Төлөнбаева Бактыгүл. Чоң-Алай району. Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин башталгыч класстар мугалими.
Китеп – билим булагы
Сабактын максаты: 1. Окуучулар китеп жөнүндөгү билимдерин талкуулашат.
2. Китептин баалуулугун билип, аң-сезимдерин өнүктүрүшөт.
3. Китепти сүйүүгө, жакшы колдонууга тарбияланышат
Жабдылышы: Китептер, учкул сөздөр, плакаттар, сүрөттөр, ырлар, проектор
Жүрүшү:
Уюштуруу
Махфуза:
Өнөрлөрүн көрөлү деп балдардын
Ата энелер, мугалимдер келишти.
Кыргызымдын салты го бул илгертен
Унутпайлы ыссык салам беришти.
Ассалому алейкум меймандар
Арбаңыздар бар болуңуздар.
Назар:
Алгалап заман арыштап кадам
Ушул жерде отурушкан
Атам жана апам
Эжекелер, агайлар сиздерге
1-класстын атынан
Жалындуу ыссык салам.
Хусейин: Китеп менин тунук таза булагым,
Китеп менин өчпөс жарык чырагым.
Сумая: Көптү билип, окуп көрүп китептен
Мекениме талбай кызмат кыламын
Нур: Китепти сүй баркын бил
Китептин көп акылы
Ким китепке дос болсо
Ал ошонун жакыны
Мугалим: Айткылачы балдар, биз окуган китептер эмнеден жасалат экен?
Ибрагим: Китеп кагаздан, ал эми кагаз жыгачтан жасалат.
Юсуф: Мына ушул алтын китеп.
Адамзат ушулдан ар кыл акыл күтөт. Бул китепти окуган айга, күнгө да жетет.
Жумабек: Билим кени китеп
Тарбия кени мектеп
Ким китепти көп окуса
Ал көптү билет.
Умугүлсүн: Андыктан аны барктай билүү керек. Китеп бизге чын жолдош.
Инценировка:
“Эки китептин маеги”
Бул жомокто табышмак жок
Китептерде айып жок
Кандай окуучу экениңди
Жандырмагын өзүң талда.
Муса: Ким китепти кирдетсе
Китеп баркын билбесе
Жулуп алып барагын
Орой койсо бир нерсе
Ал китептин душманы.
Нурия: Ким китепти сүйбөсө
Кадырына күйбөсө
Барактарын шарт айрып
Калжың кулжуң сүйлөсө
Ал китептин душманы.
Марлен: Ким китепти кордосо
Ырайымы болбосо
Сүрөттөрүн уурдаса
Уурдап көнгөн колдорчо.
Ал китептин душманы.
Хор: Баардыгынан ким жаман?
Китеп жырткан шум жаман.
Элнура: Ойлойм өсөт акылым.
Окуй берсем күндө эле
Китеп менен достошуп
Кирем кызык дүйнөгө.
Аширали: Сүттөй таза тилегим
Деңиздей кең талабым.
Көктөй тунук акыйкат
Анын ар бир барагы.
Хор: Ошондуктан баркын бил
Кирдетпестен бир четин
Сыя төгүп булгабай
Таза сакта китепти.
Китеп жөнүндө улуу ойчулдардын сөздөрү:
“Китеп окуган адам окубаган адамдан алда канча жогору турат”
“Мен үчүн китеп алтын тактыдан да кымбат турат”
“ Китепсиз билим жок,
Билимсиз өмүр жок.”
“Акыл айга, билим көккө жеткизет”
“Китеп билим булагы”
“Китеп мүлк, оокат, нан
Китеп окубаган адам наадан.”
Хор: (Китеп ыры)
Мугалим: Демек, биз китепти таза, тытпай колдонушубуз керек экен. Китептен көптөгөн билим алат экенбиз.