Сабактын темасы: Жашоо эн кымбат белек.
Класс __________
Сабактын максаты:Жаш өспγрγмдөрдγн арасындагы суицид
проблемасын алдын алуу,профилактикалык иш жγргγзγγ.Окуучунун
инсан катары өнγгγγсγнө тγрткγ берγγ.Сабырдуулукка ,чыламдуулукка,
адамгерчиликке тарбиялоо.
Балдар биз силер менен бγгγн адамга эн кымбат нерсе жөнγндө суйлөшөбγз
-Бул дγйнөдө баарына эмне кымбат?(окуучулардын жооптору).
Θмγр жашоо деген эмне?Кандай тγшγнөсγнөр ?
Жашоо бир калыпта болбойт .Муну биз баарыбыз тγшγнөбγз.Бирде баары
тегиз,бирде татаал кырдаалдар болуп калат туурабы балдар?
Менин колумда эки кат бар.Биринчиси силер менен тен бала жазган.
Экичисин айыкпас дартка кабылган кыз жазган.Азыр мен силерге окуп
берем.
“Менин атым Тимур .Мен бул жашоодон тажап кеттим.Мени эч ким тγшγн
бөйт. Атам сабак оку деп урушат.Апам γй жумуштарын кыл, жардам бер
деп айтат.Жакшы телефон алгым келет.Телефондогу оюндарга кызыгам.
Досум дагы мени сатып кетти .Мен ага жашыруун сыр айтсам баарына
айтып салды.Жашагым келбейт”
“Менин атым Юлия .Υч жылдан бери мен айыккыс оору менен ооруйм.
доктурлар мага диагноз койгондон бери мен жашоо менен кγрөшγп кγн
сайын өлγмдγ кγтөм.Азыр компьютерден карасам өлгусу келген адамдар
көп экенин көрγп жиним келет.Мен алар менен ордумду алмашкым келет.
Мен классташтарым менен окугум келет.Бийге ,ийримдерге катышкым
келет.Мен жөн гана кγн тийгенине чымчыктардын сайраганына абдан
кубанам.Апама кγлкγ тартуулагым келет.Мен жашагым келет”
Балдар кандай ойлойсунар бул балдарга кандай жардам берсек болот.
Окуучулар эки топко бөлγнγп анализ жγргγзөт.Кагазга кенештерин
жазышат.
Балдар карасанар кабинетте куураган бак турат .Бул бак адамдардын
мээриминен гγлдөп жашылданат.Окуучулар кагаздан жасалган жалбырак
тарга каалоо тилек жазып жармаштырышат.
Балдар карасанар биздин бак көрктөнγп жашылданып калды.Демек баарды
гы адамдын колунда туурабы?
Кайсы учурда силер кайгырдынар сγйγндγнөр кандай абалда болдунар?
Окуучулар ойлору менен бөлγшөт.
Сурамжылоолор боюнча суицид жаш өспγрγмдөрдγн арсындагы өлγмдөр
дөн экинчи орунда турат.Бул учурда өспγрγм өзγнө көнγл бурдуруу макса
тында кылат.Себептери жалгыздык,γй шартынын туруксуздугу,Ата-энеси
нин ичимдикке берилγγсγ.коомго аралаша албагандыгы.
Окуучу депрессияда жγргөндө эч ким менен сγйлөшпөй калат,көнγл
буруусу начарлайт,жалгыз жγрγп калат.
Көнγгγγ аткаруу.Баардык окуучулар айлана болуп ,кол кармашып турушат.
Бир-бирибиздин колубуздун жылуулугун сезишибиз керек.Жакшы сөздөр
дγ айтышыбыз керек.Биз кыйналып турганда досторубуздан ,классташтар
дан ,ата-энебизден жардам сурайбыз.
Андан кийин кагаз берилет.Кагазга бир тамчы краска тамчылатып берет.
Окуучу аны өзγ каалагандай бойоп койсо болот .
Кичинекей нерсени чон кылып албай кырдаалдан чыгууга аракет кылуу
керек.
Окуучулар анкета толтурат.
Бγгγнкγ сабактан кандай малымат алдынар?
Υйгө тапшырма : “Менин келечегим “деген темада дил баян жазуу.