СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ким канча эт жеген?

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Эсептөөнү талап кылган көрүнүш

Просмотр содержимого документа
«Ким канча эт жеген?»

«Ким канча эт жеген?»

(Эсептөөнү талап кылган көрүнүш)

Катышуучулар:

  • Арстан

  • Теке

  • Кандек

  • Биринчи карышкыр

  • Экинчи карышкыр

  • Биринчи түлкү

  • Экинчи түлкү

  • Үчүнчү түлку

Бардыгы чогулуп, Арстандын кабинетинде отурушат.

Алып баруучу:

Бир күнү айбанаттар баары жыйналышты,

Жетекчи Арстан отурду өбөктөп столду.

Ошондо Арстанга арызга турду,

Бакылдаган теке көтөрүп колду.

Теке:

Ой туугандар,

Төмөндөгүдөй иш болду.

Байкашымча түлкү карышкырдын,

Аябай шиши толду.

3 түлкү, 2 карышкыр,

Жеп жатыптыр бир койду.

Ушуларды сурай алган,

Уубакыт да жетишип болду.

Арстан:

Эсепчил досум кандек,

Текшерүүнү сага берсек.

Айыптарын мойнуна кой,

Жегендерин так эсептеп.

Кандек:

(счетун алып бешөөнү сурай баштайт)

Ээй түлкү, карышкыр,

Бир койду бешөөң жарыпсың.

Тайсалдатпай толук айткыла,

Канчадан этин алыпсың?

Канакей бул кылганыңар чынбы?

Же жөн эле уюштурулган чырбы?

Айткыла убакытты өткөрбөстөн,

Ичиңерге бекитпей сырды.

1-карышкыр:

Айтсам жашырбай сырды,

мунун баарын ачкачылык кылды.

Мына быйыл он бешке келдим,

Жашымдын 2/5 бөлүгүнчөлүк

Салмактагы этти жедим.

Бирок канча киллограмм экенин,

Чындыгында билбедим.

Калганын булар жеген эле,

Сурай бер канча экенин.

2-карышкыр:

Мен да чынын айтсам,

Кой этинен жегем.

Жогорку жегендин 2/3 си,

Менин курсагыма кирген.

Тараза болбогондуктан,

Салмагы канча өзүм билбейм.

Кандек /Түлкүлөргө карап/:

Аа, куу түлкүлөр,

Силерге кезек берем.

Айткылачы, кой этинен

Канчадан жегенсиңер?

Биринчи түлкү:

Оо, армандуу күн деген,

Бул кой уурулук бекен.

Азыраак шам-шум эткемин,

Экинчи карышкыр алып келгенден,

Карышкырдан сураган элем.

Азыр этти мен жеген,

Канча киллограмм десем,

“Мен жегендин 1/2 и” деген.



Экинчи түлкү:

Бизди кичинесиңер деген,

Эттен аз эле берген.

Өз салмагымдын аныгын билем,

Он төрт киллограмм элем.

Келип таразага түшсөм,

Салмагымдын 1/7 бөлүгүнчө семиргем.

Үчүнчү түлкү:

Мен дагы азыраак,

Аптыгып батыраак.

Үч кило эт жесем,

Мага эле асылат.

Арстан:

Салмагы канча бул койдун?

Эсепте кандек батыраак.

Кандек:

Ким канча эт жеди,

Эч эле башым жетпеди.

Эсептеп жардам бергиле,

Канча килого тең келди?

Мунун жыйынтыгын катышуучулар чыгарат.