Тарбиялык саат
Класс жетекчиси:
Мырзагелдиева Э.К.
Күндөй жадырап, жылдыздай жаркырап, суудай мөлтүр, таза көңүл менен бүгүнкү сабакты баштайлы.
Сабактын темасы:
Хусейин
Карасаевге
120 жыл
Сабактын максаты:
- Х.Карасаев деген ким?
- Анын өмүр жолу кандай болгон?
- Карасаевдин кандай сыйлыктары жана жараткан эмгектери бар?
Хусейин Карасаев атабыздын басып өткөн, өмүр жолу ары өрнөктүү да, ары өнөрлүү да, даңазалуу жол. Бул бакубат, нускалуу, ары чечен, ары сөзмөр, кыргыз сөзүнүн кылдат билерманы, тарыхты таасын билген, тилди ийне жибине чейин иликтеген, устукандап, жиликтеген, кыраакы, көптү көргөн көсөм, илимдин артынан сая түшкөн өжөр илимпоз адам болгон.
Х. Карасаевдин атасы Карасай, энеси Бөрбү балдары менен. 1905-ж.
Эмесе, кымбаттуу окуучуларым, Хусейин атабыздын басып өткөн жолуна, бала чагына көз чаптырсак:
Х. Карасаевдин студенттик кези. 1924- ж.
Хусеин Карасаев 1902- жылы Ысык-Көл облусунун Түп района караштуу Кең-Суу айылында торолуптур. 7 жашка чейин чоң атасы Калыбек ажынын колунда өскөн экен. 1914-16-жылдары Кара-Колдогу орус-тузем мектебинде окуйт, тири карак, зирек бала Пушкиндин ырларын жаттайт. Орус илим булагынан суу ичет. 1916-жылдагы алаамат үркүнүндө, эл менен бирге Кытайга текеске качат.
Х. Карасаевдин «Жумушчу» факультетинин мугалим күбөлүгү. 1926-ж.
1921-жылы өз элине, жерине кайтып келип 1923-24-жылдары Кең-Суу айылынын башчысыболуп иштейт. Эл оозуна алынып, коомго аралашат.
Х. Карасаевдин ударник карточкасы
Ал эми 1925-жылы Ташкентке барып Кыргыз-Казак таалим-тарбия институтуна кирип окуйт. 1924-25-жылдары Орто-Азия мамлекеттик университетине жумушчулар факультетинде сабак берген.
Х. Карасаев студенттерге лекция окуп жаткан учуру
1926-жылы И.Арабаев экөө «Жаңылык» китебин жазышат. 1928-жылы Ленинград шаарындагы чыгыш институтунда Түркологиялык семинариясына кирет. Институттун озундо лексикадан сабак берчу. К. Юдахин экөө кыргызча-орусча сөздүктү түзүшкөн.
1931-жылы Адабият жыйноо инструкциясын жазып, басмадан чыгарып, эл арасынан манасчы издеп айтылуу Саякбай Каралаевди алып келип үйүнө этнографиялык кече уюштурган Иши оңоло баштаганда 1941-жылы согуш башталып, аскерге барбай турган буйрук беришет. 1944- жылы кондидаттык дисертациясын жактап, чыгармачылыкка катуу киршип бир нече китеп жазат.
Азыр Х. Карасаевдин эстелиги, мемориалдык коплексин көл жээгине орнотулган. Бул кишинин залкар эмгектери түбөлүккө кыргыз элинде сакталып, мурас болуп кала берет.
Сылыктары:
Илимпоз, окумуштуу, Кызыл-Туу, «Манас» орденин, эл аралык « Даанышман» сыйлыгынын ээси, «Кыргыз Республикасынын илимине эмгек синирген ишмер» мамлекттик сыйлыктын ээси.
Жарык көргөн китептери:
Русско-киргизкий словарь (И.А.Батманов менен бирге). - Фрунзе-Казань, 1938 Русско-киргизский словарь (Ж.Шүкүров, К.Юдахин менен бирге),-М.,1944 Орфографиялык сѳздүк (Ю.Яншансин менен бирге), -Фрунзе 1956 Кыргыз тилинин орфографиялык сѳздүгү. Фрунзе 1966 Түгѳйлүү сѳздѳр (А.Карасаева менен бирге)-Фрунзе 1971
Жарык көргөн китептери :
Семантика падежей в киргизком языке,Труды Института языка и литературы,в.1.-Фрунзе 1944 «Накыл сѳздѳр» «Ѳздѳштүрүлгѳн сѳздѳр» «Күлкүнаама» «Камус наама» 1990-ж. О.Сыдыковдун «Тарых кыргыз Шадмания» аттуу китебин азыркы тамгага ѳткѳрүп, ага баш сѳз жазган. Кыргыз ырларынын түзүлүш системасы жѳнүндѳ, «Советтик Кыргызстан», №1. 1946.
Кийинки сабакта
көрүшкөнчө саламатта болгула!