СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Класстык саат " Мугалим мөмөлүү дарак"

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Класстык саат " Мугалим мөмөлүү дарак"»

МУГАЛИМ МӨМӨЛҮҮ ДАРАК

«Окуу – билим азыгы, билим-ырыс азыгы» дегендей, «А» тамгасын таанытып, окуучуларга билим, таалим-тарбияберип, эрезеге жеткирген – бул мектеп. Ал эми ар бир баланын мүнөзүнө жараша мамиле кылып, баланын жөндөмүнө, шыгына жараша билим берип, турмуш жолуна салган албетте, булл мугалим. 

Мугалим... кандай гана ардактуу сөз. Мугалим кылымдардан бери келе жаткан эскирбеген кесип. Анын педагогикалык акыл топтому, алысты көрө билгендиги, изденгичтиги жана жаш баладай жумшак баёо көңүлүн, бүткүл чыгармачылык кудуретин келечек ээлерине терең билим, мыкты тарбия берүүгө жумшагандыгы менен кадырлоого ээ болгон инсан. 
Баарыбыздын башат-тамырыбыз, асыл ой-тилектерибиз, жетишкен ийгиликтерибиз биринчи кезекте мектеп менен байланыштуу. Элибиздин рухий байлыгы мектеп аркылуу калыпка салынаары белгилүү. Андыктан адамдардын жан-дилин илим-билим үрөөнүн сээп, жаркын максаттарга үндөгөн мугалимге кандай алкыш айтсак да жарашат. 
Ар бир замандын өзүнө жараша мугалими болот. Бул сөз асыресе азыркы мезгил үчүн айрыкча мааниге ээ. Анткени бүгүн мектеп да түп тамырынан кайра түзүлүү тагдырына туш келип, заманбап окутуунун методикаларынан артта калбай, өз өнүгүүсүнүн кыйла кыйын кезегин баштан кечирип жаткан кези десек ашык болбос. 
Ошондуктан педагогтун азыркы учурда аткарчу милдети бир жагынан өтө ардактуу болсо, экинчи жагынан ошончолук жооптуу. Себеби билим берүү, таалим-тарбия жана агартуу тармагын өркүндөтүү ишинде мугалимге өзгөчө милдет тагылган. Республикада жүрүп жаткан ар кандай реформаларга аралашып, анны алдыга жылдыруучу жаңы күчтөр дал ушул мектептер аркылуу даярдалып, улуттар аралык ынтымакка, адамдар ортосундагы өз ара жылуу мамилеге жана жалпы журт ичиндеги бейпилчиликке бекем данакер. 

Мугалимдер 
Мугалимдер – зирек жашап, ат багат, 
Мээ коротуп, мектеп ишин аркалайт. 
Мажурум тал шактарындай ийилип, 
Мээрим төгүп, окуучусун калкалайт. 

Эч кири жок жүрөгүндө, сезимде, 
Эл-жерменен жаңы бирге, дилбирге. 
Эс-акылга ыйман менен жаңы ой, 
Эгип келет көтөрөр деп кезинде. 

Өз тагдыры бир жыйынга, 
Өзгө тагдыр тынчтык бербейт ыйымга. 
Өмүр сүрөт мугалимдер изденип, 
Өчпөс жарык чачамбы деп, кылымга. 

Мугалимдер жөнүндө учкай сөздөр: 


Окуучуга мектептеги эң маанилүү кубулуш, эң үлгү болоорлук сабак, эң жандуу мисал бул - мугалим. (А. Дистервег) 

Ким эскини алпештеп, жаңыны аңдап-билсе, андай адам, мугалим боло алат. (Конфуций) 

Биз кимден билим алсак, алар биздин окутуучубуз атына ээ, бирок үйрөткөндүн бардыгы окутуучу атынын баркына жете бербейт. (И. Гете) 

Жакшы мугалим болу үчүн, окуткан сабакты жана окуучуну сүйүү зарыл. (В. Ключевский) 

Мектеп мугалимдери, ушундай бийликке ээ болуп, премьер-министрлердин андай бийлик кыялында гана болот. (У. Черчилль) 
Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон) 

Эгер мугалимде жумушуна гана сүйүүсү болсо, анда ал жакшы мугалим. 
Эгер мугалимде окуучуларга, анын атасы жана энесиндей сүйүүсү болсо, анда ал бардык китептерди окуган, бирок жумушуна да, окуучуларга да сүйүүсү жок мугалимден жакшы. 
Эгер мугалимде жумушуна да, окуучуларга да сүйүүсү болсо, анда ал – мыкты мугалим. (Л. Толстой)