Класс жетекчинин
папкасы
Класс жетекчинин кызматтык нускамасы
Жалпы жоболор
Класс жетекчи өз ишмердүүлүгүндө КРнын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамын, Адам укуктарынын жана эркиндиктеринин Декларациясынын, Балдар укугу жөнүндө Конвенцияны, мектептин уставын жетекчиликке алат.
Класс жетнекчи кызматына мектептин директору тарабынан дайындалат жана бошотулат. Өргүү мезгилинде жана убактылуу жумушка жарамсыздык мезгилинде класс жетекчинин милдеттери өзүнүн классы жок жана ошол класста иштеп жаткан мугалимге жүктөлүшү мүмкүн.
Класс жетекчи педагогикалык билимге жана балдар менен иштөө боюнча 3 жылдан кем эмес стажга ээ болууга тийиш.
Ишмердүүлүктүн негизги багыттары
Класс жамаатынын ишмердүулүгүн уюштуруу.
Класс жамаатынын жана айрым окуучулардын окуу иштерин уюштуруу
Класстын окуудан тышкаркы турмушун уюштуруу
Мектеп окуучуларын тарбиялоодо алардын инсанын иликтөө жана оңдоп түзөө
Мектеп окуучуларын тарбиялоодо социалдык жактан коргоо
Ата – энелер менен иштөө
Кызматтык милдеттер
Журналды жүргүзүү
Окуучулардын өздүк делолорун жүргүзүү
Класс жамаатын уюштуруу: тапшырмаларды бөлүштүрүү, актив менен иштөө, класстын окуучуларын мектептин кенешине багыттоо, нөөмөтчүлүк ишине көмөктөшүү.
Класс боюнча, мектеп боюнча ашкана боюнча нөөмөттү уюштуруу
Бекитилип берилген каанадагы санитардык – гигиеналык номаларды сактоо
Тарбиялануучулардын тышкы көрүнүшүнө кам көрүү
Акысыз тамактануу маселелери боюнча ата – энелерге жана ушундай балдарга классташтарынын болгон мамилеси тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргузүү
Класс муктаждыктарын каржы жактан колдоого кам көрүү
Окуучулардын сабакка келүүсүн көзөмөлдөө (сабактарды себепсиз калтырган окуучуларды ат – энелер менен биргеликте көзөмөлдөйт тарбиялоого оор балдар боюнча социалдык педагог менен байланышат).
Окуу үчүн жагымдуу кырдаал түзүү
Класста иштеген мугалимдердин ишмердүулүгүн координациялоо.
Окуучулардын күндөлүктөрү менен иштөө алардын жетишүүсү боюнча ата – энелери менен байланышуу
Таланттуу балдардын өнүгүүсүнө жаодамдашуу окуучулардын таанып – билүү кызыгууларын өнүктүрүү, ой өрүшүн кеңейтүү (ийримдерге, факультативдик сабактарга конкурстарга, викториналарга олимпиадаларга, кароолорго тартуу; экскурцияларды уюштуруу; театрга, көргөзмөлөргө алып баруу).
Окуучулар менен иштөө үчүн психологду тартуу (аңгемелешүулөр циклы, жекече сунуштамалар).
Класста жагымдуу микроклиматты түзүү, инсан аралык мамилелерди жөнгө салуу.
Айрым окуучуларды же бутүндөй классты тартуу менен класста чыгармачылык иштерди уюштуруу.
Ден соолукту сактоо боюнча иш чараларды ар бир окуучунун өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу менен уюштуруу.
Балдар коомдук уюмдарына жардам берүү.
Класстык сааттарды, жыйналыштарды, аңгемелешүулөрдү, ачык сүйлөшүулөрдү эсепке алуу менен уюштуруу.
Колдо бар методикаларга, класста иштеген мугалимдердин жана ата – энелердин пикирлерине ылайык окуучулардын инсанын иликтөө.
Окуучулардын мүнөздөмөлөрү менен иштөө.
Окуучуларга кесип тандоого жардам берүү.
Ата – эненин кароосуз калган балдардын (эгерде класста бар болсо) укугун коргоо.
Социалдык жактан коргоосуз категориядагы балдарды эсепке алуу.
Үй бүлөсү проблемалуу балдарды эсепке алуу.
Тарбиясы оор өспүрүмдөрдүн, тобокел тобундагы жан жашы жете электердин иштери боюнча инспекцияда каттодо турган балдардын жүрүм – турумуна байкоо жургузүү.
Чейрек сайын ата – энелер үчун тематикалык жыйналыштарды өткөрүү.
Үй булөлөрдөгү тарбия шарттарын иликтөө.
Ата – энелер менен жекече иштөө
Класстан окуудан тышкаркы ишмердүүлүгүн уюштурууга ата – энелерди тартуу.
Укуктары
предметтик мугалимдер өткөрүп жаткан сабакка же ар кандай иш чараларга катышуу (өтө зарылдык болбосо, сабак учурунда класска кирүүгө, сабак учурунда мугалимге эскертүү берүүгө укугу жок).
Окуу – тарбия процессин бузууга алып келүүчү кылык – жоруктары үчүн окуучуларды мактоо жана жазалоо эрежелеринде аныкталганга ылайык тартип жоопкерчилигине тартуу.
Мактоо жана жазалоо эрежелеринде аныкталганга ылайык окуучуларга сыйлыктарды ыйгаруу.
Класстагы окуу тарбия процессин уюштуруу жана айрым окуучулар жөнүндө предметтик мугалимдерге маалымат алуу.
Класс жетекчи төмөндөгүлөргө жооптуу болуп саналат
Мектептин уставын жана ички тартиптин талаптарын, мектеп директорунун же анын орун басарынын мыйзамдуу буйругун, кызматтык нускамада аныкталган кызматтык милдеттерин аткарбагандыгы же толук аткарбагандыгы, ага берилген укуттардан пайдаланбагандыгы үчүн.
Окуучунун инсанынын үстүнөн күч колдонууга же психикалык зомбулукка байланышкан тарбиялооусулдарын колдонгондугу үчүн (КРнын “Эмгек кодексине” жана КРнын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамына ылайык ээлеген кызматынан бошотулушу мүмкүн).
Өз ишин окуу жылына жана ар бир чейрекке өз убагында, сапаттуу пландаштырбагандыгы үчүн.
Эмгек (же жарандык) мыйзам тарабынан аныкталган тартиптеги жана чектердеги материалдык жоопкерчилик
Класс жетекчи – жалпы билим берүүчү орто мектептерде окуучулар коллективинин класстагы жана класстан тышкаркы окуу-тарбия иштерин уюштуруп, иш жүзүнө ашырууну аркалаган тажрыйбалуу мугалимдердин ичинен тандалган мугалим. Орто мектептердин башталгыч класстарында класс жетекчи милдетин бул класстарды жетектөөчү мугалим өзү аткарат. Класс жетекчи мектеп директору тарабынан дайындалат.
Бүгүнкү күндө маалыматтык коомдо жашаган окуучулардын акыл-эс жагынан эрте жетилиши, алардын бири-бирине болгон инсандык муктаждыгынын күчөшү, ар кандай глобалдык деңгээлдеги табигый жана социалдык кыйынчылыктарга туруштук берүү зарылчылыгынын өсүшү жана ага каршы туруу үчүн өз ара түшүнүүчүлүккө, жардамдашууга, жол көрсөтүүчүлүккө, тынчтыкты биргелешип сактоого дилгир, демократиянын шартында ийгиликтүү социалдаша ала турган келечек ээлерин калыптандырууда класс жетекчи маанилүү ролду ээлейт
Заманбап концепцияларды жана ага болгон мамилелерди талдоонун жыйынтыгы таалим-тарбия процессин система катары кароо, анын ири компоненттери катары: a) мектеп – ар бир окуучунун жана жалпы окуучулардын өсүп өнүгүүсүнө багытталган таалим-тарбия иштердин уюткусу b) класс – ар бир окуучунун, ошондой эле класс коллективинин өз ара аракеттенишүүсүнүн камсыздоочу инфраструктура c) класс жетекчи – ар бир окуучунун жана класстагы бардык окуучулардын иш аракеттерин уюштуруучу, предметтик мугалимдер, психолог, социалдык педагог жана ата-энелерди байланыштыруучу звено.
Класс жетекчинин планында белгиленген иш-чаралары ар бир кийинки иш мурункулардын уландысы болушу керек. Планды төмөнкүдөй схема боюнча иштеп чыгууга болот:
1) пландаштыруунун жалпы негиздери боюнча адабияттарды жана илимий сунуштарды окуп-үйрөнүү;
2) өткөн жылкы иш пландын кемчиликтерин анализдөө;
3) пландын долбоорун даярдоо;
4) пландын айрым шарттарын коллектив менен талкулоо;
5) иш планынын долбоорун методикалык бирикмеде кароо жана педагогикалык кеңештин жыйынында бекитүү.
Тажрыйба көрсөткөндөй, класс жетекчи планды түзүүдө жалпы иштөө ритмин көрсөтүүчү циклограмма түзүп алса, ал абдан ыңгайлуу болот:
1. Күн сайын: сабакка кечиккен жана келбеген окуучулардын себептерин аныктоо жана алар менен иштөө, график боюнча дежурлукту мектепте, класста жана ашканада уюштуруу, жекече иш жүргүзүү.
2. Жума сайын: окуучулардын күндөлүгүн текшерүү, план боюнча класста иш-чараларды өткөрүү, кырдаалга карата ата-энелер менен жолугушуу жана алар менен иштөө, окуучулардын справкалары боюнча мектептин врачы менен иштөө.
3. Бир айда бир жолу: өзүнүн классынын сабактарына катышуу, адистер менен биргеликте иш алып баруу.
4. Ар бир чейрек сайын: педагогикалык консилиумду жана ата-энелер чогулушун уюштуруу жана өткөрүү.
5. Бир жылда бир жолу: окуучулардын өздүк делолорун толтуруу, өткөн жылдын тарбиялык планын талдоо жана жаңы окуу жылына план түзүү.
Төртүнчүсү, уюштуруучу-координациялык функциянын максаты - тарбия процессинде предметтик мугалимдер, мектеп психологу жана социалдык педагог, окуучулардын ар кандай ишмердүүлүгүнө өбөлгө түзүү жана атаэнелер менен биргеликте иш-аракеттерди жүргүзүү менен байланыштуу.
Бешинчиси, класс жетекчи текшерүү жана коррекциялоо функцияларынын аткарууда тарбиялоо процессинин үзгүлтүксүз түрдө өнүктүрүүгө жетишет. Текшерүү милдетин ишке ашыруу бир жагынан жакшы иштин натыйжаларын аныктоону камсыз кылса, экинчи жагынан тарбиялоо процессинде пайда болгон мүчүлүштүктөрүн аныктоого мүмкүндүк берет. Текшерүүнүн натыйжаларынын негизинде мугалим класс коллективинин иштерин коррекциялайт.
Коррекция - бул класс жетекчи менен класс жамаатынын, андагы топтордун жана жеке окуучунун ортосундагы биргелешкен ишмердүүлүк болуп саналат. Класс жетекчинин милдеттери сөзсүз түрдө иш-аракетинин багыттары менен тыгыз байланыштуу.
Ал иш-аракеттердин багыттарын атап кетсек төмөнкүлөр:
ден-соолукту чыңдоо,
интеллекти өнүктүрүү,
мамиле түзүүгө үйрөтүү,
адептик аң-сезимди өнүктүрүү,
бош убакытты туура пайдалануу
ЖАРАНДЫК АН-СЕЗИМДИ КАЛЫПТАНДЫРУУ
Уй-бүло менен иш жүргузүү(ата-энелер)
класс жетекчинин максаты – окуучунун чыгармачыл жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү,
рационалдуу, натыйжалуу ой жүгүртүүгө үйрөтүү, интеллектуалдык потенциалын жогорулатуу
Мамиле түзүүгө үйрөтүү багыты.
Класс жетекчинин максаты – эл менен мамиле түзүү боюнча улуу муундардын тажрыйбаларын өздөштүрүүгө, андагы позитивдүү жана негативдүү жактарын ачуу аркылуу соши
Адептик аң-сезимди өнүктүрүү багыты.
Класс жетекчинин бул багытта ишмердүүлүгүнүн максаты – окуучулардын адептик нормаларды, эрежелерди түшүндүрүү, билимин тереңдетүү, ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү болуп саналат.
Бош убакытты туура пайдалануу багыты.
Класс жетекчи бул багытта алып баруудагы максаты – окуучуларды турмуштун ар кандай жагдайларында өз алдынчалуулукка, убакытты бааалуулук катары таанууга, ага жоопкерчиликтүү, демилгелүү мамиле кылууга үйрөтүү.
Жарандык аң-сезимди калыптандыруу багыты боюнча иш алып барууда класс жетекчинин максаты – окуучуга укуктук нормалар жөнүндө билим берүүнүн негизиде аң сезимдүү (өз алдынча) мамиле түзүугө үйрөтүү. Жарандык аң-сезимди калыптандыруу багытындагы класс жетекчинин уй-бүлө менен иш жүргүзүү багыты. Бул багытта иш алып барууда класс жетекчинин максаты – ата-эне менен мугалимдердин кызматташуусу аркылуу окуучулардын инсандык сапаттарын өнүктүрүүгө багытталган бирдиктүү аракетенүү.
Класстык Модулдардын тематикасы жана мазмуну:
Структуралык – функционалдык модель -Өнүктүрүү этаптары
Класстагы окуучулардын суроо талаптарын, керектөөлөрүн үйрөнүү, мотивациялоо, диагностикалоо. Киришүү тести.
Моралдык – психологиялык, Актуалдаштыруу
Класс жетекчинин ишмердүүлүгүн уюштуруунун теориялык жана методикалык негиздери. Класс коллективинде окуу -тарбия иштерин диагностикалоо, пландаштыруу, өткөрүү формалары, методдору туралуу билимдерди өздөштүрүү.
Мазмундук – методикалык блок. Өнүктүрүү, калыптандыруу.
Өзүнүн ишмердүүлүгүн өз алдынча баалоо, кемчиликтерин коррекциялоо боюнча компетенттүүлүктөргө ээ болуу.
Рефлексивдик Коррекциялоо, оптималдаштыруу
– тематика боюнча класстык саат өткөрүү; – өлкөнүн, шаардын мектептин коомдук жашоосуна катышуу; – класстын жана мектептин турмушуна активдүү катышуу; – мектепти тартипке салуу (ишембилик, майда ремонт, тазалыкты сактоо); – класстын активине жана мугалимге жардам берүү, плакат, газета, көргөзмө курал жасоо, компьютерден маалымат табуу ж.б. – ата-энелердин активине жардам берүү; – программадан артта калган окуучуларга жардам берүү; – багары жок, эмгектин, Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жардам берүү. ІІ.Окуучулардын интеллектин жана чыгармачыл жөндөмүн өнүктүрүү: – олимпиада, турнир, викторина, КВН ж.б. – факультатив, курс, клуб ж.б. – интеллектуалдык марафон, илимий кече, тегерек стол, талкуу ж.б. – жекече, группалык сабак өтүү; – илимий ийримдер, изилдөө иштерин жүргүзү
көркөм өнөр чыгармачылыгына катышуу (музыка, сүрөт искусствосу, сайма саюу, тигүү, токуу ж.б. кол өнөрчүлүк); – чыгармачыктын конкурсу; – кол өнөрчүлүк боюнча көргөзмө уюштуруу; – патриотизмге, укуктук, экологиялык, рухий, адептик, экономикалык ж.б. темадагы иш-чараларга катышуу. Дене тарбиясы жана спорт: – спротсмендердин мелдеши; – олимпиада, спартакиада; – спорттук секцияларга жана ийримдерге катышуу; – токойго, көлгө, дарыяга, тоого, туристтик жүрүш уюштуруу. Көркөм табитти жана маданий агартуу ишине тарбиялоо: – көргөзмө, театр, музей, кино ж.б. – китептен үзүндү, пьеса, поэзия ж.б. талкуу; – чыгармачыл адам менен жолугушуу. Окуучуларды кесип тандоого даярдоо: – фирмаларга, кичи заводдорго, фабрикага, ишканаларга алып баруу; – техникалык чыгармачылык боюнча ийримдерге катышуу.
Класстан тышкаркы иш-чараларды өткөрүүдө төмөнкүлөргө көңүл бөлүнөт.
1. Иш-чаранын тарбиялык максаты болуп, маанилүү маселелер айтылыш керек.
2. Окуучуларга, психологиялык жактан оор, балдардын көп даярдыгын талап кылган спектакль, концерт уюштуруунун кереги жок.
3. Окуучулар жана ата-энелер менен бирдикте иш-чара пландаштырылат, алдын ала даярдалат.
4. Тарбиялык иш-чараны класс жетекчи, предметтик иш-чараны предметтик мугалим уюштурат, администрация көзөмөлдөйт.
5. Ар кандай иш-аракет кылуу, аткаруу ыкмалары үйрөтүлөт, керектүү көндүмдөр калыптандырылат.
6. Окуучулардын чыгармачыл жөндөмү өнүктүрүлөт, окуучулардын изденүүсүнө кенен мүмкүнчүлүк берилет.
7. Тарбиялык иште конкреттүү тема боюнча, предметтик иште конкреттүү предмет боюнча билими тереңдетилет, кеңейтилет.
8. Программадан артта калган окуучуларга жардам берилет.
9. Физикалык жактан өнүгүүгө, спорттук жетишкендиктерин өркүндөтүүгө көңүл бөлүнөт.
10. Тарбия процесси көп грандуу, социалдык, психологиялык маселеге көңүл бөлүп, жекече, коллективдүү формада өткөрүлөт. Иш-чаралар стадиондо, цехте, залда, класста ж.б. жерде өтүшү мүмкүн. Балдардын ойноп кетме адаты бар. Ошондуктан коопсуздугу жөнүндө камкордук көрүү зарыл. Класстан тышкаркы иштерге катышууга даярдоо.
11. Класстан тышкаркы иштерге мүмкүн болушунча көбүрөөк окуучуларды катыштырган дурус. Айрым окуучулар эки же андан көп ийримге катышат. Бир нече ийримдин балдары катышса, алар бири-бирине жардам, конкуренция түзөт.
12. Тарбиялык иште коллектив менен конкреттүү индивидум өз ара кызматташуу аркылуу өнүктүрүү максатын көздөйт.
1 3. Жалпы адамзаттык, улуттук баалуулуктар өздөштүрүлөт, идеалы аныкталат.
14. Класстан тышкаркы иштердин ар кандай формаларына окуучулардын катышуу менен ар кандай көндүмдөрү калыптандырылат. Өспүрүмдөрдүн класстан тышкаркы ишке катышуу принциби: иштин кызыкчылыгына карап аракет этүү, өз кызыкчылыгы менен иштин кызыкчылыгын айкалыштыруу, бардык өспүрүмдөрдүн кызыкчылыгын эске алуу ж.б. Класстан тышкаркы иштерде өспүрүмдөрдүн коллективден өзүнүн ордун аныктоого, өзү каалаган тема боюнча изденүүгө, өз билген билимин көрсөтүүгө, өркүндөтүүгө мүмкүндүк берилет. Класстан тышкаркы ишчаралардын натыйжасы бааланат, анализденет. Класс жетекчинин милдети – окуучуга багыт берүү, координациялоо.
Класс жетекчинин милдети
-Класстан тышкаркы иштерди жүргүзүү
боюнча тарбиялык иш план түзүүгө.
-Окуучуларды ар түрдүү
кружокко,секцияларга,мектептин иштерине
катыштырууга.
-Класстан жана мектептен тышкаркы
тарбиялык иштерди жүргүзүүгө.
-Тарбиянын бардык багыттары боюнча
комплекстүү иш алып барууга,ар бир окуучу
менен иштөөгө,мүнөзү оор окуучу менен
иштөөгө,предметтик мугалим менен
байланышын чыңдоого.
-Класс ичинде соц-тик мелдешти
уюштурууга жана анын жыйынтыгын
класс активисттери менен бирдикте чыгарууга.
Манастын жети осуяты жана
тарбиялык мааниси
1.Эл-журттун ажырагыс биримдиги жана бир жакадан баш,
бир жеңден кол чыгарган
ички биримдик.
2.Улуттар-аралык ынтымак,достук жана
кызматташтык.
3.Улуттук ар-намыс жана атуулдук ариет.
4.Арыбас мээнет,алдыңкы өнөр,билим
аркылуу бакубат дөөлөткө умтулуу.
5.Гумандуулук,айкөлдүк,кечиримдүүлүк
6.Табият менен таттуу мамиледе болуу.
7.Кыргыз мамлекетин чыңдоо жана аны
көздүн карегиндей сактоо.
“Бекитемин”
Мектеп директору : _______________
-----------------------------------------------------------------орто мектебинин ----------------------------------------------------------
----------------------------- класс жетекчилик ишмердүүлүгүнүн жылдык иш планы
| I чейрек |
| Сентябрь |
| № | Аткарылуучу иштин мазмуну | Ресурстар | Күтүлүүчү натыйжа |
| 1 | Окуучулардын өздук делолорун тактоо | Өздүк делолор | Делолор такталат |
| 2 | Окуучулардын күндөлүктөрүн тактоо (педагогдор тууралуу, кошумча билим берүү тууралуу маалыматтар) | Күндөлүктөр | Окуучулар күндөлүктөргө маалыматтарды жазышат |
| 3 | Класстык журналды тактоо | Класстык журнал | Класстык журнал жазылат, бекитилет |
| 4 | Тарбиялык иштердин календарлык – тематикалык планын түзүү | Календардык план | План түзүлөт, бекитилет |
| 5 | Окуучулардга техникалык коопсуздук, өмүр коопсуздугу тууралуу нускама берүү | Лекция | Техникалык коопсуздук, өрт коопсуздугу, жол коопсуздугу боюнча нускама менен таанышышат |
| 6 | Кошумча билим берүү боюнча маалыматты даярдоо | Расписание | Кошумча билим берүү боюнча маалымат алышат |
| 7 | Ата – энелер жыйналышы (кыскача план, ата – энелер комитетин түзүү, ата – энелер жыйналышынын протоколу) | План, протокол | План түзүлөт, бекитилет, жыйналыштын протоколу жазылат, ата – энелер комитети түзүлөт |
| 8 | Класстын социалдык паспортун түзүү | Социалдык паспорт | Окуучулардын социалдык абалы аныкталат |
| 9 | Окуучулар үчүн эрежелер, Мектеп уставы (окуучулар жана ата – энелер менен талкуулоо) | Эрежелер, Мектеп уставы | Окуучулар жана ата – энелер эрежелер менен таанышышат, ата – энелер менен келишим түзүлөт |
| 10 | Класс активин шайлоо | Протокол | Класс активдери шайланат |
| 11 | Окуучуларды мектеп парламентине шайлоо | Протокол | Мектеп парламентине шайлоо өтөт |
| 12 | Окуучулардын үйлөрүнө баруу (зарылдык болсо) | Окуучу, ата – эне | Ата – эне, окуучу менен сүйлөшүү жүрөт |
| Октябрь |
| 1 | Класс активинин жыйыны | Протокол | Класс активинин иши бааланат |
| 2 | Класстык жана маалыматтык сабактарды даярдоо, чыгармачыл топтор менен иштөө | Сабактардын планы, маалыматтар жыйыны | Маалыматтар менен таанышышат |
| 3 | Мектеп турмушуна катышуу (иш – чаралар, долбоорлор, мектеп кеңеши ж.б) | Иш чаралардын, долбоорлордун, мектеп кеңешинин протоколдору, сценарийлер | Иш чаралар өткөрүлөт, долбоорлорго катышышат, мектеп кеңешинин жыйыны өтөт |
| 4 | Окуучулардын күндөлүгүн текшерүү жана талдоо | Күндөлүктөр | Окуучулардын күндөлүктөрүнүн абалы жакшырат |
| 5 | Окуучулардын үйлөрүнө баруу (проблемалуу окуучулар жана үй бүлөлөр) | Сүйлөшүү дептери | Окуучлардын журүм туруму тууралуу ата – энелер менен баарлашуу жүрөт |
| 6 | Ата – энелер менен маектешүү | Сүйлөшүү дептери | Ата – энелер менен сүйлөшүүлөр жүрөт, байланыш күчөйт |
| 7 | Окуучулардын ийримдерге, секцияларга, клубдарга катышуусун талдоо | Маектешүү, жадыбал | Окуучулардын сабакка болгон кызыгуусу артат |
| 8 | Класс жетекчинин методикалык бирикмесинин ишине катышуу | Протокол | Класс жетекчинин иши бааланат |
| 9 | 1 – чейректин жыйынтыгы боюнча жетишүүнүн отчёту | Отчёттор | Чейректин жыйынтыгы чыгарылат |
| 10 | Класс менен каникул учурунда иштөө планы | План | План түзүлөт |
| 11 | Начар жетишкен окуучулардын ата – энелери менен жолугушуу | Сүйлөшүү дептери | Ата энелер менен сүйлөшүүлөр жүрөт |
| 12 | Дарыгер менен кызматташуу. Класстагы окуучулардын ден соолугун анализдөө, алардын справкасын анализдөө | Дарыгердин көрсөтмөсү | Окуучулардын ден соолугу тууралуу маалыматтар такталат |
| 13 | Социалдык педагог, мектеп китепканачысы менен кызматташуу | Маалыматтар | Окуучулардын социалдык абалы жана китепканада болуу абалы, китепке болгон кызыгуусу такталат |
| 14 | 2 – чейрекке карата тарбиялык иштерди уюштуруу | План | Тарбиялык иштердин планы түзүлөт |
| II чейрек |
| Ноябрь |
| 1 | Класс активи менен иштөө | Протокол | Класс активдеринин иши бааланат |
| 2 | Мектеп турмушушна катышуу | Иш – чаралар, долбоорлор | Иш-чараларга, долбоорлорго катышышат |
| 3 | Окуучулардын күндөлүктөрүн текшерип, анализдөө | Күндөлүк | Күндөлүктөрдүн абалы жакшырат |
| 4 | 1 – чейректин жыйынтыгы боюнча ата-энелер жыйналышы. Ата-энелер отуруму. 2-чейрекке карата иш планын талкулоо | Протокол | Жыйналаш өткөрүлөт |
| 5 | Класс жетекчилердин методикалык бирикмесинин ишине катышуу | Протокол | Класс жетекчинин иши бааланат |
| Декабрь |
| 1 | Класс активи менен иштөө | Протокол | Класс активдеринин иши бааланат |
| 2 | Класстык сааттарды, маалыматтык сааттарды даярдоо, чыгармачыл топтор менен иштөө | Сабактардын планы, маалыматтардын жыйыны | Маалыматтар менен таанышат |
| 3 | Мектеп турмушуна катышуу | Иш-чаралар, долбоорлор | Иш-чараларга, долбоорлорго катышышат |
| 4 | Окуучулардын үйлөрүнө баруу | Сүйлөшүү дептери | Сүйлөшүүлөр жүрөт |
| 5 | 2- чейректин жыйынтыгы боюнча ата – энелер жыйналашы | Протокол | Ата-энелер жыйналышы өтөт |
| 6 | Жаңы жыл майрамына даярдык | Иш-чаранын сенарийи | Окуучулар майрамга катышат |
| 7 | Класс менен каникул учурунда иштөнүн планы | План | План талкууланат |
| 8 | 1-жарым жылдыктагы тарбиялык иштин анализи | Анализдер, протоколдор | Чейректин жыйынтыгы чыгарылат |
| 9 | Класстын 2 – чейректеги жетишүүсү боюнча отчёт жана 1 – жарым жылдыктын жыйынтыгынын салыштырма анализи | Отчёттор жана анализдер | Отчёттор тапшырылат, анализдер чыгарылат |
| 10 | 3 – чейрекке карата тарбиялык иштерди пландаштыруу | План | Тарбиялык иштердин планы түзүлөт |
| III чейрек |
| Январь |
| 1 | Класс активи менен иштөө | Протокол | Класс активдеринин иши бааланат |
| 2 | Мектеп турмушуна катышуу | Иш- чаралар, долбоорлор | Иш – чараларга, долбоорлорго катышышат |
| 3 | 2- чейректин жыйынтыгы боюнча ата-энелер жыйыны. Ата-энелер комитетинин отуруму. 3 – чейрекке карата иш планын талкулоо | Протокол | Жыйналыш өткөрүлөт |
| 4 | 2 – жарым жылдыкка карата тарбиялык иштерди пландаштыруу | План | План түзүлөт |
| 5 | Педагогдордун класстан тышкаркы иш – чараларына катышуу | Иш чаралардын планы | Класстан тышкаркы ишке катышышат |
| 6 | Педагогикалык консилиумдарды даярдоо жана аларга катышуу (зарылдыгына жараша) | Консилиумдун планы | Мугалимдин иши бааланат |
| 7 | Класс жамаатынын психологиялык – педагогикалык диагностикасы (тарбиялык иштер боюнча) | Анализ | Класска мүнөздөмө берилет |
| Февраль |
| 1 | Класс активи менен иштөө | Протокол | Класс активдеринин иши бааланат, милдеттенме коюлат |
| 2 | Класстык сааттарды, маалыматтык сааттарды даярдоо, чыгармачыл топ менен иштөө | Сааттардын болжолдуу планы | Класстык жана маалыматтык сааттар өткөрүлөт |
| 3 | Мектеп турмушуна катышуу ( иш чаралар, долбоорлор, мектеп кеңеши) | Сценарийлер, долбоорлор, проектилер | Окуучулардын мектеп турмушундагы ишине анализ жүргүзүлөт |
| 4 | Окуучулардын күндөлүктөрүн текшерип, анализдөө | Күндөлүктөр | Күндөлүктөрдүн абалы текшерилет |
| 5 | Класстагы сабактарга катышуу | Өз ара сабакка катышуу дептери | Окуучулардын сабактарга кызыгуусу артат, жоопкерчиликтүү болушат |
| 6 | Окуучулардын үйлөрүнө баруу (проблемалуу үй бүлөлөр жана окуучулар) | Ата – энелер менен сүйлөшүү дептери | Окуучлардын жүрүм туруму ата – эне жана мугалим тарабынан көзөмөлдөнүп турат |
| 7 | Ата – энелерге жекече кеңеш берүү | Ата – энелер менен сүйлөшүү дептери | Ата – энелер менен пикир алышуу жүрөт |
| 8 | Предметтик мугалимдердин проблемалуу окуучулар менени штөөсүн анализдөө | Анализдер | Проблемалуу окуучу менен мугалимдин байланышы жакшырат |
| Март |
| 1 | Класс активинин айлык отчётун угуу | Отчёттор | Класс активинин иши бааланат |
| 2 | Мектеп турмушуна катышуу (иш чаралар, долбоорлор, мектеп кенеши) | Иш чаралардын сценарийи, проектилер | Иш чараларга, долбоорлорго катышышат |
| 3 | Класс менен каникул учурундада иштөөнүн планы | Иш план | Иш план түзүлөт, бекитилет |
| 4 | Окуучулардын күндөлүктөрүн текшерип анализдөө | Күндөлүктөр | Күндөлүктөр текшерилет |
| 5 | Дарыгер менен кызматташуу | Дарыгердин жыйынтыгы | Окуучулардын ден соолугуна көзөмөл жүргүзүлөт |
| 6 | 4 – чейрекке карата тарбиялык иштерди пландаштыруу | Тарбиялык иштердин планы | Тарбиялык иштердин планы түзүлөт, бекитилет |
| 7 | 3 – чейректин жыйынтыгы боюнча ата – энелер жыйналышы | Жыйналыштын протоколу | Анализ жүргүзүлөт, чейрек боюнча маалыматтар берилет |
| IV чейрек |
| Апрель |
| 1 | Класс активи жана коомдук уюмдар менен иштөө | Класс активинин отчёту | Отчёт угулат, милдеттенме коюлат |
| 2 | Класстык сааттарды, маалыматтык сааттарды даярдоо, чыгармачыл топтор менен иштөө | Калсстык сааттардын жана маалыматтык сааттардын планы | Окуучулар маалымат алышат, саясий окуулар өткөрүлөт |
| 3 | Мектеп турмушуна катышуу ( иш чаралар, китеп күнүн белгилөө, МЖУнун кеңеши) | Протоколдор иш чаранын планы | Окуучулар иш чарага катышат, МЖУнун жыйналышы өтөт |
| 4 | Класстагы сабактарга катышуу | Өз ара сабакка катышуу дептери | Окуучу менен мугалимдин байланышы күчөйт |
| 5 | Ата – энелер менен жекече пикир алышуу (жөндөмдүү жана начар окуган балдардын ата энелери менен өз алдынча) | Пикир алышуу дептери | Ата – эне, окуучу, мугалим ортосунда байланыш жакшырат |
| 6 | Кесиптештердин класстан тышкаркы иш чараларына катышуу | Иш чаранын планы | Иш чарага катышат |
| Май |
| 1 | Класс активи менен иштөө | Активдердин отчёту | Отчёт тапшырылат |
| 2 | Класстык жана маалыматтык сааттарды даярдоо, чыгармачыл топ менен иштөө | Класстык жана маалыматтык сааттардын планы | Класстык жана маалыматтык сааттар өтөт |
| 3 | Окуучулардын күндөлүктөрүн текшерип анализдөө | Күндөлүктөр | Күндөлүктөрдүн абалы текшерилет |
| 4 | Класстан тышкаркы иш чараларга катышуу | Иш чаранын планы | Маалымат алышат |
| 5 | Ата – энелер комитетинин отуруму. Ата – энелер комитетинин окуу жылы ичиндеги ишин жыйынтыктоо | Протокол, анализдер | Ата энелер комитетинин иши анализденет |
| 6 | Экскурциялык жүрүштөр | Тарыхый, маданий жайлар | Экскурциялар уюштурулат |
| 7 | 4 – чейректеги жана жыл ичиндеги класстын жетишүүсүн анализдөө | Анализдер | Жыл жыйынтыгы чыгарылат |
| 8 | Чейректин жана окуу жылынын жыйынтыгын класстык журналга көчүрүү | Класстык журнал, мониторинг | Окуу жылындагы жетишкендиктер белгиленет |
| 9 | Жыл жыйынтыгы боюнча мыкты өздөштүргөн, үлгүлүү окуучуларга мактоо грамоталарын жана ата энелерге алкыш каттарын даярдоо | Мактоо грамоталары, алкыш каттар | Мыкты окуучулар жана активдүү ата энелер сыйланат |
| 10 | Класстагы тарбиялык иштердин жыл ичиндеги жыйынтыгы боюнча аналитикалык отчёт | Аналитикалык отчёт | Отчёт тапшырылат. Жетишкендиктер жана кемчиликтер белгиленет |
| 11 | Классты экзаменге даярдоо | Көчүрүү сынактары | Сынактар өткөрүлөт |
| Июнь |
| 1 | Окуучулардын өздүк делолору менен иштөө | Өздүк делолор | Өздүк делолор толтурулат, мүнөздөмө берилет |
| 2 | Класстык журналды толтуруп, архивге тапшыруу | Класстык журнал | Класстык журнал архивге тапшырылат |
| 3 | Иш тажрыйбасынан алынган материалдарды класс жетекчинин “методикалык сандыгына” даярдоо | Класстык сааттардын планы, иш чаралардын сценарийлери, долбоорлор, анкетелар ж.б | Иш тажрыйбасы бааланат |
| 4 | Класстын мүнөздөмөсүн жыл ичиндеги өзгөрүүлөрдү эсепке алуу менен даярдоо | Класстын педагогикалык – психологиялык мүнөздөмөсү | Класска педагогикалык психологиялык мүнөздөмө берилет |
| 5 | Жыл жыйынтыгы боюнча отчётту даярдоо | Отчёт | Жыл жыйынтыгы чыгарылат |
Класс жетекчи : ________________