СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Класстык саат "Сен, мен, ал-учообуз - ынтымактуу уй булобуз

Нажмите, чтобы узнать подробности

кыргыз класстарга

Просмотр содержимого документа
«Класстык саат "Сен, мен, ал-учообуз - ынтымактуу уй булобуз»




Ленин району №42 орто мектеби






Класстык саат





Тема: «Сен, мен, ал үчөөбүз -

ынтымактуу үй бүлөбүз!»












Класс жетекчи: Момунова Р.С.







Тема: «Сен, мен, ал үчөөбүз – ынтымактуу үй- бүлөбүз

Максаттар:

а) Сабактын аягына чейин окуучулар өздөрүн

жамааттын бөлүгү катары аңдап билип калат.

б) Сабактын аягына чейин окуучулар өздөрүнүн

өзгөчөлүктөрүн жана топтогу кадыр – баркын

көрө алат.

в) Сабактын аягына чейин окуучулар ынтымактуу,

биримдиктуу жамааттын артыкчылыктарын

көрө алат.


Каражаттар:

а) Жүндөн ийрилген жип түргөгү.

б) Түстүү барак, маркер, скотч, чоң барак, кайчы.


Кызыктыруу / көнүктүрүү 10 мүнөт

« Желе» оюну

  1. Окуучулар тегерек болуп турат.

  2. Мугалим жүндөн ийрилген жип түргөгүн алат. Жиптин учун сөөмөйүнө ороп, өзүнүн атын атайт. Анан балдардан да ушинтүүнү өтүнүп, түргөктү жанындагы окуучуга тоголотот.

  3. Бардык балдар өз аттарын айтып, «желе» пайда болгончо, жип тоголотула берет.

  4. Анан окуучулар өздөрүнүн баарлашуудагы эн мыкты көндүмдөрүн пайдаланып, желенин чаташын жазат.

Талкуу/ 5 мүнөт


  1. Бизди эмне бириктирди?

  2. Эгер окуучулардын бири артка чегинсе же алга озуп кетсе, эмне болот эле?

  3. Мында мугалим баарыбыз ар түрдүүбүз, бирок бири-бирибиз менен жамаатта байланышканбыз, бир жамаатка киребиз.

Машыгуу/ 20 мүнөт



«Алакан» оюну

1. Ар бир окуучуга түстүү барак жана маркер берилет.

Түстүү баракка алаканын коюп, сүрөтүн чийип,

кыркып алуу керек

2. Окуучулар маркер, кыркып алынган кагазды алып,

бош жерге чыгышат да, 3 чоң топ болуп (катарлары

боюнча) турушат. Ар бир топтун ичинде окуучулар

ыкчам жуптарга биригип, бири-биринин алаканынын

сүрөтүнө, бирден манжасына досунда болушун каалаган

1 сапатты жазып коюшат.

3. Мугалим балдарды жакшы сапаттарга ( мээримдүүлүк,

кайраттуулук, марттык, чынчылдык, өз ара

жардамдашууга даярдык ж.у.с.) багыттайт.

4. Ар бир окуучу 5 башка окуучу менен кездешип, алакан

сүрөтүн толтурат.

Жүзачар/ 7 мүнөт

  1. Тактада топтордун санына карай 3 чоң барак илинген.

Окуучу алакан сүрөтүн толтургандан кийин такта алдына чыгат да, сүрөттү тегерек чоң баракка чаптайт.

  1. Ар бир топ өзүнүн барагынын жанына туруп , окуганча, топ ичинде кайсы сапат көбүрөөк аталгандыгын аныктап белгилейт да, угуза айтат.

Жыйынтыктоо/ 3 мүнөт


  1. Окуучулар чыныгы достук үчүн зарыл болгон негизги

3 сапатты бөлүп көрсөтөт.

2. Мугалим окуучулардын көңүлүн ушул 3 сапатты

калыптандыруу зарылдыгына бурат, достук менен

биримдик- класстын күчтүү болушунун шарты

дейт.


Жумалык тапшырма:


Өзүңдүн досуң жөнүндө чакан ангеме жаз.