Просмотр содержимого документа
«"ким шамдагай" таймашы»
Сабактын темасы: КИМ ШАМДАГАЙ Сабактын максаты:
- а) Окуучулардын информатикага болгон кызыгуусун арттыруу.
- б) Информатикадагы маселелерди өз алдынча чече билүүсүн, алган билимдерин турмушта пайдалана билүүсүн өнүктүрүү.
- в) Чечкиндүүлүккө, биримдикке жана ынтымактуулукка тарбиялоо.
Сабактын көрсөткүчү:
- а) Окуучулардын информатикага болгон кызыгуусун арттырса.
- б) Информатикадагы маселелерди өз алдынча чече билишсе, алган билимдерин турмушта пайдалана билишсе.
- в) Чечкиндүүлүккө, биримдикке жана ынтымактуулукка тарбияланышса.
Таймаштын шарттары:
2. «Информатикалык чынжырча»
3. «Ойлон, тап»
4. «Математикалык макалдар»
5. «Бат берилуучу суроолор
6. Капитандар таймашы
7 . Ноокат шаарынын жана Айтматовдун 90 жылдыгына карата класстер тузуу .
Биринчи команда:
«Интернет»
Экинчи команда:
« WI - FI »
Экинчи шарт:
“ Информатикалык чынжырча”
Бул шартта информатикалык терминдерди кезектешип тез-тез айтуу керек. Ким такалып токтоп калса, ошол команданын чынжыры үзүлүп, жеңилет.
Үчүнчү шарт:
“ Ойлон, тап”
Бул шартта командаларга логикалык суроолор берилет. Алар командасы менен ойлонуп табышат. Убактысы чектелүү.
Биринчи суроо:
- Биз компьютерде иштеп жатканда керексиз документтерди өчүргөндө алар кайсы жерге барып түшөрүн билебиз. Windows операциондук системасында өчүрүлгөн керексиз документтерди топтоочу папканы эмне деп атайбыз?
- Компьютердин эсинде жана сырткы алып жүрүүчүлөрдө сакталуучу жана жалпы аталыш менен бириктирилген маалымат.
Төртүнчү шарт:
Бул шартта эки командадан эки окуучу чыгып сандар катышкан математикалык макалдарды айтышат. М:
Дос эгиз, душман сегиз.
Конокко аш кой, эки колун бош кой.
Бир колуңду ачсаң, бир колуңду жум.
Бир конгон конок кут, эки конгон жут, үч конгон конок курут.
Бешинчи шарт:
Бат берилуучу суроолор
Бул шартта командаларга жети суроо берилет , бат баттан жооп алынат.
Алтынчы шарт:
“ Капитандар мелдеши”
Бул шартта эки команданынкапитандары келишип төмөнкү суроолорго жооп беришет.
7- Шарт
Эки командага Ноокат шаары жана Айтматовко карата класстер. Убактысы чектелуу
Үйгө тапшырма:
Ар бир окуучу өзүнүн командасынын атына класстер түзүп келүү.