СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Класстык саат "Жугуштуу оорулар"

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Класстык саат "Жугуштуу оорулар"»

ЖУГУШТУУ ООРУЛАР!

Жугуштуу оорулар: булар оору козгогуч микроорганизмдер (вирус, бактерия, мите козу карындар) аркылуу пайда болуп, соо кишиге оорулудан жана бактерия алып жүрүүчүлөрдөн жугуучу оорулар. Жугуштуу оорулар пайда болуу үчүн: 1. оору козгогуч (микроорганизмдердер), 2. кабыл алгыч (адам, жаныбар) 3. оорулуудан соо адамга инфекцияны таратуучу фактор болушу керек. Түрдүү микроорганизмдердин оору пайда кылуу жөндөмдүүлүгү анын вируленттүүлүгүнө, чыгарган уусунун (токсин) күчүнө, организмге кирген өлчөмүнө жараша болот. Кишинин жугуштуу ооруларга туруктуулугу жашына, чымырлыгына, тамактануусуна, жашоо шартына жана башка байланыштуу. Жугуштуу ооорунун жугушуна, өтүшүнө микроорганизмдин туруктуулугу, кан жоготуу, түрдүү түйшүк, кош бойлуулук жана башка фактор зор мааниге ээ: - Чарчоо, - витамин, -белок жетишсиздиги, -туура эмес тамактануу, -түрдүү операция, -тамак-аштан, -дары-дармектен, -химиялык заттардан уулануу жана башка организмдин инфекцияга туруктуулугун төмөндөтүп, ооруга шарт түзөт. Мисалы, жугуштуу оорулар ошондой эле жаш балдарда (иммунитетсиз кезде) жана улгайган адамдарда кезигет. Оору козгогуч айлана-чөйрөдө түрдүү жолдор менен тарайт. Мисалы, ичеги-карын жугуштуу оорулары (ич келте, дизентерия жана башка) суу, тамакаш, идиш-аяк жана башка буюмдар; аба аркылуу таралуучу жана ошондой (грипп, кызылча, ифтерия жана башка) адам жөтөлгөндө, чүчкүргөндө; тери жугуштуу оорулары (мите козу карын) оорулуу менен тыгыз байланышта болгондо; баш келте, кайталанма келте, кене жана чиркей энцефалити кан соргуч курт-кумурскалар (бит, чиркей, машаа) аркылуу таралат. Кээде организмге 2—3 түрлүү козгогуч жугушу мүмкүн. Мындай убакта ара лашкан инфекция пайда болот же мурунку оорунун үстүнө экинчиси, үчүнчүсү кошулат. Мисалы, кызылчанын үстүнө грипп жукса же түрдүү кокктор кошулса (стафилококк, пневмококк) биринчи оорунун кабылдоосуна алып келет. Айрым учурда туура эмес дарылоодо, антибиотиктин куюу интервалын чаташтырганда организмдеги козгогуч акырындык менен дарыга көнүп, туруктуу боло баштайт. Мындай козгогуч оорунун агымын узартат. Жугуштуу оорулар ошондой жуккандан тартып инфекциялык процесс аяктаганга чейин инкубациялык (жашыруун), белги берүүчү мезгил, белги күчөгөн, кайтуу жана айыгуу мезгилдеринен өтөт. Жугуштуу оорулар көбүнчө капысынан катуу башталат. Адам чыйрыгып, калтырайт, денеси ысып, баш катуу ооруйт. Алсызданып, дене бою салмактанат, көңүлү айнып, кусат. Оорунун башталышында аны аныктоо кыйын. Кээде оорулуунун денеси анча ысыбайт. Оору кийинки, башкача айтканда күчөгөн мезгилине өткөндө ошол дартка мүнөздүү белгилердин баары ачык көрүнүп, оорунун анык диагнозу аныкталат. Ал эми оорунун аяктоо мезгилине өткөндө белгилери акырындап жоголуп, оорулуунун абалы жакшырат. Андан кийин оорунун айыгуу мезгили башталат. Айыга баштаганда дарттын негизги белгилери жоголот: температура акырындап 1—3 күндүн ичинде же кескин түрдө 1 — 2 саатта төмөндөйт, кадимки абалга келет. Жалпы абалы оңолуп, көңүлү ачыла баштайт. Айыгуу мезгили түрдүү жугуштуу ооруларда түрдүүчө (оорунун түрүнө, агымына, организмдин өзгөчөлүгүнө жана дарылоонун натыйжалуулугуна жараша) өтөт. Айрым дартта (келте, сарык) бул мезгил бир нече жумага, ал эми кээ биринде 2—3 күн эле созулат. Айыгуу мезгилинде оорулуу адам алсыз болгону менен тамакка табити ачылып өзүн жакшы сезет. Бирок клиникалык жактан айыккандай көрүнгөнү менен организмдеги өзгөрүштөр ордуна келиш үчүн дагы бир топко созулат. Кээ бир учурда ошондой кабылдап кетиши мүмкүн. Адам ооруп айыккандан кийин туруктуу иммунитет (ооруну кабыл албоочулук) пайда болот. Жана ошондой инфекциянын таралуу жолуна, козгогучтунорганизмде жайгашкан ордуна жараша ичеги-карын, дем алуу жолунун, кан жана тери аркылуу таралуучу оорулар болуп бөлүнөт. Ичегикарын Жугуштуу ооруларында (дизентерия, ич келте, холера, ботулизм жана башка) оору козгогуч оорулуу жана бактерия алып жүрүүчүдөн алардын заңы, кусундусу, заарасы менен сыртка чыгып, булгангантамакаш, суу аркылуу соо адамдын ичеги карынына түшөт. Анда көбөйүп, уу бөлүп чыгарып, тийиштүү ооруга чалдыктырат. Жайында ооруну көбүнчө чымындар таратат. Дем алуу жолдорунун Жугуштуу ооруларында (грипп, көк жөтөл, паротит, кызылча жана башка) козгогуч дем алуу органдарынын былжыр челинде жайгашып, ал жерде көбөйүп, аны сезгендирип ооруну чакырат. Оорунун козгогучу оорулуу же бактерия алып жүрүүчү сүйлөгөндө, чүчкүргөндө, жөтөлгөндө шилекейдин, какырыктын чачырандылары менен сыртка бөлүнүп абаны булгайт. Кан инфекциясында (баш келте, кайталанма келте, безгек, чума жана башка), тиешелүү ташыгычтар (чиркей, бит, кене жана башка) чакканда козгогуч канга, лимфага өтүп ооруну козгойт. Адамдын кан айлануу системасы туюк болгондуктан организмдеги козгогуч кан соргуч ташыгычтар аркылуу гана таралат. Ошондуктан бул группадагы ооруларды трансмиссивдүү инфекциялар деп атайт. Тери Жугуштуу ооруларында козгогуч оорулуу менен тыгыз байланышта болгондо теридеги жаралардан, көздүн, ооздун, жыныс органдарынын былжыр чели| нен жугат (мисалы, күйдүргү, кутурма, шарп, трахома, таз, чакалай жана башка). Негизинен Жугуштуу ооруларды атайын жугуштуу оорулардын ооруканасында дарылайт. Айрым учурда врачтын сунушу боюнча үйдө дарыланат. Кээде Ж. ошондой өз убагында ачылбай (табылбай) өтүшүп кетсе, ооруканага кеч жеткирилсе, диагнозу туура эмес же кечигип коюлса, оорулуу тамактануу режимин бузса, туура дарыланбаса жана башка түрдүү кабылдослорго дуушар кылуусу мүмкүн. Оорулууну үйдө кароо үчүн атайын эпидемиол. шарт түзүү керек. Оорулууну жакшылап туура багуу, жеткиликтүү тамактануу, врачтын сунушун так аткаруу оорунун тез сакайышына жардам берет. Жаныбырдырдан жугуучу оорулар: Кутурма-вирустук оору, негизги адамдын башкы нерв системасы жабыркайт, титирек, кекиртек жана дем алуу булчуңдарынын кысылышы-спазм менен коштолот. Инфекцияны алып жүрүүчүлөр: кутурган жаныбарлар, ит, түлкү, карышкыр ж.б. Адамдар кутурган жаныбарлардын шилекейи аркылуу жуктурушат. Адамдан адамга жукпайт. Инкубациалык убактысы 10күндөн 1жылга чейин вирус адамдын организминде жүрө берет. Бирок орточо 30-50 күнгө чейин. Вирус организмге түшкөн соң нерв аркылуу жүлүн жана баш мээге барып ошол жактан көбөйөт. Оорунун башталышы тиштеген жери кызарып, айланасындагы тери шиший баштайт. Уйку жоголуп, маанай түшөт, дене табы көтөрүлөт. Биринчи тизе булчуңдары паралич болуп андан ары башка булчуңдарга тарайт. Андан кийин адам каттуу тынчсыздана баштайт, ал 1-3күнгө созулат. Дем алуу кыйындап, бети көгөрүп шилекей агат. Андан соң паралич периоду башталат. Жутуна албай адам эч нерсе иче да албай аябай кыйналат. Дене табы 40тан ары көтөрүлөт. Ашыкча тердөө болуп, давления көтөрүлөт. Дем алуу параличи өтүшүп, жүрөк токтоп өлүм менен аяктайт. Мындай абалга көбүнчө айыл тургандары, токойдо иштегендер, цирк жумушчулары кабылат. Эгерде кандайдыр бир жаныбар тиштеп алса, ал кутурган кутурбаган болсо да эң биринчи тиштеген жерин таза суу менен тазалап, дароо медициналык жардамга кайрылуусу зарыл. Бруцеллез — инфекция оорусу, кой, уй, эчки, ж.б.үй жаныбарларынан жугат. Оорулу жаныбарлардын белгилери: аборт, мастит, артрит. Бул оору менен мал багуучулар жабыркайт. Оорулуу малдын сүтүн, этин пайдалангандан жугат. Инкубациалдык убактысы 5күндөн бир нече айларга чейин созулушу мүмкүн. Бирок көбүнчө 3жума. Адамга жуккандан кийинки белгилери: ар түрдүү болушу мүмкүн, негизги дене табы көтөрүлүп, чыйрыгат, тердөө, булчуң оорулары, жалпы алсыроо болот. Дене табы кечинде 39-40ка көтөрүлүп, эрте менен кайра түшүп турат. Бара бара алсыроо балуп, тамакка табити жоголуп, ичи катат, салмагы азайып, ар кандай оорулар коштойт: баш оору, булчуң оорусу, депрессия. Мал багуучулардын эсине: малдар менен контакта болгондо ар дайым кол кап менен жүрүү, көз айнек тагуу. Сүттү жана этти кайнатып пайдалануу. Оорулуну дарылоо бир топ убакытка созулуп, атайын медициналык көзөмөлдө болушат. Баш келте (бит келте) — адамдын катуу кармаган жугуштуу оорусу. Аны риккетсиялар козгойт. Баш келтенин тарашы. Жүрөк-кан тамыр жана борбордук нерв системаларын жабыркатат. Баш келте согуш, ачкачылык, жакырчылык жана башка социалдык кырсыктардан калктын жашоо, турмуш тиричилик шарты, санитариялык абалы өтө начар болгон жерде көп таралат. Ооруну бит таратат. Бит оорулуунун канын соргондо, андагы риккетсиялар биттин ичегисине кошо кирип көбөйөт. Андан соо кишиге өтүп, анын канын соруу менен ичегисиндеги риккетсияларды заңы менен кошо сыртка чыгарат (заңдайт).Ошол учурда бит чаккан жер кычышкандыктан киши тырмайт. Тырмаганда теридеги тытылган жерге түшкөн риккетсиялар канга өтүп, ооруну жугузат. Майда кан тамырларда риккетсиялар көбөйүп, бардык органдарга тарайт, уусун бөлүп чыгарып, бүт организмди уулантат. Оорунун негизги белгилери. Риккетсиялар организмге түшкөндөн кийин 5—25 (көбүнчө 10—12) күн оорунун белгилери байкалбайт. Ал жашыруун (инкубациялык) мезгил деп аталат. Оору капысынан, катуу башталат. Температура 39—40°ка чейин көтөрүлөт. Оорулуунун башы катуу ооруп, уйкусу качат, алы кетет, бети шишимик тартып, тамылжыйт, көздөрү жалтырап, деми кысылып, эриндери кызарат, денеси жанчылгандай болуп ооруйт, жүрөгү тез-тез согот. 4—6-күнү бүт денесине (беттен тышкары), айрыкча курсагы, колдору, буттарына кызамыкка окшогон майда темгил чыбырчык чыгат. Ал чыбырчыктар 2—3 күндөн кийин кетет да, алардын ордуна бир нече күнгө чейин тактар калат. Бул учурда оорулуунун жалпы абалы начарлап жөөлүйт. Жүрөгүнүн кагуусу начарлайт, кан басымы ылдыйлайт, тили кургап, суусайт, эсинен танышы мүмкүн. Боор, көк боор чоңоёт. 9—11 күн өткөндөн кийин акырындап оорулуунун абалы оңолуп, температурасы төмөндөйт, эсине келет, оорусу басаңдап, тамакка табити тартып, көңүлү ачылат, бирок оорулуунун толук сакаюусу көпкө созулат. Оорудун алдын алуу. Оорулууну сөзсүз ооруканага жаткызуу зарыл. Өз убагында дарылабаса ар кандай кабылдоолорго — өпкөнүн сезгениши, мээ кабыгынын сезгениши менингит) жана башкаларга алып келиши мүмкүн. Оорунун алдын алуу үчүн санитария-гигиеналык эрежелерди туура, так сактоо, кир жуучу жайларды, мончо, жатаканаларды санитариялык көзөмөлгө алуу, оору чыккан жерди дезинфекциялоо, оорулуу менен болгон адамдарды мончого самындап жуунтуп, кийим, шейшептерин дезинфекциялоочу камерадан өткөрүлөт. Биздин өлкөдө калктын жыргалчылыгы жана маданиятынын жогорулашынын натыйжасында баш келте дээрлик кездешпейт. Жугуштуу оорулууну бөлүү. Көпчүлүк жугуштуу оорулар соо кишилер оорулуу менен жолукканда жугат. Ошондуктан жугуштуу оорулууну соолордон бөлүү эпидемияга каршы чаралардын бири болуп эсептелет. Эпидемиянын алдын алууда жугуштуу оорулууну же күнөм санаган учурда аны тезинен бөлүү чоң мааниге ээ. Жугуштуу оорулуулар өзүнчө, атайын ооруканаларда дарыланышат. Кээде ооруканага жеткиргенче балдар бакчасында, жатаканада, вокзал жана башка мекемелерде убактылуу изолятордо жайгаштырылат. Жугуштуу оорулууларды дарылай турган ооруканалар ар бир жугуштуу оорунун түрүнө карай өзүнчө бөлөкбөлөк адистештирилген, мисалы, дизентерия, келте, сарык, скарлатина жана башка бөлүмдөргө бөлүнөт. Эгерде диагнозу так коюла элек болсо, ал оорулуу убактысынча өзүнчө (бокс же диагностикалык бөлмөгө) жайгаштырылат. Оорунун диагнозу аныкталгандан кийин оорулуу өзүнчө тиешелүү, атайын бөлмөгө которулат, ар бир оорулууну өзүнчө жалгыз бөлүп коюшат. Карантиндик, өтө жугуштуу оорулар (чума, холера, кара чечек, сары лихорадка) пайда болгондо же аларга күнөм санаган учурда оорулуулар тезинен өзүнчө режим жана пост (кароол) менен камсыздандырылган ооруканага жайгаштырылат. Оорулуу менен бирге болгондорду соо адамдардан осрунун инкубациялык (жашыруун) мезгили өткөнчө бөлүп коюшат. Кээ бир жугуштуу ооруларда (мисалы, грипп, суу чечек, скарлатина, кызылча жана башка) оорулууну үй шартында бөлүп коюп дарылоого болот. Дарылоону оорунун түрүнө, агымына, оорулуунун адистигине, ошондой эле үйдүн сан.-гигиеналык шартына карап участкалык врач жүргүзөт. Мындай учурда оорунун тегерегиндегилерге (үй-бүлөгө, келген-кеткендерге) жуктурбас үчүн өзүнчө бөлмөгө жаткызып, идиш-аяк, кийим-кечегин, сүлгү, жүз аарчы жана башка буюмдарын бөлүп коюу зарыл. Ал бөлмөгө кишилердин туш келди кирип-чыгуусуна, оорулуу менен сүйлөшүп жакындашууга тыюу салынат. Врач оорулууну дарылоодон тышкары ошол үй-бүлөнүн мүчөлөрүнө, кошуналарына бул жугуштуу оорудан кандайча сактануу керектигин, жеке гигиенаны, жалпы тазалыкты сактоо эрежелерин түшүндүрөт. Оорулуу менен жолугушкан кишилерди каттап, участкалык медициналык кызматкерлер байкоого алат. Жугуштуу ичеги-карын ооруларында (мисалы, ич келте, дизентерия жана башка) үй-бүлө мүчөлөрүнө, соода жана тамак-аш ишканаларында иштегендерге лабор-ялык текшерүүлөр бүтмөйүнчө көпчүлүк менен аралашууга, кызматка чыгууга уруксат берилбейт.