СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Химиялык реакциялардын типтери.

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Бир заттын башка бир затка айлануусу химиялык кубулуш (химиялык реакция, химиялык айлануу)деп аталат.

Просмотр содержимого документа
«Химиялык реакциялардын типтери.»

Сабакка чейин

Сабактын темасы: Химиялык реакциялардын типтери.

Сабактын методу: Айтып берүү

Сабактын тиби: Аралаш

Сабактын формасы: Жаңы теманы түшүндүрүү


Сабактын максаты

Көрсөткүчтөрү

А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): Химиялык реакциялардын типтерин окуп үйрөнүшөт.

  • Химиялык реакциялардын типтерине аныктама бере алышса;

  • Химиялык реакциянын типтерин бири-биринен айырмалай алышса.

Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук, тарбиялоочулук):

Химиялык формула, химиялык реакция, химиялык реакциянын жүрүү шарттары, химиялык реакциянын жүрүү белгилери, жөнөкөй жана татаал заттар боюнча түшүнүктөрү өнүгөт. Боорукер болууга тарбияланышат.

  • Химиялык формула;

  • химиялык реакция;

  • химиялык реакциянын жүрүү шарттары;

  • химиялык реакциянын жүрүү белгилери;

  • жөнөкөй жана татаал заттар жөнүндө айтып бере алышса жана бул түшүнүктөрдү химиялык реакциянын типтери боюнча көнүгүүлөрдү иштөөдө туура пайдалана алышса.

  • Өз алдынча жана топто иштей алышса


Күтүлүүчү натыйжа:

  • Химиялык реакциялардын типтерине аныктама бере алышат;

  • Химиялык реакциянын типтерин бири-биринен айырмалай алышат.

  • Химиялык формула;

  • химиялык реакция;

  • химиялык реакциянын жүрүү шарттары;

  • химиялык реакциянын жүрүү белгилери;

  • жөнөкөй жана татаал заттар жөнүндө айтып бере алышат жана бул түшүнүктөрдү химиялык реакциянын типтери боюнча көнүгүүлөрдү иштөөдө туура пайдалана алышат.

Сабактын мотивациясы (бул сабак эмнени берет): Химиялык реакциялардын типтери боюнча маалымат алышат. Химиялык реакциянын типтери боюнча көнүгүүлөрдү өз алдынча аткара алышат.

Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими (мурунку билими)): Химиялык формула, химиялык реакция, химиялык реакциянын жүрүү шарттары, химиялык реакциянын жүрүү белгилери, жөнөкөй жана татаал заттар боюнча маалымат бар.

Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат.

Убакыт: 45 минута

Убакытты бѳлүштүрүү:Чакыруу этабы:6-8мин

Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):22-25 мин

Ойлонуу этабы (сабакты бышыктоо):12-12 мин

Сабак

Сабактын жүрүшү:

Чакыруу этабы:

Сабактын чөйрөсү: Саламдашуу,класстын тазалыгына кѳз салуу,тактоо.


Жагымдуу маанай түзүү:

Сүрөттөгү жакшы көргөн гүлдү тандагыла.Ал гүлгө туура келген мүнөздөмөнү окуп берүү.


Үй тапшырмасын текшерүү жана ѳтүлгѳн теманы кайталоо:

төмөндөгү схема боюнча реакциялар теңдемелерин түзгүлө:

Са + О2

Fе + С12

Түшүнүү этабы(сабактын негизги болүгү):

ХИМИЯЛЫК РЕАКЦИЯЛАРДЫН ТҮРЛӨРҮ

Бир заттын башка бир затка айлануусу химиялык кубулуш (химиялык реакция, химиялык айлануу)деп аталат.

1.Ажыроо реакциясы

Бир татаал заттан химиялык реакция учурунда бир нече татаал жана жѳнѳкѳй заттар пайда болсо ажыроо реакциясы деп аталат.

Мисалы: а)2KMnO4= K2MnO4+ O2 +MnO2 б)2Al(OH)3 = Al2O3 +3 H2О

2.Кошулуу реакциясы

Бир нече татаал жана жѳнѳкѳй заттар арекеттенишип химиялык реакция учурунда бир татаал затты пайда кылса кошулуу реакциясы деп аталат.

Мисалы: а)4V +5O2= 2V2O5 б)2Na+ S = Na2S

3.Орун алмашуу реакциясы

Татаал жана жѳнѳкѳй заттар арекеттенишип химиялык реакция учурунда татаал заттын курамындагы атом менен

жѳнѳкѳй заттын атому орун алмашса орун алмашуу реакциясы деп аталат.

Мисалы: а)2H3PO4+ 6Na= 2Na3PO4+ 3H2 б)FeCl3 +3 К=3КCl+Fe

4.Алмашуу реакциясы(сүрүп чыгаруу)

Татаал менентатаал заттар арекеттенишип химиялык реакция учурунда татаал заттардын курамындагы атомдор

алмашса алмашуу(сүрүп чыгаруу) реакциясы деп аталат.

Мисалы: а)3H2SO3+ Al2O3= Al2(SO3)3+3 H2О б)CaCO3 + Na2SO4=CaSO4+ Na2 CO3

Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):


Мугалимдин иш аракети:

Суроо-жооп, аӊгемелешүү менен сабак лекция түрүндө өтүлөт.

Төмөнкү көрсөтүлгөн реакциялардын теңдемелерин теңдегиле жана реакциянын типтери боюнча бөлүп жазгыла:

1)CaCO3 =CaO+CO2

2)Na +HNO3=NaNO3+H2


Үйгѳ тапшырма:

Төмөнкү көрсөтүлгөн реакциялардын теңдемелерин теңдегиле жана реакциянын типтери боюнча бөлүп жазгыла:

1)N2+O2=N2O5 2)H2О =O2+H2

Баалоо:


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!