Просмотр содержимого документа
«Кичипейил деген эмне?»
Кичи пейил деген эмне?
Адамдын эң кымбат сапаты -бул анын адеби, адамгерчилиги, ыймандуулугу, кичипейилдиги болуп эсептелет.
Бул сапаттар адамдын татыктуу жашоо, инсан болуу белгиси. Бул багытта
өзгөчө төмөнкү сапаттарды өзүн –өзү тарбиялоо зарыл: ак ниеттүүлүк, адилеттүүлүк, ак пейилдик, боорукерлик , сылыктык, сыпайлык, ток пейилдик, жөнөкөйлүк , ынтымактуулук, мамлечилдик, жароокерлик, жоомарттык, колу ачыктык, чынчылдык, ыйман, арнамыстуу, , уяттуулук, калыстык, ак көңүлдүүлүк, сабырдуу токтоолук, кечиримдүүлүк . Мында өзгөчө башкаларга жакшылык каалап , өтө ак ниет менен иштеп , жашоого, бардык иште мамиледе, адилеттүүлүктү, адам герчиликти,
1-даражага коюуга, башкаларга кичипейилдик , мээримдүүлүк, сылык мамиле кылуу , ар- намыстуу, чынчыл болууга тарбиялоо өз үстүнөн көп иштөөнү, амал кылууну талап кылат. Ошондуктан адамгерчиликтүү, кичипейил болуу бул. Улуу максатты - улуу күчтү жаратат .