СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Класстан тышкаркы иш

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Класстан тышкаркы иш»

Билим кени - китеп,

Тарбия кени - мектеп.

Ким китепти көп окуса,

Ал көптү билет дегендей-

бүгүнкү “Акыл таймашы” сынагына катышуучулар жана мугалимдер. Саламатсыздарбы.

Кош келипсиздер! Бул мелдешти уюштуруубуздун максаты: Окуучулардын билимге, кызыгуусун, шыктануусун жана бири-бири менен атандаашуу аркылуу сабакка болгон жөндөмдүүлүктөрүн жогорулатууга аз да болсо окуучуларга дем күч берүү болуп саналат.

Кимде ким окуй билсе, олжо табар,

Кимде ким билим алса - олжо алар – деген накыл кепте айтылгандай бүгүн таймашка 4-3 класстарынын мыкты окуучулары жупта күч сынашат.

Абдусаттарова Феруза Курбанбаев Эдил

Ахматжанов Азат Айтбаев Назим

Батыров Азимбек Таиров Жумагул

Кожомбердиев Жумалы Абдуражапов Рамазан

Нишанбаев Кайрат Абдижамилова Мадина

Таиров Адилет Джунайдиллаев Султан

“Акыл таймашы” сынагы беш бөлүктөн турат.

  1. Кыргыз тили жана адабий окуу. (тест вариантары менен)

  2. Математика.

  3. Аралаш суроолор

  4. Логикалык суроолор

  5. Макал-лакаптар





МАТЕМАТИКА

  1. 45:5*3=

  2. 122*5=

  3. 420:7*6=

  4. 1миллион жети санынын жазылышын көрсөткүлө?

  5. 3 миллион беш жүз он эки санынын жазылышын көрсөткүлө?

  6. Эң чоң кичине эки орундуу санды көрсөткүлө.



























АРАЛАШ СУРООЛОР

  1. Коёндун баласы кандай аталат?



  1. 200 сомдук акча бирдигинде кайсы белгилүү инсанды көрүүгө болот?





  1. Кыргызстандын борбору?



  1. Кыргызстандын бермети аталган көл?





  1. Носорогдун кыргызча аталышы кандай аталат?



  1. Апаңдын агасы сага ким болот?



  1. Дарактын дайыма эмнеси бар?





  1. Үч жүз алтымыш беш күн эмнени түзөт?



  1. Манас баатырдын туулган жери?





  1. Күндөрдүн кыргызча аталышын атап бер?





  1. Июль айы кайсы мезгилге кирет?



  1. Өлкө башчыбыздын аты-жөнү ким?











ТАРЫХ. ГЕОГРАФИЯ

  1. Дүйнөдөгү эң чоң материк?

  2. Кыргызстандын мамлекеттик символдорун ата?

  3. Кыргызстандагы эң чоң шаар?

  4. “Буруна” мунарасы кайсы областа жайгашкан?

  5. Мамлекеттик гимн канчанчы жылы кабыл алынган? (18.12.1992.)

  6. Кыргызстандагы байыркы шаар?

  7. “Токтогул” ГЭСи кайсы областа?

  8. Дүйнөдө биринчи жолу кагаз акча кайсы мамлекетте пайда болгон?

  9. Күндөрдүн кыргызча аталышы?

  10. Грециядагы эң бийик тоо кайсы?

  11. Кыргызстанда совет бийлиги биринчи кайсы жерде орногон?

  12. “Кут алчу билим” чыгармасы менен таанылган улуу ойчул ким?























КЫРГЫЗ АДАБИЯТ

  1. Улуу “Манас” эпосу канча бөлүктөн турат?

  2. “Кычан” повести кайсы жазуучунун калемине таандык?

  3. Ч. Айтматовдун “Атадан калган туяк” аңгемесиндеги башкы каарман ким?

  4. 20-кылымдын “Гомери” деп атаган манасчы ким?

  5. Гиннес китебине кирген дүйнөдөгү эң узун поэма?

  6. Манастын энесинин аты ким?

  7. Ч. Айтматовдун кайсы чыгармасында мугалим Дүйшөндүн образы түзүлөт?

  8. Зеңги баба кайсы жаныбардын пири болуп саналат?

  9. Танабайдын минген аты?

  10. “Бетме-бет” повестиндеги согуштан качып келген каарман ким?

  11. Манастын канча осуяты бар?

  12. “Балка” каймана аты менен белгилүү жазуучу ким?































МАКАЛ-ЛАКАПТАР

  1. Тил жүрөктүн .........................







  1. Билеги күчтүү бирди жыгат, ................................





  1. Ата сыйлаган абийир табар..................................









  1. Акыл айга жеткирет..................................................







  1. Киши акысын ....................











  1. Китеп ....................................





















ЛОГИКАЛЫК СУРООЛОР

  1. Жылда бизге конокко келишет. Бирөө ак сакалдуу, экинчиси жаш, үчүнчүсү күлүп турат, төртүнчүсү ыйлайт. Булар кимдер?



  1. Бирөө сүйлөйт, экөө угат, экөө көрөт, булар эмнелер?



  1. Эч нерсе жазылбаган барак?



  1. Бир буттап турган тооктун салмагы бир килограмм. Ал эми эки буттап турган тооктун салмагы канча болот?





  1. Баласы 5 жашта атасы андан 8 эсе улуу. Атасы канча жашта?



  1. Суук өлкөлөрдө жашайт?





  1. Базарда сатылбайт, таразага тартылбайт?









Мамлекетибизде билимге суугарылган жаштарыбыз көбөйсүн. Бул сынакка катышкан атаандаштарыма ийгилик каалаймын.



Адамдын сыймыгы бул-билим мен өз билимим менен сыймыктанып бул сынакка катыштым.





Окуу билим булагы, билим өнөр чырагы дегендей терең билим алуу аркылуу буга чейин алган билимибизди сыноо ар бирибиз үчүн маанилүү.





Билим дүйнөсү адамзаттын эң баалуу табылгасы жана байлыгы андыктан менин максатым: “Окуу түндө алдыңдагы шам чырак, Билим алсаң мындай ачкыч жаркырак” деп Жусуп Баласагын айткандай терең билим алуу үчүн бар күчүмдү жумшап өлкөбүздүн өнүгүшүнө өз салымымды кошкум келет келечекте.





Билим болсо жан кыйышпас досуң сага,

Илим болсо кесиптешиң кошунаң дегендей, илимдүү, билимдүүлөр жеңсин бул таймашта.





Билим алуу ийне менен кудук казгандай дегендей өмүр бою билим алсак да аздык кылат. Ошондуктан окуу, окуу жана окуу демекчимин. Катышуучуларга ийгилик өзүмө жеңиш каалаймын.



АДАБИЙ ОКУУ

  1. Мамлекеттик Гиминибиздин сөзүн кимдер жазган?

а) Б. Чотурова, С. Эралиев

б) Ж. Сыдыков, Ш. Кулуев

в) Б. Сарногоев, А. Жакшылыков



  1. Элдик “Шырылдаң” ыры кимдердин турмушунан алынган



  1. Койчулардын

б) Дыйкандардын

в) Жылкычылардын



  1. Элибиздин салттуу оюну кандай?

а) хоккей

б) шахмат

в) ордо



  1. Элибиздин эң ыйык музыкалык аспабы?



а) сурнай

б) кыл кыяк

в) комуз



  1. Кумурскадагы сапаттар кайсылар?



а) жалкоо

б) тартиптүү

в) эмгекчил



  1. Баткен жергесинде эрте жазда гүлдөөчү кооз гүл кандай аталат?



а) жоогазын

б) байчечекей

в) айгүл гүлү

КЫРГЫЗ ТИЛИ

    1. Кыргыз тилинде канча жөндөмө бар?

а) 2 б) 6 в) 4

    1. Диалог деген эмне?

а) Эки адамдын сүйлөшүүсү

б) Жеке адамдын сөзү

в) Жеке сүйлөшүү

3. Сөздөрдөн эмнелер куралат?

а) муун, сөз

б) сүйлөм, текст

в) тамга, тыбыш

4. Сүйлөмдүн кандай түрлөрү бар?

а) жай, суроолуу, жайылма

б) жай, суроолуу, буйрук, илептүү

в) ээ, баяндооч, айкындооч

5. “Айыл” деген сөздүн синономин тапкыла?

а) кыштак

б) көчө

в) шаар

6. Кайсы сөз туюк муундуу?

а) кыргыз

б) атагы

в) элде





7. Улуу жазуучу Ч. Айтматовдун эң акыркы романы кайсы?

а) Кыямат

б) Тоолор кулаганда

в) Кассандра тамгасы

8. Коомдук мамлекеттик ишмер И.Раззаков канчанчы жылы туулган?

а) 1910-жыл

б) 1912-жыл

в) 1908 -жыл

9. “Эрте келген турналар” повестиндеги Султанмураттын минип жүргөн атынын аты?

а) Гулсарат

б) Чабдар

в) Телтору

10. “Манас” эпосун 20-кылымда изилдеген казак окмуштуусу ким болгон?

а) Шокан Валиханов

б) Мухтар Ауэзов

в) Олжас Сулайменов

11. Өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн канча жылдыгын белгиледик?

а) 23

б) 25

в) 27

12. Кеп маданияты кайсы өлкөдө пайда болгон?

а) Греция

б) Англия

в) Франция































Сүлүктү шаарындагы №2 Жалпы билим берүүчү Токтогул атындагы техникалык лицейи.