СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Классный час 10-11 класс

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Классный час 10-11 класс»

«Келечектеги билим берүү: “Алтын Казык” программасы мага эмне берет

10-11-класстар


5E-модель боюнча сабак

Максаты: XXI кылымда билим берүүнүн ролун түшүнүү,ой жүгүртүүнү өнүктүрүү жана 12 жылдык мектеп билимине аң-сезимдүү мамиле кылууга жетишүү


Сабактын тиби:

– 5E-модель боюнча интеграцияланган сабак (жаңы билим берүү, изилдөө жана бекемдөө элементтери менен)

– Мотивациялык жана дискуссиялык

– Кесиптик багыт берүүчү

Сабактын формасы:

– Интерактивдүү сабак (суроо-жооп, талкуу, топтук иш, мини-эссе)

– Мультимедиалык жана изилдөөчү форма

– Кейс-метод жана практикалык тапшырмалар менен

Колдонулуучу каражаттар:

– Мугалимдин презентациясы (интерактивдүү такта/проектор аркылуу)

– Доска (акыл чабуулу үчүн)

– Изилдөө карточкалары

– Инфографика (“XXI кылымдын көндүмдөрү”)

– Документтер (Кыргыз Республикасынын Улуттук билим берүү стратегиясы – 2040)

– Кагаз, калем, маркер, стикерлер

– Окуучулардын ноутбуктары/телефондору (изилдөө жана презентация даярдоо үчүн)

I. (Жалпылоо,мотивация) 5–7 мүнөт.

Максаты: Окуучуларды темага тартуу, алардын тажрыйбасын активдештирүү жана кызыгуу жаратуу.

Жүрүшү:

1. Класска суроо:

– Силер кандай ойлойсуңар, эмне үчүн Кыргызстанда жана башка көптөгөн өлкөлөрдө 12 жылдык мектептик билим берүү киргизилип жатат?

2. Акыл чабуулу (доскага же / Padlet ке):

– Мектеп 10, 15 жылдан кийин кандай болот?

– Келечекте кандай көндүмдөр керек болот?

3. Ойлонууга цитата:

«Сен мектеп үчүн эмес, жашоо үчүн окуйсуң» — Сенека.

Жыйынтык: Окуучулар тез өзгөрүп жаткан дүйнө шартында эмне үчүн 12 жыл окуу керектигине божомолдорду түзүшөт


II. (Изилдөө) 10–12 мүнөт.

Максаты: Келечектеги билим берүүгө байланыштуу негизги идеяларды жана маалыматтарды изилдөө.

Жүрүшү:

1. Классты 3 топко бөлүү. Ар бир топко чакан изилдөө карточкасы берилет:

1-топ: Эмне үчүн көптөгөн өлкөлөрдө12 жыл окушат?

2-топ: 2035-жылы кайсы жаңы кесиптер пайда болот?

3-топ: Келечектин бүтүрүүчүлөрүнө кандай жөндөмдөр керек?

(4К: критикалык ой жүгүртүү, коммуникация, креативдүүлүк, кооперация).


2. Окуучулар текстти изилдеп, кыскача корутунду даярдашат (ар бир топко 1 мүнөт).

Текст

Келечекте билим берүү – кандай болот жана эмне үчүн ага даярданышыбыз керек ?

«Элестетиңиз сиз эртең менен өзүңүздүн бөлмөңүздө эмес, келечектин үйүндө ойгонуп жатасыз. Коңгуроонун ордуна – үн жардамчы ойготот. Планшетиниз дароо сабактардын расписаниесин жүктөйт, ал эми биология сабагында-виртуалдык чындык көзайнеги аркылуу адамдын ички түзүлүшүн изилдейсиз. Дептер жок,бирок санарип портфолио бар, анда идеяларыңызды,максаттарыңызды жана каталарыңызды жазасыз. Бул илимий фантастика эмес, жакынкы 10-15 жылда мүмкүн болуучу келечек. Билим берүү бүгүнкү күндө өзгөрүп жатат. Абдан тез. Келечектеги мектептин негизги айырмасы-ал жөн эле билим берип койбостон, окууну, реалдуу маселелерди чечүүнү жана али жок дүйнөгө көнүүнү үйрөтөт».


Бул эмне үчүн маанилүү?

- Дүйнө өзгөрүүдө. Технология, климат, профессия, экономика – бардыгы мурункуга караганда тез өнүгүүдө.

- Мурун жок жаңы профессиялар пайда болууда: метаверстин архитектору, ЖИ боюнча инженер, экологиялык аналитик.

- Жасалма интеллект жана роботтор күнүмдүк иштерди алмаштырат. Чыгармачылыкты, ой жүгүртүүнү, чечимди, адамкерчиликти талап кылган нерсе калат.

- Демек, келечек — көндүмдөрдө, фактылар менен эмес.

А мектепчи?

Билим берүү келечекте:

- Көбүрөөк жекелештирилген – ар ким өз темпинде , багыттарды жана долбоорлорду тандоо менен үйрөнөт;

- Көбүрөөк практикалык – теориянын ордуна “столдо” балдар чечүүчү реалдуу тапшырмалар;

- Санариптик жана жумшак – онлайн жана офлайн, виртуалдык жана кенейтилген реалдуулук;

- Турмуштук – чыныгы керектүү нерсеге окутуу: финансылык сабаттуулук, стрессти башкаруу, креативдүү кат, санариптик коопсуздук ж.б.


Класста талкуулоо үчүн суроолор:

1. 10 жылдан кийинки билим берүүнү кандай элестетесиз?

2. Келечекте кандай көндүмдөр сизге сөзсүз керек?

3. Көбүрөөк окуу идеясы сизге жагабы(мисалы 12жыл), эгер ал сиздин келечегиңизге пайда алып келсе?

4. Заманбап мектепке эмнени кошмоксуз же алмаксыз?

5. Сиздин кыялыңыз кандай жана ага жетүүгө кандай билим сизге жардам берет?

Мугалимге түшүндүрмө:

Бул текстти этап менен колдонсо болот:

«Изилдөө» – биринчи окуу жана идеяларды чогултуу;

«Түшүндүрүү» – негизги ойлорду жана аргументтерди талкууулоо;

«Колдонуу, өнүктүрүү» – келечектин мектеби тууралуу, окуучулардын ой-пикирлерин, чакан эсселерин, долбоорлорун түзүү;


III. (Түшүндүрүү) 10–12 мүнөт.

Максаты: 12 жылдык окуунун себептерин жана аргументтерине маалыматтарды кеңейтүү

Жүрүшү:

- Ар бир топ өзүнүн ачылыштары менен бөлүшөт.

Мугалим толуктайт жана түшүндүрөт:

12 жылдык эмне үчүн маанилүү:

- Дүйнө терең билимди жана ийкемдүүлүктү талап кылат.

- Профилдик жана прикладдык предметтердин саны көбөйөт.

-12 класс – бул кесипти жана ЖОЖго даярданууну аң сезимдүү тандоочу убакыт.

- XXI көндүмөрүн өнүктүрүү көбүрөөк убакытты талап кылат: командада иштөө, долбоордук иш, санариптик сабаттуулук.

ТЕСТ: «Келечектеги билим берүү жөнүндө эмне билесиң

1. Көпчүлүк өнүккөн өлкөлөрдө канча жыл окушат?

а) 9 жыл

б) 11 жыл

в) 12 жыл

г) 13 жыл

д) Сиздин жообуңуз _____________________________________________


2. 12 жылдык окууну эмне үчүн киргизүүдө?

а) Окуучулар аз болушу үчүн

б) Окуу жүктөмүн көбөйтүү үчүн

в) Окуучулар негизги билимди жана кесипти тандоого жетишүү үчүн

г) Мектеп башка мамлекеттерди тууроо үчүн

д) Сиздин жообуңуз _____________________________________________


3. Келечектин профессиясы кайсы?

а) Кассир

б) Телефонист

в) Сиздин жообуңуз _____________________________________________


4. Келечекте «4К» көндүмдөрүнө кайсы көндүмдөр кирет?

а) Расписания боюнча уктоо

б) Критикалык ой жүгүртүү

в) Шар окуу

г) Даталарды эстөө

д) Сиздин жообуңуз _____________________________________________


5. 12- класс кандай плюстарды берет?

а) Каникул көбүрөөк болот

б) Көбүрөок көчүрүүгө болот

в) Өзүңдү жана профессияңды тереңирээк түшүнүү

г) Сабактар азыраак болот

д) Сиздин жообуңуз _____________________________________________



IV. (колодонуу, өнүктүрүү) – 10-12 мүнөт.

Максаты: Алган билимдерди практикалык кырдаалдарда колдонуу.

Тапшырма: (тандоо боюнча )

Мини-эссе жаз (5-6 сүйлөм):

"Мен 12- класста эмнени үйрөнгүм келет жана эмне үчүн?"

Же жупта талкуулагыла:

"Келечекте мектеп программасына кайсы предметти кошот элеңиз?"

(мисалы: «Финансылык сабаттуулук», «Медиа-көндүмдөр», «Критикалык ой жүгүртүү ж.б.)


V. ( Баалоо, рефлексия) – 5-7 мүнөт.

Максаты: Жыйынтык чыгарып, окуучуларга өзүн-өзү баалоого мүмкүнчүлүк берүү


Ыкмалар:

- Рефлексия «Светофор»:

🔴 12 жылдык эмнеге керек экенин дагы эле түшүнбөй турам

🟡 Кичине түшүндүм, бирок дагы суроолор бар

🟢 Эмнеге керек экенин түшүндүм, бул пайдалуу деп ойлойм

- Суроолор:

- Мен бүгүн эмне жаңы нерсени билдим?

- Бул менин окуума кандай таасир этти?

- Мен заманбап мектепте эмнени өзгөртө алам?

- Үй тапшырма (тандоо боюнча):

- Эссе жазуу: «Келечектин мектеби: мен эмнени көрө алам» (1 бет.).

- Мини-презентация даярдоо: «12 жылдык мектепке “макул” же “каршы” менин аргументтерим»**


Кошумча ресурстар:

Видео: TED Talk «Келечектин мектеби».

Инфографика: " XXI кылымдын көндүмдөрү".

-Документтер: Кыргыз Республикасынын Улуттук билим берүү стратегиясы – 2040.


Иштеп чыккан:

РПККЖКДИнын ага окутуучусу - Казанбаева К.А.































«Образование будущего: Что мне даёт программа «Алтын Казык

10-11 классы


Урок по 5E-модели

Цель: Осмысление роли образования в XXI веке, развитие критического мышления и осознанного отношения к 12-летнему школьному обучению.


I. (Увлечение, мотивация) 5–7 минут.

Цель: Вовлечь учеников в тему, активизировать их опыт, вызвать интерес.

Ход:

1. Вопрос к классу:

– Что вы думаете: почему в Кыргызстане и многих странах мира вводится 12-летнее школьное обучение?

2. Мозговой штурм (на доске/доске Padlet):

– Как будет выглядеть школа через 10–15 лет?

– Какие навыки нужны для будущего?

3. Цитата для размышления:

«Ты учишься не для школы, а для жизни» — Сенека.

Вывод: ученики формулируют предположения, зачем учиться 12 лет в условиях быстро меняющегося мира.


II. (Исследование) 10–12 минут.

Цель: Исследовать ключевые идеи и данные, связанные с образованием будущего.

Ход:

1. Разделить класс на 3 группы. Каждая получает мини-исследование/карточку:

Группа 1: Почему большинство развитых стран учатся 12 лет?

Группа 2: Какие новые профессии появятся к 2035 году?

Группа 3: Какие навыки нужны выпускникам будущего?

(4К: критическое мышление, коммуникация, креативность, кооперация).

2. Ученики изучают текст, и подготавливают краткий вывод (по 1 минуте от группы).


Тема: Образование в будущем – каким оно будет и зачем нам к нему готовиться?

«Представьте, что вы просыпаетесь утром не в своей комнате, а в доме будущего. Вместо звонка будильника – голосовой помощник. Ваш планшет уже загрузил расписание, а на уроке биологии вы… в очках виртуальной реальности изучаете сердце человека изнутри. Нет тетрадей, но есть цифровое портфолио, в котором вы записываете свои идеи, проекты, цели и ошибки. Это – не фантастика, а возможная картина ближайших 10-15 лет. Образование уже сегодня меняется. И очень быстро. Главное отличие будущей школы – она будет не просто "давать знания", а учить учиться, решать реальные задачи, работать в команде, развивать мышление и адаптироваться к миру, которого ещё не существует».

Почему это важно?

- Мир меняется. Технологии, климат, профессии, экономика – всё развивается быстрее, чем раньше.

- Появляются профессии, которых раньше не было: архитектор метавселенной, инженер по ИИ, экологический аналитик.

- Искусственный интеллект и роботы заменят рутинную работу. Останется то, что требует творчества, мышления, решений, человечности.

- Значит, будущее — за навыками, а не просто фактами.

А как же школа?

В будущем образование станет:

- Более персонализированным – каждый будет учиться в своём темпе, с выбором направлений и проектов;

- Более практическим – вместо теории «в стол» будут реальные задачи, которые решают дети;

- Цифровым и гибким – онлайн и офлайн, с виртуальной и дополненной реальностью;

- Жизненным – обучение тому, что реально пригодится: финансовая грамотность, управление стрессом, креативное письмо, цифровая безопасность и др.


Вопросы для обсуждения в классе:

1. Каким вы представляете образование через 10 лет?

2. Какие навыки вам точно понадобятся в будущем?

3. Нравится ли вам идея учиться дольше (например, 12 лет), если это будет полезно для вашего будущего?

4. Что бы вы добавили или убрали из современной школы?

5. Какая у вас мечта, и какое образование вам поможет её достичь?

Пояснение для учителя:

Этот текст можно использовать на этапах:

«Исследование» – для первичного чтения и сбора идей;

«Объяснение» – обсуждение ключевых мыслей и аргументов;

«Применение, развитие» – создание ученических высказываний, мини-эссе, проектов о школе будущего


III. (Объяснение) 10–12 минут.

Цель: Обобщить информацию, раскрыть причины и аргументы в пользу 12-летнего обучения.

Ход:

- Каждая группа делится своими открытиями.

Учитель дополняет и поясняет:

Почему 12 лет это важно:

- Мир требует более глубоких знаний и гибкости.

- Увеличивается количество профильных и прикладных предметов.

-12 класс – это время для осознанного выбора профессии и подготовки к вузу.

-Развитие навыков XXI века требует больше времени: работа в команде, проектная деятельность, цифровая грамотность.

ТЕСТ: «Что ты знаешь об образовании будущего?»

1. Сколько лет учатся в большинстве развитых стран?

а) 9 лет

б) 11 лет

в) 12 лет

г) 13 лет

д) Свой ответ _____________________________________________


2. Почему вводят 12-летнее обучение?

а) Чтобы школьников стало меньше

б) Чтобы увеличить учебную нагрузку

в) Чтобы ученики успели получить базу и выбрать профессию

г) Чтобы школа подражала другим странам

д) Свой ответ _____________________________________________


3. Какая профессия относится к будущему?

а) Кассир

б) Телефони

в) Свой ответ _____________________________________________


4. Какой навык относится к «4К» навыкам будущего?

а) Умение спать по расписанию

б) Критическое мышление

в) Быстрое чтение

г) Память на даты

д) Свой ответ _____________________________________________


5. Какой плюс даёт 12-й класс?

а) Каникул больше

б) Можно больше списывать

в) Глубже понять себя и профессию

г) Уроков меньше

д) Свой ответ _____________________________________________



IV. (Применение, развитие) – 10-12 минут.

Цель: Применить полученные знания к практической ситуации.

Задание: (на выбор)

Напиши мини-эссе (5-6 предложений):

"Что бы я хотел(а) изучать в 12-м классе и почему?"

Или обсудите в парах:

"Какой предмет будущего вы бы добавили в школьную программу?"*

(например: «Финансовая грамотность», «Медиа-навыки», «Критическое мышление и др.)


V. (Оценка, рефлексия) – 5-7 минут.

Цель: Подвести итоги, оценить осознанность, дать учащимся возможность самооценки.


Методы:

- Рефлексия «Светофор»:

🔴 Всё ещё не понимаю, зачем 12 лет

🟡 Немного понимаю, но остались вопросы

🟢 Понимаю, зачем это нужно, и считаю это полезным

- Вопросы:

- Что нового я сегодня узнал(а)?

- Как это повлияло на моё отношение к обучению?

- Что бы я улучшил(а) в современной школе?

- Домашнее задание (по выбору):

- Написать эссе: «Школа будущего: какой я её вижу» (1 стр.).

- Подготовить мини-презентацию: «Мои аргументы “за” или “против” 12-летней школы»


Дополнительные ресурсы:

- Видео: TED Talk «Школа будущего».

- Инфографика: "Навыки XXI века".

- Документы: Национальная стратегия образования КР – 2040.


Разработчик:

Ст. преподаватель РИПКиППР Казанбаева К.А.