СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз Республикасынын баатыры Турдакун Усубалиевге 100 жыл

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

«______»_______________20_____»

Сабактын темасы: Кыргыз Республикасынын  баатыры Турдакун Усубалиевге   100 жыл

Сабактын тиби: Жаңы билим берүү сабагы

Сабактын максаты:

 Билим берүүчүлүк:ОкуучуларгаТурдакун Усубалиевдин                            ѳмүр жолу жана анын ишмердүүлүгү,кыргыз мамлекетти ѳнүктүрүү үчүн кошкон салымы жѳнүндѳ толук маалымат берүү. Анын саясий ишмердүүлүгүнѳ  ѳзгѳчѳ токтолуу.

Ѳнүктүрүүчүлүк максаты:   Турдакун Усубалиев                                           жѳнүндѳгү айрым маалыматтарды окуучуларды ѳздѳрүнүн табуусуна жана алардын жыйынтык   чыгаруусуна берүү менен бирге окуучулардын активдүүлүгүнѳ  жана ѳз алдынчалыгына  жетишүүсүн ѳнүктүрүү.

Тарбия берүүчүлүк  максаты: Сабак ѳтүү учурунда  окуучуларды                          

Кыргыз элин сүйгѳн,кыргыз эли үчүн жанын аябаган  патриот болууга тарбиялоо.Окуучуларды ѳз тарыхын,кыргыз элине эмгеги синген тарыхый инсандарды урматтоого тарбиялоо.

Сабактын жабдылышы: доска,бор,карточка,буклеттер ж. б

Сабактын журушу:1)Уюштуруу:

 Саламдашуу менен бирге окуучуларга сабактын темасы,максаты менен тааныштыруу.

2)Жаны тема

Усубалиев Турдакун Усубалиевич-1919-жылы Нарын облусунун Кочкор районунун Теңдик айылында туулган.Эмгек ишмердүүлүгүн Кум-Дѳбѳ айылдык башталгыч  мектебинде мугалим  болуп иштѳѳдѳн баштаган.                                   Билими:1939-жылы Кыргыз Мамлекеттик педагогикалык  институтуна тапшырган. Партияга мүчѳ болуп кирген.1943-жылы ККП БК агробюросунун  жогорку партиялык мектебин  окуган.Партиялык окуу жайы саясий кѳз карашынын  калыптанышына,илимий потенциалынын ѳсүшүнѳ чоң таасирин тийгизген.1965-жылы Москвадагы Ленин атындагы педагогикалык институтун бүтүргѳн.                                                                        Кыргызстанга келип Кыргызстан Коммунистик партиясынын Борбордук комитетинин 1- катчысы И.Раззаков менен жолугушуп «Советтик Кыргызстан» гезитинин редактору болуп дайындалган.1961-жылы И.Раззаков бийликтен кетип, БК бюросунун  мүчѳсү Т.Кулатов ККП БК биринчи катчылыгына Т.Усубалиевди сунуш кылып, андан соң ККП БК биринчи катчылыгына дайындалган.Ал ККП БК 1- катчысы болуп иштеп баштап, республиканын жашоосунун  ар бир кадамы үчүн келечекте ѳзү жооп береерин түшүнгѳн.

Жеңил ѳнѳр жайы

1963-жылы 23-августта Комволдук-нооту ѳндүрүшү  республикада биринчи ишке киргизилген.                                                                                                                                       1969-жылы Токмокто жүндү тазалап иштетүүчү импорттук  5 кургатуучу агрегаты,1 кубаттуу фабрика   ишке киргизилген.Ошто кездеме токуучу комбинат,Кара-Балтада килем токуучу комбинат курулган.Фрунзеде байпак токуучу  фабрика ишке киргизилген.Булгаары заводу,цемент,шифер,асбест-цемент труба ѳндүрүш  цехи,Жел-Арык акиташ заводу,Токмокто терезе  айнектерин жасоочу заводдор курулуп ишке берилген.                                                           Республика  үчүн эң маанилүү  болгон курулуш материалдарын ѳндүрүүчү  завод, фабрикалардын  жергиликтүү аймактарда салынышы Кыргызстанда жашаган  калктын кѳптѳгѳн маселелерин чечкен,калктын турак-жайга болгон муктаждыгы  чечиле баштаган, калктын турмуш-тиричилиги жакшырып, маданий деңгээлинин ѳсүшүшү байкалган.

Жеңил ѳнѳр жайдын ѳнүгүшү

Ѳнѳр жай продуктуларынын түрлѳрү

1961-1965-жж

1981-1985-жж

1961-1985-жж

жыйынтыгында

Электр энергиясы (млн.кв.саат)

8878

54168

133381

Таш кѳмүр(миң тонна)

17011

19670

95699

Сурьма металлы (тонна)

15345

40792

147956

Кездемелер

Пахтадан токулган

8468

461666

1096115

Жүндѳн токулган

6778

37823

153949

Жибектен токулган

3348

54461

223766

Бут кийим

18797

52815

223766

Эт (миң тонна)

301,2

543,6

2184,0

Сүт азыктары

321,5

1049,0

3705,3

консервалар

260,5

632.4

2518,6

Кумшекер

831,0

1497,0

5611,7

Малдын майы

32,8

54,6

210,0

Арак (миң даана)

10533

11946

67849

Жемиш шараптары(миң)

1715

5752

23310

Жүзүм шарабы (миң)

6053

18236

66051

 17 комплекстүү  соода базарлары, жалпы соода аянты  359200 кв/м түзгѳн,2910  дүкѳн,46 миң оорундуу ,567 коомдук тамактануу жайлары ж.б ишканалар курулган.

Оор ѳнѳр жай.

Фрунзеде  60-жылдары Кыргызстанда машина куруу заводу иштей баштаган. Кыргызстанды эле эмес ГАЗ-52,ГАЗ-53,ЗИЛ-130 тибиндеги  машиналар Түштүк  Казакстан, Борбордук Азия  республикасын камсыз кылган.Пресс подборшик жасоочу Борбордук Азиядагы жалгыз гана  автомобиль заводу болгон.Кыргызстанда сурьма чыгарылып, «дүйнѳлүк эталон» деп атала баштаган.

Республика

1965-ж

1980-ж

Ѳзбек ССРи

61,0

247,0

Казак ССРи

41,04

153,71

Кыргыз ССРи

1070,4

7600

Тажик ССРИ

27,8

140,3

1960-жылдары  негизги кѳйгѳйлүү маселердин  бир кѳмүр кени  болгон.Кызыл-Кыя,Таш-Кѳмүр,Кѳк-Жаңгак,Сүлүктү кѳмүр металлургиялык  комбинаты иштей баштаган.1967-жылы  республикада  ири тоо кен металлургиялык  комбинаты иштей баштаган.1958-жылы  Бишкек ири жылуулук  электр  борборун (ТЭЦ) курулуп башталып,1978-жылы ишке киргизиглен.1974-жылы  3000миң орундуу Спорт сарайы,Кыргыз мамлекеттик академиялык театры,кѳркѳм сүрѳт музейинин  жаңы имараты,1976-жылы 2000 орундуу Цирк имараты курулган.

1980-жылга  жалпы борбор шаар боюнча маданий агартуу мекемелеринин   кеңири тармагы түзүлгѳн.Бардыгы 87 китепкана,25 маданият үйү,16 кино театр,4 театр салынып ишке киргизилген.1980-ж Т.Сатылганов атындагы филармония, «Манас» аэропорту,Батыш жана чыгыш автобекеттери,Ак үй  Т.Усубалиевичтин демилгеси менен салынган.

Кыргызстандын айыл чарбасында жүргүзгѳн иштери

Айыл чарба ѳсүмдүктѳрү (жылына орто эсеп менен)

1971-1975-жж

1976-1980-ж

1980-1985-жж

Дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү

18,7

23,6

25,1

Кант кызылчасынын түшүмдүүлүгү

374

366

209

Картошканын түшүмдүүлүгү

112

122

128

Жашылчалардын түшүмдүүлүгү

192

204

203

Багбанчылыктын түшүмдүүлүгү

121

137

135

Пахтанын түшүмдүүлүгү

27,6

28,3

19,1

Тамекинин түшүмдүүлүгү

19,7

22,2

25,1

Усубалиев иштеп турганда Кыргызстан айыл чарбасы боюнча Союзда 3-орунга, ал эми кант кызылчасы жана жүгөрүнүн түшүмдүүлүгү боюнча 1-орунга чыкты. Усубалиев баарыдан мурда кайсы гана тармак болбосун илимдин жана алдыңкы тажрыйбанын жетишкендиктерин ѳндүрүшкѳкиргизүү боюнча катуу талап кое билип, ошону жүзөгө ашыра алды. Оштун аймагы тамеки ѳстүрүү үчүн каралган. Кыргызстан үрөн менен өзү тургай өзгөлөрдү да камсыздаганга жетишти. Ушул учурда үрөн боюнча өзүбүздү 50 пайыз да камсыздай албай турган шарттарда, - Кыргызстан буудайдын, арпанын, жүгөрүнүн үрөнү менен бүтүндөй Орто Азияны жана Кавказ республикаларын, ал эми кант кызылчасынын үрөнү менен Орусия, Украинаны, атүгүл ГДРди беденин үрөнү менен камсыз кылып турдук.                  Т.Усубалиев мал чарбасын ѳркүндѳтүүгѳда ѳзгѳчѳкөңүл бурду. Ошол кездеги мамлекеттик асыл-тукум чарбалар ѳндүрүштүн үлгүсү жана күзгүсү болгон.Мал чарбасын ѳнүктүрүү,мал сарайларды салуу,чабандар үчүн жылуу үйлѳрдү куруу керек болгон.

Малдын түрү

1965

1975

1985

Уй башы  боюнча

342,6

366,1

427

Кой башы

8303,2

9850,5

102000

Чочко

224,1

33,8

349,3

Жылкы

230,4

258,5

276,5

Бакма канаттуулар

5331,3

7845,8

12394,1

Билим берүү, маданият.

Турдакун Усубалиевич Билим берүү жаатына ѳзгѳчѳ кѳңул бурган.Революцияга  7 миң гана бала окуса,1970-ж 13720-орунду  24 мектеп салынган.Орто  мектептер 1965-1980-ж 2,1 эсеге ѳскѳн.1970-ж  республикада күндүзгү  636-орто, 606- сегиз жылдык, 484- башталгыч мектеп болгон.16 мектеп кыргыз тилинде,7- орус,2- ѳзбек,13- башка тилдерде окутулган.                    1970-ж  кесиптик- техникалык  окуу жайлардын  саны 45 ке жеткен.Фрунзеде айыл чарба институтунда адистерди даярдап чыгаруучу факультеттер ачылган.1980-1986-жж окуу жайларда 17 миң студент окуган.

 Маданий агартуу мекемелердин  тармактарынын ѳнүгүшү

Республика

Китепканалар

саны

Китеп,журнал (млн даана)

Клуб,мекемелер

Музей

Жылдар

1965

1980

1965

1980

1965

1980

1965

1980

Кыргызстан

1,3

1,7

10,7

19,19

6,2

1,1

5

13

Турдакун Усубалиевичтин колдоосу алдында  Онкология жана Радиология илимий  изилдѳѳ институту,1976-ж Кардиология  илимий изилдѳѳ  институту,1976-1980-жж  хирургия борбору ачылган. «Байчачекей», «Ден соолук», «Кыргызстандын маданияты», «Мугалимдер» гезит, журналдары чыга баштаган.Кино искусствосу, басма сѳз, телекѳрсѳтүү, радио уктуруу ж.б калктын маданий турмушун жогорулатууга таасирин тийгизген.Инсаныбыз белгилүү даражадагы  уюштуруучулук иштин стилин, методун  гана билбестен калем менен да тыгыз байланышта болгон.жазганэмгектерин 2ге бѳлѳбүз:

1-Советтик партиялык кызматта иштеп жүргѳн  мезгилде жаралган эмгектер.

2-Эгемендүү Кыргыз Республикасы мезгилиндеги жаралган эмгектер

1)1955-ж  « Советтик Кыргызстан»  республикалык гезитинин редактору болгон.Илимий эмгектеринин негизги темасы  улуттук маселеге арналган.                                     1-эмгеги «Фрунзе-Советтик Кыргызстандын борбору»

2-эмгеги  «Ленинизм-элдердин достугунун жана туугандаштыгынын  улуу булагы»

3. «Эмгекчилерди  интернационалдык  тарбиялоо»

4. «Элдердин  достугу  биздин баа жеткис жеңишибиз»

2)1991-жылдан кийинки эмгектери

1. «Доор.Түзүүчүлүк.Тагдыр»

2. «Келечекте жаңылбаш үчүн ѳткѳндү билүү керек»

Сыйлыктары: «Ленин» ордени, «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу», «Манас»ордени, «Сухо Батор», « Кыргыз Республикасынын баатыры», «Ак-Шумкар», «Достук» ,  «Кыргыз мамллекттик универстетинин ардактуу атуулу», «Бишкек Гуманитардык универстетинин ардактуу профессору», «Кыргыз архитектура курулуш институтунун  ардактуу профессору»- деген наамын беришкен.

Окуучулар Турдакун Усубалиевдин ишмердүүлүгү жѳнүндѳ сценка даярдап келишкен.

Ролдордо: Тарых-Кадыркулова Айдана

                  Н.С.Хрущев-Залкарбеков Жумабек

                  В.И.Поляков-Шамурат у Эрназ

                   Усубалиев Т.У-Кѳбѳев Каныбек

 Тарых: Мен тарыхтын карт барагымын.Менин башыман  эмнелер гана ѳтпѳдү.Миңдеген кылымдар бою жер үстүндѳ болуп жаткан бардык нерселерге  күбѳ болуп келем.Жер бетинде кан күйгүзүп,адамдар бири-юирин жалмаган  согушка күбѳ болдум.Ушунчалык сонун ийгиликтерге, мааракелерге адамдар бири –бири үчүн күйгѳн окуяларга, сүйүнүчтѳргѳ күбѳ болдум.Менин бир адатым бар.Отуруп алып ѳткѳн  күнгѳ сереп салып, кайрадан акыл таразасына  салып калчап ар бир нерсенин канчалык деңгээлде  туура, туура эмес экендигин таразалайм.

     Мына 1960-жылдардын башына   кѳз жүгүртүп кѳрѳйүнчү.Бул окуя кандайча болду экен.                                                                                                             (4-5 эркек бала отурат)                                                                                              Н.С.Хрущев:  Кана Поляков СССР боюнча айыл чарба  үчүн жооп бересиң.Эмне иштер жүргүзүлүп жатат?                                                 В.И.Поляков:Кыргыз ССРинин алыскы жайлоосунда Соң-Күл деген кѳл бар экен.Экологиялык жактан таза, суусу да абдан сонун.                                       Н.С.Хрущев: Ии анан                                                                                       В.И.Поляков:Мына ошол Соң-Кѳлдүн кѳлүнѳн  канал казып, суусун сугат үчүн пайдалануу керек.Казак ССРи,Ѳзбек ССРин бүт суу менен камсыз кылганга болот экен.Дан эгиндеринен жакшы түшүм алууга болот.             Н.С.Хрущев: Ап бали тезинен  анда ишке кириш.Турдакун Усубалиевич менен түз байланыш.Жыл аягына чейин  каналдардыкуруу иши аяктасын.                                             В.И.Поляков:Жарайт Никита Сергеевич(Эшикке чыгып кетишет).                       Т.Усубалиев келет ѳзүнчѳ кобуранып.                                                           Оо шумдук  бул эмнеси .Кылымдардан  бери келген ажайып кѳлүбүздү Ѳзбек,Казак талаасына тѳгүп түгѳтѳбүзбү.Эгер буга жол бере турган болсом тарых, кыргыз эли мени  эч качан кечирбес.                                                           Т.Усубалиев  Н.С.Хрущев менен жолугушуу үчүн Москвага келет.                              Секретарь кыз:Саламатсызбы?         Т.Усубалиев:Саламатсызбы?.Никита Сергеевич менен жолугууга мүмкүнбү?      Секретарь кыз:Күтѳ турунуз.Никита Сергеевич Кыргыз ССРинин Коммунистик партиясынын Борбордук Комитетинин 1-катчысы  Турдакун Усубалиевич келди.                                                                        Н.С.Хрущев:Кирсин                                                                                                          (Усубалиев кирет)                                                                                                        Н.С.Хрущев :Жолдош Турдакун Усубалиевич  келиңиз                                               Т.Усубалиев :Саламатсызбы Никита Сергеевич                                        Н.С.Хрущев:Саламатчылык.Кана  Турдакун Усубалиевич  Соң –Кѳл маселеси боюнча  эмне иштер жүргүзүлүп жатат?                       Т.Усубалиев:Жолдош Никита Сергеевич Соң-Кѳл кѳлү эзелтен бери кыргыздардын жерин кѳрккѳ бѳлѳп келет.Жылда ал жакка эс алуучулар барат.Ал жерге туристтерди тартуу менен  ѳлкѳбүзгѳ кѳп кирешелерди алып келсек болот.                                                                                                         (В.И.Поляков тура калып)-Жок болбойт.Биз сугат жерине  пайдалануу менен андан үч эсе  кѳп рентабелдүүлүккѳ жетишебиз.                         Т.Усубалиев:Жолдош Никита Сергеевич Кыргыз ССРи учурда мал чарбачылыгы  мене аты чыгып жатат.Соң-Кѳлдү ушул бойдон сактасак, бул кѳлдү мал чарбачылыгы үчүн пайдалансак  болот.Жылына совхоздун  малчыларын кѳчүрүп турсак  абдан жакшы болот.Кышы бою кар жаткандыктан ал жердин чѳбү  абдан бийик  ѳсѳт.Ал жерге жайлаган мал  кышында кѳп тоют сурабай, эттүү болот.                                    Н.С.Хрущев:Эгер ушул  айткандарың чындык болсо анда Соң-Кѳлдү жайына коелу.                                                                                         (В.И.Поляков тура калып)-Жолдош Никита Сергеевич               Н.С.Хрущев:-Болду.Кѳл ордунда калат.Турдакун Усубалиевич айткандай болсо  мал чарбачылыгынан эле  бир топ кирешеге ээ болобуз.     Т.Усубалиев:Рахмат Никита Сергеевич                                                                          Н.С.Хрущев:Кыргыз ССРи  бүт ССРди эт менен камсыз кылса жакшы болоор эле.Малды кѳбѳйтүү  керек го                                                                       Т.Усубалиев:Аракет  кылабыз                                                                                Тарых:-Мына ушул ак чач адам  25-жыл  кыргыздардын ѳлкѳсүн башкарды. Соң-Кѳлдү жерге сиңдирип  жоготпогондугу анын бир гана эмгеги.Анын эмгеги ат кѳтѳргүс.Эмне деген курулуш,эмне деген жолдорду салды.Адатымча ѳткѳнгѳ  сареп салып жатып     ойго батам.25-жыл бир мамлекетти башкарып  байлык жыйнабай эле,эч кандай саясий оюнсуз  эле кадыр баркын  түшүрбѳгѳн ушундай жетекчилер  кѳп болсо гана.5-10-жыл башкарып, мамлекетти талап тоноп, элин атып, чет жерге качкан жетекчилер ойлонсо гана.

Окуучуларга карточка таратылып берилет.Карточкадагы суроолого  жооп беришет.

Сабакты жыйынтыктоо:

  • Бишкек шаарын таанылгыс кылып ѳзгѳрткѳн, микрорайондогу кѳп кабаттуу үйлѳр, кинотеатр,мейманкана,цирк,филармония,кыргыз драма театры, Ала-Тоо аянты,Ѳкмѳт үйү,музей ж.б иштер бүтүрүлгѳн.
  • Борбордо гана эмес, республикадагы областар, шаар,райондор, айыл кыштактарда да экономикасы маданий ѳзгѳрүүлѳр болгон.
  • Республикада оор жана жеңил ѳнѳр жайларынын ѳнүгүшү жана канчалаган адамдар  иш менен камсыз кылынган комбинаттар, ири завод фабрикалар курулган.

Просмотр содержимого документа
«Кыргыз Республикасынын баатыры Турдакун Усубалиевге 100 жыл»

Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!