Сабактын темасы: Уят өлүмдөн катуу.
Сабактын максаты: Бул сабакта окуучулар ата - бабаларыбыз намысты бек туткан, “Уят өлүмдөн катуу”деген принципти катуу кармап, шермендечиликтен көрө өлүмдү артык көргөн намыскөй адамдар болгондугуна ынанышат жана өздөрүндө ушундай нарктуу салтты кармоо сапаттарын калыптандырышат .
Сабактын жабдылышы: макал - лакаптар, ар - намыс, уят, намыскөйлүк жөнүндө санат ырлар .
Сабактын жүрүшү:
1. Уюштуруу моменти.
2. Мугалим сабактын темасы менен окуучуларды тааныштырат.
3. Мугалимдин окуучулар менен өтүлө турган тема боюнча маеги.
Мугалим: Балдар, “Уят өлүмдөн катуу”-дегенде эмнени түшүнөсүңөр ? Ушул темада кандай окуяларды билесиңер?
Көргөн кинолордон, окуган жана уккан окуялардан айтып бергилечи.
Окуучулардын жоопторун угуп, талкуулап, кыргыз үчүн уят болгондон көрө өлүм артык экендигин ата-бабаларыбыз тарыхта болгон окуялардан мисал келтирип айта жүрүшкөндүгүн биз билебиз. Азыр мен силерге ошондой окуялардан бирди айтып берейин.
4.Мугалим окуучуларга бир уламышты баяндап берет.
Кайсы бир жоо чабышта кызыл кыргын, сары сүргүндө өмүрүн тобокелге салып, тикелей жоо качырып эрдик көрсөтүп, айылын сактап калган жигитти жоо кеткенден кийин айылдын аттуу - баштуу адамдары, нарктуу карылары чогулуп сый көрсөтуп калышат. Кырк канат боз үй тигишип, үйдүн ичи толо, жигитке төрдөн аксакалдардын жанынан орун берилип, жигиттин жоо чапкандыгын даңазалашып,кызышып кымыз ичилип, чечиле чер жазышып отурган кез.
Ошондо кызыткан кымыздын күчүбү же жоо чапкандагы эрдиктин даңазасынын күчтүүлүгубү, айтор баатыр ичтен түйүлгөн желди башкара албай үн чыгара кете берди. үй ичин өлук жымжырттык каптады. Көздөр бири -бирин тиктештен уялып, үнсүз сүкүт узакка созулду. Бул жымжырттыкты жигиттин жанында олтурган карыя бузду. “Ээ балам, сендей баатыр үчүн бул анча деле уят иш эмес, боло берет балам, кана дасторконго карайлы”- деп жигитти колтукка турттү. Жигит эт - бетинен кетип, бөйрөктөн аккан кан дасторконду канга боеду.
Көрсө жигит уяттын күчүнөн, эбак эле канжарын алып кыңк этпестен бөйрөгүнө матап өз өмүрүн кыйган экен.
Мына эмесе уят өлүмдөн катуу деген сөз ушундан калган турбайбы.
Уйго тапшырма:
«Уят олумдон катуу» деген темага эссе жазып ке
5-“б”классы менен өтүлүүчү көрүнүш.
Катышуучулар:
Алымбек
Баязет.
Кадырбек
Болотбек
Апсамат
Алишер
Ырысберди.
Айжаркын
Ырысберди: Эй, братишкалар салам жокпу?
Эртең ар бириңер жүз сомдон алып келесиңер. Уктуңарбы?
Апсамат: Эу, алып келбесеңер бүктөп коём. Оң кулак сол кулак менен угуп алгыла.
Алишер: Апаңарга же мугалимдерге жеткизчү болбогула. Апасынын баласы болбой.
Үчөө чыгып кетет.
Алымбек: Йоо ээ, балдар эмне кылабыз? Кайдан табабыз? Мен кечээ эле мектепке келген киного 20 сом сурасам үйдөгүлөр урушуп бербей койгон. 100 сомду укса... эхх
Баязет: Эптеп табыш керек. Болбосо дагы таяк жейбиз. Эжеке алып кел деп атат десекпи ыя?
Кадырбек: Жоок эй, ата-энелерибиз тез эле группага жазып сурашат. Анын үстүнө эжеке бүт жаңылыктарды бизден биринчи эле өзү жазып турат да. Болбойт андай. Андай болсо бүт класс ата-энелер да билип калат.
Болотбек: Өзубүзгө ручка, дептерге, киного 20 сомду сорго сурайбыз.. . Кеттик үйгө. Бир айласын табабыз...
Айжаркын: Ий балам, келдиңби? Кел курсагың ачкандыр чай ич.
Кадырбек: ( унчукпай туруп) Апа 100 сом берип бериңизчи...
Айжаркын: -Ий, балам эмне болду? Эмне кыласың жүз сомду?
Кадырбек: (Унчукпайт) мм. Эх
Айжаркын: Айтчы балам, ичиңде эмне болуп атат. Анча акчаны эмне кыласың? Мен сезип турам. Бир нерсе болгон окшойт. Акча керек болсо себебин тез эле айтып сурачу элең. Унчукпаганыңа караганда бир жаман нерсени жүрөгүм сезип турат. Айт балам, чогуу чечели антпесе аягы жакшы болбойт.
Кадырбек: Апа, мен сизге айтсам эртең балдар кошпой коёт. Апасынын баласы, апасынын эркеси, юпка кийип албайсыңбы? Деп шылдың кылышат да апа.
Айжаркын: Ий балам, мен сени айтты дебейм да, класс жетекчиңе же директоруңа жолугам да ызы-чуусу жок эле сүйлөшүп, болгон жагдайды айтам ал сыр бойдон калат. Сенин атың мектепте, класста да сен айтканың жөнүндө эч ким билбейт. Сен айтпасың эртең досторуң да жаман абалда калышы мүмкүн. Акча издеп уурулукка, чөнтөк аңтарууга чейин барышы мүмкүн. Же... кудай сактасын...жаман нерсе ойлогум да келбейт.
Кадырбек: Апа, сөз бериңиз менин атым мектепте аталбашы керек. Ушундай меникиндей эле көйгөй досторумда да бар. Алар да акча кайдан табабыз деп ар кандай ойлоду ойлоп сабактан тарадык эле...
Айжаркын: Айт айта гой, балам. Сен айтсаң досторуң да жаман жака түшпөй бул көйгөйдү чогуу чечип, жардам берели.
Кадырбек: Апа, бизге өзүбүздөн чоң балдар ар бириңер жүз сомдон алып келгиле деген. Алып барбасак... Апа эмне кылсам...
Айжаркын: Эч ойлонбой сабакка бара бер балам. Бул ишти класс жетекчиңе айтам. Баары жакшы болот. Ойлонбо балам...
Окуучулар чыгып кетишет. Менин сөзүм менен жыйынтыкталат.