СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Китепти сүй Алиппе

Нажмите, чтобы узнать подробности

Китепти сүй Алиппе 1-класс

Просмотр содержимого документа
«Китепти сүй Алиппе»

Сабактын план конспектиси

Башталгыч класстын мугалими: Деркембаева Эльмира Турсуналиевна

15-март 2019-жыл

Классы: 1б Талып Акун атындагы Чырак жалпы орто билим берүүчү мектеби

Текшерилди ОББ:

Предмет: Сабат ачуу

Окуу китебинин аталышы, автору: Алиппе Б.Кубаталиева, А.Абыканова, М.Асаналиева

Сабактын темасы: Китепти сүй

Негизги компетенттүүлүк

1.Маалыматтык:

2. Социалдык-комминикативдик:

3. Өзүн-өзү уюштуруу


Предметтик компетенттүүлүк:

1.Тыбыш жана тамга менен иштей алуу компетенттүүлүгү (К1)

2. Окуй алуу компетенттүүлүгү (К2)

3. Сөз байлыгы менен иштей алуу компетенттүүлүгү (К3)

4. Сүйлөм, текст менен иштей алуу компетенттүүлүгү (К4)



Сабактын максаты:

1.Билим берүүчүлүк :

“Китепти сүй” ырынын автору жана ырдын мазмуну менен таанышат.


2. Өнүктүрүүчүлүк:

Шар окууга көнүгүшөт. Сөз байлыгын кеңейтишет. Бири-бири менен топто иштешет.


3.Тарбия берүүчүлүк:

Китеп менен дос болууга, аны этият урунууга багыт алышат.


Сабактын тиби: аралаш сабагы

Ишмердүүлүктүн формасы: жуптук, жекече топтук


Сабактын усулу: Аңгемелешүү, түшүндүрүү, суроо-жооп, көрсөтмөлүүлүк “Келгиле окуйбуз” долбоорунун көнүгүүлөрү

Баалоо: формативдик

Сабактын жүрүшү:


Сабактын этабы


Убакыт


Мугалимдин ишмердиги


Окуучунун ишмердиги


Баалоо

  1. Уюштуруу моменти

Шыктандыруу

а ) Саламдашуу

б ) Жагымдуу маанай түзүү

в ) Уюштуруу

2мин


-Саламатсыңарбы окуучулар?

-Маанайыңар жакшыбы?

-Бүгүнкү сабак өзгөчө сабак. Биздин мектепке меймандар келишти. Баарыңыздар менен көрүшүп жатканыбызга кубанычтабыз.

-Кана бири-бириңерге жагымдуу маанай кылып, “Дос” деген ырды ырдап койгулачы


Сабакка даярданышат,

бири-бирине жагымдуу маанай тартуулашат.

Шыктанышат.


Дос деген ырды ырдашат.




Кубат-тоо




  1. Окуучулардын билимин актуалдаш-тыруу






3мин


“Айбанаттардын талашы” деген чыгарманы окуганбыз.

Үйгө тапшырма ата-энелер менен окуп, ролдоштуруп келүү берилген.

-Кана каалоочулар кимдер аткарып беришет.

-Анда бүгүнкү сабакка кандай эрежелерди колдонобуз алтын эреже менен таанышалы.

Сүйлөй-сүйлөй чечен болот.

Көрө-көрө көсөм болот.

Баш кесмек бар, тил кесмек жок.

Өзүн сыйлабаган, өзгөнү сыйлабайт.

Ырыс алды- ынтымак.


Окуучулар ата-энелер менен ролдоштуруп аткарышат.


Мугалим быйтык-чаларды

берет.

  1. Тема:

Максат:


3мин

Бүгүнкү өтө турган темабыз:

Китепти сүй

Сабактын максаты:

1.Билим берүүчүлүк :

“Китепти сүй” ыры, автору, ырдын мазмуну менен таанышабыз.

2. Өнүктүрүүчүлүк:

Буга чейин тыбыштык кабыл алууну үйрөнүп, алфавит менен таанышып келдик. Эми бардар үн кубултуп шар окууга үйрөнөбүз. Сөз байлыгын кеңейтебиз.

Бири-бири менен иштейбиз.

3.Тарбия берүүчүлүк:

Китеп менен дос болууга, аны этият урунууга багыт алабыз.


Угушат, суроолор болсо беришет.

Тема, максат, күтүлүүчү натыйжа менен таанышат.

Баалоо критерийлери менен таанышат.

  1. Ырдын мазмунун түшүнүүсү

  2. Шар окуусу

  3. Суроолорго жооп берүүсү

  4. Топто иштей билүүсү

Баалоо критерийлерине туура келгенине карата жашыл, сары, кызыл быйтыкчаларды чолултарын түшүнүшөт.


-Китеп жөнүндө эмне билесиңер?

-Силердин кайсы окуу китебиңер бар?

-“Китепти сүй” ыры эмне жөнүндө деп ойлойсуңар?

- Алиппе китеби силерге эмнелерди үйрөттү?


Мугалим быйтык-чаларды

берет.

  1. Жаңы тема





5мин







-Бүгүн биз “Китепти сүй” ыры менен таанышабыз. Автору Алыкул Осмонов Панфилов районуна караштуу Каптал-Арык айылында 1915-жылы туулган. Ата-энесинен этре калып, Токмоктогу балдар үйүндө тарбияланган.Акын ырларын эрте эле жаза баштаган. 15 жашында алгычкы ыры жарыяланган. Акындын балдарга арналагн ырлары көп.Балдар үчүн чыккан китептери “Балдар менен турналар, “Балдар үчун”, “ Түлкү менен каздар” , “Пионер ыры”




Мугалим окуп берет.

Китепти сүй

Китепти сүй, баркын бил,

Китептин көп акылы.

Ким китепке дос болсо,

Ал ошонун жакыны.


Сүттөй таза тилеги,

Деңиздей кең талабы.

Көктөй тунук акыйкат,

Анын ар бир барагы.


-Бул кандай чыгарма?

Ыр түрүндо жазылган

-Ырды кимдер жазат?

-Китеп кантип жасалат?













  1. Чынжырча түрүндө

1,2 топ бирден сап окуйт.Ошол саптын мазмуунун айтып беришет.

3-топ жупта, -4 топ окуучулар жаңырык менен окушат.


-Китеп жөнүндөгү божомолуңар дал келдиби?

-Китеп кандай экен?

-Адамдарга кандай пайда келтирет?

-Китептин кандай түрлөрү болот?


Мугалим сөздүн маанисин түшүндүрөт.

Баркын-маанилүүлүгүн

Акылы-ойлонуусу, байланыштыра билүүсү

Жакыны-бир тууганы

Тилеги- каалоосу

Деңиздей кең-көлөмү

Талабы-укугу, эркиндиги

Акыйкат- чындык


Мугалим быйтык-чаларды

берет.

5.Физминутка


1мин

Эс алуу көнүгүүсү

Окуучулар аткарышат.





  1. Интерактивдүү көнүгүүлөр



19мин




Тапшырмаларды аткарышат.

  1. Сөздөрдү ажырат

  2. Сүрөттү тааныш сөздөр менен туташтыр

  3. Жаңы сөздөр менен текст түзөбүз.

  4. Сахналаштыруу


-Ыр эмне жөнүндө экен?

-Китеп менен кантип дос болосуң?

-Эмне үчүн?

-Балаңызга китеп окууга кантип жардам берер элеңиз?

-Китеп менен болгон окуялар эсиңдеби?

Мугалим быйтык-чаларды

берет.

  1. Рефлекция (кайтарым байланыш)


7мин



Суроо берилет.

Мугалим окуучуларга денгээлине жараша тапшырма берет.

( Китепче окуп келүү, карточкалар)

-Эмне жөнүндө тема өттүк?

Эмнелерди билдиң?

-Китепке кандай мамиле кыласың?

-Үйдө апаң менен кайсы китеп окудуң?

-Сиз азыркы учурда кайсы китеп окуп жатасыз?







Мугалим быйтык-чаларды

берет.








  1. Баалоо

3мин

Мугалим сүйлөм айтат.

Баалоо критерийлерине туура келгенине карата кызыл, жашыл, сары быйтыкчаларды окуучулар алышат.

Санашат, жыйынтыгын чыгарышат.


Туура-туура эмес

Туура десенер-кол чапкыла

Туура эмес десеңер-башыңарды чайкагыла

  1. Китептин барагын жыгачтын таарындыларынан жасайт

  2. Китепти ашканадан алып окуйбуз.

  3. Ким китепти жакшы көрсө, ал душманы

  4. Китепке сүрөт тартса болот.

  5. Китеп окуу ден соолукка пайдалуу



Топтордун баалоосу

  1. Жыйынтыктоо

1мин

Мугалим китептин акыркы бетин ачууну сунуштайт.

Окуучулар китепти кармап,

“Китеп-билим булагы,

Билим-өнөр чырагы” деген макалды хор окушат.




  1. Үй тапшырма:




1мин


Үйгө тапщырма

Ырды жаттоо. Китепче жасоо



























Достук – бул эки адамда жашаган бир жан дүйнө. Аристотель

Мыкты китепкана-эң жогорку байлык Виссарион Григорьевич Белинский

Окуганды токтоткон кезде, адамдар ойлонууну токтотушат. Дени Дидро

Сүйүү-жашоонун күч кубаты



























Отуруп алып ичин ачам,

Баатырларча аралашам.

Аябаган кызыкка батам,

Аягына жеткенче шашам. (Китеп)

Өзү сүйлөбөйт, бирок кишиге акыл үйрөтөт. ( Китеп)

Калпты кошплй чын айткан,

Жашырбастан сыр айткан.

Сенден эч бир тажабай.

Миң сурасаң. Миң айткан. (Китеп)

Өзү кичине, колума чакан,

Кайда барсам ала барам

Отуруп алып ичин ачам,

Аябаган кызыкка батам,

Аягына жеткиче шашам. ( китеп)

Татынакай сырты бар,

Түркүн-туркүн нерсени,

Таамай айткан чынчыл ал (Китеп)



























Сүй дегенди кандай түшүнөсүң?

Акылы көп адам кандай болот?

Дагы кимдер менен дос болууга болот?

Сүттөй тазанын карама-каршысын айткылачы.

Деңиз кандай көлөм?

Ар бир барагы баалуубу?