СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Китеп-акыл кенчи.

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Китеп-акыл кенчи.

Просмотр содержимого документа
«Китеп-акыл кенчи.»

И.Адишев атындагы №12 орто мектебинде ѳткѳрүлгѳн 23-апрель «Бүткүл дүйнѳлүк китеп жана автордук укук күнүнѳ» арналган «Китеп-акыл кенчи» аттуу майрамдык кеченин план-сценарийи.

  1. Китеп күнү боюнча кыскача маалымат:

Китепканачы: Маматова Укей.

Саламатсыздарбы урматтуу агай-эжейлер жана окуучулар! Биздин бүгүнкү «Китеп – акыл кенчи»-аттуу майрамдык кечебизге кош келиңиздер!

Биринчи жолу мектеп партасына олтуруп, мугалим колуңа карматып тамга тааныткан китеп бул – Алиппе. Китеп акыл маалыматтарды ѳзүнѳ камтып, эски менен жаңыны, улуу менен кичүүнү, эл менен элди бириктирүү касиетине ээ. Китепти кеңешчи ишенимдүү дос десе да болот. Араб жазуучусу Аббас Махмуд : «Бир сыйрадан эки китепти окуганга караганда бир китепти эки сыйра окуган жакшыраак, терең маанилүү болот»- деген. Тилекке каршы кийинки убактарда китеп окубагандар кѳбѳйдү.

1995-жылы Парижде болуп ѳткѳн ЮНЕСКОнун генералдык конференциясында ушул эле маселе козголуп, китептин баркын кѳтѳрүү, адамзаттын маданий жагына социалдык жактан жетилүүсүнѳ салым кошкон адамдардын эмгегин баалоо максатында 23-апрель «Бүткүл дүйнѳлүк китеп жана автордук укук күнү» деп кабыл алышкан. Бул дата жѳн эле тандалып алынган эмес, дал ушул күнү дүйнѳлүк адабияттын дѳѳ-шаалары: Сервантес, Шекспир жана Инка да каза болгон. 2-апрелди атактуу жомокчу Ханс Кристиан Андерсендин туулган күнүн дүйнѳ эли «Балдарга арналган китеп күнү» катары белгилешкен. Бизде да кыргыз ѳкмѳтүнүн чечими менен 2001-жылдан баштап 23-апрель китеп күнү болуп белгиленип, майрамдалып келе жатат.

Китеп – адабий, кѳркѳм, коомдук-саясий, илимий же практикалык мазмундагы кѳп барактуу басма сѳз чыгармасы. Коомдук –саясий жана идеологиялык күрѳштүн курамы, илим-билимди жайылтуунун жана сактоонун, тарбиянын маанилүү каражаты.

Китеп сени сѳз ѳнѳрүнүн ажайып дүйнѳсүнѳ жетелейт. Сен бѳлмѳдѳ болсоң сыртты кѳргѳзгѳн терезе, сен сапарга чыксаң, китеп сага жол кѳрсѳткѳн, багытыңдан адаштырбас алтын казык- жылдыз. Кыскасы китеп сенин ѳмүрлүк жолдошуң, жашооңдо колдон түшкүс жан-буюмуң. Ошондуктан айта кетчү нерсе китепти сүйгүлѳ. Ал силердин жашоо-тиричилигиңерди жеңилдетет.

Анда эмесе сиздердин кѳнүлүңүздѳрдү «Китеп-акыл кенчи»-аттуу майрамдык кечеге бурабыз.

Калыстар тобу менен тааныштыруу:

-башталгыч класстар мугалими: Абдырахманова Э.

-химия жана биология мугалими: Матиева А.

-кыргыз тили жана адабияты муг: Түмѳнова У.

-мектептин МЖУнун жетекчиси: Бейшебай к. Ч.

  1. Китеп жѳнүндѳ накыл сѳздѳр, декломациялар: 1-4-класстын окуучулары:

Ѳмүрдүн жан шериги жакшы китеп,

Жаш жүрѳк жалындаган жолун тиктеп.

Китептен не кааласаң баардыгы бар,

Эринбей карап чыксаң таамай издеп.

Китеп бизге чын жолдош,

Китеп бизге анык дос.

Пайдаланып китептен,

Акылыңа акыл кош.

Ар дайым китеп менен ДОС болсоң,

Жакшы окуйсуң мектепте.

Талбай окуп ар убак,

Таалим алгын китептен.

Окуйлу, окуйлучу китепти биз,

Билимдүү боло албайбыз биз китепсиз.

Эгер биз окубасак китептерди,

Жете албайбыз бийиктикке эч кимибиз.

Китепти сүй баркын бил,

Китептин кѳп акылы.

Ким китепке ДОС болсо,

Ал ошонун жакыны.

Адабий окуу:

Адабий окуу китебимин,

Башаты баардык илимдин.

Окуу, үйрѳн талыкпай,

Капкагын ачып илимдин.

Математика:

Тѳрт маалды билгизем,

Чындыктан түзүп маселе.

Жалпыңа ой жүргүзѳм

Кыргыз тили:

Туура окуп жазуунун,

Эрежесин үйрѳтѳм.

«Кыргыз тили » боломун,

Катаасыз кѳркѳм сүйлѳткѳн.

Орус тили:

Орус тили достук тил,

Ортосунда элдердин.

Бардык жерде керек тил,

Ошондуктан жакшы бил.

Мекен таануу:

Курчап турган дүйнѳңдү,

Байкап баарын үйрѳнүү.

Урматтап менден билим ал,

Ѳз жериңди билип ал.

Китептер:

Биз силерди сүйѳбүз,

Ар бирибиз жүрѳктѳн.

Окусун деп жүрѳбүз,

Ардактап бизден билим ал.

Айткандарды билип ал.

Китеп билим булагы, - Хор

Китеп билим чырагы.

Баардык бала мектепте, Китеп тилин угалы.



  1. Китеп жѳнүндѳ чакан инсценировка: 4-класстын окуучулары:



  1. Таланттуу балдардын ѳнѳрлѳрүнѳ кѳңүлүңүздѳрдү бурабыз жалпы мектептин окуучулары эки командага бѳлүнүп ѳз ѳнѳрлѳрүн кѳрсѳтүшѳт:



  • Саламдашуу

  • Жеке номер

  • Кыргыз бийи

  • Инсценировка

  • Бий

  • Кол ѳнѳрчүлүк

  • Кѳркѳм окуу

  • Тамашалуу номер

  • Викториналык суроолор (Командалар бири-бирине)



  1. Жыйынтыктоо:Жумалыктын жыйынтыгын тѳмѳндѳгү тапшырмалардын негизинде чыгаруу жана грамота тапшыруу.

-жалпы окуу китептеринин абалы

-марафонго чогулткан китептеринин эсеби

-эң мыкты кол ѳнѳрчүлүк боюнча

-колго жасалган китепчелери боюнча калыстар тобу тарабынан жыйынтыгы чыгарылып, тиешелүү болгон класстарга мектептин грамотасы жана жекече белектер менен сыйланышат.

12. Мектептин директору Н.Жусубалиевге, ОББнун башчысы:Молдалиевага жана калыстар тобуна сѳз берилет.



Түзгѳн китепканачы: Маматова У.

Кыргыз Республикасы

Ош областы, Алай району

И.Адишев атындагы №12 орто мектеби



23-апрель

« Бүткүл дүйнѳлүк китеп жана автордук укук күнүнѳ» арналган майрамдык кеченин

план-сценарийи.







Мектептин китепканачысы: Маматова Укей.

Таш-Короо айылы.

2019-жыл.

















23-апрель « Бүткүл дүйнѳлүк китеп жана автордук укук күнүнѳ» арналган майрамдык кеченин программасы.

  1. Кечени ачуу: Китепканачы Маматова «Китеп жѳнүндѳ маалымат»

  2. 3-класс: Китеп жѳнүндѳ ыр-декломацияларды айтышат.

  3. 4-класс: Инсценировка

  4. 5-11-класстын окуучуларынын ортосундагы конкурс:

  • Саламдашуу:Команданын атын, эмблемаларын коргошот.

  • Жеке номер

  • Кыргыз бийи

  • Инсценировка

  • Бий

  • Кол ѳнѳрчүлүк

  • Кѳркѳм окуу

  • Тамашалуу номер

  • Викториналык суроолор (командалар бири-бирине даярдашкан)

  1. Жыйынтыктоо: Атайын түзүлгѳн критерийдин негизинде окуучуларга грамота, сыйлыктар тапшырылат.

  2. Мектеп директору Н.Жусубалиевге, ОББнын башчысы С.Молдалиевага жана калыстар тобуна сѳз берилет.

Түзгѳн китепканачы: Маматова Укей


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!