Просмотр содержимого документа
«Китеп искусствосу»
Китеп искусствосу
Адам баласынын жаралгандан берки тарыхындагы жараткан буюмдарынын ичинен эң мыктысы – бул китеп. Биз китепсиз алгачкы коомдогу адамдардын өнүгүү деңгээлиндей эле болуп кала бермекпиз. Адамзаттын илим, искусство жана маданият тармагындагы жетишкендиктеринин бардыгы китепке байланыштуу. Азыр дагы силер ушул китептин жардамы менен көркөм өнөр чеберчилигинин сырларын үйрөнүп жатасыңар. Китепсиз бул ишти жасоо мүмкүн эмес эле. Китеп – бул комплекстүү система. Аны көп позициядан караса болот. Биз китепти үч позициядан карап көрөлү
Биринчиден, китеп – буюм сымал, анын физикалык түзүлүшү төмөнкүчө: китептин мукабасы, блогу, корешогу, өлчөмдөрү жана башкалар. Экинчиден, китеп адамдардын өз ара баарлашуу каражаты катары каралат. Үчүнчүдөн, китеп – бул искусствонун каражаты. Китептин бизге мына ушул үчүнчү багыттагы колдонулушу кызыктырат, себеби биз аны көркөм өнөр чеберчилигинин негизинде карайбыз. Байыркы заманда китепти колго жазышкан. Алар жалгыз нускадан жасалган. Алар падышаларда жана эң бай адамдарда гана болгон. Китепти басып чыгарууну ойлоп тапкандан кийин басмаканаларда бир китепти бир нече нускада даярдоо мүмкүн болгон. Ошондон улам китеп көптөгөн адамдардын энчиси болуп калды. Китеп аркылуу адамдар бири-бири менен тажырыйба алмашышат, илим-билимдерин сактап, болочок муундарга берип келет.
Китеп бир гана автордун чыгармачылыгы болбостон, ал көптөгөн адамдардын: жазуучулардын, сүрөтчүлөрдүн, дизайнерлердин, басуучулардын, мукабачылардын ж. б. эмгегинин натыйжасы. Алар китептин кооз, сапаттуу жана колдонууга ыңгайлуу болушуна кам көрүшөт. Китеп менен баарлашкан ар бир колдонуучу анын түзүлүшүн билиши керек. Келгиле, биз да аларды билип алалы. Китептин өлчөмдөрүн формат деп атоо кабыл алынган. Китептин форматтары ар түрдүү болушу мүмкүн, бирок алардын стандарты бар. Байкасаңар керек, бардык мектептердеги бир сабактын китептери окшош жана көлөмдөрү бирдей. Китептин кооз, сапаттуу жана колдонууга ыңгайлуу болушу үчүн анын бардык нерселери тиешелүү тартип менен, бир стилде жана текстке жараша жасалышы керек. Китепте текст менен бир катар сүрөттөр, фотосүрөттөр жана көптөгөн графикалык материалдар жайгаштырылат. Бул материалдардын бардыгын биз иллюстрациялар деп атайбыз.
Биз дагы окуган бир жомокко китептин барактарынан көрүнгөндөй кылып иллюстрация даярдап көрөлү.
Тапшырма Өзүңөр жаккан жомоктун бирөөсүн тандап эки сүрөт тарткыла. Бир сүрөт мааниси боюнча экинчисин уланткыдай болсун. Сүрөттү каалаган техника (карандаш, акварель же гуашь) менен аткарсаңар болот.