Сабактын темасы: Тазалык ден-соолук булагы.
Cабактын максаты:
1. Тазалык жөнүндө маалымат алышат.
2. Жугуштуу оорулардын алдын алууну үйрөнүшөт.
3. Дене боюн таза, тыкан алып жүрүүгө тарбияланышат.
Күтүлүүчү натыйжа. Таза болуу бул көп жашоого өбөк болорун билсе;
Жугуштуу оорудан алдын алуу тазалык экенин билсе;
Таза, тыкан жүрүүгө тарбияланса;
Сабактын жүрүшү: а) Уюштуруу
б) Жаңы теманы түшүндүрүү.
Тазалык деген эмне? Тазалык – бул адептүүлүк. Адептүү бала ар убак өз боюн таза алып жүрөт. Таза жерлерди басып, кийимдерди кир кылбайт. Ар убак самын колдонуп, өзүнүн тиш щеткасы, сүлгүсү, жүз аарчысы болушу керек. Колунун, бутунун тырмагын алып, чачтарын тартипке келтирүү зарыл.Эгер жаныбарларды кармаласаң, сөзсүз колуңду жууп тамактан. Окуу куралдарыңды таза кармап, барактарын чийбей, булгабай сакта. Үй ичиндеги эмеректерди иретке келтирип, тазалап тур.
Анда, тазалык жөнүндө ырлардан билесиңерби?
Окуучулар тазалык жонундо ырларды айтат.
Эми силер эрежелерди сактабасаңар, эмне болооруңарды билесиңерби? Анда келгиле баарыбыз буга күбө болуп билели.
Тазалык ден соолуктун булагы
Азат жашы тогузга чыкса дагы өзү теңдүүлөрдөн кичине көрүнөт. Мектепте орто окуйт. Бирок жаныбарларды аябай жакшы көрөт. Талаадан кирпичечен кармап алып анны багат. Ит, мышыкты тим эле өөп, жыттап табагынан тамак берет. Анысы жакшы дечи, бирок өзү тазалыкты сактабайт. Жуулбаган колу менен тамак жейт. Кээде өзөндөгү суудан суусагандан ичип алат. Балдар бул жоругуна сын айтса мен дайым эле ичип жүрөм, эч нерсе болгон жокмун, анан чоң энем айткан «аккан сууда арам жок» деп жооп берет.
Мына ушинтип ал күндөрдүн биринде ооруп калды. Эч нерсеге көңүлү келбей, өңү керсары тартып, тамак ичпей жалдырап жаты.
Ата-энеси тынчсызданып доктур чакыртышты. Доктур келип, «тезинен ооруканага алып баргыла, ал жерден текшерип оорусун аныкташ керек» деди.
Азатты ооруканага жаткызышты. Доктурлар текшерип көрүп, «сарык» деген жугуштуу оору экендигин аныкташты. Бул оору таза эмес жүргөндүктөн, абада тараган микробдордон жуккан деген жыйынтыкка келищти.
Азат ооруканада бир айдай жатты. Дагы бир нече убакыт доктурдун атайы көзөмөлүндө текшерилип турушу керек болду. Балдар, ден соолукту сакташ үчүн тулку-боюңарды таза тутуп, дене бойду чыңдоочу көнүгүүлөрдү жасагыла. Спорт менен машыгуу абдан жакшы, ден ссолукка ийгилик алып келет. «Тазалык – өмүр булагы» деп бекеринен айтылган сөз эмес.
Накыл сөздөр
Өтүгү жаман төрдү булгайт
Таза болсоң суудай бол, баарын жууп кетирген.
Тазалык – өмүр булагы.
Тазалык - соолук негизи, соолук байлык негизи.
Агын суда арам жок.
Биринчи байлык ден соолук.
Кыздуу үйдө кыл жатпайт
Бүгүнкү сабак биз үчүн түшүнүктүү болду окшойт, анда ар дайым биз биле жүрчү «Эсиңе түй жана аткар!» көңүл буралы.
«Эсиңе түй жана аткар!»
Өзүңдүн дене боюңду ар дайым таза алып жүр.
Байпагыңды күн сайын жууп тур.
Көйнөк-жакаларың таза болсун. Таза жүрсөң ден соолугуң да чыңдалып, өзүңдү сергек сезесиң.
Эртең менен эрте туруп гимнастика жаса, чурка, муздак сууга жуун, кечке көңүлүң ачык жүрөт.
Өзүңө тиешелүү тиш щеткаң, сүлгүң болсун. Бут кийимиңди таза карма. Өзүңдүн жеке гигиенаң болсун.
Үйдө, мектепте, көчөдө өзүңдү таза, тыкан алып жүр, кийимдериңди, буюмдарыңды таза карма.
Эшиктен киргенде, тамак ичердин алдында колуңду жуу.
Көчөдөн, базардан ар нерсени жуубай жей бербе.
Ушуну менен бүгүнкү тарбиялык сабагыбыз аяктады.