Просмотр содержимого документа
«Класстык саат. Бириккен Улуттар Уюмуна 80 жыл!»
- Топторго бөлүү
- 1-топ Достук
- 2-топ Тынчтык
1 Е. Кызыктыруу Б - Бириккен У - Улуттар У - Уюму
Тема: Бириккен Улуттар Уюмунун
түзүлүшүнө 80 жыл!
🎯 Сабактын максаты :
- Окуучуларга Бириккен Улуттар Уюмунун түзүлүү тарыхы, негизги максаттары жана ишмердүүлүгү тууралуу түшүнүк берүү.
- Эл аралык кызматташтык, тынчтык жана коопсуздукту сактоонун маанисин түшүндүрүү.
- Окуучуларды дүйнөлүк жарандык, сабырдуулук жана биримдик сыяктуу баалуулуктарды урматтоого тарбиялоо.
2 Е. Изилдөө Бириккен Улуттар Уюму жөнүндө эмнелерди билесиңер?
3 Е. Түшүндүрүү
БУУ ( Бириккен Улуттар Уюму) – 1945-жылы эл аралык тынчтыкты,
коопсуздукту колдоо жана бекемдөө, мамлекеттер аралык тынчтык
кызматташтыгын өнүктүрүү максатында суверендүү мамлекеттердин
ыктыярдуу биригүүсүнүн негизинде түзүлгөн эл аралык уюм
БУУ - Бириккен Улуттар Уюму ООН - Организация Объединенных Наций UN - United Nations
Түзүлүү тарыхы
Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин адамзат түшүнгөн: согуштун кайгылуу окуялары кайра кайталанбаш үчүн, элдер биригиши керек. 1945-жылы 51 өлкөнүн өкүлдөрү, анын ичинде СССР да, БУУнун Уставына кол коюшкан. БУУнун уставы күчүнө кирген 1945-жыл 24 - октябрь жыл сайын БУУнун түзүлгөн күнү катары белгиленет.
БУУнун негизги максаттары: 1. Эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо. 2. Элдер ортосунда достук мамилелерди өнүктүрүү. 3. Эл аралык көйгөйлөрдү чечүүдө кызматташуу. 4. Адам укуктарын коргоону колдоо.
БУУнун Башкы Ассамблеясынын төрагасы – Филемон Янг
БУУнун башкы катчысы- Антониу Гутерреш
https://stem.edu.gov.kg/subjects/geografiya/grades/9/topics/kyrgyz-respublikasynyn-turuktuu-ekonomikalyk-zhana-socialdyk-onuguu-strategiyasy
Туруктуу өнүгүүнүн максаттары
- 4 Е. Тереңдтүү (бышыктоо) «Туура» «Туура эмес»
- Азыр БУУнун курамында 193 мамлекет бар.
- БУУ 1991-жылы түзүлгөн
- Башкы кеңсеси Нью-Йорк шаарында жайгашкан.
- Кыргызстан БУУга 1992-жылы 2-мартта мүчө болуп кирген.
- Быйыл БУУнун түзүлгөнүнө 100 жыл
5 Е. Баалоо Жыйынтыктоо БУУнун Уставында жазылган сөздөр ар бирибиз үчүн ураан болсун: «Биз Бириккен Улуттардын элдери, келечек муундарды согуштун кырсыгынан куткарууга чечим кабыл алдык!