга берилүүчү тоюттардын айрым компоненттерин өзгөчө изилдөөгө мүмкүндүк болду.
Минералдык заттардын, айрыкча кальцийдин, фосфордун,натрийдин,магнийдин, кобальттын, цинктин, жездин, иоддун жана башка заттардын бирикмелери жаныбарлардын организминде татаал биологиялык процесстердин туура жүрүшүнө шарт түзөт. Бул заттардын ьирикмелери жер кыртышында,демек тоют өсүмдүктөрүндө жетишсиз болсо жаныбарларды өтө оор ооруларга чалдыгууга алып келет. Көпчүлук тоюттардын негизги курамдык бөлүктөрүн азоту бар татаал органикалык заттар, белоктор түзөт. Азыркы мезгилде рациондордо белоктордун жетишсиздигинен өтө көп сандагы тоюттар сарп кылынууда. Өсүмдүктөрдөгү белоктор жаныбарлардын организмдериндеги эт сүт, жумуртка аркылуу адамдын организмине өтөт. Мындай билдирүүдөн кийин тоюттардын курамындагы белоктордун бар экендигин далилдөө үчүн Туратбек кезекти ак халатчан Айдарга берет. Айдар сыйкырчы төмөнкү тажрыйбаларды жалпы көрүүчүлөргө көрсөтөт. Алдын ала даярдалган ( Кант кызылчасын майдалап андан 200 г алат да дистирленген сууга салып, кезек- кезеги менен чайкап бир канча саатка коюп коет да андан кийин чыпкалайт) 50 мл белоктун эритмесине 25 мл туз кислотасынын эритмесин куйат да кар сыяктанган ак чөкмө түшө баштаганын отургандарга көрсөтөт. Чөкмөгө түшкөн затты тоют кызылчасында белок бар экенин көрүүчүлөргө айтат. Эритмеден түшкөн чөкмөнүн массасы боюнча белоктун саны жөнүндө сөз кылууга боло тургандыгын эскертет.
§2. Суу жана жашоо
Химия сабагы 8-класстан баштап окулгандыктан анын максаты окуучуларды жеке гана химиянын негизги түшүнүктөрү, химия өнөр жай илимий багыттары менен тааныштыруу, жаратылыштын эң бир татаал айланууларындагы химиялык кубулушту байкоого, аны түшүндүрүп билүүгө, ошол кубулуштарды лабораторияда химиялык тажрыйбанын жардамы менен окуп үйрөнүүгө, жаратылыш кубулуштарына чеберчилик менен мамиле кылууга үйрөтөт. Химия илимине терең кызыккан, экологиялык көз карашы калыптанган жаш муунду тарбиялоо үчүн мектепте атайын факультативдик сабак жана класстан тышкаркы иштер жүргүзүлөт. Аталган темада химиялык кечени даярдоодогу эң негизги этап-бул кеченин сценарийин жазуу, ал эми экинчи этап-кеченин мазмунуна жараша суу боюнча билдирүүлөрдү даярдоо, үчүнчү этап-химиялык тажрыйбаларды көрсөтүү, викториналардын суроолоруна жооп алуу.
Кеченин максаты: Окуучуларды “Суу” деген химиялык татаал заттын физикалык, химиялык касиеттерин, анын жаратылыштагы айланууларын, колдонулушун, дегеле адамзаттын жашоосундагы мааниси, суунун экологиясы менен тааныштыруу жана сууга кылдаттык менен мамиле кылууга үйрөтүү. Кеченин планы:
Силер билесиңерби?
Суу жаратылышта.
Суу жана жашоо.
Суу жана түшүм.
Суунун эл арасындагы мааниси.
Жер шаарында суу ресурстары.
Деңиз жана океан сууларынын булганышы.
Көлдөрдүн жана дарыя сууларынын булганышы жана ага каршы күрөшү.
Көркөм бөлүгү:
Хор.
Ырлар, көркөм окуулар.
Викториналар.
Кызыктуу химиялык тажрыйбалар.
Кеченин жабдылышы:
Дубал гезиттер: “Суу жана турмуш”, “ Суу жана өнөр жай”, “Булактарды сактайлы” ж.б.
Ураандар: “Суу жаратылыштагы эң татаал жана таң каларлык зат”, “Суу жашоо булагы”, “Жаратылышта курамында суу болбогон бир да зат жок”, “Суу жер бетиндеги тиричиликтин эликсри”, “Суу жер шаарындагы кубулушту айлантуучу дөңгөлөк” ,”мөнгүлөрдү сактайлы”ж.б.
Билдирүүнү эркек бала менен кыз бала алым сабак алмашып окушат.
Кыз бала. Силер билесиңерби? Эгер суу болбосо биздин планетанын бети таптаза күзгүдөй тунук, күн тийген жагы ыпысык, көлөккө жагы мупмуздак жылаңач аска зоодо турган жансыз шар болуп калмак. Демек жер бетиндеги тирүүчүлүк жашоо суу менен бирге, суу менен тыгыз байланыштуу. Суунун мындай касиетинин бири анын эң чоң жылуулук сыйымдуулугунда. Суунун белгилүү бир көлөмүн жылытуу үчүн ошондой көлөмдөгү башка затты жылытууга караганда бир канча көп жылуулукту сарп кылуу керек. Ал эми муздаганда ошончолук эле сандагы жылуулукту бөлүп чыгарат. Эгерде суунун мындай касиети болбогондо космостук суук жерди эчак эле муздатып салмак.
Жер бетин жана анын бүт денесин космостук сууктан сактаган “Жылуу тону” бар. Ал жердин үстүнө оролгон атмосфера жана анын составындагы суунун буулары.
Өсүмдүктөрдүн, жан-жаныбарлардын туура өсүшү, адамдын ден соолугунун таза болушу да организмдин составындагы сууга байланыштуу.
Суу денеден чыккан энергияны шартка жараша сиңирип өлчөм менен сарп кылып организмди муздоодон, ысып кетүүдөн сактап турат.
Адам баласынын салмагынын 60-80 процентин суу элейт. Эгерде адамдын организми темирден жаралган болсо анда соккон желдин да агымына туруштук бере алмак эмес, башкача айтканда өтмө шамалдан адам ооруп турмак.
Илимпоз окумуштуулар 1965 жылы кабыл алынган эл аралык гидрологиялык программа менен иштеп келе жатышат. Программанын максаты жер шаарындагы ресурстарды коргоо, ага билгичтик менен мамиле жазоо иши каралган. Жакында суу жерде гана эмес Галактикада, Кометада ал тургай Марста жана кээ бир жылдыздардын курамында да кездеше тургандыгы аныкталды. Суунун дагы бир таң калтыра турган жери эң таза көлдүн үстүнкү бетин көк жылгаяк муз каптап турмак да, анын үстүнө коньки тээп ойносо болмок. Бул суунун үстүнкү беттик тартылуу күчү зор экендигин билдирет.
Эркек бала. Суу жаратылышта. Биздин планетанын 0,10/7 бөлүгүн дүйнөлүк океан ээлейт. Ушул санга кичине жана чоң суу көлмөлөрүн, суу сактагычтар ээлеген аянттарды кошсок анда жогорудагы сан 6/5 бөлүгүнө чейин кыскарат. Бир гана Тынч океан жер шарынын жарымына жакынын ээлейт, башкача айтканда бүткүл Европанын ээлеген территориясынан 18 эсеге көп аянтты ээлейт.
Жер шарындагы сууну бүт жер шарына бөлүштүрсөк анда тереңдиги 4 км болгон “Дүйнөлүк океан” пайда болмок, бүткүл сууну бир бүтүн тамчы деп карасак анда анын диаметри 1500 км-ге туура келмек.
Абада 10000 миллиард тонна суу бар. Суу жер бетине гана эмес жер астында да бар. Ал жер астындагы океанды пайда кылып турат.
Жер астындагы океан Орто Азияда, Москвага жакын жерде, Кытайда, Африкада жана башка жерлердин астында кездешет.
Москвага жакын жердеги жер астындагы океан жаратылыш газын сактоо үчүн колдонулат жана ал лабораториялык газометрдин принцибинин негизинде иштейт. Суунун курамы жер шарына кеңири таралган суутектин эки атомунан жана жер шарынын 50 процентин түзгөн кычкылтектин бир атомунан турат. Суунун жер бетине канча таралгандыгына жана анын кандай курамында экендигине жараша жер бетиндеги өсүмдүктөрдүн, токойлордун, жан-жаныбарлардын, талаалардын, тайгалардын жаратылышы да ар түрдүү. Ошондой эле климаттык өзгөчөлүгү да ар башка: жумшак,татаал, ысык, суук.
Түндүктө суу муз түрүндө кездешет да жаныбарлардын көп таралышына шарт түзбөйт. Ошентип, жер бетиндеги ар кандай кубулуш суу менен бирге .
Кыз бала. Суу жана жашоо. Сууну жер бетине жашоону камсыз кылуучу минерал десек жанылышпайбыз. Суюктуктардын ичинен суу эң жакшы эриткич. Бардык тирүү организм суусуз жашай албайт. Суу бардык жан-жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн организминде кездешет. Алсак, медузанын денесинде 99,9 процент, адамдын 60-80 процент суу бар болот. Бадыраңдын салмагынын 95, сабиздин жана помидордун 99%тин суу түзөт. Суу организмге эң керектүү эриткич, ал организмдеги керектүү азык заттардын сиңирилишин, эришин, айлануусун камсыз кылат.
Суу организмди керексиз заттардан тазалап турат.
Эркек бала. Суу жана турмуш. Сууну өсүмдүктөр топурактан алгандыктан ал тукумдануунун негизги шартын түзөт. Суу жетишпесе өсүмдүктөрдүн өсүүсү алсыз болуп, керектүү азык затты кабыл алалбай, фотосинтез реакциясы жүрбөй калат. Натыйжада түшүмдүүлүк азаят.
Айыл чарбасындагы маанилүү маселелердин бири жерди иштете билүү, башкача айтканда, жер кыртышындагы өсүмдүктөрдүн өсүү процессин камсыз кылуучу нымдуулукту туура сактоо зарыл. Кээ бир учурда жасалма сугатты жүргүзүүгө туура келет, кээде бир учурда саздарды кургатуу милдеттери келип чыгат. Ошондуктан, агротехникалык милдеттерди туура чечүү керек. Азыркы мезгилде илим жана техника суунун жаратылыштагы айлануу процессин айыл чарба үчүн кызмат кылууга багыттоого иштеп жатат. Дыйканчылык талааларда жасалма сугаттарды колдонуп суу чыкпаган аянттарга суу чыгаруу ишке ашууда.
Мына ушул иштердин эле өзү айыл чарбасы сууну көп талап кыла тургандыгын далилдейт. Мисалга алып карасак 1кг кургатылган чөптү өстүрүү үчүн 300-400 кг, 1 т данды өстүрүү үчүн 750м3 , 1т картошка өндүрүү үчүн 1500м3, 1т күрүч алуу үчүн 1600м3, 1т жүгөрүгө 1800м3 суу керектелет. Ал эми фермадагы санитардык гигиеналык иштердин баарына суу, суу,суу керек.
Кыз бала. Суунун эл чарбасындагы мааниси. Суу арзан электроэнергияны алуунун булагы. Дениз,дарыя болсо транспортжолу катарында пайдаланылса, суу сактагычтар балык чарбасын өндүрүүгө колдонулат.
Өнөр жайдын өнүгүшү суудан алыс десем катуу жаңылышам, себеби өнөр жайдын кайсы гана тармагы болбосун суусуз эч кандай продукция чыгара албайт. Мисалы, 1т болотту өндүрүү үчүн120м3, 1т химиялык буланы өндүрүү 2000м3, 1т жезди өндүрүү үчүн 500м3, 1т резина өндүрүү үчүн 3500м3 суу керектеле тургандыгын айтсак жетиштүү болот.
Суу айрыкча күнүмдүк турмушта көп колдонулат. Мисалы, орто эсеп менен алганда бир адам 160 литрден көп сууну сарптайт. Суу дарылоо жайларында да дары катары колдонулат. Эмгекчилердин эс алуусу, ден соолуктарын чыңдоосу да суу менен байланышкан. Дегинкиси, суу эл чарбасынын өнүгүшүнүн негизги булагы.
Эркек бала. Жер шарынын ресурстары. Суу жердин баа жеткис байлыгы. Суу жер бетинин 70 процентинен көбүрөөк аянтын ээлеп жер шарынын гидросферасын түзөт. Суунун жалпы көлөмү 1,6·109 км3 барабар, ал эми массасы боюнча жер шарынын 0,025 процентин ээлейт. Суу эркин абалында күндүн эркин энергиясынын жана гравитациялык күчтүн таасиринин натыйжасында бир абалдан экинчи абалга өтүп турууга жөндөмдүү. Суунун химиялык курамынын калыптанышына бири-бирине байланышпаган эки фактор таасир кылат:табигый геологиялык шарттар жана антропогендик аракеттер. Химиялык курамы боюнча суу туздуу жана тузсуз болуп экиге бөлүнөт. Туздуу сууга дүйнөлүк океандар, деңиздер, ири туздуу көлдөр кирип, масса боюнча жалпы суунун 95,5 процентин түзөт.
Тузсуз суу адамзаттын тиричилигине, эл чарбасына керектелүүчү суунун 3,5 процентин түзөт. Тузсуз суунун 69 проценти Антарктидада, Арктикада, Гренландиядагымуздарды түзөт.
Атмосферадагы суунун буусу конденсацияланып булутту пайда кылат да, жаан, кар, мөндүр түрүндө жерге түшөт. Суунун айланып кайра жаңырып турушунун чоң мааниси бар. Жылына болжол менен 45 миң км3 суу айланып жаңырып турат. Жер шарында калктын санынын өсүшү менен сууга болгон талап да жогорулайт да эми талапты канаттандыруу үчүн дарыя сууларын калыбына келтирүү менен канаттандыра албайбыз. Ошентип, ичүүчү сууадамга жетишсиз болуп калат.
Кыз бала. Суулардын булганышы жана ага каршы аракеттер. Илгертен бери океан, дарыя, деңиз жээктеринде адамдар жашап, чоң-чоң шаарлар өсүп, алардын өнөр жайлары өнүгүп, алардын таштандылары шаар көбөйгөн сайын көбөйөөрү табигый нерсе. Таштандылар сууга ташталып, суу булгангандыгы да табигый нерсе. Азыркы гиганттык чон шаарлардагы өнөр жайлардын, адамдардын калдыктары өтө коп болуп жатканы чоң чечилбеген маселени пайда кылууда. Таштандылардын таасири сууда жашаган жаныбарларга өтө зыян келтирүүдө.
Балык чарбасында жалпы эле санитардык абалды өтө эле оорлотуп салган жерлер белгилүү. Азыркы булганычтын эн бир оор түрү нефти жана андан пайда болгон продуктылар булганычтын таасирин күчөтүп, кээ бир аймакты экологиялык кризиске учуратып жатат.
Жыл сайын нефти жана анын продуктылары дүнөлүк океанга 10млн тоннадан көп кошулуп жатканы белгилүү. Булганычтын булагы- нефти иштетип чыгаруучу жана нефтиден продукция алуучу өнөр жайлар нефтини транспорттук жүктөөдө, нефтини ташуучу танкерлерге баланс катары суу толтуруп аны океанга таштоодо. Нефтини ташуучу судналарды ремонттоо учурунда да суу булганууда. Нефти менен булганган сууларда сандаган түрдүү углеводороддордун компоненттери мап-майда бөлүкчө-көбүкчө түрүндө болот. Аларда денизде, океандарда жашоочу бир жана көп клеткалуу (фито-, зоопланктон) өсүмдүктөдүн жана жаныбарлардын жашоосуна керектүү заттардын денесине кирип балыктын организмине кирет.
Дүйнөлүк океанды, деңизди,көлдү булганычка дуушар кылып жаткан азыркы убакта кеңири колдонуучу пестициддер. Алар айдоо аянтына чачылып сугарылганда суунун заркындылары менен агып келип көлдөргө, океандарга, дарыяларга келип кошулат. Суу органикалык жана минералдык заттар менен булганат. Минералдык заттар менен булганганда составында туздар, кислоталар, щелочтор, кумдар, топурактар болот.
Органикалык заттар менен булганган суунун курамында өсүмдүк булалары, өсүмдүк майлары, жаныбарлар майлары, жашылчалардын калдыктары, тери заводдорунун, кагаз чыгаруучу өнөр жайынын, пиво, кант заводдорунун калдыктары менен булганат. Азыркы кездерде сууларды ар кандай булгануулардан сактоо үчүн ар кандай иш чаралар көрүлүп жатат. Бардык жерде пайдаланылган сууну тазалоочу ири жайлар курулуп иштеп жатат. Бул темага байланыштуу викториналардын суроолорун жана ага жоопторду кийинки беттен, тажрыйбаларды да кийинки беттерден карагыла.
Сайдагы, арыктардагы, булактардагы, кудуктардагы, көлчүктөрдөгү суулардын тазалыгын көздүн карегиндей таза сактаганга чакырамын.
§3. Щелочтуу металлдар
Мектептерде өткөрүлүүчү химиялык кечелер класстан тышкаркы уюштурулган иштердин массалык формаларынын бири болуп саналат. Кечелерди өткөрүү окуучулардын көпчүлүгүн өзүнө тартуу менен алардын көңүлдүү эс алуусуна шарт түзүп, ошол эле убакта окуу китебиндеги жок маалыматтарды билип алууга көмөкчү болот. Ошондуктан, химиялык кечелердин темаларын тандоодо мазмуну бардык окуучуларды өзүнө тартып тургандай кызыктуу болушу керек. Тандалып алынган теманын мүнөзүнө жараша кечеге бир нече класстын окуучулары катышса болот.
Химия факультетинин студенттери педагогиялык практиканы жыл сайын орто мектептерде өткөрүшөт. Практиканын соңунда коштошуу химиялык кечени өткөрүү салтка айланып калган. Кеченин программасы мектептин химия мугалимдери менен бирдикте практика башталар замат иштелип чыгып, окуучуларга тапшырмалар бөлүштүрүп берилет
Уюштуруу иштердин жүрүшүнө жана аткарылышына практиканттар жетекчилик кылышат. кечеге бардык эле окуучулар келе бербестиги белгилүү. Ошондуктан окучулардын активдүүлүгүн көтөрүү алдын ала даярдалган кеченин эмблемасын кооздоп тартып, кечеге чакыруу кагаздарын сыйлык катары тапшырылса окуучулардын демилгеси артылат. Щелочтуу металлдарга арналган химиялык кечени өткөрүү кыскача төмөнкүдөй болот:
Кеченин темасына араналган “ Химик” дубал гезитин чыгаруу.
Щелочтуу металлдарга арналган кыскача билдирүү.
Щелочтуу металлдарга карата көркөм-монтаж.
Викторинанын суроолоруна жооп жана сыйлоо.
Кызыктуу тажрыйбаларды демонстрациялоо
Концерт
Кеченин максатына жетишүү үчүн практиканттар жардамчы окуу китептеринен щелочтуу металлдарга тийиштүү маалыматтарды жыйнап, аларды методист жан химия мугалими менен анализдеп, талдап, талкуулап керектүүлөрүн алышат.
Кече болордун 4-5 күн мурда “Химик” дубал газетасынын кезектеги жаңы саны чыгарылат да, анда Д.И.Менделеевдин химиялык элементтердин мезгилдик системасынан алган орду боюнча ар бир щелочтуу металлга арналган кеңейтилген теориялык материалдар жеткиликтүү чагылдырылып, эстетикалык жактан кооздолуп жазылат.
Щелочтук металлдарга тийиштүү болгон кызыктуу фактылар келтирилет. Щелочтуу металлдарга карата топтолгон викториналардын суроолору да жазылып коюлат.
Экинчи бөлүгүндө щелочтуу металлдардын химиялык-физикалык касиеттерине мүнөздөмө берилип, айрыкча айыл чарбасында, медицинада жана башка тармактарда колдонулушу, жаратылышта таралышы, аларды алуунун жолдору жөнүндө кыскача билдирүүлөр жазалат.
Кече өткөрүлүүчү бөлмөнүн сахнасында Д.И.Менделеевдин химиялык элементердин мезгилдик системасынын таблицасы доскага илинип коюлат.
Алдын ала металлдардын касиеттерин үйрөнүшкөн окуучу металлдардын катар номерлери же атомдук массалары өскөн багытта катарга турушат. Ар биринин көкүрөгүндө 25х20 см келген кагазга жазылган литийден францийге чейинки элементтер илинип коюлат. Окуучулар баштарына кызыл пилотканы кийип турушат. Кечени алып баруучу окуучу “Сөз щелочтуу металлдарда” деп жариялагандан кийин литийдин баштап ар бир элемент сөз келгенде жарым кадам алга чыгып,өздөрүнүн өмүр баяндарын айтып баштарындагы пилотканы алып турушат.
Бардык элементтер өздөрү жөнүндө айтып бүткөндөн кийин алып баруучу, “демек, элементтердин катар номерлери өскөн тарапка алардын атомдорунун радиустары да чоңоюп, химиялык активдүүлүктөрү күчөйт же болбосо алардын калыбына келтиргич касиеттери топ боюнча жогортон төмөн карай өсөт” деп жыйынтык чыгарат.
Кечеге катышкандарды ишендирүү максатында диаметри 10 см болгон жана катары менен коюлган суусу бар температурага чыдамдуу келген айнек цилиндрине адегенде литийди, натрийди, калийди, рубидийди ирети менен салып реакциянын жүрүү ылдамдыктарына көрүүчүлөрдүн көңүлүн бурат. Реакциянын теңдемесин доскага же мурунтадан чоң кагазга жазылып коюлган жазууну көрсөтсө да болот.
Көрүүчүлөргө көрсөтүлгөн тажрыйбалар жеткиликтүү болбой калышы мүмкүн. Ал учурда мектептеги техникалык каражаттын, алсак графопроектордун жардамы менен экранга чагылдырып көрсөтсө да болот.
Ал үчүн Питер идишине суу куюп тиги металлдарды ошол эле иретүүлүктө улам бир идишке салып экранга чагылдырып көрсөтсө да болот.
Щелочтуу металлдар суу менен реакцияга катышканда щелоч алынарын далилдөө үчүн алынган эритменин үстүнө индикаторлордун эритмелерин тамчылатса же универсалдуу кагазын нымдаса алардын түсү өзгөрүлөт.
Кызыктуу тажрыйбалар бүткөндөн кийин химиялык викторинанын суроолоруна туура жооп бергендерди, кечеги активдүү катышкандарды сыйлоо аземи өткөрүлөт. Сыйлоо аземинен кийин кызыктуу химиялык оюндар: химиялык лото, химиялык шашке, кроссворддорду чечүү, ким көп билет, 15 кадам ж.б. оюндар башталат. Кечеге катышкан бардык окуучулар оюнга катыша алышат. Кызыктуу оюндар бүткөндөн кийин окуучулардын күчү менен даярдалган чакан ырлар, бийлер, “Арча бешик”, “Апакеме”, “Ысык-Көл вальсы”, “Индия бийи”,”Кара жорго” ж.б. аткарылат.
Ошентип, жакшы уюштурулган химиялык кечени өткөрүү окуучулардын сабакка болгон кызыгууларын арттырууда чоң мааниси бар.
3-глава. ХИМИЯ БОЮНЧА САЯКАТТАРХимиктер жалаң эле химиялык өндүрүш жайында эмес, башка эл чарбасынын ар кандай тармактарында, химиялык товарларды иштеп чыгаруучу өндүрүштөрдө, айыл чарбасында, саламаттыкты сактоо мекемелеринде иштешет. Химияны турмуш менен байланыштырууну ишке ашыруу үчүн эмгекке, үнөм саясатына, тарбиялоодо окуучуларды келечектеги кесипке багыттоодо окуу прцесси менен тыкыз байланышта анын бөлүгү болуп өндүрүштүк саякат болуп эсептелет.
Саякат учурунда окуучулар химия илиминин, анын закондорун адам баласынын тиричилик жашоосунда көп колдонорун көрүшөт.
Саякат учурунда азыркы кездеги химиялык өндүрүш жайы туурасындагы теориялык элестетүүлөрдү окуучулар өз көздөрү менен көрүп, алардын аң сезимин калыптандырат жана илимдин, техниканын ар түрдүү тармактагы өндүрүштү өркүндөтүүдөгү ролу, өндүрүштү уюштуруу жана экономика маселелери боюнча маалымат алышат.
Заводдун тарыхын үйрөнүүдө өлкөнүн же республиканын өнүгүшүндө бул же тигил завод кандай өзүнүн салымын киргизгендиги жөнүндө окуучуларга адистер аңгеме кылып айтып берет.
Окуучуларды болочок кесипке багыттоодо химия илими менен байланышкан өндүрүштүк саякаттын мааниси өтө зор.
Мекмелерде, ондүрүштөрдө саякаттарда болушуп,окуучулар химия же башка кесиптеги адамдар менее жолугушуп алардын иш мүнөздөрүнө көңүл бурушат. Саякатты уюштурууда мугалим окуу-тарбия иштеринин комплексин өтө тыкандык менен ойлонуштуруп, өзү алдын ала саякат боло турган өндүрүш жай жана саякатты жүргүзө турган адис менен таанышып, тийиштүү адабияттар менен иштеп, саякатты уюштурууну окуучулардын отчетторунун пландарын түзүп чыгуусу зарыл.
Окуучуларды саякатка даярдоо үчүн бара турган өндүрүш жайдын өзгөчөлүгү жана саякаттын максаты менен окуучуларды кыскача тааныштырып, жекече тапшырмаларды өндүрүшкө тийиштүү адабияттарды, технологиялык процесстерди окууну сунуш кылып, саякатты сабактын уландысы катары жүргүзсө да болот.
Минералдык жер семирткичтерди сактоочу жайга саякат уюштура турган болсо алдын ала өлкөдө минералдык жер семирткичтерди өндүрүү деген темадагы сабакта окуучулар жер семирткичтердин түрлөрү, алардын физикалык, химялык касиеттери менен толук тааныш болушат. Саякатты жүргүзүү учурунда окуучулар кыскача эскермелерди жазып алышат, коллекциялар үчүн материалдарды чогултушат,химиялык аппараттарды иштөө иреттүүлүгүнө байкоо жүргүзүп, өндүрүштү тейлеген электрик, жыгач уста, слесарь, аппаратчы адамдар, алардын эмгек шарттары менен кабардар болушат.
Саякатты жыйынтыктоодо альбом, стенд, коллекциялар, отчет түзүү менен отчет жыйынтык чыгарылат.
Саякат учурунда жыйналган материалдарды мезгилдүү уюштурулуучу мектеп көргөзмөсүнө колдонулат. Жыл сайын көргөзмөнү өндүрүш жайда иштеген, жекече планын аткарган окуучулардын ата-энелеринин, ойлоп табуучулардын сүрөттөрү менен жаңылап, толуктап турса болот.
Саякаттын материалдарын айрыкча жалпылоочу факультативдик сабактарда, семинарларда колдонсо болот. Мугалимдердин бай тажрыйбасына караганда саякат бир эле өндүрүшкө жыл сайын тажатып бара бербестен, улам темага жараша өзгөртүүгө аракет жазашат.
Борбор калаабыз Бишкекте химия, пластмасса, айнек заводдоруна жылына уюштурулуп жүрүлгөн саякаттардын эсебинен окуучулар тарабынан бул заводдор боюнча бай материалдар топтолгон.
Эгерде заводдорго жыл сайын саякат уюштурулса ошол өндүрүш жайдын паспорту түзүлөт. Мындай өндүрүштүк паспорт кийинки саякатты уюштурууга көп жеңилдик түзөт. Өндүрүштүк паспорт төмөнкүдөй суроолорду камтыйт.
Өндүрүштүн тарыхы.
Цехтердин аталышы, аларга кыскача мүнөздөмө.
Окуу-педагогиялык процесс менен байланышкан жана кесипке багыттоодо кызыктыра турган негизги бир цехтин өндүрүштүк процесси.
Өндүрүштүн алдыңкылары, алардын иштеген мөөнөттөрү.
Өндүрүштүн келечеги.
Өндүрүштүн инженер-техникалык кесип ээлери.
Туура уюштурулган өндүрүштүк саякат жалаң эле тарбиялык маселелерди чечбестен эмгектин окуу маселесин чечүүгө мүмкүндүк түзөт. Саякаттан чогулган материалдар менен химиялык, физикалык, экономикалык, географиялык кабинеттерин көрсөтмө окуу куралдары менен толукташат. Өндүрүштөгү процесстерди мугалим өзүнүн сабагына кеңири колдонуусу керек. Алсак, Кемин районундагы Орловка, Оштогу Кадамжай комбинанттарындагы электролиз прцесстерине комплекстүү же предметтик аралык байланыш саякатын уюштурууга көңүлдүү болот.
Бул комплекстүү саякатта окуучулар электролиз процесси, электролизеранын иштөө принциби, режими, таштандысыз өндүрүмдүүлүккө жетишүү менен таанышат жана билишет.
§I. Дарыканага саякатСегизинчи класстын окуучулары үчүн айылдык, райондук, шаардык дарыканаларга саякат уюштурса ылайыктуу. Саякаттын максаты окуучуларды химиядан, биологиядан жана физикадан алган теориялык билимдерин дары-дармек чыгаруучу жана сакталуучу жайларда кандай болорун өз көздөрү менен көрүп, байкоо жүргүзүү, дарыканада иштеген кесип ээлери менен таанышуу , ар кандай анализ жүргүзүүнүн ыкмалары, түрдүү концентрациядагы эритмелерди даярдоонун ыкмалары, дары-дармектерди сактоонун эрежелерин билүү, дистирленген сууну алууну, химиялык идиштерди жууп-тазалоону, аларды кургатууну, таралар менен иштөөнүн ыкмаларына байкоо жүргүзүү. Саякатты өткөрүүнүн планы:
Дарыкана жөнүндө аңгемелешүү
Дарыкананын түзүлүшү(рецептор, ассистент, химик-аналитик, фасофтоочу, тазалык)
Дарыканага саякат жүргүзүү.
Дистирленген сууну алуу, кургатуучу шкафтар менен таанышуу.
Саякат боюнча отчет түзүп, жыйынтык чыгаруу.
§2. Айнек заводуна саякат
Программа боюнча тогузунчу класста көмүртектин тобун окуп жатканда окуучулар теориялык жактан силикаттыкөндүрүш жайлардын негизги продуктыларынын бири айнек, цемент, керамика менен таанышат.
Жергиликтүү силикаттык өндүрүш жайларга саякат жазоодо окуучуларда өндүрүштүн бул тармагы боюнча жакшы элестөөлөр калып, кесиптик калыптанууга жардам берет. Саякатка чыгуунун алдында мугалим даярдануу сабагын өтүп, кремний жана анын бирикмелери боюнча болгон диафильмди, диапозитивди, транспаранттардыкөрсөтөт да, кремнийдин жаратылыштагы кездешүүчү ар кандай минералдык бирикмелеринин үлгүлөрүн көргөзмө кылып уюштурат. Кремний темасына тийиштүү маалыматтарды теориялык жактан талдап бүткөндөн кийин айнектин касиетин кароого өтөт.
Мугалим столдун үстүндөгү айнектен жазалган үй буюмдарынын түрлөрүн көргөзмө кылып уюштурат да анын тунуктугу, уруп-согууга туруктуулугу жана башка касиеттери жөнүндө айтып берет.
Аңгемелешүү “Айнекти өндүрүү” деген кинофильмди көрсөтүү менен коштолот. Кинофильмде айнекти балкытуучу мештин түзүлүшү өтө тез көрсөтүлгөндүктөн окуучулар аны көп байкабай калышат. Ошондуктан, мештин түзүлүшүн алдын ала кагазга тартып окуучуларга көрсөтүү ылайыктуу.
1-чийме, Айнекти балкытуучу мештин түзүлүшү:
1-балкытуучу бассейн; 2-балкытуучу зонасы; 3- тунуктануу зонасы;
4 иштеп чыгуучу бассейн; 5- регенаторго алып баруучу канал
Кинофильмди көрүп бүткөндөн кийин окуучулар менен фронталдык аңгеме жүргүзүү үчүн мугалим бир канча суроолорду даярдайт. Заводко сырье кайдан келет жана жана ал кандай иштөөлөрдөн өтөт, шихта деген эмне, аны кантип даярдайт, айнекти балкытуучу мештин түзүлүшү жана анын өндүрүмдүүлүгү же мешке сырьену кандай салыштырат, айнекти балкытуунун оптималдуу шарты кандай жана ага кантип жетишет.
Мына ушундай алдын ала даярдыктан кийин заводко саякатка чыгышат. Жетекчи адис завод айнектин кандай түрлөрүн анын химиялык курамын, эл чарбасында, бул заводдун кандай мааниси бар экенин аңгеме куруп, заводдун тарыхы менен тааныштырат. Заводдун айлана чөйрөсүндө жүргөндө ар кандай кокустуктардан сактануу эрежелерин сактоону баса көрсөтөт.
Саякат сырьену даярдоочу цех менен таанышуудан башталат да сырьену майдалап, кургатып, элеп, кумдарды темирдин (II) оксидинен, топурактан ажыратуу үчүн жууй турганы көрсөтүлөт.
Айнек жазоочу сырьенун курамдыкдык бөлүктөрүн аралаштырып таразага тартат, башкача айтканда шихта даярдалат да ал балкытуучу мешке жөнөтүлөт. Окуучулар айнек балкытуучу цехке келишип үзгүлтүксүз кыймылда иштеген ванна мешти көрүшөт.
Ванна мештин эң негизги бөлүгү түз жаткан балкытуучу бассейн экенин айтып берет. Анын узундугу 40 метрге, туурасы 10 метрге, бийиктиги1,5 метрге чейин болот. Андан кийин шихта балкытуучу зонасы деп аталган мештин алдыңкы бөлүгүнө түшүп, ал жерде температура 1200-1400°С чейин кармалат да, андан 1500°С-дагы тунуктануу зонасына келет. Бул жерде айнектин илээшкектиги азайып диффузиянын натыйжасында анын курамыы бирдейленип, көмүртектин (IV) оксиди абага бөлүнүп кетет. Айнектин суюк массасы иштеп чыгаруучу бассейнге келип ал жерде 1200°С чейин муздатылат. Ушул жерде айнек массасынан буюмдарды жазап чыгарууга алынып турат.
Ванна мешинин өндүрүмдүүлүгү суткасына 30 тонна.
Окуучулар андан кийин айнек буюмдарын калыптоочу цехке келгенде жетекчи калыптоонун ар кандай: чойуу,үйлөтүү, пресстөө, калыпка куйуу жана башка түрлөрүн айтып берет да окуучуларга такта айнектерди жазоону көрсөтөт.
2-чийме. Жылмаланган такта айнекти жазоо:
1-айнек массасы; 2-жапкыч; 3,4-валиктер; 5-айнек тасмасы; 6-күйгүзүүчү меш;
7-айнек тасмасын жылдыруучу чыгырык
Саякатчыларга азыркы убакта такта айнектерин чыгаруунун жаңыча технологиялык аппараттардын колдонулуп жатканы билдирилет. Азыркы учурда үзгүлтүксүз иштеген ыкма менен такта айнектер чыгарылат.
Цехтин башка бөлүмүндө машина-автоматтын жардамы менен бөтөлкөлөрдүн, банкалардын түрлөрү жазалып жатканын окуучулар байкашат.
Саякаттын соңунда заводдун химиялык лабораториясында болушуп, шихтаны даярдоонун рецепти, сырьего, бышырылган айнекке, бөтөлкөнүн, такта айнектин сапатына жүргүзүлүүчү анализдер менен тааныштырат.
§3. Цемент заводуна саякат.
Силикат өнөр жайынын негизги тармактарынын бири цемент өндүрүү.
Саякатка чыгаардын алдында адаттагыдай эле теориялык жактан цементтин химиялык курамын, айыл чарбасында, курулуш иштеринде цементтин мааниси зор экендигине талдоо жүргүзүлөт.
Мугалим цементтин үлгүсүн окуучуларга көрсөтүп аны суу менен аралаштырганда куруштургуч кою массага, акырындык менен кургаганда таш сыяктуу катуу затка айлануучу курулуш материалы экенин айтып берет. Цементтин курамында ар кандай массалык катышга ар түрдүү металлдардын оксиддери болот. Цементтин курамындагы кремнийдин, кальцийдин, алюминийдин оксиддери силикаттарды түзөт;
3CaO·SiO2·nH2O 2CaSiO2·nH2O
3CaO·Al2O3·6H2O 4CaO·Al2O3·Fe2O3
Цементтин түрлөрүнүн ичинен кенен таралганы портланд цементи.
Бул цементтин мындай аталышы Англиядагы Портланд шаарында биринчи жолу өндүрүлө баштаган. Портланд цемент механикалык жактан бекемдиги, абага, суунун алдында, суукка туруктуулугу Портланд цементи боюнча кинофильмден мүнөздөлөт. Кинофрагментти көргөндөн кийин окуучулар кандай кабыл алышканына талкуу жүргүзүлөт.
Цементти алууда анын химиялык реакциясына, куруштургуч касиеттерине токтолот. Акиташты, чопону ысытканда төмөнкүдөй химиялык реакция жүрөөрүн доскага жазып түшүндүрөт..
CaCO3----- CaO + CO2
Al2O3·2SiO2·2H2O ----- Al2O3·2SiO2·2H2O
Кальцийдин оксиди кислоталык оксид менен реакцияга катышканда кальцийдин алюминаты жана силикаттардын аралашмалары пайда болот.
CaO·SiO2 -----CaSiO3 CaO· Al2O3 -----Ca(AlO2)2
Цементти сууга аралаштырганда ал сууну түздөн-түз өзүнө кошуп алат деп, окуучуларга төмөнкүдөй тажрыйбаны көрсөтсө болот. Фарфор чөйчөкчөсүнө бир аз цемент (бир бөлүк), эки бөлүк кум, төрт бөлүк майдаланган таш, 0,5-0,7 бөлүк суу кошуп жакшылап аралаштыргандан кийин терезенин ордун калтырып, чырмалышкан зымдарды коюп кадимки темирбетондой дубалдын каркасы мурунтадан фанерадан жасалган калыпка толтурулат да кийинки сабака калтырылат. Бул сыяктуу иштерди мектепке керек болуучу буюмдарды жасоодо окуучулар аткарышса болот. Бул цементти турак үйлөрдү, өндүрүш курулуштарын жана башка объектерди курууда кеңири колдонуучу темир бетон блокторун жасоого көрсөтмөлүү тажрыйба болот. Жетекчи өзүнүн кириш сөзүндө окуучуларга сырьену даярдоо, байытуу жана майдалоо жөнүндө айтып берет. Цементтин курамындагы оксиддер өз ара реакцияга кыйындык менен катышкандыктан аларды адегенде майдалап, анан майда тарттыруу керек. Бул жерде окуучулар реакциянын ылдамдыгына заттардын майдалануу даражасынын тийгизген таасирин эске салышат. Цементтин негизги сырьесу катары акиташ, бор, топурак ж.б. көпчүлүк цемент заводдорунда сырье катары тоо тектери мергель(акиташ менен минералдык топурактардын аралашмалары) колдонулат.
Бардык сырьелук материалдарды, кошумча алынган домна шлагы-пириттин күйгөндөн калганы, көмүрдүн күлү, күйүүчү сланецтер жана нефлиндик шлагдар талкалангыча майдалап шар түрүндөгү жаргылчакта (тегирменде) суу менен аралаштырылып тартыла тургандыгын окуучуларга көрсөтөт. Пайда болгон шлам өтө чоң бассейнге келип басым алдында албай аралаштырылат да күйгүзүү үчүн айлануучу мешке жиберилет. Окуучуларды айлануучу мешке жакын келүүлөрүн өтүнүп, мештин түзүлүшүн түшүндүрөт. Азыркы айлануучу мештин узундугу 185 метр, диаметри 5 метр болгон болоттон жасалган барабан. Барабандын ички бети отко чыдамдуу шамот кыштары менен капталган. Меш цемент чыгуучу тешиги тарапка кыйгач 2-5°-ка орнотулат. Шлам үзгүлтүксүз мешке берилип, ага карама-каршы багыттагы өтө ысык оттун газы менен кездешет. Отун катары жаратылыш газы же таш көмүрдүн майдасы колдонулат. Мештин кургатуучу жеринде 100°С шламдан суу бууланып калат да, ысытуучу жайга 400-500°С минералдар суу менен кошо ажыроогодуушар болот. Андан аркы бышыруучу жайда (900-1000°С) акиташ кальцийдин жана көмүртектин (IV) оксидине ажырайт.
Температураны дагы 1200-1300°С-ка жогорулатканда кальцийдин, кремнийдин, алюминийдин, темирдин, (III) оксиддери өз аракошулуп татаал химиялык бирикмелер пайда болот. Андан аркы 1450°С-ка чейин ысытканда оксиддер балкып клинкер алынат. Көк жашыл түстөгү жаңгак чоңдугундай катуу массаны (цементтик клинкер) окуучуларга көрсөтүлөт. Бул цементтик клинкердин химиялык составы ар кандай металлдардын оксиддеринин аралашмасынан турат:
3СаОSiO2 – алит (40-60%)
2СаОSiO2 – белит (20-40%)
Ошол эле учурда шихтага плавик шпатын CaF2кошумчаласа клинкердин пайда болушун тездетип, мештин өндүрүмдүүлүгүн саатына 70 тоннага чейин көбөйөт.
Саякаттын соңунда жетекчи окуучуларды айлануучу мештин башка тетиктери, аралык башкаруу, ченөө-көзөмөлдөө приборлору, иштеген жумушчулар жана клинкердин складына алып барып тааныштырат.
3-чийме. Айлануучу мештин схемасы:
1-айланучу меш; 2-электр моторлору; 3-сырье берилүүчү жер;
4-муздаткыч; 5-түтүнчыгуучу жер
Клинкердин складында цемент 2-4 жума кармалат, анткени минералдардын толук өз ара кошулушу аяктайт. Клинкер дагы андан ары майдаланып улпак түрүндө темирбетон сактагычта кармалып анан каптарга салынып же атайын цемент тартуучу автоунаалар менен калк керектөөчү жайларга, курулуштарга, дүкөндөргө жөнөтүлөт.
Саякатты жыйынтыктоодо мугалим сабак учурунда төмөнкүдөй суроолорго жооп берүүлөрүн окуучулардан өтүнөт: 1. Айнек жана цемент заводдорундагы сырьелорду салыштыргыла. 2. Төмөнкү чийме (3-чийме боюнча цементти өндүрүүнүн технологиясын айтып бергиле.
§4. Кыш заводуна саякат
Силикаттык өндүрүш жайга тиешелүү суроолорду кыскача талкулагандан кийин мугалим керамика өндүрүш жайына да токтолот. Керамика –ар түрдүү топурактардан жана кремнийден, магнийден жана башка оксиддердин жазала турган буюмдар. Керамиканы даярдоонун ирээти: сырьену бышыруу, аралашмаларды балкытуу.
Керамика буюмдарын жазоо бир канча баскычта ишке ашырыла тургандыгын айтып берет. Сырьену, керамикалыкмассаны даярдоо, жазалган буюмдарды калыптоо, кургатуу, бышыруу, көркөмдөө. Саякат учурунда аталган баскычтарга байкоо жүргүзүүнү мугалим окуучуларга эскертет. Адаттагыдай эле жетекчи саякат башталардын алдында заводдун кыскача тарыхын, кийинки беш жылдыкта, быйылкы жылы аткарыла турган иштерди, чыгарыла турган буюмдардын саны кыскача айтылат да окуучуларды заводдун короосуна ээрчитип барып аларга алгачкы сырьелордун үлгүсү менен тааныштырат. Сырье катары өтө кенен тараган кыш жазоочу топуракты көрсөтөт. Топурактын химиялык курамын-негизинен Al2O3·3SiO2·nH2O (50%) кум жана күйгүзгөндө кызыл түстөгү темирдин (III) оксиди бар минералдар түзөт.
Эгерде топурактын курамында кум аз болсо бышырганда кыштын өлчөмү кичине жана механикалык жактан морт болуп сынып калат.
Аралаштыруучу идиште бир тектүү илээшкек масса болгонго чейин топуракты, кумду аралаштырып суу менен нымдайт. Алынган аралашма тасма аркылуу кыш пресстелип калыптоочу бункерге келип түшөт. Окуучулар бункерден, керамикалык масса вальцалар аркылуу престөөчү цилиндрге өтөрүнө байкоо жүргүзүшөт. Престөөчү цилиндрдин суу менен нымдалып, керамикалык массаны атайын мундштук аркылуу жылдырып туруучу айланма шнөк бар. Бул жерде керамикалык масса кошумча аралаштырылып, тыгыздалып тасма түрүндө машинада кыш болуп кесилет. Калыптанган чийки кыш аппаратта газдын түтүнү менен кургатылат. Узундугу 50 метрге жеткен туннелдүү аппаратвагонеткаларга чийки кышты ысык газдын түтүнүнө каршы туннел кыймылда болот да, бул жерде 2-3 күндүн ичинде кыш бышат. Үзгүлтүксүз иштөөчү туннелдик меште 1050-1100°С-та кыш бышырылып, тийиштүү механикалык бекемдиктеги кыштар окуучуларга көрсөтүлөт. Бышкан жана кышты өндүрүүнүн технологиясы бүтөт. Окуучулар вагонеткалардан автоунааларга кышты түшүрүү, жүктөө ишин көрүшөт.
Үзгүлтүксүз иштөөчү туннелдик меште отунду өто көп өлчөмдө үнөмдөлөт. Туннелдик мештин өндүрумдүүлүгү жылына 150 миң кыш чыгарат.
Эгерде окуучулар окуган мектепке силикат кышын чыгаруучу завод жакын болсо ал жерге да саякат уюштурса болот, бирок силикат кышын чыгаруу бышкан кызыл кышты чыгарууда айырмасы бар экенин мугалим окуучуларга эскертет. Силикат кышынын негизги сырьесун акиташ жана ак кварц куму түзөт. Мүмкүнчүлүк болсо акиташты күйгүзүүчү меш менен окуучуларды тааныштырып ажыроо реакциясын эске салуу керек.
СаСО3---СаО + СОСиликат кышын алууда сырьену даярдоо төмөнкү баскычтарда ишке ашырылат: күйгүзүлгөн акиташ вагонеткалар аркылуу жаргылчака (дробилка) берилип кыйгач тасма транспортер менен айланып туруучу тегирменге келип түшөт. Эленген кум белгилүү өлчөмдө кыштын арасында боштук калбас үчүн кесек кум менен аралаштырылат. 92 процент жана 8 процент акиташ бункерден түтүк аркылуу аралаштыргычка жиберилет, ошол эле жерде аралашма суу менен нымдалат транспортердин жардамы менен атайын силос башняга жиберилип, ал жерде акиташ өчүрүлөт:
СаО + Н2О =Са(ОН)2Бул жерде окуучулар өндүрүш шартта акиташтын өчүрүлүшү, алынган заттын үлгүсү, химиялык лабораторияда анализ жүргүзүү, кум жана акиташтын массалык үлүштөрүн эсептөө менен таанышышат. Чийки кыш атайын вагонеткаларга салынып, ысыкта иштетүү үчүн автоклавага жиберилет. Автоклавада буунун басымы 800кПа болгондо төмөнкүдөй реакция жүрөрүн окуучулар билишет:
Са(ОН)2+ 2SiO2=Ca(HSiO3)2Катализатор катары натрийдин сульфатынын эритмесинин(1%) катышуусу менен реакциянын жүрүшү 6 саатка созулат. Демек, окуучулардын кислоталык оксид менен негиздик оксид өз ара реакциясы жөнүндөгү билимдери тереңдетилет.
§5. Акиташ заводуна саякат.
Акиташ заводуна саякатты 9-класстын окуучулары кальцийдин бирикмелери жана анын колдонулушун окуганга чейин же сабактан кийин уюштурууга болот. Саякатка даярданууда мугалим окуучулардан кальцийдин негизги бирикмелеринин формуласын, аталышын атоону сунуш кылат. Графопроектордун жардамы менен төмөнкү схеманы чагылдырат.
3
CaO → Ca(OH)2--------→CaCO3↔ Ca(HCO3)2
↓ ↓
CaSO4CaCl2
Окуучулар стрелка жана үзүк стрелкалар менен көрсөтүлгөн айлануулардын толук химиялык теңдемесин жазуу аркылуу өз алдынча лабораториялык тажрыйба жүргүзүшөт. Мугалим кальцийдин оксидинин, гидроксидинин турмушта чоң мааниси бар экенин белгилейт. Доскага кальцийдин карбонатынын термохимиялык ажыроосунун теңдемесин жазат.
СаСО3←→ СаО + СО2 ∆Н°=-180 кДж
Бул реакцияга окуучулар өз алдынча мүнөздөмө беришет. Реакция эндотермикалык, кайталанма болгондуктан кальцийдин оксидин көп өлчөмдө алууга кандай шарт таасир этерин окуучулар өздөрү айтышат.
1-шихтаны берип туруучу шнек, 2-мешти каптаган кыш, 3-ысыкка чыдамдуу футерлоо, 4-шихтаны салуучу жер, 5-бөлүштүргүч конус, 6-аба берүүчү, 7-газды алып чыгуучу түтүк, 8-улита.
Окуучулар кальцийдин оксидин көп алыш үчүн температураны жогорулатууну же ажыратуудан бөлүнүп чыккан көмүртектин (IV) оксидин системадан бөлүүнү сунуш кылышат. Акиташ бышыруучу мешке соруп чыгаруучу вентиляция орнотуларын мугалим окуучуларга эскертип айтат.
Сабактын башталышында эле бул тема боюнча заводко саякат болоорун мугалим окуучуларга күн мурунтадан эле айтып коет. Сабак учурунда акиташты бышыруучу мештин түзүлүшүн жана анын иштөө принцибин талдап чыгат.
Саякат, заводдун короосунда топтолгон чийки (сырье) материалдар жаткан, жай менен таанышуудан башталат. Короодогу чийки материалдардын көпчүлүгүн кальцийдин карбонаты (90 процент), бышыруучу мештеги жогорку температураны (1200°С) берүүчү кокс түзөрүн билишет. Саякатчыларга акиташ ташы анча көп алыс эмес жердеги карьерден автоунаа менен алынып келээрин окуучулар жетекчинин айткан билдирүүсүнөн жана чийки материалды кайра иштетүүгө кандай даярдоону билишет. Акиташты 1-2 килограммга чейин талкалап вагонетка менен күйгүзүүчү мешке алып келет да, ал жерде скипке салынып жантайыңкы тегиздик аркылуу жүк ташуучу автоунаа менен жогорку бункерге түшүрүлөт. Окуучулар мешке жакын келишип мештин көрүнүшүн жана иштөөсүн карап турушат. Акиташ шихта мешинде бышырылат.
Бул меш цилиндр формасында болуп, бийиктиги 30 метр, диаметри 4,5 метр болгон өтө чоң курулуш имараты. Жогорку температурага ээ болуш үчүн мештин ички бетин ысыкка чыдамдуу кыш, сырты кадимки бышкан кыш менен капталат. Отун катары кокс, антрацит, кийинки учурда жаратылыш газы колдонулуп жатат.
Акиташ бышырылуучу мештин түзүлүшүн, иштөө принцибин жетекчи саякатчыларга түшүндүрөт. Мештин жогору жагы шихта чыгаруучу, ысык газ менен ысытылып, кургатылат. Мештин ортосундагы температура 1100-1200°С-ка чейин жетет да кальцийдин карбонаты ажырап, газ вентиляциянын жардамы менен сорулуп чыгарылат. Ысык кальцийдин оксиди төмөн жактан берилип туруучу муздак аба тарапка жылат.
Күйгүзүлгөн даяр акиташ вагонеткаларга жүктөлүп складдарга жөнөтүлөт. Мештин өндүрүмдүүлүгү суткасына 150 тоннаны түзөт. Мештен бөлүнүп чыккан газды массалыкүлүшүнүн 30 процентин көмүртектин (IV) оксиди түзөт. Бул бөлүнгөн газды толук тосуп алышып сода, кант, карбамид жана башка химиялык заттарды чыгаруучу өндүрүш жайларда, кургак музду алууга колдонушат. Көмүр кычкыл газынын составында көп сандаган бөлөк газдар болгондуктан адегенде аны тазалап, анан поташтын эритмеси аркылуу өткөрөт.
К2СО3 + Н2О + СО2 = 2КНСО3Пайда болгон калийдин гидрокарбонатын 70-80°С-да ажыратат:
Бөлүнгөн газды кургатып, түздөн-түз өндүрүшкө колдонушат.
Жетекчи кичинекей жылчыкты кароого окуучуларга руксат берет. Ал жылчык аркылуу алар бышыруу зонасында кызарып бышып жаткан акиташты көрүшөт. Ал жерде тордолгон бар төрт бурчтуу чоң жашикке салып, үстүнөн суу чачыратылат.
Кальцийдин оксиддеринин кесектери сууну сиңирип алат да, барсайып көөп чыгып кайра майда жумшак улпакка айланат. Бул процессте өтө көп өлчөмдө жылуулук бөлүнүп чыккандыктан суу кайнап кетет. Өчүрүлгөн акиташ тор аркылуу чыпкаланып даяр кальцийдин гидроксиди автоунаага жүктөлүп, курулушка жөнөтүлүп жатканын саякатчылар өз коздөрү менен көрүшөт.
Саякаттын соңунда саякатчылар химиялык лабораторияга барышып жөнөтүлүп жаткан даяр продукциянын сапатын текшерип отурган мастер менен жолугуп, анын иши менен таанышат.
Жетекчи өчүрүлгөн акиташ өндүрүштө ар тарапка: курулушта шыбактарда, актоодо, анын кум менен аралашмасы блокторду, таштарды, кыштарды кынаптоодо, химиялык өндүрүш жайда, айыл чарбасында, сууну тазалоодо колдонулат. Сууда өчүрүлгөн акиташты куруучулар “Акиташ сүтү” деп да аталат.
Акиташ сүтү кант заводунда кантты ар кандай аралашмалардан тазалоо үчүн колдонору кийинки саякаттын жүрүшүндө баяндалат. Өчүрүлгөн акиташтын тундурулган тунук эритмеси көмүр кычкыл газына сапаттык реакция жазоодо жана суунун убактылуу шорлуулугун жоюда колдонулат.
Саякатты жыйынтыктоодо мугалим окуучулардын таанып билүү ишмердүүлүктөрүн химиянын ички байланыштарына: ажыроо реакциясынын жүрүшүнүн шарты, реакциянын жылуулук эффектисине, кальций бирикмелеринин касиеттерине жана колдонулушуна багыттайт. Саякаттын материалдарына байланыштуу 2-3 эсеп иштесе окуучулардын ойлоо сезимдери өркүндөйт. Мисалы, төмөнкү эсепти чыгарууну сунуш кылат: эгерде карбонаттык эмес аралашмалардын массалык үлүшү 100 процентти түзсө массасы 5 тонна болгон акиташты бышырганда канча СО2 пайда болот. Күйгөн акиташтын массасын тапкыла.
§6. Гальваникалык цехке саякат.
Электрохимиялык процесс талкууланган кайсы гана сабак болбосун ар дайым предметтер аралык байланышка, башкача айтканда, физика менен химияга таянып алардын негизинде окуу материалдары түшүндүрүлөт. Теориялык материалдар менен мурун тааныш болгондуктан электрохимиялык процесс эки топко бөлүнөрүнө окуучуларга мугалим сабак учурунда эскертет.
Биринчи топто электрохимия процесси электр энергиясын тийгизген таасиринин натыйжасында химиялык реакция жүрөт же болбосо электр энергиясы химиялык энергияга айланат.
Экинчи топто тескерисинче химиялык реакциянын натыйжасында электр тогу пайда болот же болбосо химиялык энергия электр энергиясына айланат.
Химиялык жана электр энергияларынын өз ара айлануулары эквиваленттик санда жүргөндүктөн термодинамиканын биринчи законуна көз каранды болот. Саякатка чыгардын алдында мугалим окуучулар менен жүргүзгөн ангемесинде электрохимиялык процесс качан гана электр чынжырында ток болгондо жүрөрүн кайталайт. Электр чынжыры удаалаш туташтырылган металл өткөргүчтөрүнө (электрод) жана электролиттик эритмеден (балкыган эритме) турат.
Электроддордо электр тогун алып жүрүүчүлөр электрондор, электролиттердин эритмесинде иондор эсептелет. Электр чынжырында үзгүлтүксүз токтун өтүп турушу электроддордо башкача айтканда “Металл-электролит” чегинде жүргөн процесс болот. Бир электроддо электрондорду кошуп алуу (калыбына келүү) процесси жүрсө, экинчи электроддордо электрондорду берүү (кычкылдануу) процесси жүрөт. Электрохимиялык процесстин химиялык реакциялардын типтеринен айырмасы, металл (электрод) менен электролиттин тийишүү чегинде калыбына келүү жана кычкылдануу жүрөт. Бул эки процессте кычкылдануусуз калыбына келбейт, калыбына келүүсүз кычкылдануу болбойт. Жалпы теориялык элестетүүдөн кийин гальваникалык цехке саякат уюштурулат. Буюмдарды иштетүүнүн иреттүүлүгү боюнча цехтин жалпы көрүнүшүнө байкоо жүргүзүлөт. Жетекчи гальваникалык жол менен каптала элек буюмдарды көсөтөт. Окуучулар болсо ал буюмдардын сырты булганыч, өйдө-ылдый чуңкурлар болуп бети түз эместигин көрүшөт. Демек каптоо тегиз, бекем болуш үчүн иштетиле элек буюмдар алдын ала механикалык, химиялык иштетүүдөн өткөрүлөт. Бул иштетүүлөр шлифтөө, жылмалоо, тазалоо болуп саналат.
Механикалык жол менен тазалоо учурунда кол менен кармаганда буюмдардын бетине койдун майы же башка майлоочу майлар жабышып калат да, толук гальваникалык каптоого тоскоол кылат. Ошондуктан буюмдар механикалык иштетүүдөн кийин химиялык тазалоого өтөт.
Металлдын бетине жабышкан өсүмдүк, жаныбарлардын майларын щелочтун эритмелери, ал эми минералдык майлоочу майлар органикалык эриткичтерде (бензол, бензин, толуол, төрт хлордуу көмүртек, дихлор этан, үч хлор этан) иштетилет. Андан кийин окуучулар металлдарды ойдуруп тазалоочу аппаратка келишет. Бул жерде жетекчи металлдын бетинде оксиддик кабыкчаларды тазалоодо аларды туз же күкүрт кислотасынын эритмелерин колдонуп электролиттик жол менен ойдуруп тазалоонун маанисин түшүндүрөт. Металлдарды каптоонун ар кандай түрлөрү жез, никель, хром, цинк, кадмий, күмүш, коло жана башка куймалар бар экенин айтат да, окуучуларды гальваникикалык ваннанын жанына алып келет. Үй буюмдардын, машиналардын, приборлодун тетиктерин жалтырак металлдар менен каптоодо гальванотехниканын мааниси чоң экенин айтып берет. Алсак, никель менен каптоодо никелдин физикалык касиеттерин, химиялык сапатына көңүл бурулат. Никель кадимки шартта дат басууга каршы көп убакытка чейин өзүнүн жалтырактыгын сактап, темирге караганда 2-3 эсе катуу, жышылып-сүрүлүүгө чыдамдуу металл. Окуучулар никель менен каптоочу электролиттик ваннанын жанына келип, аны карап чыгышат. Цехтин лаборанты никелдөө ваннасынын ичи коргошундун пластинкалары менен капталып, сырты пластмассадан жазалганын айтып берет. Ванна никельдин сульфатынын, кээ бир туздардын, кислоталардын эритмелери менен толтурулат да эритменин чөйрөсү бир аз кычкыл болот, себеби никель менен каптоодо кошумча процесстер жүрүп кетип, каптоонун сапатын төмөндөтүп жиберет.
5-чийме. Электорлиттик ваннанын схемасы:
1-гальваникалык ваннанын кутусу; 2-электролит; 3-анод; 4-катод; 5-каптоочу буюм.
Чиймеде көрүнгөндөй аноддук штангага никельдин ионунун концентрациясы дайыма туруктуу болуш үчүн некильдин пластинкасын бекитет. Аноддо төмөнкүдөй процесс жүрөт:
Ni0 -2e- =Ni+2Никель менен каптай турган буюмду катоддук штангага бекитет. Катоддо төмөнкүдөй процесс жүрөт:
Ni+2 +2e- = Ni0Жетекчи никельдөө тегиз болуш үчүн буюмдарды электролитке толук чөктүрүү керектигин түшүндүрүп, окуучуларга никелденип бүткөн буюмдардын түрлөрүн көрсөтөт. Дегинкиси, гальваникалык цехке жогорку деңгээлдеги автоматташтырылган өндүрүш жай мүнөздүү экенин окуучулар цехте анча көп жумушчу күчү жок экендигинен эле байкашат. Саякатты жыйынтыктоодо металлдардын дат басуусунун химиялык, электрохимиялык процесстерин кайталап бышыкташат.
Мугалим окуучуларга жез-цинк гальваникалык элементтин (Даниель-Якобинин элементи) схемасынын түзүлүшүн жана анын иштөө принцибин талкуулоону сунуш кылат. Бул даяр схеманы доскага илип коет. Демек, эритме менен тийишкен цинк электродунун бетинде кычкылдануу процесси жүрүп, цинкти н атому электронун берип цинктин ионуна өтөт.
Бош электрон туташтырылган зым аркылуу жез электродуна келип ал жерде жез пластинкасында калыбына келүү процесси жүрөт да жездин иону электонейтралдуу жездин атомуна айланат:
Цинк-эритме чегиндеги процесс: Zn0 -2e = Zn2+
Жез-эритме чегиндеги процесс: Сu2+ +2e = Cu0
Жүргөн химиялык реакциянын теңдемесин суммалап төмөнкүдөй жазабыз:
Иондук формада: Zn0+ Cu2+ =Zn2+ + Cu0Цинк менен жездин сульфатынын ортосундагы реакциядан бөлүнүп чыккан энергиянын эсебинен химиялык токтун булагы болгон гальваникалык элемент иштейт.
Кант заводуна саякатты “Углеводдор” деген теманы өтүп жатканда уюштурууга болот. Саякатка даярдануу сабак учурунда кант, анын физикалык касиеттерин, молекуласынын түзүлүшүн, химиялык касиеттерин талкуулайт.
Канттын молекуласында глюкозанын молекуласындай эле функционалдык топтордун болушун сөзсүз карап чыгуу алдыга максат кылынып коюлат. Адегенде канттын курамындагы гидрокычкыл тобу бар экенин далилдөө үчүн окуучулар төмөнкүдөй тажрыйбаны жазашат: жездин сульфатынын эритмеси бар пробиркага натрийдин гидроксидинин эритмесин куят да, жаңы эле пайда болгон жездин (II) гидроксидине канттын эритмесин куят. Окуучулар мурунтадан алган билимдерине таянып канттын таасири аркылуу жездин (II) гидроксидинин чөкмөсүнүн эрип кетиши, ачык көк түсдөгү жеңил эрүүчү жездин кант тузунун пайда болушу деп түшүнөт. Ошол эле учурда жездин гидроксиди менен болгон реакциянын көп атомдуу спирттерге сапаттык реакция экенин эске алышат да, сахароза көп атомдуу спирт экенин бышыкташат.
Мындай жыйынтыкты далилдөө үчүн мугалим төмөнкү тажрыйбаны көрсөтөт: пробиркага ашыкча алынган сахарозанын эритмесине акиташ сүтүн кошуп чайкаганда кальцийдин гидроксиди эрийт да, кальцийдин кант тузу пайда болот. Бул төмөнкү реакциянын теңдемеси менен далилденет:
С12Н22О11 + Са(ОН)2 ---С12Н22О11 · СаО + Н2О
Кант заводунда кантты ар кандай аралашмалардан тазалоодо ушундай химиялык реакция колдоноору окуучуларга баса көрсөтүлөт.
Өчүрүлгөн акиташ суусу менен иштелген кантты бөлүп алуу үчүн аны көмүртектин (IV) оксиди менен каныктырганда (сатурация) төмөнкүдөй химиялык процесс жүрөт.
С12Н22О11 · СаО + СО2 ---С12Н22О11 + СаСО3
Андан кийин сахарозада альдегид тобу бар же жок экендигине окуучулар төмөнкүдөй лабораториялык тажрыйба жазашат: жездин (II) гидроксиди менен сахарозанын эритмесин ысытышып, кызыл түзтөгү жездин (I) оксиди пайда болгонун белгилешет да, ошонун натыйжасында глюкозага салыштырганда сахарозада альдегид тобу жок экендигине ишенишет. Сахарозанын негизги химиялык касиеттеринин бири анын гидролиз процессине дуушар болушу. Буга байланыштуу мугалим төмөнкү тажрыйбаны сунуш кылат: сахарозанын эритмесине туз же күкүрт кислотасынын (Н+ -катализатор) бир канча тамчысын кошуп кайнатат да, муздагандан кийин кислотаны жегич калий же натрий менен нейтралдаштырып, жаңы даярдаган жездин (II) гидрокиди кошулган эритмени ысытканда кызыл түстөгү жездин (I) оксиди пайда болот. Окуучулар бул байкоого анализ жүргүзүшөт: сахарозанын эритмесин кайнатканда гидролиз жүрүп, натыйжада альдегид тобу бар зат пайда болот, башкача айтканда глюкоза жана фруктоза алынарын байкашат. Окуучулар гидролиз реакциясын жазышат.
С12Н22О11 + Н2О = С6Н12О6 + С6Н12О6Сахароза глюкоза фруктоза
Мындай теориялык такуулоодон кийин окуучулар кант заводуна саякатка чыгууга даярдык көрүшөт. Жетекчи кант заводунун башка химиялык өндүрүш жайларынан айырмасы бар экенин белгилейт да, кант чыгаруунун технологиялык процесстери менен тааныштыра баштайт.
Кант кызылчасы гидравликалык транспорт менен заводко келип, суу аккыч аркылуу насостун жардамы менен кызылчаны жуучу жерге жеткирилет. Жуулган кызылча 15-17 м бийиктиктеги чубурткучка барып ал жерде сырьенун массасы автоматтык таразага тартылат да, андан кийин кескичте жука кесилип майдаланат. Майдаланган кызылчанын таарындысы үзгүлтүксүз иштөөчү диффузиондук аппаратка келип түшөт.
Жетекчи, өндүрүштүн эң негизги максаты мүмкүн болушунча кызылчадан кантты толук бөлүп алуу экендигине окуучулардын көнүлүн бурат.
Ошондуктан, диффузор аркылуу ысык суу жүргүзүлөт да ал кант менен байып, диффузион ширеси деп аталган ширеге айланат. Диффузион ширесинде органикалык жана минералдык кислоталар бар. Канттын ширесин бөлүп алгандан кийин жомдун составында 0.5 процент кант калат. Кантты алуучу диффузиондук аппараттын үзгүлтүксүз иштеп жатканын окуучулар көрүшөт.
Андан сырткары диффузион ширеси жаңы тууралган жана ширеси алынган жомду салыштырышат. Кант ширеси кантка кара түс берип булганыч өңдү түзүп, аны кристаллдаштырууга тоскоолдук кылып, канттын сапатын төмөндөтөт. Демек, канттын эритмесин кандай аралашмалардан арылтуу керек. Жетекчи окуучулардын колдоруна индикатор кагазын берип ширенин чөйрөсүн текшерүүнү сунуш кылат. Окуучулар байкоону жүргүзгөндөн кийин ширенин эритмесинде кислота бар же жок экенине ишенишет. Эгерде кычкыл чөйрөнү көрсөтсө кислоталардан ылдам кутулуш керек антпесе сахарозада гидролиз жүрүп кетет да аз массада кант алынып калаары айтылат. Ширени ар кандай аралашмалардан тазалоо үчүн аны дефектор деп аталган атайын апараттын алдынан жиберилет да, үстү жагынан акиташ сүтүн (бир тонна кызылчага 20-30кг) кошот. Шире ачып кетпес үчүн акиташ сүтү көрсөтүлгөн өлчөмдөн ашыгыраак кошулат. Кальцийдин гидроксидинин таасири боюнча кант ширеси нейтралдашып кислоталар чөкмөгө өтөт да сахароза кальцийдин кант тузу катары эритмеде калат. Андан ары сахараттан сахарозаны бөлүп алуу керек. Андыктан эритмени сатуратор деп аталган аппаратта көмүртектин (IV) оксиди менен иштетет. Бул аппаратта сахароза акиташтын чөкмөлөрүнөн тазаланып, шире чыпкаланат. Шире толук чыпкалангандан кийин ар кандай пигменттердин тазалоо үчүн аны дагы күкүрттүн (IV) оксиди менен иштетет. Бул процесс кычкылдануу калыбына келүү реакциясы менен байланышкан.
Саякат жүргүзүүчү адам кантты алууда химиялык процесс менен байланышкан биринчи бөлүк аяктаганын белгилейт.
Экинчи бөлүк кантты алуунун физикалык процесстерине негизделген. Саякат физика мугалими менен бирдикте комплекстүү жүргүзүлсө калган процесстер менен таанышуу кызыктуу болот. Кристаллдык кантты алуу үчүн коюу масса алынганга чейин бууландыруучу аппаратта бууландырат. Сахароза ажырап кетпөө үчүн ваакум алдында ширени кайнатат. Кристаллдык кантты центрифугада бөлүп, ал жерде кургатылып, андан барабанга жиберилет да ал жерде таразага тартылып, каптарга салынып складдарга жөнөтүлөт.
Центрифугадан калган коюу шире (паток) ваакум аппаратта кайнатылып, сапаты төмөнүрөөк кант алынарын жетекчи окуучуларга көрсөтөт. Кант кайнатуунун акыркы продуктылары жом, меласст кайра иштетип малга тоют катары, ачыткычтарды, глицерин, спирт, глутамин кислотасын өндүрүүдө колдонулат. Саякаттын соңунда окуучулар кант заводунан байкоолорду, көргөндөрун кыскача жазып келишет.
§8. Фермага саякат
Айыл мектептериндеги окуучулар окуу-тарбия процессинде айыл чарбасынын айрым элементтери менен гана кабардар болушпастан илимдин жетишкендигин айгинелеген өтө оор жумуштарды аткаруучу механизмдердин кеңири колдонуп жаткандыгын билишет.
Балдар кичинекей кездеринен эле түрдүү үй жаныбарлары, мал менен байланышып, аларды тейлөөнүн: жем берүү, суугаруунун жөнөкөй элементтерине өзүлөрү аралашып жакшы билишет. Төмөнкү класстагы биология сабагында “Жаныбарлар” курсунда окуучулар адегенде канаттуулар андан кийин жаныбарлар чарбасы менен таанышышат.
Фермаларга саякат багыты жергиликтүү шартка жараша ар түрдүү болот. Биздин региондун шартында жылкы, кой, уй, тоок фермаларына саякат уюштурса ылайыктуу. Саякат химия жана биология мугалимдеринин демилгеси менен Х-ХI класста “Белоктор” темасын өткөндөн кийин же өтө электе уюштурулат. Биология мугалими окуучулардын зоотехникалык билимдерин бекемдеп, өркүндөтөт жана эт, сүт, жана башка мал чарба, азыктарын өндүрүүнүн эффективдүү жолдорун түшүндүрөт.
Саякатка даярданууда азык-түлүк программасын ишке ашырууда микробиологиялык өндүрүш жайынын ролу, белокторду синтездөөдөгү жетишкендиктер жана бөлөк программалык суроолор талкууланат.
Азыркы убакта синтетикалык азык-түлүктөрдү алууда илимдин жана бул багытта эмгектенген илимпоздордун ролу, белоктук азыктарды алууну жогорулатуу көрсөтүлөт. Организмге керектүү азык катарында колдонуучу белокторду, аминокислоталарды химиялык жол менен синтездөөгө жетишүүгө болот, бирок андай жолго азырынча убактылуу кыйын болуп тургандыктан жардамга микробиологиялык синтез келүүдө.
Айыл чарбаны тейлөөдө микробиологиялык өндүрүш жайы кеңири өрчүүдө. Бул өндүрүш жайы биотехнологияга неизделип, азык-түлүксүз чийки материалдардан микроорганизмдин жардамы менен баалуу азыктарды алат. Жагымдуу чөйрөдө микроорганизм көбөйүп белогу көп массага айланат. Гидролиз спиртин чыгарган заводдун таштандысын кайра иштетип малга керектүү тоюттарды чыгарат. Нефтини, газды, кантты, жүгөрүнү иштетүүдөн калган калдыктарды кайра иштетип алынган углеводороддордун негизинде синтезделип алынган микробиологиялык белокторду алуу тез темпте өнүгүүдө.
Мал чарба фермаларына саякат жазоодо азырка убакта тоюттардын сапатын жогорулатуу үчүн малдын азыгына ар түрдүү химиялык заттар (карбамид, аммонийдин туздары, натрийдин хлориди, марганецтин сульфаты, аминокислоталар, витаминдер) кошуларын мугалим окуучуларга аңгеме куруп берет. Эгерде жаныбарлардын рационунда белоктор жетишсиз болсо алардын бою өспөй, бодо малдар арыктай баштап, уй аз сүт, тоок аз, жумуртка берет.
Окуучулар IХ класстагы окуган органикалык эмес химиядагы азоттук жер семирткичтер деген теманы кайталашат да,курамында азоту бар карбамидке көп көңүл бурушат. Саякатты чарбанын адистери зоотехник, ветеринардык доктор, ферма башчысы жетектесе болот. Алар чарбанын экономикалык абалына, курчап турган чөйрөгө жалпы мүнөздөмө берет, кээ бир цифраларды келтирип, алдыга коюлган максаттар менен тааныштырат. Окуучулар фермадагы жаныбарлардын породаларын, алардын сүттүүлүгү, эттүүлүгү эмнеге жараша болорун, малчылардын малды кандай тейлеп жаткандыктарын байкашат.
Адистер тарабынан карбамиддин, аммонийдин тузунун же жалпы эле туздардын аш болумдуулугу боюнча баалуу заттар экендиги айтылат.
Окуучулар кепшөөчү малдардын карынында белокторду синтездөөчү азоттун булагы болгон көп сандагы микроорганизмдер болорун угушат.
Тоют менен кошо карбамид малдын карынына барып, ал жерде аммиакка жана көмүртектин (IV) оксидине ажырайт.
СО(NH2)2 + H2O ←→ 2NH3 + CO2
Карбамиддин канча ажыраганына жараша малдардын карынында ар кандай санда аммиак бөлүнөт. Карындагы жашаган микробдор аммиак менен азыктанып белоктор синтезделет. Бөлүнгөн аммиакты микробдор аз убагында пайдаланып турса мал өзүн жакшы сезет. Эгерде микробко караганда аммиак көп бөлүнсө ал кан менен кошо кетип, мал ар кандай илдетке дуушар болот.
Саан уйларга суткасына карбамидди 60-100 г берүү керек, бирок 8-10 күнгө чейин кошумча жем катары акырындык менен берилип турулат. Карбамидди комбикорм же концентрленген аралашма менен берүү сунуш кылынат. Жемди силостогондо бир тонна жашыл массага 2-4 кг карбамид кошулса чыктуу тоют болот. Анткени, силостогу органикалык кислоталардын болушу карбамиддин ууландыруусун төмөндөтөт.
Малдарды уулануудан сактоо үчүн карбамидди таза же суу менен берүүгө тыйуу салынат. Ал эми аммонийдин туздарын карбамидке караганда эки эсе көп өлчөмдө берүү керек экендигин билишет.
Андан кийин окуучулар өз алдынча малдардын тирүү салмактарын ченешет. Себеби, малга кошумча жемди, тузду эсептеп берүүдө мындай цифралар кийин керек болот. Саякаттын соңунда окуучулар ферманын жем берүүчү жайына барышып, жем даярдоонун эки ыкмасы менен таанышышат. Силос бардык айыл чарба малдарына берилүүчү ширелүү тоют. Аны жүгөрүнүн, күн караманын массасын атайын жазалган жерге (силос) көөмп ачытуудан алат. Силосто ачытылган жемдин массасы 2500-3000 тоннага чейин жетет. Силостоонун негизин майдаланган жашыл массаны сүт кислотасы менен консервалоо түзөт. Айрыкча кантка бай-маданий өсүмдүктөрү болгон күн караманын, капустанын жана жүгөрүнүн жалбырактарында көп болот.
Демек,кант чагында сүт кислотасы пайда болуп, жашыл массаны чирүүдөн сактайт. Жашыл массага кайнатма тузду кошсо тоют малга жегиликтүү болот.
Экинчи ыкма тоютту биологиялык иштетүү ачыткы же угут даярдоо менен тааныштырат. Бул процесстин эң негизги шарты жылуулук болуп эсептелет. Ачыткыны даярдоонун максаты тоюттун аш болумдуулугунун даамынын сапатын жогорулатуу. Ачыткыны төмөнкүдөй даярдоого окуучулар байкоо жүргүзүп турушат.
Майдаланган тоютту жылуу суу менен аралаштырып ага сууга эритилген ачыткыны кошуп, анда-санда арлаштыруу менен бир канча саатка коюп коет.
Саякатты жыйынтыктоодо окуучуларга мурунтадан даярдалган суроолорду берүү жана ага жоопторду алуу менен мугалим жыйынтыктайт. Алсак, тоютту силостоодо кандай химиялык процесс болорун окуучуну сурап доскага жаздырат. Өсүмдүктөрдүн курамындагы канттуу заттар, мисалы сахароза гидролизге учурайт деп түшүндүрөт.
Андан кийин микробиологиялык процесстин натыйжасында глюкоза ачып сүт кислотасы алынат:
С6Н12О6 = 2СН3 – СНОН-СООН
Пайда болгон сүт кислотасы консерванттын ролун аткарат. Ошондой эле угут алуудагы химиялык процессти окуучулар түшүнүү менен доскага реакциянын теңдемесин жазышат.
Мугалим жаныбарлардын кыгын пайдалануунун анын талаа жана айдоо өсүмдүктөрү үчүн чоң пайдасы бар экенин белгилейт. Кыктын курамвында жер кыртышы аркылуу өсүмдүктөр тамактана турган бардык химиялык элементтер, айрыкча азот көп санда болот. Элементтер жаныбарлардын организмине жагымдуу тоюттар аркылуу барат. Жаныбарлардын эң негизги тамагы чабынды жерлердеги, жайыттардагы жагымдуу чөптөр. Мугалим окуучуларга мал чарбасын өнүктүрүүдө химия илиминин тийгизген таасирин айтып берет.
Минералдык жер семирткичтерди пайдалануудан дан өсүмдүктөрүн түшүмдүүлүгн жогорулатып, тоют базасын кеңейтүүгө шарт түзөт
Мал чарбасын кошумча тоют менен камсыз кылуу үчүн белок-витамин өндүрүш жайынын саны көбөйүп, жаңы технология киргизүүлүдө.
Химия өндүрүш жайы айыл чарбасында кеңири колдонуучу пластмассадан жазалган сүт түтүктөрү, саала турган аппараттардын тетиктери, сүт куюлуучу идиштер, малчылар үчүн атайын кийимдер, силостук массаны жабуу үчүн пленкалар, каптар, түтүктөрдү жуучу заттарды чыгарып чарбага чоң жардам берүүдө.
3-глава. ХИМИЯ БОЮНЧА МАССАЛЫК ИШТЕР.
§1. Химиянын бир айлыгы
Орто мектептерде химиянын бир айлыгын уюштуруу узакка созулган өтө чоң жоопкерчиликти талап кылган иш чаралардын бири болуп эсептелет. Химиянын бир айлыгын белгилүү бир темада, алсак, “Айлана-чөйрөнү коргоо” боюнча уюштуруу керек. Аталган тема мектептин бардык класстарынын окуучуларына жакын болуп, көп жактуу, кызыктуу суроолорду өзүнө камтыйт. Бул темадан сегизинчи жана бүтүрүүчү класстардын окуучуларына ылайыктуу материалдарды табууга мүмкүндүк берет.
Бул темада иштөөдө окуучуларды мекенчилдикке, келечекке туура ой жүгүртүүгө, табиятты сүйүүгө тарбиялайт.
Предметтер аралык айрыкча биология, физика менен химиянын байланышын күчөтүп, окуучулардын балалык ой жүгүртүүсүнө эркиндик түзүп, химияны жана табият илимдерин сүйүүгө даярдайт.
Химиянын бир айлыгын уюштуруу ишине окуучулардын массалык тартулуусун максат кылып коюу керек. Демек, бул ишти уюштурууда ар бир класстын окуучуларынын тизмеси түзүлүп, ар бир окуучуга иштин кандай түрү берилгендиги такталат. Химиянын бир айлыгынын программасына химиялык окуу, темага байланыштуу газеталарды чыгаруу, рефераттарды жазуу, класстарга химиялык кызыктуу тажрыйбаларды , викториналарды өткөрүү, жакшы уюштурулган иштерге конкурс жарыялоо, төмөнкү класстын окуучуларына химия илимдеринин жетишкендиктери боюнча билдирүү жазоо, жыйынтыктоо, жыйынтыктоо кечесин уюштуруу жана башка суроолор камтылган. Бир айлыкты өткөрүүгө даярдануу эрте башталып, мектепте бөлөк предметтер боюнча класстан тышкаркы иштерди өткөрүүнүн мөөнөттөрү менен туш келбегендей убакытты тандоо керек.
Бир айлыктын программасы жана анын окуу-тарбиялык маанисин класс жетекчилерине тааныштыруу керек. Анткени, класс жетекчилер да бир айлыкты уюшкандыкта өткөрүүгө өз салымдарын кошушат.
Айлыктын биринчи жумасында уютуруу кеңеши түзүлүп, анын курамында ар бир класстан бирден өкүл болот да, кеңештин төрагасы шайланат.
Айлыктын экинчи жумасында уюштуруу кеңешинин биринчи чогулушуна ар бир класстын жооптуу өкүлдөрү чакырылат да, болжол менен төмөнкүдөй тапшырмалар берилет.
Химиянын бир айлыгын өткөрүү боюнча мугалимдерге жалпы окуучуларга кулактандыруу.
Бир айлыктын жыйынтыктоо кечесин кандай өткөрүү жөнүндө окуучулардын сунуштарын, ой пикирлерин билүү.
Класстарга бөлүнгөн жооптуу активдердин өзүнүн классындагы ар бир окуучуга кандай таппшырмалар берилгендигин баяндаган тизмени түзүү.
Берилген тапшырмалардын аткарылышын дайыма көзөмөлдөп турууну кеңештин мүчөлөрүнө тапшыруу.
Кеңештин төрагасы химия мугалими менен бирдикте бир айлыктын программасын түзүү.
Ошол эле жумада химиянын бир айлыгын өткөрүүнүн датасы, программасы кооздолуп жазылып, мектептин көрүнүктүү жерине илинип коюлат.
Класстарга бөлүнгөн жооптуу активдер химия сабагында, класстык саатта химиянын бир айлыгы жөнүндө окуучулардын эстерине салып туруулары керек.
Айлыктын үчүнчү жумасында уюштуруу кеңешинин экинчи чогулушу чакырылып, кеңештин мүчөлөрү мурунку чогулушта берилген тапшырмалардын аткарылышы жана окуучулардын сунуштары талкууланат да төмөнкүдөй жаңы тапшырмалар берилет.
Кеңештин төрагасы мектептин радио түйүнү аркылуу химия боюнча бир айлык өткөрүлө тургандыгын жана анын программасын кыскача жарыялап кулактандырат.
Класска бөлүштүрүлгөн активдер кенештин кийинки жыйынына билдирүүлөрдүн темалары, викториналардын суроолорун, класстарда чыгарылуучу дубал газеталардын аталыштарын, конкурстун материалдарын редколлегиянын мүчөлөрүн даярдап келишет.
Кеңештин мүчөлөрү күн сайын класстарда болушуп, жүргүзүлүп жаткан иштерди көзөмөлдөө жана жардам берүү.
Ошол эле чогулушта бир айлыктын календардык планын кайрадан талкуулап алымча-кошумчалар киргизилет.
Бир айлыктын төртүнчү жумасында уюштуруу кеңешинин үчүнчү чогулушу болуп, кеңештин мүчөлөрү өздөрүнүн сунуштарын айтуу менен ой-пикир алмашышат. Эң негизги иш чаралардын бири тематикага карата түзүлгөн билдирүүлөр (докладдар) жазоого мүмкүн болушунча окуучулардын көпчүлүк массасын тартууга умтулуу зарыл. Докладдардын темаларын окуучулардын өзүлөрү тандап алууга эркиндик берилет, анткени “Химия жана айлана-чөйрөнү коргоо” темасы бардык окуучуларга тааныш болгондуктан алардын демилгелүүлүктөрүн өстүрүүгө түрткү берет, химияга кызыгуусун арттырат.
Ар бир класстарда чыгарылган дубал газеталардын ички мазмуну химиялык тематикадан алыстабастан, иллюстративдүү монтаждар, кроссворддор, окуучулардын тарткан сүрөттөрү, фотолор, юмор, этюд жана башкалар болот.
Бир айлыктын жүрүшүндө ар бир класста тема боюнча викториналардын жооптору топтолуп, жеңүүчүлөрдү сыйлоо үчүн уюштуруу кеңешине тапшырылат. Химиянын бир айлыгы өткөрүү мезгилинде жогорку класстын окуучулары төмөнкү класстын окуучуларына кызыктуу химиялык тажрыйбаларды көрсөтүп, балдарды жашынан химиянын сыйкырдуу дүйнөсүнө кызыктырат.
Химиянын бир айлыгы мектеп боюнча жыйынтыктоо кече өткөрүү менен аякталат да конкурстун жеңүүчүлөрүнө кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылат. Кече “Химия сыйкырдуу илим” деген сүйлөм менен башталат. Бул сүйлөмдүн мааниси химиялык индустрия жалаң эле айлана-чөйрөнү булгоочу булак болбостон, таштандыларды химиялык жол менен ар кандай зыяндуу заттардан тазалоосуз эч бир өндүрүш жай иштей албайт. Химия бир өндүрүштүн таштандысын экинчи өндүрүшкө сырье кылып берүүгө мүмкүндүк түзөт.
Үнөм маселеси боюнча да айлана чөйрөнү коргоонун чоң ролу бар, анткени айыл чарбасын химиялаштыруу, абаны, сууну булгануудан тазалоого жумшалган көп өлчөмдөгү каражаттарды сактап калат.
Кеченин программасы кеңештин мүчөлөрү, окуучулардын активдери жана мугалимдер тарабынан иштелип чыгылат. Салтанаттуу кечеде химия боюнча бир айлыктын жүрүшүндө окуучулардын алган билимдерин бирсистемага келтирүү жана жалпылоо, теориялык билимди айлана чөйронү таза сактоого иш жүзүндө колдоно билүүнү талап кылат.
Окуучулар кече өкөрүлүүчү жайды көркөмдүү кооздошот: сценанын жогору жагына ураан, дубалдарга класстагы чыгарылган газеталар, жакшы докладдардын, рефераттардын, кол өнөрчүлөрдүн көргозмөсү уюштурулат. Кече башталарда химиялык кроссворддордун суроолоруна жооп таап түрдүү химиялык тематикалык оюндарды ойношот.
Табиятты коргоо боюнча кинофильмдерди көрүшот. Химиялык кечеде окуучулар тарабынан төмөнкү темада даярдалган докладдар угулат.
Химия илиминин өсүшү жана айлана чөйрөнү коргоо
Айыл чарбасын химиялаштыруу
Жер планетасындагы таза аба
Жер жана биосфера.
Тиричилик таштандыларын кайда жиберүү керек.
Айлана чөйрөнү коргоо жана үнөм.
Ошондой эле айлана-чөйрөнүн булганышы, тазалыгы боюнча докладдар окуучуларга бөлүнүп берилип, анан ар бир окуучу берилген темасы боюнча даярданып доклад жазайт. Мисалы, төмөнкү темалар боюнча маалыматтарды берсе болот:
Парник газдары жана парник эффектиси, эмне үчүн климат өзгөрүп жатат.
Фотохимиялык туман (смог),анын пайда болуусу, кесепеттери.
“Кислоталык жаандын” булактары, өсүмдүктөргө, курулуштарга, эстеликтерге терс таасири
“Ис” газынын ак кан (лейкемия) оорусуна алып келиши, анын булактары
Радиоактивдүү заттар, алардын булактары, терс таасири, пайда болгон оорулар.
Оор металлдардын транспорттон чыгуусу, келтирген зыяндары ж.б.
Биз ошол докладдарга үлгү катары, мугалим, жооптуу окуучуларга жардам иреетинде кыскача жазып бердик.
Айлана-чөйрөгө зыяндуу заттардын таралышына адамдар өзүбүз күнөөлүү болуп жатабыз. Төмөндө изилдөөлөрдүн натыйжасында алынган жыйынтыктарды жазууга туура келди. Биздин максатыбыз ушул макаланы окугандар химиялык заттардын келтирген зыяндуулугун түшүнүшүп, айлана-чөйрөгө туура мамиле жазап, бак-дарактарды кыйбай тескерисинче көбөйтүп, транспортторду азайтып, ар кандай уулуу, радиоактивдүү заттарды өлкөбүзгө киргизбей ж.б. аракеттерди жасайт беле деп ойлойбуз. Ал эми химиялык заттар жана алардын кесепеттери жөнүндө төмөндө жазылган.
Адамзаттын жашоосунда химиялык заттар өтө чоң ролду аткарып жатат. Эгер абанын кычкылтегин дем алуу, бензинди, көмүрдү, газды күйгүзүп жылуулук энергиясын алуу үчүн ж.б. процесстерге колдонсок, сууну болсо организмдеги балансты туура сактап, ичүү, жууну, тамак-аш даярдоо үчүн колдонобуз.
Топуракты адамдар ар-түрдүү жашылча-жемиштерди, эгинди өстүрү үчүн колдонуп, ошондой эле курулуш-материалдарды алышат.
Ал эми заттарды, кен-байлыктарды иштетүүдөн алынган заттар, химия-илиминин башка илимдер менен байланышынын өсүшү, адамзатты жөнөкөй эле жашоо-тиричилигинен баштап космосту багындырууга чейин алып келди.
Ошентип химиялык заттар, химиялык процесстер адамга кийсе кийими, ичсе тамак, ооруса дары, учса-самолет, көрсө телевизор, дем алса аба ж.б. болуп келе жатат.
Бирок, химиялык заттар, химиялык процесстерди жакшы түшүнүп, баардык коопсуздук эрежелерди сактап өндүрүп жана колдонбосо өтө катуу жазалап коюшу мүмкүн. Мисалы, 8-класста өтүлүүчү суутек менен кычкылтек ортосундагы реакция,эгер эки газ тең таза болбосо жарылуу болот. Бул реакция жаратылышта жүргөнүн түшүндүрөлү. 2 көлөм суутек бир көлөм кычкылтектин аралашмасы 2Н2+О2=2Н2О +О2 “күркүрөк газ” (гремучий газ) деп аталат. Кадимки шартта бул аралашма реакцияга кирбейт, ал эми асманда чагылган болгондо, температура 10000С га чейин жетет, ошондо жогорку “күркүрөк газы” 6000С да жарылуу менен реакцияга кирет. Эгер байкасаңар, жазында адегенде чагылган чартылдап, анан күн күркүрөп жаан жаайт, себеби 2Н2+О2=2Н2О реакциясы жүрөт.
Мисалы, адамдар автомобилдердин эски дөңгөлөктөрүн жагып мончо, сауналарды иштетип, үйлөрдү иштетип жатышат. Резина-дөңгөлөктөрдүн тешиктерин бүтөөдө вулканизация процесси колдонулат, б.а. күкүрттүн эритмесине дөңгөлөктү салганда тешиктерге бүтөп калат. Ошол эски дөңгөлөктү жакканда андагы күкүрт, күкүрттүн кош оксидин SO2пайда кылат. Абада 2SO2+O2=2SO3пайда кылат. Бул реакция күндүн нурун жана башка таасирлердин негизинде жүрөт. Абадагы суу же жаан жаагандв SO2+H2O=H2SO3жана SO3+H2O=H2SO4 кислоталар пайда болот да алар топуракка (кыртышка) түшөт. Демек, топурактын чөйрөсү кычкыл чөйрө рН˂7 болуп калат. Муну силер тамакка 3%-түү уксус кислотасынын бир эле тамчысын тамчылатканда даамы кандай өзгөргөнүн байкасаңар керек, топурактан тамактанган өсүмдүктөр да ошондой кислота даамды алып калышат. Бул болсо өсүмдүктөн алынган жашылча-жемиштердин даамын ошондой кылып бузат. Ошондуктан, адамдарга “кислоталык жаандын” терс таасирин түшүндүрүп, дөңгөлөктөрдү, таштандыларды
Таштандыларды, белокторду, ж.б. азоту бар заттарды өрттөгөндө абага NO2 (күрөң газ) чыгат. Бул газ абадагы чаң ж.б. аэрозолдор менен аралашканда фотохимиялык туман (смог) пайда болот. Өнөр-жайлары, транспорту көп шаарлардын үстүндө дайыма “кара туман” болуп турганын биз өзүбүздүн эле Бишкектен көрүп жүрөбүз. Фотохимиялык туман адамдардын дем алуу органдарынын оорулары менен оорусуна алып келет, эски бронхит, астма, пнемония, өпкөнүн эмфиземасы, көз оорулар, жүрөк оорулар күчөйт, себеби тумандын курамындагы аэрозолдордо түстүү жана кара металлдардын чаңдары кадмий, сымап, иод, коргошун, нитраттар, сульфаттар, нефть, дифенил, диоксин, пестициддердин майда бөлүкчөлөрү болот.
Мындай чаңдардан (аэрозолдордон) сактаныш үчүн айлана-чөйрөнү таза сактап, бак-дарактарды көбөйтүш керек, себеби бактардын жалбырактарына чаңдар (транспорттон, ЖЭС-терден чыккан) конуп-чөгүп, андан ары абага тарабай, учпай калат.
Дегеле, бак-дарактардын адамдар жашаган жерлерде көп болуусу, адамдардын ден-соолугу таза болушуна, оорубашына, таза аба менен дем алуусуна өтө чоң ролу бар, ошондуктан ар бир тарбиячылардын милдети болуш керек жана өзүлөрү үлгү көрсөтүш керек.
“Күрөң газ” (NO2) да кислоталык оксид жана суу менен кошулганда эки түрдүү кислоталарды пайда кылат.
2NO2+H2O=HNO3
Жогоруда айтылгандай, азот кислотасы HNO3-күчтүү кислота болгондуктан, топурактын чөйрөсү кычкыл рН˂7 болуп калат да андан өсүмдүктөр жабыркайт, өсүмдүктөрдөн тамактанган адамдар жабыркайт.
Жаратылышта абанын, курамында кычкылтек аз эле 100 л абада болгону 21 литри кычкылтек, калганы азот 78%, 1%-ти башка инерттүү газдар. Бул курам таза абанын курамы, ал эми антропогендик факторлордун негизинде абанын курамы аябай өзгөрүп, булганды. Ошол 21% кычкылтекти адамдар, жаныбарлар дем алыш үчүн өсүмдүктөрдү жараткан. Кычкылтек менен дем алганда адамдын канынын курамындагы гемоглобин кан аркылуу организмдин баардык точкаларына, клеткаларына кычкылтекти жеткирет. Келген кычкылтек менен организмде кандайдыр бир химиялык, биологиялык реакциялар жүрүп, энергия бөлүнүп чыгат экен. Ошол энергиянын негизинде биздин организмибизде дайыма 36,6°С температура болуп, колу бутубуз кыймылдап, мээбиз иштеп, көзүбүз көрүп, куклагыбыз угуп б.а. организм жашап, адам жашап турат экен.
Жогоруда айтылган реакциянын натыйжасында адамдар, жаныбарлар СО2-көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарат. Бөлүнгөн көмүр кычкыл газын өсүмдүктөр сиңирип, өсүмдүктөрдүн организминде күндүн энергиясынын таасири менен фотосинтез реакциясы жүрөт:
Фотосинтез:
nCO2+nH2O+E→(CH2O)4+nO2
E-энергия, (СН2О)4-углеводдор
Дем алуу:
(CH2O)4+nO2→nCO2+nH2O+E
Ошентип, кычкылтек кайра калыбына келип турат.
Бирок, азыркы учурда токойлор өрттөнүп, бак-дарактар кыйылып-ооруп, адамдардын, жаныбарлардын саны көбөйүп, бензин (транспорт) газ, отундар күйгөндө да кычкылтек колдонгондуктан, кычкылтек кайра калыбына келбей жатат, аз болуп жатат, ошондуктан адамдар ар түрдүү оорулар: аз кандуулук, ак кан ж.б. оорулар менен ооруп жатышат.
Ис газы-кычкылтек аз болгон чөйрөдө отундар, көмүр, газ, бензин, таштандылар күйгөндө СО2-көмүр кычкыл газы менен кошо эле СО-көмүртектин (II) оксиди пайда болот. Бул СО-газын “ис” газы дейбиз. “Ис” газынынабадагы нормасы 1м3 же 1000 л абада 20 мг СО болуш керек, ал эми транспорт “тыгындары” пайда болгондо, абадагы СО нун концентрациясы 4-8 эсеге чейин көп болуп калат. “Ис” газы менен дем алган адамдын адегенде башы айланып, кускусу келип, башы ооруп, ууланат. Эгерде абада СОнун концентрациясы 10-80% болгондо адам өлөт.
Бул процесс мындай түшүндүрүлөт: бүт организмге кычкылтекти жеткирүүчү гемоглобин эки валентүү темирдин (Fe+2) комплекс-бирикмеси. Аба менен кошо (СО) “ис” газы киргенде гемоглобиндин курамындагы Fe+2-темирди тартып алып Нb-гемоглобин НbCO-карбоксигемоглобинди пайда кылат. Ал эми темири жок гемоглобин такыр башка жзатка айланып, өзүнүн функциясын аткара албай, кычкылтекти организмдин точкаларына жеткирбей калат, ошондуктан адам өлүмгө учурайт же аз кандуулук, ак кан оорулары менен ооруйт.
Абадагы “ис” газынын (СО) концентрациясы аз болушу үчүн дагы бак-дарактардын көп болгону жакшы, себеби фотосинтез реакциясынын негизинде кычкылтек көп пайда болуп, отун күйгөндө СО2 эле бөлүнүп чыгат.
Докладдар музыка, ыр менен коштолсо, театрлаштырылса кызыктуу болуп, 6-7 минутага созулат. Докладда мектепти курчап турган чөйрөнү таза кармоодо иштеген жергиликтүү адамдардын ысымдарын атап айтуу кызыктуу. Докладдардан кийин кеченин андан аркы программасы улантылат.
§2. Химиянын он күндүгү
Мектепте химиянын он күндүгүн өткорүүнү окуу жылынын башталышында эле пландаштырып мектептин жалпы иш-чара план-графигине киргизүү талап кылынат. Он күндүк башталардын алдында адаттагыдай эле декаданын темасы, өткөрүү датасы, күндө өткөрүлүүчү иш-чаралар көрсөтүлгөн кулактандыруу көрүнүктүү жерге илинип коюлат.
Биринчи күнү “Адам баласынын жашоосундагы химиянын ролу”, “Полимер адам баласына кызмат кылат”, “Химия талааны сактайт” жана башка темаларда ар класста аңгеме өткөрүлөт. Аңгемени окуучулардын лекторлор тобунун мүчөлөрү жүргүзүшөт. Аңгеме кызыктуу болуш үчүн лектор ар кандай чиймелерди, диаозитивдерди, дипфильмдерди, кинокинофильмдерди, таблицаларды пайдаланышат.
Экинчи күнү жаш лаборанттардын эритмелерди чыпкалоо, турдүү концентрациядагы эритмелерди даярдоо, лабораториялык иштерге керектүү жабдууларды жыйноо же реактивдердин этикеткасын жазоонун ыкмалары боюнча сынак уюштурулат. Мындай сынактык иштерди химиялык идиштерди тазалоо, кокустуктан сактануу эрежелерин сактоо, аптеканы, өрт өчүргүчтөрдү колдоно билүү боюнча да уюштурууга болот.
Декаданын үчүнчү күнүндө жогорку класстын окуучулары төмөнкү класстын окуучуларына ар кыл темада химиядан аңгеме айтып беришет.
Төртүнчү күнү тема боюнча чыгарылган класстык дубал газеталардын сынагы уюштурулуп анын ички мазмунун, кооздолуп чыгарылышын баалашат.
Бешинчи күнү “Химиялык эстафета” күнү деп аталып бардык жарыш класстардын окуучулары өздөрүнүн химик-теоретиктерин, химик-экспериментаторлорун мелдешке алып чыгышат. Мелдешке чыккандардын теориялык билимдерине, экспериментаторлук жөндөмдүүлүгүнө атайын түзүлгөн жюринин тобу баа беришет. Эстафетанын өткөрүлүшү: команданын катышуучуларына күн мурунтадан даярдалган теориялык, практикалык суроолору бар карточкаларды таратып бергенден кийин мугалимдин “марш” командасынан соң тапшырмаларды аткарууга киришишет. Кайсы команда тапшырманы туура жана тез чыгарса ал жеңүүчү болот. Химиялык эстафетанын суроолору болжол менен төмөнкүдөй, бирок мугалим өзүнүн каалоосу менен суроолорду өзгөртүүгө мүмкүнчүлүгү бар.
Төрт пробирканы алып, экөөнүн бирине цинкти жана жезди салып концентрленген күкүрт кислотасын кошуп салыштыргыла да реакциянын теңдемесин толук жазып түшүндүргүлө.
Үч пробиркага темирдин (II) хлоридинин эритмесин алып биринчисине цинктин, экинчисине никельдин,үчүнчүсүнө жездин күкүмүн салсаңар кайсы учурда реакция жүрөт? Реакцияны жазып түшүндүргүлө.
Темирдин (II) ионун табууда төмөнкү реактивдердин кайсынысы колдонорун көрсөтүп реакциянын молекулалык жана иондук теңдемесин жазгыла.
Гидроксиддердин реакциясынын молекулалык жана иондук теңдемесин жазгыла: Al(OH)3, Cu(OH)2, Zn(OH)2, Cr(OH)3, Mg(OH)2
Төмөнкү реакцияда кайсы учурда азоттун (II) оксиди алынат:
HNO3(суюлтулган) +Ag=
HNO3(суюлтулган) + Cu=
HNO3(концентрленген) +Ca=
HNO3(концентрленген) +Cu=
бул реакциялардын молекулалык, иондук тендемелерин жазгыла.
Декаданын алтынчы күнү “Кол өнөчүлөрдүн” күнү деп аталып, окуучулардын өзүлөрү даярдаган иштөөчү приборлор, моделдер, туздардын каныккан эритмелеринен өстүрүлгөн кристаллдар, фотолор, тарткан акварель сүрөттөр жана башка буюмдар демонстрацияланат.
Жетекчи күнү мектептин радио түйүнү аркылуу химия илиминде, химия өндүрүш жайында болгон жаңылыктар менен окуучулар тааныш болушат.
Сегизинчи күнү “Саякат” кунү деп аталып окуучулар жакын жердеги май, каймак заводуна, жаратылышка жана башка жерлерге саякатка чыгышат. Саякат учурунда жыналган материалдарды чогултуп мектепке көрүнүктүү жерге көргөзмө уюштурулат.
Тогузунчу күнү окуучуларга мурунтадан белгилүү болгон суроолор боюнча татаалдаштырылган химиялык маселелер боюнча эсептер чыгарылып, өзүлөрүнүн нуска ойлору менен чыгаргандарга жюри тарабынан жогорку баа берилет.
Акыркы онунчу күн жыйынтыктоочу күн болгондуктан тема боюнча химиялык кече, илимий-практикалык конференция же докладдардын,рефераттардын, так чыгарылган эсептердин көргөзмөсү уюштурулупжеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар тапшырылат.
§3. Химиянын жумалыгы жана бир күндүгүОкуучулардын арасында химиянын күнүн жана химиянын жумалыгын өткөрүү аларга химия илиминин жетишкендиктерин пропагандалоо болуп саналат. Ошого байланыштуу кызыктуу лекциялар, тажрыйбалар, көңүлдүү саякаттарды уюштурууга гана тим болбостон класстан тышкаркы бардык иштерди жыйынтыктоочу өзүнчө бир илимдин майрамына айландыруу керек. Мындай иш чаралар жылына бир жолу өткөрүлгөндүктөн ага бир канча ай мурун даярдык көрүлүп, адаттагыдай эле уюштуруу кеңеши түзүлүп алар химия жумалыгынын жана химия күнүнүн программасын иштеп чыгышат. Программанын болжолдуу үлгүсү төмөнкүдөй:
Дүйшөмбү. Бардык класстарда химиянын жаңылыгы, химия химия жана фото, кино келечектеги кесип менен кездешүү, концерт.
Шейшемби. IX класста “Химия адам баласынын ден соолугуна кызмат кылат” деген темада медицина кызматкерлери менен жолугушуу, алар менен аңгемелешүү тажрыйбалар, кинофильмдерди көрсөтүү.
Шаршемби.VIII-IX класстарда үй тиричилигинде колдонуучу химиядан жазалган буюмдардын көргөзмөсү.
Бейшемби. VIII класстарда окумуштуу химиктер жөнүндө кыскача билдирүүлөр жана кызыктуу тажрыйбаларды демонстрациялоо.
VIII-IXкласстар үчүн химия айыл чарбасында, химия түшүм байлыгы, викторина, кинофильм жана башка оюн-шооктор.
Ишемби. Мектеп боюнча “Биздин крайдын байлыгы” деген темада бардык класстарда минералдык байлыктар жөнүндө аңгеме куруу. Мүмкүнчүлүк болсо жакшы даярдалган химиялык кече уюштуруу.
Химия күнүн өткөрүү боюнча окуучулар арасында аңгемелер жүргүзүлөт.
I-IV класстын окуучулары менен “Химия” деген эмне, ьал адам баласына кандай пайда келтирет деген темада аңгеме айтып, кызыктуу тажрыйбаларды көрсөтүшөт.
V-VI класстын окуучулары менен “Химия биздин үйдө” деген темада аңгемелешүү.
VIII класстарга “М.В.Ломоносов орустун улуу окумуштуусу” же “Суу жана анын составы, касиеттери, таза жана булганыч суулар” жөнүндө эмне билесинер деген темада аңгеме.
VIII класстын окуучулары менен химия боюнча жазылган илимий популярдуу китептердин авторлору менен кездешүү жана асыл металлдаржөнүндө аңгемелешүү.
IX класста 7,15,8,16 номерлердеги элементтердин ачылыш тарыхы, атомунун түзүлүшү, касиеттери, трансуран жөнүндө лекция окуу же философия темасында илимпоздордун, аспиранттардын билдирүүлөрү.
4-глава. ХИМИЯ БОЮНЧА ОЛИМПИАДА
Дүркүрөп алга өсүп бар жаткан илимий-техникалык революциянын шартында жаш муундарды эмгекке тарбиялоо өзгөчө мааниге ээ болууда. Окуучуларды өз алдынча эмгектенүүнүн, теориялык алган билимдерин акыл сезим аркылуу турмуш менен байланыштыруунун класстан тышкаркы иштердин массалык формасынын кенен таралган түрү-химия боюнча олимпиада өткөрүү болуп саналат.
Мектеп окуучуларынын арасында химия боюнча олимпиада өткөрүүнүн алдыга койгон максаты мурункудай эле табият таануу илимдерине анын ичинен химия илимине кызыккан окуучуларды таап, аларды келечектеги кесипке багыттоо-үгүттөө болуп саналат.
Азыркы кезде химия боюнча олимпиада мектептен баштап эл аралык олимпиадага чейин баскытчуу этаптарда өткөрүлүп, ар бир баскычта түрдүү татаалдыкта тапшырмалар иштелип, теориялык суроолор талкууланып, эксперименталдык иштер аткарылат. Химиядан олимпиада өткөрүү мезгилинде класстан тышкаркы иштердин бөлөк формалары жана түрлөл=рү болгон химиялык ийримдер, илимий конференциялардын, иликтөө иштердин, рефераттардын же жазалган приборлордун сынактарын уюштуруу иштери менен айкалыштыруу кызыктуу болот.
Мектептин химия мугалими химиялык ийримдин мүчөлөрүнө таянып, мектепте олимпиаданы уюштурууда өзүнүн үзүрлүү эмгек салымын кошуп, окуучулардын көпчүлүк массасын олимпиадага тартат.
Тигил же бул олимпиадалык тапшырмаларды чыгарууда кыйынчылыктарга камалган окуучулардын суроолоруна так жооп берүү үчүн мугалим тапшырмалардын шарттарын, чыгаруу жолдорун жакшы билип, окуучуларга жардам берүүгө ар дайым даярдыкта болушу керек.
Көнүгүүлөрдү, эсептерди чыгаруусуз химиянын теориялык материалдарын активдүү өздөштүрүү мүмкүн эмес.
Химия боюнча олимпиада эсептерди чыгарууда алган билимди жалган колдонуу, эсептерди мурункудай эле өнөкөт жолдор менен чыгаруу эмес, теориялык алган билимди чыгармачылык менен колдонууну талап кылат. Бир канча этаптарда өткөрүлүүчү олимпиаданын суроолорунун түзүлүшү мындан бир канча жыл мурда эле берилген. Олимпиаданын суроолорунун түзүлүш принциптерине же өзгөчөлүктөрүнө кыскача токтоло кетели.
Олимпиадалык суроолор предметтик аралык байланыштарды кенен колдонуп, эсептерди чыгарууда ар кандай машыгууларды, эптүүлүктөрдү комплекстүү колдоно турган формада түзүлөт. Окуучулардын билим деңгээлдерине жараша олимпиаданын эсептерини шарты терең ойлонуштурулуп, анализ жүргүзүп бир эле эсепти ар кандай жолдор менен чыгаруу сунуш этилет. Олимпиаданын эсептери окуучуларга өздөрүнүн билимдерин сыноо-жооп иретинде коюлган суроого өзүнүн көз карашын далилдөөгө мүмкүнчүлүк түзөт.
Олимпиаданын теориялык турунда 3-4 суроодон турган теориялык жана эсептеп чыгаруучу маселелер, экспериментальдык турда болсо 2-3 лабораторияда аткарыла турган тапшырмалар берилет. Берилген тапшырмалардын мазмуну олимпиада өтуп жатканда окуу программасындагы кайсы материалдар өтүлдү же мурунку класста өтүлгөн химия курсундагы кызыктуу, маанилүү, окуучуларга жеткиликтүү болүмдөр эске алынат. Алсак, XIкласстын окуучуларына органикалык эмес жана органикалык химия, IX класстагыларга курстары боюнча тапшырмалар берилет.
Олимпиаданын эсептерин чыгарууга физиканын, математиканын формулалары колдонулат.
Мурунку союз бар учурунда 1988-жылы эле элге билим берүү комитетинин төрагасы химия боюнча олимпиаданын бүткүл союздук борбордук уюштуруу комитетинин түзүү боюнча буйрук чыгарган. Борбордук комитеттин төралыгына көрүнүктүү химик-академик Золотов Ю.А. методикалык комиссиянын жетекчилигине Москва Москва университетинин профессору Лисичкин Г.В. шайланышкан. Мурункудан көп айырмаланган химиялык олимпиаданын жаңы эрежелери бекитилди.
Бүткүл союздук турга катышуучулардын саны көбөйгөн. Жаңы кабыл алынган эрежелерде мектепте өткөрүлүүчү олимпиаданын ролуна оң көңүл бурулду. Ошого карабастан, ар бир мектеп олимпиада көрүү керек болсо да, иш жүзүндө көпчүлүк мугалимдер мектептик этапка маани бербей, ал эмес өткөрбөй да коюшкан. Анын себебине ой жүгүртсөк мугалимдерге даяр олимпиаданын суроо-жооптору жок болгондугунда экен. Ушуга байланыштуу эки айда бир чыгуучу “Химия в школе” журналынын №3 санына мектепте өткөрүлүүчү олимпиаданын эсептеринин комплексин, кийинки №4 санына эсептердин чыгарылышын, түзүлүшүнүн түшүндүрмөсүн жыл сайын жарыялап туруу чечилди. Төмөндө 1991-жылы ошол журналга жарыяланган материалдарды мисал катары беребиз.
Теориялдык турдун тапшырмалары.
IX класс. 1. Таразанын табактарына бирдей көлөмдөгү туз кислотасынын эритмеси куюлган эки идиш тең салмактуулукта турат. Идиштер 100 жана 500 мл сыйымдуулуктагы колбалар. Колбалар газ жүрүүчү тыгын менен жабылган. Ар бир колбага 3 г магнийдин таарындысын салат.
Магний толук эрип бүткөндөн кийин жана реакция жүрүп жатканда тең салмактуулук сакталабы?, эки колбада тең реакциянын ылдамдыгы бирдей болот.
2. Жезди, кайнатма тузду, күкүрт кислотасын жана сууну пайдаланып жездин хлоридин кандай алууга болот.
3. Тосмосу бар жылчыксыз жабылган идиштин бир жагында 50 мл темирдин (II) сульфатынын, экинчисинде 100 мл натрийдин гидроксидининэритмеси бар. Идиштин абанын көлөмү 0,224 л азайды.
Идиште кандай реакция жүрдү? Алгачкы эритмелердин молярдык концентрацияларын аныктагыла?
Х класс.1. Техникалык мааниси бар кайсы оксид металл, металл эместер, кислоталар жана туздар менен өз ара кошулат? Бул реакциялардын практикадагы маанисин көрсөткүлө?
2. Металлдын таарындысында магний, алюминий, калай бар деп болжолдонулат. 0,75 г таарындыны туз кислотасында эриткенде 0,78 л (н.ш.) суутек бөлүнөт. Ошол эле өлчөмдөгү таарындыны кычкылтектин агымында күйгүзгөндө 1,31 г оксидж алынат. Аралашмалардын алгачкы проценттик составын тапкыла?
3. Эвдиометрде 30 мл пропан-бутан аралашмасын 200 мл кычкылтек менен аралаштырып жардырышкан. Кадимки басымда жарылганга чейин аралашманын температурасы 127°С болгон. Эвдиометрдеги газдын көлөмүн алгачкы шартка келтиргенде 270 мл көлөмдү түзгөн. Пропан-бутан аралашмасынын көлөмдүк проценттик составы кандай?
XI класс. 1. Төмөнкү натрийдин оксиди, алюминий, кремний, фосфор (V), азот (II) жана суутектин оксиддери бар. Эки-экиден алганда кайсылар өз ара реакцияга катышат?
2. Үч газометрде этан,этилен жана ацетилен газдары бар. Кайсы газомтерде кандай газ бар экенин кантип аныктайт?
3. Татаал эфирди жегич менен жууганда ажыроо реакциясынын ылдамдыгы өсөт. Кээ бир эфирлерди гидролиздөө үчүн 1 г эфирге 150 мл жегич туура келгендей кылып, 6%-түү жегичтин эритмесин алат ( 6 г эфирди гидролиздөө үчүн 40%-түү жегичтин эритмесинен
=1,4) канча көлөм алат.
Теориялык турдун жооптору.
IX класс. Идиштер ичиндеги аба менен кошо тең салмактуулукта болот. Реакциядан бөлүнүп чыккан суутек колбадагы абаны сүрүп чыгарат да, колбалардын жалпы салмагы төмөндөйт. Эгерде колбалардын көлөмдөрү бирдей болсо бөлүнгөн суутек таразанын көрсөткүчүн өзгөртмөк эмес. Бирок колбанын бирөө экинчисине караганда чоңураак болуп көбүрөөк абаны жоготкондуктан кичине колба таразанын табагын басат. Реакция бүткөндө суутек диффузияланып кеткендиктен таразанын табактары тең салмактуулукта болуп калат.
2. Сунуш этилен заттардын ортосунда төмөнкүдөй реакция жүрөт:
Cu + 2H2SO4 = CuSO4 +SO2 + H2O
CuSO4 CuO + SO2; 2NaCl + H2SO4 + 2HCl
туз кислотасынын буусу сууда кармалып калгандан кийин
CuO + 2HCl CuCl2 + H2O
күкүрт кислотасы катышпаган реакцияда электролиздөө менен хлор алынат
2NaCl + 2H2O = 2NaOH + Cl2 + H2 Cu + Cl2 CuCl2
3.Жабык идиште төмөнкүдөй процесс жүрөт:
FeSO4 + 2NaOH = Fe(OH)2 + Na2SO4; 4Fe(OH)2 + O2 + 2H2O = 4Fe(OH)3
0,04 моль кычкылдануу үчүн 0,224 л же 0,01 моль кычкылтек талап кылат
4Fe(OH)2 O2
0,04 моль 0,01 моль
0,04 моль темирдин (II) гидроксидин алуу үчүн керек болгон темирдин (II) сульфатынын жана натрийдин жегичинин санын (моль) табат.
FeSO4 2NaOH Fe(OH)2
0,04 моль 0,08 моль 0,04
Алгачкы заттардын молярдык концентрациясын табат:
С(FeSO4) =
С(NaOH)=
Х класс.1. кремнийдин оксиди металлдар менен кошулат
а) 2Mg + SiO2 2MgO + Si
металл эместер менен кошулат
б) 2С + SiO2→2CO2 + Si ; 3C + SiO2 →CSi + 2CO
электр мешинде кремний жана карборунд ушундай жол менен алынат.
Кремнийдин оксиди кислоталар менен кошулат4HF + SiO2 = 2H2O + SiF4
Кремнийдин оксиди туздар менен кошулатCaCO3 + SiO2----------- CaSiO3 + CO2
(б) айнектерге түр салуу жана балкыган кумдардан металлдардын куймаларын тазалоо үчүн колдонулат. Үчүнчү реакция силикаттык айнекти өндүрүүнүн негизин түзөт. Кремнийдин оксиди негиздик оксиддер менен кошулат. Алсак, коргошундун оксиди менен
2. Туз кислотасы менен болгон реакцияда 0,78 л жана 0,784/22,4=0,035 моль суутек бөлүнөт. Кычкылтек менен болгон аралашманын массасы 1,31-0,75=0,56 г көбөйгөн же 56/32=0,0175 моль кычкылтек реакцияга кирген. Реакциянын теңдемесин түзөбүз:
Mg + 2HCl = MgCl2 + H2; 2Al + 6HCl = 2AlCl3 + 3H2
Sn+ 2HCl = SnCl + H2; Mg +I/2O2 = Mg
2Al + 3/2 O2= Al2O3; Sn + O2= SnO2
Эгерде металлдардын аралашмасындса калай болсо (эсептин шартына жараша) суутек менен кычкылтектин катышы Н2:О2 (моль менен) 2:1 катышынан айырмаланып турмак. Демек, бул аралашмада калай жок.
Мейли Mg= X, Al= У барабар болсун анда 24Х + 27У = 0,75 металлдардын жалпы массасы, Х+3/2У=0,035 суутектин молунун саны. Системаны чыгарганда Х= 0,02 моль же 0,48 г магний, У=0,01 моль же 0,27 г алюминий болот. Проценттик составы:
Mg (0,48/0,75) 100= 94%
Al (0,27/0,75) 100=36%
3.Газдын колөмүн ченөөдөгү температура 100°С-дан көбүрөөк болгондуктан реакциядан алынган гоаз абалындагы заттардын составына суунун буусу да кирет. Пропандын жана бутандын күйүү реакциясы:
С4Н10 + 6,5О2 = 4СО2 + 5Н2О
30 - Х 5(Х-30) 7(30-Х)
С3Н8 + 5СО2 = 3 СО2 + 4Н2О
Х-бутандын көлөмү, мл ; 30-Х пропандын көлөмү, мл
6,5Х+(30-Х) У=200, 9Х+7(30-Х)У=270. У-реакцияга катышпай калган кычкылтектин көлөмү. Аралашманын составы пропан =33,3, бутан=66,7%.
XI класс. 1. Сунуш этилген оксиддерди класстарга бөлөбүз: Na2Oнегиздик (I), Al2O3 амфотердик (2) SiO2кислоталык (3) Р2О5 кислоталык, NO туз пайда кылбоочу (5), Н2О туз пайда кылбоочу (6).
Заттар төмөнкү жупта өз ара реакцияланышат:
2, 1-3, -4, 1-6, 2-3, 2-4, 4-6
2. Этан этиленден жана ацетиленден айырмаланып, бром суусунун түзүн өзгөртбөйт. Этиленди ацетиленден айырмалаш үчүн аларды аларды кезеги менен күмүштүн эритмеси аркылуу өткөрүү керек. Ацетилен күмүштүн ацетилендин Ag-C=C-Ag берет. Этилен бул реакцияга кирбейт.
3. 6 г эфирди гидролиздөө үчүн 6%-түү жегичтин эритмесинен 150Х6=900 мл же 900 г ( =1,0) алуу керек. 6%-түү 900 г эритмеде 900х0,06=54 натрийдин жегичи бар.
100 г ------ эритмеде 40 г
Х -------- 54 г Х=96,5 мл.
Борбордук уюштуруу комитети тарабынан сунуш этилген эсептердин комплексинен сырткары мугалимдердин каалоосу боюнча алымча-кошумчалоого укук берилген. Мектептеги олимпиаданын теориялык турунан мурда сырттан өткөрүлүүчү туру уюштурулат. Сырттан өткөрүлүүчү олимпиаданын туру ноябрь айынын экинчи жарымына пландаштырылып, суроолордун шарттары жалпы окуучуларга маалым болуш үчүн көрүнүктүү жерге даана жазылып илинип коюлат да, жообуна эки жума мөөнөтберилери көрсөтүлөт. Коюлган суроолордун бардыгына жооп издөөнүн кереги жоктугун белгилеп, коллективдүү иштөөгө, башка адамдардан консультация алууга, каалаган адабияттарды колдонууга боло тургандыгы баяндалат. Сырттан өткөрүлүүчү олимпиаданын суроолору төмөнкүчө:
Атомдук массалары 7:6 катышта болгон эки химиялык элементтен турган бирикме алынган. Ал бирикме туз кислотасы менен реакцияга кирип, газ бөлүнүп чыгат. Газ абалда өзүнөн өзү от алып күйүп, жер шарында өтө көп таралган эки оксидке айланат. Алгачкы бирикмени атагыла жана анын айлануусун жазгыла.
Жообу: Жер шарында өтө көп таралган оксидер суутектин жана кремнийдин оксиддери. Бул оксид абада өзүнөн өзү күйгөндө пайда болсо ал газ силан газы болушу мүмкүн. Демек, заттын составында кремний бар. Экинчи элементти аныктайбыз. Мейли, “А” анын салыштырмалуу атомдук массасы болсун дейли. Кайсы атомдун массасы чоң экени белгисиз болгондуктан эки вариантты карап көрөлү: 1. А1/28= 7/6=32,7;
А/28=6/7=24. Атомдук массасы 32,7 барабар болгон элемент жок. Атомдук массасы 24 барабар болгон элемент-бул магний. Демек, алгачкы зат магнийдин силициди. Анын айлануусу төмөндөгүдөй:
Mg2Si + 4HCl= 2MgCl2 + SiH4 ; SiH4 + 2O2 = SiO2 + 2H2O
Мектепте олимпиаданын теориялык туру ар жылдын декабрь айында өткөлрүлүп, беш суроодон кем эмес тапшырмалар берилет да анын үчөөнү борбордук уюштуруу комиссиясы жарыялаган журналдан алып, калганын мугалим озү түзөт. Тапшырмалардын суроолорун түзүүдө мугалим предметтер аралык байланышка озгөчө көңүл буруусу зарыл. Теориялык турга катышуучуларга мурункудай эле эсептердин баарын эмес каалаган эсебин чыгаруу эркиндиги берилет.
Теориялык турга каалаган окуучулардын баары, ал эмес каалоосу боюнча 5-6-7 класстын окуучулары да катыша алышат. Турдун жеңүүчүлөрү үчүн эксперименталдык тур өткөрүлөт да анын суроолору химия кабинентинин реактивдер, химиялык идиштер, приборлор болушуна жараша мугалим өзү даярдайт.
Олимпиаданын мектептик этабын өткөрүү жоопкерчилиги мектептин жетекчилерине жана мугалимге жүктөлөт.
Олимпиаданын жыйынтыгы ар бир тур боюнча өзүнчө чыгарылып, жеңүүчүлөргө ар кандай кызыктыруучу белектер тапшырылып, райондук турга катышууга укук берилет. Берилген тапшырмалардын чыгарылышын, кетирилген каталардын өзгөчөлүктөрүн мугалим олимпиаданын катышуучулары менен бирдикте талкуулайт жана талдайт.
Шаардык,облустук жана республикалык олимпиаданы өткөрүү үчүн атайын жюри түзүлүп, бул иш чарага бөлүнгөн каражаттарды туура пайдалануу жана катышуучулар үчүн жакшы шарттарды түзүү иштери талкууланат.
5-глава. ИЛИМИЙ ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ
§1. Химия жана жаратылышты коргоо
Окуучулардын илимий конференциясы алардын билимдерин кеңейтүүго жана өз алдынча таанып-билүү ишмердүүлүктөрүн жыйынтыктайт.
Конференцияны уюштурууда жана өткөрүүдө окуучулар химияга байланыштуу ар кандай илимий адабияттарды окууга, анын ичиндеги материалдарга анализ жазоого, тажрыйбалардын, бакоолордун натыйжаларын топтоого, уюштуруу иштерине жана эл алдына чыгып сүйлөө жөндөмдүүлүктөрүн өстүрүүгө үйрөнүшөт.
Илимий конференцияны жогорку класстын окуучулары уюштуруп, ага окуучулардын көп массасын тартууга аракеттенишет. Конференция талкуулана турган теманын актуалдуулугун жана кызыктуу болушун көздөйт. Конференциянын материалдарын илимий-популярдуу китептерден, журналдардан, окуу куралдардан, саякат учурундагы байкоолордон, химия ийримдериндеги эксперименталдык маалыматтардан тандап алынса кызыктуу болот.
Химиялык кечелерден айырмаланып илимий конференция академиялык мүнөздө болуп, жазалган билдирүүлөр талкууланат. Алсак, конференцияны “Химия жана жаратылышты коргоо” деген темада өткөрүүгө болот.
Конференциянын максаты химиянын жана химия өндүрүш жайынын айлана чөйрөгө тийгизген таасирин көрсөтүү менен ага карата корүлгөн иш чараларды талкуулоо болуп эсептелет.
Конференциянын темасы, аны өткөрүүнүн мөөнөтү эки ай мурун окуучуларга сунуш кылынат. Конференцияны өткөрүү үчүн адаттагыдай эле программа иштелип чыгып, окуучуларга билдирилет, уюштуруу кеңеши түзүлөт. Жогорку класстын окуучулары үчүн жаратылышты коргоо темасына арналган түрдүү сүрөттөргө, плакаттарга, эксперименталдык, практикалык, теориялык маселелерге байланыштуу жазылган рефараттарга конкурс жарыяланат. Конференциянын темасына арналган “Жаш химиктер” дубал газетасынын атайын жаңы номери чыгарылып, анда адамдардын жоопкерчилик мамилесинии жоктугунан жаратылышка химиянын жана башка өндүрүш жайларынын, таштандылардын кайталангыс оор зыян келтирилип жатканы чагылдырылып, сатиралык каррикатуралар тартылат, түрдүү фотомонтаждар уюштурулат.
Конференция өтүлө турган жай окуучулар тарабынан даярдалган материалдар менен кооздолуп жазалгаланат. Конференцияны химия ийриминин активдүү мүчөлөрүнүн бирөө ачат да анда химия мугалими же конференцияга чакырылган меймандар кыскача сөз сүйлөйт.
Конференциянын болжолдуу программасы төмөндөгүдөй:
Теориялык билдирүүлөр.
Химия өндүрүш жайынын өсүшү жана айлана чөйрөнү коргоо.
Абанын мааниси, аны булгоонун булактары. Абаны булганыч заттардан тазалоого карата көрүлгөн иш чаралар.
Адамдын жашоосунда жаратылыш суусунун ролу жана аны коргоо.
Жер кыртышын жана жер алдын коргоо.
Калктын санынын өсүшү жана жаратылышты коргоо
Практикалык тапшырмаларды аткаруу
Булганыч сууну тазалоочу мекеме
Жергиликтүү өнөр жай жана абаны коргоо
Класстардагы көмүр кычкыл газынын таасири
Жергиликтүү чөлмөлөрдөгү суунун составы.
Конференцияны жыйынтыктоо
Плакаттар, кол өнөрчүлөр, илимий көз караштарда жазылган рефераттардын авторлорун сыйлоо.
Мугалимдин конференцияны жыйынтыктоо сөзү.
Мугалимдин жыйынтыктоо сөзүнүн мазмуну, болжолдуу планы төмөндөгүдөй болот.
Илимий техникалык революциянын маанилүү багытынын бири эл чарбасын химиялаштыруу болуп саналат. Коомдук өндүрүш жайдын эффективдүүлүгүн жогорулатууда химия илими, химия өндүрүш жайлары химиялык продукциялар көрүнүктүү ролду ойнойт. Айрым өндүрүш тармактарын химиялаштыруу кымбат баалуу, жогорку сапаттагы эл керектөөчү буюмдарды көп санда чыгарууга алып келет. Эл чарбасын өнүктүрүү планында жер семирткичтер, комплекстүү концентрленген татаал минералдык семирткичтер, өсүмдүктөрдү ар кандай илдеттерден сактоочу дарыяларды жана башка ушул сыяктуу химиялык товарларды өндүрүү каралган.
Нефтини, жаратылыш газын комплекстүү өндүрүү өсүүдө, кара, түстүү металлдарды өндүрүү өркүндөтүлүүдө. Химиялык өндүрүштөрдүн кеңейиши жана буюмдардын, түрдүү заттардын кенен чыгарылышы менен катар айлана чөйрө булганып, адамдарды тынчсыздандырып жатат.
Илимий техникалык революциянын өсүшү айлана чөйрө менен адамдардын өз ара катышы татаалдаштырылып, атмосферанын составы өзгөрүүдө, табигый ресурстар кайталангыс болуп арыктоодо, радиоактивдүүлүк жогорулоодо, флоранын, фаунанын зыянга учуроо коркунучун пайда кылууда. Демек, айлана чөйрөнү ар кандай булганыч таштандылардан сактоо мамлекеттин, ар бир атуулдун түздөн-түз милдеттери болуш керек. Улам жыл өткөн сайын химиялык өндүрүш жайларда жогоруда айтылгандай эле синтетикалык смола, пластмасса, катализаторлор, ар кандай синтетикалык боектор, кир жуучу самындар көп чыгарылууда.
Металлдарды үнөмдөө үчүн пластмассадан жазалган түтүктөр чарбада кеңири колдонууда, табигый каучуктун ордуна синтетикалык каучук өндүрүлүүдө.
Химиялык жана нефтихимиялык өндүрүш жайлар бөлөк өндүрүш жайлардан көп түрдүү продукцияларды чыгаруу менен айырмаланып, үнөмдөө өнөр жайларынын татаал тармагы болот. Бул өнөр жайлардан чыккан таштандылар айлана чөйрөгө терс таасирлерин тийгизип жатат.
Азыркы кезде бул тармактагы өндүрүш жайларда таштандыларды кайра иштетүү (утилизациялоо) методдору иштелип чыккан. Алсак, хлор өндүрүү боюнча ишканаларда кийинки жылдары жабык таштандысыз технологиялык схеманын долбоору иштелип чыккан. Ошол өндүрүш жайда иштетилген булганыч сууну заматта бууландырып тазалоо үчүн термикалык метод колдонулуп, өндүрүшкө кайра таза суу берилип турат.
Андан сырткары булганыч сууну өзөн менен тазалоо, органикалык заттарды активдештирилген көмүргө сиңдирүү, суудагы минералдык заттардын составына жараша атайын өндүрүлгөн иониттер менен бөлүп алат да биосфераны зыяндуу булгануудан сарп кылынган акчадан 25 миллион каражатты электроэнергияны 10 эсе үнөмдөйт.
Жер шаарында калктын санынын, өндүрүш жайдын, шаарлардын көбөйүшү жаратылышка тескери таасирин тийгизерин жогоруда айттык.
Жер шаарында атмосферанын массасы 5,2·1015 тоннаны түзөт. Жыл сайын атмосферага 5·108 тонна булганыч заттар чыгарылууда. Башкасын айтпаганда жыл сайын орто эсеп менен алганда ар бир автоунаа 2 тонна бензин жана 30 тонна абаны жаккандыктан абага жылыга 0,7 тонна ис газы, 0,23 тонна углеводороддор, 40 кг азоттун оксиддери, 2,5 кг коргошуну бар катуу заттар чыгарылат.
Атмосфераны булганыч заттардан сактоодо ар багытта иш чаралар жүргүзүлүүдө. Биринчиден коргошундун негизиндеги антидетоаторлорду зыяндуулугу төмөн болгон бирикмелер менен аралаштырып, бензиндин сапатын жакшыртууда. Зыяндуулугу миң эсе аз марганецтин негизинде писадка иштелип чыккан. Экинчиден, автомобилдердин кымылдаткычтарына толук күйгүзүүчү техникалык тетиктер орнотулгандыктан күйгөн газдын составында азоттун оксиди 95%, ис газы 96%, углеводороддор 91%-ти түзөт. Толук күйгүзүүчү техникалык тетиктер жездин жана никельдин куймаларынан жазалат.
Учүнчүдөн, автоунаа айдоочуларга өнөкөт болуп отун-бенз инди экологиялык жактан тазараак спирт, суюк газ, суутек менен алмаштырууну сунуш кылып жатышат.
Атмосфераны булгабаган таза отун катарында суутекти колдонсо болор эле, бирок узак жолго жете турган суутек менен толтурулган автомобильдик идишти ойлонуштуруу ушул мезгилге чейин чечилбей келе жатат. Бул багытта суутекти өзүнө көп өлчөмдө сиңирип алып, бир аз ысыганда кайра бөлүп чыгара турган куймадан жазалуучу идиштин үстүндө иш жүргүзүлүп жатат.
Жер шарындагы атмосферанын тазалыгына өтө тез темпте өсүп бара жаткан авиация да өзүнүн тескери таасирин тийгизбей койгон жок. Азыркы кездеги чоң-чоң самолеттор 8 саат учса 20-25 тонна бензин, 200 тоннадан ашык абаны жок кылат да 1 тоннага жакын азоттун оксидин пайда кылат. Илимпоздордун пикирине караганда самолеттон бөлүнүп чыккан газ жердеги тирүү организмдерди радиоактивдүү нурлардын зыяндуу таасиринен далдалап турган озондук катмарды бүлүндүрүү коркунучун тийгизип жатат. Эгерде атмосферанын жогорку катмарындагы бардык озонду бир катмарга чогултса анда анын катмарынын калыңдыгы бар болгону 3 мм түзөт. Стол анча көп эмес озон күндүн чагылган нурду өзүнө сиңирип, тирүү организмдердин жашоосун коргосо, жерден чачыраган нурларды (инфракызыл) токтотуп турат.
Метандын галогендер менен болгон туундулары озондук катмарды күчтүү бүлүнүүгө учуратары аныкталган.
Дүйнө жүзүндөгү суунун запасы 1,4·1018 тонна болсо анын ичинде тузсуз суулардын үлушүнө 2,6·1016 тонна пайдаланылбаган суу 2,4·1016 тонна муз түрүндө Арктикада жана Антарктидада топтолгон. Көлдөрдө дарыяларда 2·1015 тонна суу бар.
1970-жылдын ортосунда дүйнөдө сууну пайдалануу 3,3·1012 тоннаны түзүп, биздин планетадагы ар бир адамга болжол менен 1000 тонна суу туура келген. Биздин планетанын аймагында өндүрүш жайлардын тегиз орун албаганына байланыштуу чоң-чоң дарыялардын суулары зыяндуу заттар менен булганган. Алсак,1975-жылы Рейн дарыясына 29 млн тонна зыяндуу заттар, анын ичинен 12000 тонна ннефти, 1100 тонна мышьяк, 165 тонна сымап ыргытылган.
Айлана чөйрөнү коргоонун закону боюнча химия жана башка өндүрүш жайларын курууда пайдаланылган сууларды тазалоочу имаратты жок курууга тыюу салынган. Коргошун,цинк комбинаттарын куруу анын суу тазалоочу имаратыникуруудан көп өлчөмдө арзан тургандыгына карабастан адегенде иштелген суудан таза сууну алуучу жайдын долбоору түзүлөт.
Атмосфераны жана сууну көп сандаган өндүрүш жайлары бар шаарлар булгап жатат деген ойлор айтылат, бирок айыл чарбасынын өндүрүштүк продуктыларды өндүрүүгө өтүшү айыл чарбасын химиялаштыруунун өсүшү, айылдагы фермалар айлана чөйрөнү булгоонун булагы болуп калууда. Мал чарбасындагы кашарларда, короолордо жана башка малдардын азыктануучу жайларында аммиактын концентрациясы өтө жогору болот.
Фермалардан 50 м аралыктагы абанын составын 40-50 мг/м3 аммиак түзөт. Таза абанын составында бул көрсөткүч 3 мг/м3 болуш керек. Фермалардан булганган абанын таралышы 12 км жетет. Чоң-чоң мал чарбасы болгон фермаларда органикалык аралашмалар менен кошо жаан суусу жакын жаткан чөөлмөктөргө, көлмөлөргө агып түшөт да, аны чиритүүгө сууда эриген көп сандагы кычкылтек жумшалат.
Көлмөлөрдөгү кычкылтектин жоктугунан сууда жашаган бардык тирүү жан-жаныбарлар, өсүмдүктөр жок болот. Айылдык жерлерде көлмөлөрдү булгоонун дагы бир булагы короолордогу малдын кыктарынын чылалары.
Эгин талааларына, мал жайыттарына чачылган жер семирткичтер сай сууларына агып түшүп, көп зыяндарды алып келет.
Азыркы шартта жер кыртышын жуулуп кетүүдөн сактоо үчүн ар кандай агрохимиялык иш чаралар көрүлүүдө, бирок тез жардамга химия тез жетет. Жер кыртышын желимдөө үчүн диаметри 1-2 мм болгонтзаттар менен иштетет да жер кыртышын эрозиядан тез сактап калышат.
Андай заттардын катарында азыркы битум эмульсиясы, натрийдин жана калийдин гуматы, аммиак пласты торфтук же смола желими, синтетикалык целлюлозаны колдонуу көп тарап кетти. Жер кыртышы транспорттогу кыймылдаткычтардан иштелип чыккан уу газдар, нефти, майлоочу материалдар, кир суулар менен булганат.
Жер кыртышынын чиринди катмарында орточо эсеп менен алганда коргошун 9 мг/кг түзөт. Ал эми шоссе жолдоруна жакын жерлеринде 200 мг/кг чейин көп болот. Шоссе жолдорунан бир топ алыста өстүрүлгөнгө караганда жакын жерде өстүрүлгөн дан өсүмдүктөр 5-8 эсе коргошун көп болот, картошкада 25 эсе, балыкта 2 эсе көп болот.
Жер кыртышын автоунаалар коргошундан бөлөк күкүрттүү, азот кислоталары жана күл менен булгайт.
Жолдорду тайгалактан сактоо учурунда колдонулган туздар жаратылыш флораларын өзгөртүүгө алып келди. Азыркы учурда нефтиден, нефти продуктыларынан чыккан зыяндуу цехтер курулууда.
§2. Химия-биология боюнча конференцияБул темада илимий конференция өткөрүү окуучулар үчүн өтө кызыктуу болот. Анткени алар тирүү жана жансыз дүйнөнүн реалдуу экенине ишенүүгө тарбия алышат. Окуучулар дүйнөгө диалектикалык материалистик көз караштарын туура калыптандырууну ишке ашырышат.
Конференцияга даярдык көрүү ишинде окуучулар сунуш этилген адабияттар менен таанышып, тийиштүү чиймелерди, плакаттарды даярдашат, сценария иштеп чыгышат.
Химия-биология боюнча илимий конференциянын болжолдуу программасы төмөнкүдөй:
Химия менен биологиянын байланышы жөнүндө кыскача илимий билдирүүлөр.
Көркөм окуулар.
Темага байланыштуу кинофильмдерди көрсөтүү.
Темага арналган кызыктуу викториналар.
Тема боюнча эс алуу оюндары.
Конференция өткөрүлүүчү жай адаттагыдай эле плакаттар, чиймелер окумуштуулардын учкул сөздөрү, программанын планы илинип кооздолот. Конференцияга кире бериште