СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Китеп жана компьютер

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сайттан алынды

Просмотр содержимого документа
«Китеп жана компьютер»






Талкууда:


1. 8-9-класстын окуучулары катышат

2. Ар бир класстан беш окуучу

3. Чүчүкулак жардамында 2 топко бөлүнөт

4. Топтордун талкуусу

5. Көрүүчүгө бир собол

6. Адистин кеңеши

7. Билесиңби?

8. Жыйынтык.



Уюштуруу тобу.

Талкуунун жүрүшү.


1-топко ? Китеп деген эмне?

Китеп – бул текст басылган продукциянын түрү. Узак убакытты камтып, бир нече беттен турган, типографиялык же кол жазма түрүндөгү тексттик жана графикалык, ошондой эле эң азында 48 беттен көп жана эреже катары катуу сырт менен сыртталган маалыматтар топтому.

“Китеп” сөзүнүн Эл аралык мааниси “БИРИКТИРИЛГЕН БАРАКТАР”.

2-топко ? Компьютер деген эмне?

Компьютер – бул адамдын жөнөкөйлөтүлгөн модели, маалымат иштетүүчү универсалдуу машина.

“Компьютер” сөзү – “эсептеймин” дегенди билдирет.

1-топко ? Китептин бизге эмне кереги бар?

2-топко ? Компьютердин бизге эмне кереги бар?


Тарых мугалимине ? Китептин тарыхын айтып бериңизчи?


1-топко ? Компьютердин зыяндуу жактары?

2-топко ? Китептин кемчиликтери?


Кыргыз тили мугалимине ? Сиздин оюңузча китеп – бул...


1-топко ? Коом үчүн китеп жардамчыларынын ролу кандай? Мисалы: Газета, журнал, календар, афишалар,... ж.б.

2-топко ? Электрондук китептердин коомдогу орду кандай?


Физика мугалимине ? Экрандан чыккан нурлардын жана радиотолкундардын ден соолукка таасири?


1-топко ? Балдар адабиятынын бала тарбиялоодогу ролу?

2-топко ? XXI кылымдын жаштары электрондук маалыматка жакын болушат, ушул туурабы?


Көрүүчүлөрдүн ою: Урматтуу көрүүчүлөр кимде кандай ой бар?


1-топко ? Балдарды китеп окууга кызыктыруу үчүн эмне кылуу керек?

2-топко ? Техниканы туура пайдалануу эрежелерин кантип үйрөнсөк болот?


Көрүүчүлөргө ? Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү качан белгиленет?


Жыйынтыктоочу сөз математика жана информатика мугалими Камчыбек уулу Даткабек

Китеп – бул текст басылган продукциянын түрү. Узак убакытты камтып, бир нече беттен турган, типографиялык же кол жазма түрүндөгү тексттик жана графикалык, ошондой эле эң азында 48 беттен көп жана эреже катары катуу сырт менен сыртталган маалыматтар топтому.

“Китеп” сөзүнүн Эл аралык мааниси “БИРИКТИРИЛГЕН БАРАКТАР”.

Китептер эки түрдүү болушат – илимий жана адабий.

Тарыхы: Маалымат алмашуунун эң эски усулу оозеки берүү болгон. Адамзат тарыхында муктаждыктардан улам жаралган жазууларды эмнеге жазууга мумкун болсо, баарына жазып келишкен. Ылайга, дарак кабыгына, металл бетине, ж.б. Ылай барактардын чыдамдуулугун арттыруу максатында отко жагышкан. Байыркы Римде экиден, үчтөн, төрттөн бириктирүүлөр кездешкен.

Алгачкы китеп катары Байыркы Египеттин Бешинчи династиясынын падышасы Нефериркар Какйя нын(б.з.ч. 2400-ж) бухгалтердик китеби каралат. Ал өз-өзүнчө папирустан даярдалып бири-бирине желимделген жана оробой сактоого ыңгайлуу болгон(Свиток). Бул ыкманын башка турлорун Байыркы Рим, Египет, ж.б. турлорун кенири колдонгон. М: Жыгачтардан ж.б. нерселерден жасашкан.

Грецияга б.з.ч. X-IX кылымдарда Библос порту аркылуу жеткирилген. Анын бетиндеги сыя оңой жуулган жана кайра колдонууга ыңгайлуу болгон. Хартия (тик мамыча) 20 даанадан болгон.

III-IV кылымдан христиан коомчулугу ПЕРГАМЕН колдоно баштаган. Алар төрт барак пергаменден 16 беттүү китепче алышкан, бул грекче ТЕТРАД (четвёрка) – төртүлүк деп аталган.

IV кылымда Византияда колдо жазылган китептердин китепканасы түзүлгөн.

V кылымдан китептердин көзөмөлү монастьрларга өткөн жана бул көзөмөл орто кылымдарда да өз өкүмүн жүргүзгөн.

Китеп басып чыгаруунун формасы кытайлык темирчи Би Шен ге таандык (990-1051-ж.ж.).

XV кылымда немец окумуштуусу Иоганн Гутенберг типографиялык станок жараткан.

Эң алгачкы китеп сырт 1584-жылы Кристофер Баркердин ханыша Елизаветтага тапшырган Жибек сырты болгон.

XVIII-XIX кылымда китеп сыртын барактардан калың жана бир аз узун жасашкан.

1850-жылдан кооз тыштуукитептер чыга баштаган.

XIX кылымда б.а. 1800-жылдан буу машинасы жардамында пресса иштей баштайт.


Атактуу китепканаларда 130 миллион китептин аты бар.

Электрондук китептер же санариптик китептер – (анг. digital book – разг. “Читалка”) – тар адистештирилген тыкан планшеттүү компьютердик түзүлүш. Ал тексттерди электрондук түрдө чагылдырып берүүгө арналган.

Тарыхы: 1971-жылы АКШнын Иллинойс штатында Майкл Харт ысымдуу окумуштуу өз заманынын кубаттуу компьютери болгон Xerox Sigma V үстүндө иштеп, алгачкы электрондук китепти түзгөн. Ал “АКШнын көз карандысыздыгы Деклорациясы” эле. Майкл бул идеяны Гутенбергдин долбоорунан алган.

1996-жылы DEC компаниясы жалпы колдонуучулар үчүн DEC Letrice (фр.-читатель) электрондук тар адистештирилген компьютерин чыгарган. Анын наркы өтө жогору болгондуктан сериялдап чыгарууга мумкун болбогон.

Электрондук китеп массалык түдө 1198-жылы NuvoMedia жана Softbook Press компаниялары тарабынан LCD экраны менен чыгарыла баштаган.

2006-жылга чейин электрондук китептер аз түстүү жана аз функциялуу болушкан.

Жидкокристалический экрандын жаралуусу (ChLCD) бул тармакты жаңы баскычка көтөргөн.

2007-жылдан баштап электрондук китептердин базары болуп көрбөгөндөй ыргакта өсө баштайт. Буга себеп жаңы технологиялардын негизинде түзүлгөн электрондук кагаздардын жаралуусу болду.

Азыркы учурда адистештирилген электрондук китептер жана алардын мобилдик версиялары Смартфон, IPhon, IPad, ж.б. үчүн эң папулярдуу.

Артыкчылыгы: Маалыматтын сапаттуулугу, энергияны аз сарптоо, сенсордук экран, маалыматты оңой жаңылоо, текстти редактирлөө, фотоальбом катары пайдалануу, музыка угуу, компьютердик оюндар, ж.б.

Кемчилиги: Чектелген чөйрө, фукциялардын аздыгы, ток менен гана иштөө, төмөнкү ылдамдык (10%), ден соолукка зыяндуулугу, ж.б.


2014-жылы электрондук китептер китеп базарынын 30% түзгөн.

Азыркы учурда интерактивдүү китептердин түрлөрү көбөйүүдө:

Мисалы: On-Line book – электронная книга, Gamebook – Книга – игра, interactive childrens book – Книжка игрушка. ж.б. айтууга болот.

Билесиңби?


Дүйнөдөгү эң чоң китеп XIII кылымга таандык кол жазма Гигас Кодекси. Ал 640 беттен туруп, узундугу 92 см, туурасы 50 см, калыңдыгы 22 см, а салмагы болсо 75 кг. барабар.


Дүйнөдөгү эң кичине китеп Антон Павлович Чеховдун “Хамелеон” китеби. Ал 0,9х0,9 мм. 30 беттен туруп, бир бетинде 3 түстүү тамгада

11 катар сөз жазылган. Аны А.И. Киненко 1996-жылы Омскиде басып чыгарган.

Улуу Британиялык Брюстер Кейл дүйнөдөгү бардык типографияда басылган китептердин архивин ачуунун үстүндө иштеп жатат.


3-бүткүл дүйнөлүк жазуучулар күнү.


Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү 23-апрельде 1996-жылдан баштап жыл сайын белгиленип келет. Ал 1995-жылы 15-ноябрда ЮНЕСКОнун

28-сессиясында кабыл алынган.

Азыркы күндө дүйнө жүзүндө 1,9 миллиарддан ашык адам уюлдук телефонсуз жашай албайт.

2010-жылга чейин 500 000 адам мээнин жана көздүн рак ооруусу менен ооруганы катталган.

Азыркы кундо бул абал 30-50 миң болуп катталууда.

Анткени уюлдук телефондор, электрондук аппараттар дуйнолук ден соолук уюмундагы илимпоздордун изилдоолоруно ылайык КАНЦЕРОГЕНдүү заттардын тизмесине кирген.

КАНЦЕРОГЕН – сөзү “ракты жаратуучу” деген маанини берет.

Булардын катарын машиналардан чыккан уулуу заттар, хлороформалар ж.б. толуктайт.

Бул жагынан алып караганда китептин артыкчылыгы жогору. о.э. адамдардын ички дүйнөсүнө жакын. Артыкча энергия талап кылбайт, ден соолукка зыяны аз, каалаган убакытта токсуз колдонуу мумкун.

Бирок илим жана техника өнүгүүдөн токтобойт. Анда чек жок, Улам жаңы баскычка көтөрүлө берет. Мезгилине жараша адамзаттагы дагы агым менен бирге баруусу шарт. Мисалы: Араба өз заманында теңдеши жок техника болгон, бирок анын доору бүттү. Жаңы техникалардын доору башталышы менен агымдан жээкке чыгып калды.

Кагаздын доору дагы бүтүп баратат, буюрса жакынкы келечекте кагазсыз мектеп, кагазсыз коом долбоорлору иш жузуно ашырылат.

Андыктан ар бир адам электрондук техникалар менен таанышууга тийиш. Алар сиздер ойлогончолук зыяндуу эмес. Болгону биз кантип туура колдонууну билбейбиз. Ар бир жаңы чыккан техника мурдагы кемчиликтерин жоюп, жаңыча түрдө чыгарылат, демек зыяндуулугу азаят.

Биз алган техникабыздын инструкциясы менен таанышпайбыз. Ал жерде бардык коопсуздук эрежелери жазылган болот. Колдонуучуларга сунушталган аппараттар майда толкундуу каражаттар болуп саналат.

Өзүбүздүн ден соолугубуз үчүн эң жөнөкөй эрежелерди сактасак болот. Ошондо зыянынан пайдасы көбүрөөк болот.

1. Убакыт (туура, аз колдонуу)

2. Аралык (кулактан, көздөн, жүрөктөн, баштан,... аппаратка чейинки аралык).

3. Жабык метелдуу жайларда колдонбоо (автоунаада, лифте, автобуста, контейнерде,...)

4. SAR көрсөткүчү азыраагын тандоо (зыяндуулугун текшерүү)

5. Илимий аныкталаган коргоочу каражаттарды колдонуу (очки, экран, магниттик чехол,... )

6. Батарейкасы аз калганда, сигнал начар учурларда колдонбоо.

7. Ар кандай минералдуу витаминдердин комплексин алып туруу.

Витаминдер организмдеги электро магниттик толкундарга болгон реакцияларды ылдыйлатат.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!