Просмотр содержимого документа
«Класс жетекчинин милдети»
Класс жетекчинин милдети
-Класстан тышкаркы иштерди жүргүзүү боюнча тарбиялык иш план түзүүгө.
-Окуучуларды ар түрдүү кружокко,секцияларга,мектептин иштерине катыштырууга.
-Класстан жана мектептен тышкаркы тарбиялык иштерди жүргүзүүгө.
-Тарбиянын бардык багыттары боюнча комплекстүү иш алып барууга,ар бир окуучу менен иштөөгө,мүнөзү оор окуучу менен иштөөгө,предметтик мугалим менен байланышын чыңдоого.
-Класс ичинде соц-тик мелдешти уюштурууга жана анын жыйынтыгын класс активисттери менен бирдикте чыгарууга.
«Билек жирей албаганды билим жирейт»
«Адам эмгеги менен даңктуу»
«Манастын жети осуяты жана тарбиялык багыттары»
1.Эл-журттун ажырагыс биримдиги жана бир жакадан баш,бир жеңден кол чыгарган ички биримдик.
2.Улуттар-аралык ынтымак,достук жана кызматташтык.
3.Улуттук ар-намыс жана атуулдук ариет.
4.Арыбас мээнет,алдыңкы өнөр,билим аркылуу бакубат дөөлөткө умтулуу.
5.Гумандуулук,айкөлдүк,кечиримдүүлүк.
6.Табият менен таттуу мамиледе болуу.
7.Кыргыз мамлекетин чыңдоо жана аны көздүн карегиндей сактоо.
«Билимден ашкан күч жок» (М.Горкий)
«Билим адам жанына чындыктын үрөөнүн себүүчү курал» (Я.А.Каменский)
«Мен үчүн китеп алтын тактыдан да кымбат» (В.Шекспир)
«Бул кылымда китептен сүйүктүү дос жок»
(А.Навои)
«Адамдар китеп окууну таштаса,анда алар ой ойлонуудан да калат» (Д.Дидро)
«Китеп окуган адам эч нерсе окубаган
адамдан алда канча жогору турат» (В.Г.Белинский)
«Адамдын ким экенин анын кызыккан китебинен байкоого болот» (С.Смайлс)
«Китеп окугандын үч түрү болот.Биринчиси-окуйт бирок түшүнбөйт.Экинчиси-окуйт да түшүнөт.Үчүнчүсү-окуп, түшүнүп, анын жазылбай калган жагын да байкайт»
(Г.Пихтенберг)