СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Хирург жонундо.

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

даарыгерлерге таазим

Просмотр содержимого документа
«Хирург жонундо.»

Хирург-врачтын телефону шыңгырайт:
- Ало, угуп жатам?
- Сураныч, тез келиңизчи, бул жакта бир бала өлүм алдында жатат, ага тез арада операция кылуу керек!
- Мен баратам!
Машинасына түшүп, ооруукананы көздөй чабат. Ал доктурду оорулуу баланын атасы сүйлөнүп тосуп алды:
- Эмнеге сиз кечигип жүрөсүз? Менин уулум өлүм алдында турат. Эгерде ал сиздин уулуңуз болгондо да ушундай кылмак белеңиз?
Хирург акырын жылмайып:
- Угаарым менен эле чуркап келдим.
Врач операция бөлүмүнө кирип кетти. Ал өтө оор болуп, көп убакытка созулду. Врач чыгып, оорулуу баланын атасынын жанынан эч нерсе дебей, унчукпай өтүп кетти. Анын артынан врачтын жардамчысы чыгып, баланын атасына келип:
- Сиздин уулуңуз жашайт. Кабатыр болбоңуз.
Ал биринчи кубанып, анан жүзүнөн күлкүсү качып:
- Кандай гана начар адам бул врачыңар? Чыгып, жакшы кабарды айтууга жарабай кетип калды.
- Анын уулу бүгүн авто кырсыкка учурап, ошол жерден каза болду. Ал аябай жакшы адам. Сиздин уулуңуздун өмүрүн сактап калуу үчүн, өз баласынын жаназасын таштап оорууканага келди..