Просмотр содержимого документа
«Класстык саат Тамеки»
Тема: “ Ден соолук душманы тамеки”
| Максаттар: | Күтүлүүчү натыйжалар жана көрсөткүчтөр |
| а)Билим берүүчүлүк максаты: Окуучулар “Тамекинин зыяндуулугу” жөнүндө түшүнүк алышат | Эгерде окуучулар: “Тамекинин зыяндуулугу ” боюнча кыскача маалымат айтып бере алышса; -суроолорго жооп бере алышса; |
| Б) Өнүктүрүүчүлүк максаты: Окуучулар “Тамекинин зыяндуулугу” боюнча иш-чаралардын маанисин талдоо,балоо көндүмдөрүнө ээ болушат | Эгерде окуучулар: -Мектептик жана райондук иш-чараларда “Тамекинин звяндуулугун ”айырмалай алышса; - Тамекинин зыяндуулугундагы өз көз карашын билдирип,талкууга катышып,баа бере алышса; |
| В)Тарбия берүүчүлүк максаты: Окуучулар өз ден-соолугун сактоого, баалоого жана кам көрүүгө тарбияланышат. | Эгерде окуучулар; -“Тамекинин зыяндуулугун” өз сөздөрү менен түшүндүрө алышса; -Мекен алдындагы атуулдук парзын аткаруу үчүн өз ден-соолуктарына кам көрө алышса; -видеодогу окуялардын маанисин, баалуулугун биргелешип талкуулап,аныктай алышса |
Сабактын жабдылышы:ватман,маркер,буклет, ар бир топко текст жазылган карточкалар.
Сабактын тиби: тарбия берүүчүлүк
Сабактын формасы: кичи топтордо иштөө.
Сабакта колдонулган ыкма: Акыл –эске чабуул.
Сабактын жүрушү:
Уюштуруу : Саламдашуу,окуучуларды бүгүнкү сабак КРнын гимни менен башталат.
Мугалимдин сөзү: ” 19-20-к башында тамеки чегуу менен адамдар тиш оорууну,баш оорууну, тери ооруларын ж.б. илдеттерди даарылоого аракет кылышкан.
Тамекинин түтүнүндө 4000ден ашуун химиялык заттар камтылган.Тамеки тарткандан5-10 секундадан кийин бул уулуу заттар адамдын организимине келип түшкөн да, тамекиге ууланууну пайда кылат
Тамекинин зыяны.
Автор: Кулусун Жапарова
Күнүгө алтын тапкансып
Тарканың түрлү тамеки
Өпкөнү ыштап дайны жок
Ушинтип жүрүш керекпи
Өзүңдү өзүң баласаң
Өзгөгө тийет керегиң
Унутпай жур эч качан
Ден соолуктун керегин
Карарып өпкө ыш болот
Жай күнү сага кыш болот
Кысылып демиң басалбай
Түркүн дартар косколот
Көпчүлүктун ичинде
Көөлөгөн мордой болосуң
Өзүңдөн өзүң шектенип
Обочо барып коносуң
Бекер болбойт тамеки
Акчага сатып аласың
Чөнтөктү кагып кээ күнү
Камокко басып барасың
Акчасы жок күндөрү
Карыска түшүп аласың
Карызыңды бере албай
Алыстап качып каласың
Карызды бергин кана деп
Жакалайт көрсө көчөдөн
Башыңа кийген капишонуң
Болуп калат кошөгөң
Уялбайсың сурайсың
Бир штук берип койчу деп
Сага берип турам деп
Койду беле энчилеп
Сатыкка койсо ден-соолук
Алмакпыз сатып аянбай
Арак менен тамеки
Калмак анда каралбай
” 19-20-к башында тамеки чегуу менен адамдар тиш оорууну,баш оорууну, тери ооруларын ж.б. илдеттерди даарылоого аракет кылышкан.
Тамекинин түтүнүндө 4000ден ашуун химиялык заттар камтылган.Тамеки тарткандан5-10 секундадан кийин бул уулуу заттар адамдын организимине келип түшкөн да, тамекиге ууланууну пайда кылат.
Тамекинин түтүнүн бир нече уулуу компоненттери
Никотин- өсүмдүк ууларынын эң кучтүүлөрүнүн бири .
Таза түрүндө бул түссүз,майлуу,жагымсыз жыты бар суюктук сууда, спиртте оңой эле эрийт.ооздун былжыр чел кабыгы аркылууоңой сиңирилип, мурундан,бронхтордон ашказанга келип түшөт.
Никотиндин адамды өлтүрө турган өлчөмү 1кг дене салмагына 1мг болуп эсептелет. М:40 кг салмактагы өспүрүмгө бир суткада 40 шт анын өлүмгө учуроосуна алып келет .
Организмге тийгизген терс таасирлери:
1.Өпкө
2.Жүрөк
3.Бойрөк илдеттерине
4.Эрте картаюуга
5.Жүрөктүн кан тамырлары ичкерип кетсе инфарк
6.Баш мээнин кан тамырлары ичкерип кетсе инсульт
Көрсөтмө куралдар:
-Ар бир топ ватманга, маркерлерди жана даярдалган тексттерди бирден алышат.
ТАПШЫРМА
1-топко ”Тамекинин зыяндуулугу” деген теманын маанисин кандай түшүнөсүңөр?
2-топко .”Тамекинин пайлалуулугу “ деген эмне билесиңерби?
3-топко Тамекини өспүрүмдөр эмне себептен чегишет?
“Чылым чеккич ” машинаны көрсөтүү
Зарыл болгон материалдар: боклашка,кебез,скотч, пластырь,тамеки (Фильтр же фильтрсиз)
Бардыгын даярдаган соң “Чылым чеккич ” машинанын иштешин көрсөтүп берүү.
Видеоролик “Чылым чегүүбү же ден соолукпу?” деген темада көрсөтүлөт. Бул тема жалпы топ менен талкууланат.
Үйгө тапшырма: “Чылым чеккен адам эрте картайгысы келеби?”
Сооронбай уулу Дүр орто мектеби