СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Класстык сааттардын шилтемелери

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Класстык сааттардын шилтемелери»

Сабактын темасы: «Жаӊы жылдык атрибуттардын тарыхы»

Сабактын максаты: Окуучулар жаӊы жылдык атрибуттардын тарыхы жана аларды колдонуу себептери жөнүндө маалымат алышат.

Дүйнөдө канчалаган улут, мамлекет бар. Алардын ар биринин салты, жашоо принциптери ар башкача. Бири-бирине окшобогон адамзатын бириктирүүчү нерсе – Жаӊы жыл. Бул майрамда салттуу түрдө балатыны кооздоп, шампан аттырып, оливье салатын жасап көнгөнбүз. А бирок эмнеден улам балатыны кооздойбуз? Эмне үчүн сөзсүз оливье салаты дасторконубузду толукташы керек деп ойлондуӊуз беле?Келиӊиз суроого жооп издеп көрөлү

1 - Январь бардык өлкөдө жаӊы жыл эмес

Дүйнө жүзүндөгү айрым мамлекеттер жаӊы жылды башка күндөрү белгилешет. Мисалы, кытай жана вьетнам эли 21-январдан 21-февралга чейинки аралыкта майрамдашат. Ал эми еврейлер 5-сентябрдан 5-октябрь аралыгында жаӊы жылды тосушат. Иран календары боюнча жашаган мамлекеттерде жаӊы жыл 21-22-март күндөрү келсе (Нооруз-Жаӊы күн), бангладештиктер 14-апрелди жылдын жаӊырган күнү катары белгилешет. Жер жүзүндөгү мамлекеттердин бул майрамга болгон мамилеси канчалык түрдүү болбосун, баары бир расмий түрдө 1-январдан тартып кийинки жылдын саналышы башталат.

Балатынын тарыхы

Алгачкы балаты 1513-жылы Германияда немис реформатору Мартин Лютердин үйүндө жасалгаланган. Ал рождество майрамынын алдында түн ортосунда үйүнө баратып асмандагы жайнап турган жылдыздарга суктанат. Үйүнө барып жылдыздарга окшоштуруп балатыга шамдарды илип көрөт. Алгач балатыны шам, алма, таттуу токочтор менен кооздошчу. Кийинчерээк пахта, кагаз, айнектен жасалган оюнчуктарга кезек келген. Орусияга бул салт император Пётр Iдин убагында келген. Ал жаӊы жыл астында көчөлөргө ийне жалбырактуу дарактарды кооздоп орноткула деп буйрук берет. Ошондон тарта балаты рождество майрамына карата гана эмес, жаӊы жылдын урматына да жасалгалана баштайт.Кыргызстанда алгачкы коомдук балаты 1895-жылы 28-декабрда Бишкек шаарында (Пишпек) жасалгаланган. Кийинчерээк Ленин «балаты жасалгалоо – буржуаздык өнөр» деп бул нерсеге тыюу салат. Жаӊы жылдык балатыга экинчи өмүрдү 1930-1935-жылдары Иосиф Сталин «Балдарга жомокту кайтарып берүү керек» деген ураан менен кайтарып берген. 1947-жылдан тарта 1-январь расмий түрдө календардагы кызыл күнгө айланган.

Аяз ата жана аяз кыз тарыхы

Алгач жарыкка Аяз ата келген. Айрым өлкөлөрдө аны эргежээлден келип чыккан дешсе, айрымдар оюнчук саткан чалдын образынан жаралганын айтышат. Эӊ биринчи Аяз ата тон кийген киши болсо, кийин анын колуна мор тазалоочу таякча карматып (мор аркылуу белектерин таштап кетет деген уламыштан улам), ак жакалуу кызыл тон кийгизилет. Анын бул образына америкалыктар сакал кошушса, англиялыктар колуна белек салынган мүшөктү карматышкан. Аяз кыз – орустардын ойлоп тапкан каарманы. Анын жаралышы 1935-жылга туура келет.

Шампан ачуу тарыхы

Бул ичимдикти жаӊы жыл майрамында ачуу орус ханышалары Елизавета I жана Елизавета IIнин башкаруу мезгилинде пайда болгон салт дешет. Алардын 15 миӊден ашык адамдын катышуусунда уюштурган жаӊы жылдык кечелери тууралуу көп айтылат. Мына ошондой эстен кеткис майрамдоолордун биринде шампан ичүү пайда болгон.

Фейервек

Көпчүлүк салют менен фейерверкти бир нерсе деп билишет. Бирок экөө эки башка. * Салют бул – артиллериялык куралдан куру дүрмөт менен салтанаттуу аттыруу.

  • '"Фейерверк – пиротехникалык курамды күйгүзгөндөн келип чыкчу декоративдүү оттор.

Фейерверктин мекени – Кытай, ал биздин доордун XII кылымында жаралган. Орустарга бул нерсе 1675-жылдары жеткен. Ошол эле учурда Пётр I эски жылдын акыркы күнү фейерверктерди аттырып майрамдоону элге таратат. Бенгаль шамы Алгачкы бенгаль шамы Индиянын Бенгалия провинциясында коопсуздукту сактоо иретинде күйгүзүлүүчү белги катары колдонулган. Аталышы дагы ошол жердин атынан.

Оливье салаты

Аталган даамды франциялык ашпозчу Люсьен Оливье ойлоп тапкан. Анын рецебинде салатка колбаса кошулган эмес. Бул орустардын кошумчасы. Чындыгында, салаттын жаӊы жылга тиешеси жок, жөн гана убакыттын өтүшү менен кенен жайылып, салтка айланып калган.

Сабактын темасы: «Жакшы болсо бир дөӊдө, жаман болсо бир чуӊкурда»

Сабактын максаты:

  1. Инсандагы жаман сапаттар жана алардын жат көрүнүштөрү туурасында түшүнүк менен адептүүлүккө, абийирдүүлүккө, максаттуу жашоого багыт алат.

  2. Жакшы сапаттарга ээ болуу,өзүндө жакшы сапаттарды өнүктүрөт. Улгүлүү жүрүш-турушка, адептүүлүккө, ыймандуулукка, адамдарды урматтап сыйлашат.

  3. Адамдагы жакшы жана жаман сапаттарды айрып таануу менен башка адамдарга мамиле түзүүнүн жол жобосун үйрөнөт жана үй-бүлөдөгү ынтымакты арттыруу максатында элдик насаат сөздөр, макалдар аркылуу тарбияланат.

Жакшы болгон баланын,

Атасы жаман болсо да

Төрдө отуруп сый табаар.

Жаман болгон баланын,

Атасы жаман болсо да,

Төө үстүнөн итт кабар (Калыгул) деп айткандай жакшы болуу үчүн ар бириӊер акыл эстүүлүк менен улуу кичүүгө мамиле жасоону, ата-энени сыйлоону, бир туугандар менен ымала түзүүнү, теӊтуштар арасында биримдикти сактоону үйрөнүшүбүз керек.

Жакшы чыккан азамат,

Элин билээр.

Элин билген ал адам,

Тилин билээр. (Калыгул)

деген ыр саптар менен билим алууга, сабаттуулукка чакырам. Жакшы бала өз элинин тарыхын билет, билим алууга умтулат, келечек жөнүндө ойлонот. Жакшы деген атка ээ болуу үчүн адам көп жакшы сапаттарга ээ болуу үчүн адам көп жакшы сапаттарга ээ болуусу керек. Ар кимдин жакшы болуусу дагы , жаман болуусу дагы өзүнөн.

  • жакшы болсоӊ сый көрөсүӊ;

  • жоопкерчиликтүү болсоӊ баары сага ишенет;

  • адамкерчиликтүү таза жүрүм-турумга ээ болуу

менен айлана-чөйрөдөгү адамдарга үлгү болосуӊ. Адамдагы чыныгы инсандык сапаттар анын сүйлөгөн сөзүнөн, мамиле кылганынан, чын сүйлөгөнүнөн көрүнөт. Адам канчалык акылдуу, мээримдүү болгон сайын, башкалардын жакшылыгын ошончолук баалай турган болуп калат. Акылыӊ болсо эч кимге жамандык кылба. «Жакшынын атын булгай албайсыӊ, акылын уурдай албайсыӊ»- деген сөз бар элибизде. Анткени бардык жакшы нерсени жакшыдан күтүүгө болоорун эсиӊерден чыгарбагыла! Кана балдар адамдын жакшы жана жаман сапаттарын мүнөздөгөн макалдардан айтып көргүлөчү.

  • Жакшы болуу аста-аста, жаман болуу бир паста.

  • Жакшы атка ээ болуш үчүн адам көп эмгектениш керек.

  • Жакшы адам үлгү болоор ар дайым.

Улуу адамдардын өзүн-өзү тарбиялоого үндөгөн баа жеткис ойлору, сөздөрү кылымдан кылымга өтүп, унутулбай келет. Эмесе ар бир топ ушундай ой-берметтеринен таап түшүндүрмө бергиле.

  • Адам үчүн эӊ кыйыны, күн сайын адам болуу (Ч. Айтматов);

  • Сен таза болсоӊ, мен таза болсом, коом да таза болот (И.Раззаков);

  • Мен пикир кылып жатам, демек, мен бармын (Рене Декарт);

Бул даанышман сөздөрдөн жыйынтык чыгарсак адамдын билимдүү, өнөрлүү болуу менен эле максатка жетпейт экен. Ал күн сайын өзүнүн адамдык сапаттарын сактап, жаман адаттардан алыс болуусу керек экен. « Аалым болуу оӊой, адам болуу кыйын»- деген сөздө калет жок. Анда эмесе сөздүн көркү болгон макал-лакаптарга кезек берели.

Оӊ колуӊдун ачуусун-сол колуӊ менен бас.

Пейли жакшы-кем болбойт.

Сабырдын түбү-сары алтын.

Жүз жыл жашасаӊ-жүз жыл оку.

Адамды адам кылган-эмгек.

Адам болуу аста-аста- акмак болуу бир паста.

Сабакты жыйынтыктоо: Азаматсыӊар балдар! Бүгүн жакшы жана жаман сапаттар менен кошо үй-бүлө мүчөлөрү менен болгон мамилени да жакшы айкалыштырдыӊар. Адамдын сырткы көрүнүшүнө келбетине карап мамиле жасоо туура эмес, кай бир адамдын сага жакпаган сапаттарына көтөрүмдүү болуу, аны сылык сыпаа билдирүү адептүүлүктү билдирет.

Сабактын темасы: Сарык оорусу

Сабактын максаты:Окуучулар сарык оорусу жөнүндө маалымат жана алдын алуу эрежелери менен таанышышат

Жугуштуу сарык оорусу (вирусный гепатит) жугуштуу оорулардын бири. Айрыкча жаш балдардын арасында бул оору кеңири жайылган.

Сарык оорусу – бул боордун вирустар жана организмдеги уулуу заттар, ошондой эле иммунитеттин төмөндөшү менен пайда болгон сезгенүүсү. Бул «А сарык» оорусу же жугуштуу сарык оору деп да аталат. Бул –жөнөкөй түрүнө кирет. Анын жугуу механизми ичеги жугуштуу ооруларына да окшош болот. Кирдеген кол аркылуу жана ооздон жугат. Вирустан улам боордун сезгенүүсү жугуштуу сарык оору деп аталат. Вирустук сарык оорусу жугуштуу оору болуп саналгандыктан, негизинен боордун ткандарын бузуп, өзүнүн функциясын аткарууга зыянын тийгизет. Азыркы учурда 1 жаштан 14 жашка чейинки балдарда вирустук сарыктын А деген түрү кездешет. Сарыктын арасында А вирустук гепатити 6 жашка чейинки балдарда 90 пайызга жакыны, 6-14 жашка чейинки балдарда 50 пайызга чейинкиси болот. Бул мектептеги жана балдар бакчасындагы балдардын санынын бир имаратта көп болушу, жай, күз айларында мөмө-жемиштерди таза жууп жебегенден улам болот. Сарык оорусу ичеги жугуштуу ооруларындай эле адамдын организмине ооз аркылуу тамак-аш жегенде жана арыктардан суу ичкенде кирет. Ошондой эле айлана-чөйрөгө оорулуунун заңы менен бөлүнүп чыгат жана ага конгон чымын- чиркейлер сарыктын таралышына жол ачып берет. Андыктан ден соолукка өзгөчө кам көрүү маанилүү. Азыркы тапта базарлардын четинде, көчөдө ар кандай тамак-аш саткандар көбөйгөн. Алардын биринде да санитардык талапка жооп бере турган кагазы жок. Демек, кайсы бир жугуштуу ооруну жугузуп албоого кепилдик жок.

Белгилери кандай болот?

Сарыкты жугузуп алгандан кийин температура 38 градустан жогору көтөрүлөт. Жүрөгү айланып, тамак ичпейт, ичи ооруйт, териси, көздөрү, заарасы саргая баштайт. Алгачкы бир жума аралыгында көп билинбейт. Ошондуктан көпчүлүк сарыкты сасык тумоо менен алмаштырып алышат. Сасык тумоодо оорулуунун температурасы түшөт, ал өзүн жакшы сезип калат. Ал эми А сарык оорусу менен ооруганда температура болбошу деле мүмкүн, оорулуунун абалы көпкө жакшы боло албайт. Оорулуу чарчап-чаалыгып, бир күндө бир нече жолу уктайт. Оорунун вирусу адамдын организмине келип түшкөндөн кийин ал 10 күндөн 35 күнгө чейинки убакытта вирустун инкубациялык мезгили кармалат, бул аралыкта дарттын белгилери пайда боло баштайт. Инкубациялык мезгил учурунда оорулуу алсырайт, тамакка табити тартпайт, кускусу келет, ичи өтөт, денесинин температурасы көтөрүлөт, териси жана көзүнүн агы саргаят, зааранын өңү кочкул тартып заңдын түсү болсо агыш  тартат. Мындай белгилер байкалса дароо ооруканага жеткирүү керек.

Тазалыкты ар дайым сактаңыз

 Сарыкты дарылаганга караганда алдын алуу бир топ оңой. Сарыктын жугуу жолдору өздүк гигиенаны сактоо менен тыгыз байланышта экендиги тууралуу жогоруда айтылды. Өзгөчө жай айларында күн ысык болуп, чымындардын тамак-ашка конуусу аркылуу адамдарга берилет. Тазалыкты сактабаган жайларда чымын көбөйөт. Алар тамак-ашка, сууга, биз колдонуп жаткан буюм-тайымдарга конот. Өзгөчө кайнатылбаган чийки сууда ал вирустар өлбөйт. Ошондуктан кайнатылган гана сууну ичүү талап кылынат. Тамак-аш таза даярдалган жайлардан гана тамактануу талапка ылайык. Жер-жемиш, жашылча-мөмөлөрдү сөзсүз түрдө тазалап жууп алып андан кийин гана пайдалануу зарыл. Эң башкысы – тамак ичердин алдында, колду самындап жууп, анан гана ичүү маанилүү экендигин унутпаңыз. Балакай эшиктен ойноп келгенден кийин сөзсүз түрдө колун самындап жуудурууга көндүрүңүз.



Сабактын темасы: «Сасык тумоодон сактанабыз»

Сабактын максаты: Окуучулар сасык тумоону алдын алуу жана дарылануу эрежелери жөнүндө маалымат алышат.

Жугуу жолдору

Сасык тумоонун вирусу организмге дем алуу жолдору (ооз, мурун) аркылуу кирет. Оорунун булагы болуп сасык тумоо менен ооруган адам эсептелет да, 5 же андан көбүрөөк күн ооруну алып жүрүүчү болуп саналат. Сасык тумоолоп калган адамдан соо адамга аба аркылуу, кол алышып учурашканда жугат.

Белгилери

  • Баштын оорушу;

  • дене табынын көтөрүлүшү;

  • чыйрыгуу, муундардын;

  • булчуңдардын сыздашы;

  • мурундан суу куюлушу;

  • жөтөл;

  • чүчкүрүү;

  • тамактын оорушу.

Оору тереңдеп кетсе…

 Өтүшүп кеткенде ринит, бронхит жана отит оорулары пайда болуп, өпкө шамалдашы (пневмония) да мүмкүн. Өнөкөткө айланган бронхиалдык астма, бөйрөк оорулары курчуп кетиши ыктымал. Андыктан ооруну күчөп кетүүгө жеткирбей дарылануу кажет.

 Алдын алуу үчүн

 -Сасык тумоолоп калган адамдын жанына жакын жолобоого аракет кылыңыз. Сүйлөшүүдө ортодо бир метр аралыкты кармаңыз.

– Дүкөнгө же коомдук жайларга барууда бет кап (маска) пайдаланыңыз.

– Колуңузду бат-баттан дезинфекциялоочу майлыктар менен аарчып туруңуз.

– Үйгө кирериңиз менен колуңузду самындап жууп, анан кийимиңизди которуңуз.

– Үйдө сасык тумоологон адам болсо, оксолин майын колдонуңуз.

– Жуулбаган колуңуз менен көзүңүздү, мурдуңузду ушалабаңыз.

– Үйдү дезинфекциялоочу каражаттар менен жууп, тез-тезден желдетип туруңуз.

– Иммунитетти көтөрүүчү азыктардын бири-аскорбин кислотасын колдонуңуз.

– Жыл сайын күзүндө сасык тумоого каршы эмдөө алыңыз. Эмдөө сизди 6 айга чейин коргойт.

Алгачкы белгилери байкалганда

 – Бутуңузду горчица салынган жылуу сууга 10-15 мүнөт салып отурасыз. Андан соң бутуңузду аарчып кургатып, жылуу байпак кийиңиз.

– Тамагыңызды ромашка, сода, фурацилин же марганцовка (мала кызыл кылып) менен чайкаңыз.

– Мурдуңузду туздуу суу менен чайкаңыз же самындын көбүгүн мурдуңузга салыңыз. Мында мурдуңуз ачышат, аябай чүчкүрөсүз, бирок тез эле айыга түшөсүз. Самындын көбүгү менен туздуу суу мурун көңдөйүндөгү микробдорду, инфекцияларды жана вирустарды тазалайт.

– Суюктукту көп ичиңиз. Карагат, малина жана лимон кошулган чай сасык тумоодо эң сонун жардамчы боло алат. Сүт ичүүгө болбойт, анткени бул азык мурундагы былжырларды көбөйтүп жиберет.

Башкаларга жугузбоо үчүн

– Сасык тумоолоп калганда үй-бүлөлүк дарыгерди үйгө чакыруу зарыл. Эмканага өзү барган учурда башка соо адамдарга ооруну жуктурушу мүмкүн. 6-7 күнгө чейин эл менен аралашпастан, толук дарылануу зарыл. Балаңызды бала бакчага, мектепке жөнөтпөй туруңуз.

– Чүчкүргөндө, жөтөлгөндө ар дайым оозду жүз аарчы менен жабуу керек. Ошондой эле алакан менен жаппай, манжалар менен жапкан туура. Жүз аарчыны күн сайын жууп, үтүктөп туруу зарыл.

– Колду такай самындап жууп туруу майда нерседей туюлганы менен өтө маанилүү экенин эскертмекчибиз. Колду жуу менен өзүбүздү да, өзгөлөрдү да жугуштуу оорулардан сактайбыз.

Сасык тумоодон сактоочу азыктар

*Чоң адамдар сарымсакты чийки жеш керек. Жаш балдар, бөбөктөр үчүн: сарымсакты жипке өткөрүп моюндарына тагып, же жаткан керебетине илип койсо, сасык тумоо жолобойт. Эскертүү: сарымсакты ашказан, ичеги оорусу барлар жесе болбойт.

*Балды кайнак сууга кошкондо пайдалуу элементтер жоголот, андыктан жылуу сууга салып ичкен оң.

* Ит мурун (шиповник) дарыканада сатылат, термосго демдеп коюп, 1-2 сааттан соң ичкениңиз туура.

*Ачуу калемпирди суюк тамакка кошуп ичсе өтө пайдалуу.

*Малина (кызылгат) кыямы сасык тумоого, суук тийгенге табылгыс дары.

  Эскертүү!

1.Жаш балдарга аспирин берүүгө болбойт! Балдар үчүн даярдалган парацетамолду колдонгула.

  1. Балдарга өз алдынча, дарыгердин уруксатысыз антибиотик бербегиле!

  2. Кош бойлууларга антибиотиктер терс таасирин тийгизет!

Кош бойлуулук жана сасык тумоо
Кош бойлуу айым сасык тумоодон өзүн өтө этият кылышы керек. Ал үчүн жакшы тамактанып, жылуу жүрүшү, эл көп топтолгон жерлерге барбай, таза абада сейилдеп жүрүшү шарт. Жуунган соң дароо сыртка чыкканга болбойт. Сасык тумоодон абайлаш үчүн бөлмөдөгү бурчтарга пиязды экиге бөлүп коюп коюу, ным чүпүрөк менен эмеректердин чаңын сүртүп, бөлмөлөрдү желдетип туруу зарыл. Кокус сасык тумоонун белгилери пайда болсо, токтоосуз эмканага кайрылып, дарыгерге кош бойлуу экенин эскерткен соң, дарылана баштаганы туура. Ичтеги балага залалы тийбеш үчүн кош бойлуу айымдын сасык тумоодон дарыланышы өтө кылдаттыкты талап кылат.

1.Кош бойлуулуктун мөөнөтүнөн көп нерсе көз каранды. Алгачкы үч айлыкта (12 жумага чейин) сасык тумоонун вирусунун таасири чоң. Анткени, бул мезгил түйүлдүктүн ички жана сырткы органдарынын калыптануу мезгили болгондуктан, ушул 3 айлык убакта сасык тумоо менен ооруган эненин ичиндеги түйүлдүктүн өнүгүшүндө бузулуулар болот. Баарынан да сасык тумоо түйүлдүктүн нерв ткандарына көбүрөөк таасир этип, бул болсо борбордук нерв системасынын өнүгүшүнүн бузулушуна алып келет.
2.Кош бойлуулуктун кийинки мөөнөт­төрүндө деле вирус түйүлдүккө коркунуч туудурат, бирок, алгачкы үч айлыктагыдай эмес. Мындай учурда бала өз убагында эле төрөлөт, бирок, ичтеги суу аз болуп, түйүлдүктүн өсүшү жайлайт. Натыйжада, бала аз салмак менен төрөлөт.
Курсакта жатканда энеси сасык тумоо менен ооруган жаңы төрөлгөн балдарды изилдешкенде, алардын 60% ынын өнүгүүсүндө кемчилик болгон, көпчүлүк балдардын тиштери кеч чыккан, айрымдары аллергиялык ооруларга кабылышса, дагы бирлери пневмония менен оорушкан.

Кош бойлуу кезде дары ичүүгө болобу?
Дары-дармектердин айрымдары түйүлдүктүн өнүгүшүнө алгачкы үч айда терс таасир этсе, айрымдары андан кийин деле түйүлдүктү бузулууга алып келет. Түйүлдүктүн колу-буттары, нерв системасы калыптанып келаткан алгачкы үч айлыкта дары-дармек колдонуудан келип чыккан эненин канындагы химиялык өзгөрүүлөрдү түйүлдүк өтө тез кабыл алат.
Сасык тумоодо колдонулуучу парацетамол кош бойлуулар үчүн эң коркунучтуу дары болуп эсептелинет. Кош бойлуулуктун алгачкы жумаларында колдонулган парацетамол түйүлдүктүн бөйрөгүнүн, боорунун функциясынын бузулуу коркунучун туудурат. Ал эми мурун бүтүүдө колдонулуучу каражаттар, мисалы, називин мурундан былжырдын бөлүнүп чыгышын азайтат. Бирок, бул каражаттардын арасынан түйүлдүктүн жүрөгүнүн функциясына терс таасир эткендери бар. Сасык тумоонун татаалданып кетишин алдын алуу үчүн сөзсүз дарыгерге көрүнүп, алгач кош бойлуулугуңузду эскерткениңиз туура. Ошондо ал сизге кайсы дарыны ичүүнү сунуштайт.

Кантип дарылоо керек?
Мурун бүткөндө
*Энеге дем алуу кыйын болгондо курсактагы балага да кычкылтек аз жетет. Ал эми мурундан суу куюлганда сиздин организм 2,5 литрге чейин суюктукту жоготот. Андыктан, организм жоготкон суюктуктун ордун толтуруу үчүн суусундуктан көбүрөөк ичиңиз.
*Башыңызга бийигирээк жаздык коюп жатыңыз. Бул былжырдын бөлүнүп чыгышын азайтып, дем алууну жеңилдетет.
*Сөөмөйүңүздүн учундагы чекиттерди жана таноолордун сыртын укалаңыз, мурундун бүткөнү азаят.
*Ар бир таноого сабиз менен алманын жаңы сыгылган ширелерин 5 тамчыдан, пияздын ширесин 1тамчыдан күнүнө 3 жолу тамызуу жакшы жардам берет.

Дене табыңыз көтөрүлсө…
Дене табын түшүрүү үчүн денеңизге арак же болбосо тең жарымы суудан, тең жарымы 3% дуу уксустан турган аралашманы сыйпаңыз. Суюктукту көбүрөөк ичиңиз. Кайнатылып коюлган сууга бал же кыям кошуп ичсе болот. Коюу демделген кара чай ичүүгө болбойт.

Жөтөл
Шалфей, ромашка, өгөй эне-өз энеден (мать-и-мачеха) маңыз даярдап, ошону менен тамакты чайкоо сунуш кылынат. Бул чөптөрдүн маңыздарын өз-өзүнчө колдонсоңуз да, баарын аралаштырып колдонсоңуз да болот.
Бир стакан жылуу сууга бир чай кашык сода жана 2-3 тамчы йод кошосуз. Бул аралашма менен тез-тез тамагыңызды чайкап туруңуз.

Элдик медицинада

Элдик табыптар сасык тумоонун күчөп кетишин алдын алуу максатында денени бир катуу тердетүүгө басым кылышат. Ал үчүн ысык тамак ичип, төшөккө жылуу оронуп тердөөгө аракет кылышы керек. Суюк тамакка сарымсакты чийки бойдон кошуп ичсе, оорулуу 2-3 күндө айыгат. « Аттап-буттап өтүп кетсе экен» деп тилек айтып, үйлөргө арча түтөтүп, аластап турушат. Сасык тумоо деле башка тумоолор сыяктуу эпидемиялык мүнөзгө ээ жана өлүмгө алып келген учурлары бар эмеспи. Ошондуктан, «келген балакет идишке, мал-жанга көрүнсүн» деп ырымдашып, тумоолоп жаткан адамдын башынан идиш айлантып сындырышат. Элдик табып Динара айымдан кеңеш:
*Бир стакан кайнатылган ысык сууга, бир чай кашык бал салып, лимондун жарым ширесин кошуп ичкен дурус.
*2-3 даана сарымсакты майда туурап, 30-50 мл кайнак суу куюп, 1-2 саат демдеп коюш керек. Андан кийин аны марлиге сүзүп алып, күнүнө 2-3 тамчыдан мурунга куюп турса пайдалуу.

*Малдын баш этинен шорпо жасап, ысык бойдон ичүү зарыл.
*Бир баш пиязды тазалап, туурагычтан өткөрүп, бир стакан кайнак сүткө салып, жакшылап аралаштырып 10 мүнөттөн кийин аз-аздан ичсе жакшы натыйжа берет.


Сабактын темасы: «1-декабрь СПИДке каршы күн»

Сабактын максаты: Окуучулар СПИД жана ВИЧ оорусу жана анын жугуу жолдору жөнүндө маалымат алышат.

Бүгүн биз 21-кылымдын чумасы болгон СПИД жана ВИЧ жонундо маалымат аласыӊар. Келгиле анда шашпай, төкпөй-чачпай атып берейин, муну билип алуу ар бир адамга керек.

Айыкпас оорулардын бири бул ВИЧ/СПИД оорусу. Бул дарт көп жылдардан бери жер планетасынын чоң көйгөйү болуп, даарысы бүгүнкүгө чейин жок. Ушу себептен БУУ (Бириккен Улуттар Уюму) тарабынан 1988-жылдан тарта 1-декабрь Буткул дуйнолук СПИДке каршы курошуу куну деп белгиленип келет (бул күн жөнүндө өзүнчө макалабыз бар, ылдый жакка шилтеме берилет).

ВИЧ деген эмне?, оору жонундо айтсак көп адамдар ВИЧ менен СПИД оорусун бир оору деп эсептешет, бирок ал андай эмес. Ким ооруп калышы мүмкүн, жана жуктуруп албоо үчүн кандай чара көрүү зарыл? ВИЧ - орус аббревиатурасынан1 келип, "вирус имуннодефицита человека" деп чечмеленелет, кыргызчасы "адамдын имуннодефицит вирусу" (АИВ). Бул вирус адамдын иммунитетин зыянга учуратып, СПИД оорусун пайда кылат. Натыйжада адам иммунитети түрдүү ооруларга туруштук бере албай, каза болот.

СПИД деген эмне? чечмелениши "синдром приобретенного иммуно дефицита", кыргызча которулушу "кабылданган иммун жетишсиздик синдрому" (КИЖС).

Иммунитет бул ар кандай зыяндуу бактерия жана вирустардан коргоочу адам организминин системасы. ВИЧ иммунитетти басаңдатып, организм түрдүү ооруларга чалдыгып, адам ооруйт. Натыйжада иммунитет өтө төмөндөп СПИД оорусу пайда болот.

Бүгүнкү күндө ВИЧ инфекция менен күрөшүүгө болот, аны антиретровирустук терапия менен дарылайт. Анын ичинде ВИЧ болгон кош бойлуу айымдардын балдарын дагы дарылоо болот. Анти ретровирустук терапия ар бир өлкөнүн анын ичинде Кыргызстанда да өз жарандары үчүн акысыз жүргүзүлөт.ВИЧ/СПИД кандай жолдор менен жугат
ВИЧти жуктуруп алуу жөнүндө көптөгөн маалыматтар айтылып келет, бирок аталган оору 3 жол аркылуу гана жугушу мүмкүн, жыныстык, ийне, энеден балага. Негизи, ВИЧ суюктуктар аркылуу берилет, көбүн эсе жыныстык катнаш жана кан аркылуу, колдонулган баңги ийнелеринен, кош бойлуу баладан энеге, бирок түрдүү учурлар дагы болушу толук ыктымал, алар: таза эмес медициналык куралдардан, кан куюууда, пирсинг жана татуировка жасоодо кокустук болуп кетсе, бирөөнүн сакал алгычын колдонууда.

Сабактын темасы:Витамин өмүрдү узартат

Сабактын максаты: Окуучулар витаминдин ден соолук үчүн пайдасы жана кайсы ооруларды алдын ала тургандыгы жөнүндө билимдерин тереӊдетишет

Витаминдүү мөмө-жемиштер.

Витаминдерорганизмдеги нормалдуу зат алмашууда жана тиричилик аракетинде мааниси чоң биологиялык активдүү бирикмелер; тамактануунун алмаштырылгыс фактору. Витаминдин ачылышы орус окумуштуусу Н. И. Луниндин ысмы менен байланыштуу. Ал 1880-ж. тамактын составында тиричилик үчүн эң керек белгисиз фактор бар экендигин экспериментте аныктаган. Поляк окумуштуусу К. Функ 1912-ж. «витамин» терминин сунуш кылган. Буга чейин эле организмге белгилүү өлчөмдө белок, май, углевод, минерал туздар жана суу керек экендиги, ошондой эле начар тамактануудан болуучу оорулар да белгилүү болгон. Узакка созулган экспедициянын саякатчылары жашылча-жемиш жебегендиктен цинга оорусу менен оорушкан.

Витаминдердин көбү — ферменттердин составдык бөлүгү, алар зат алмашууну жөнгө салат. витаминдер организмде болуучу химиялык реакцияларды тездетет, ошондой эле ферменттердин пайда болушуна жана анын функциясына катышат. Организмдин азык заттарды өздөштүрүүсүнө таасир этип, клетканын нормалдуу өсүшүнө жана бүтүндөй организмдин өөрчүшүнө түрткү берет. Киши түрдүүлөп жетиштүү тамактанганда витаминди тамак-аш менен кабыл алат. Алардын кээ бири ичегиде микроорганизмдердин тиричилигинин натыйжасында синтезделет, бирок бул организмдин витаминге муктаждыгын толук канааттандыра албайт. Кээ бир учурда организмге тамак продуктулары менен бирге түзүлүшү витаминдерге жакын бирикмелер (провитаминдер) кирет; алар организмде витаминдерге айланат. Кээ бир продуктуларда бир же бир нече витаминдер жок болот, ошондуктан бир өңчөй жана витамини аз тамак-аш менен тамактануу, ошондой эле организм витаминди өздөштүрө албай калганда витамин жетишсиздиги (гиповитаминоз, авитаминоз) пайда болот. Витаминди ашкере кабыл алуу гипервитаминоз оорусуна алып келет.

Организмдин витаминди кабыл алуусу анын физиологиялык абалына жараша болушу керек. Витамин организмдин өсүү мезгилинде, кош бойлуу жана эмчек эмизген убакта, ооруп жатканда жана оорудан кийин, кара жумуш же акыл эмгеги менен көп иштегенде, мисалы, спорттук көнүгүүлөрдү жасаганда, нерв-эмоциялык чоң күч талап кылган иште, ошондой эле көп убакыт суукта болгондо чоң өлчөмдө талап кылынат (к. Тамактануу). Улгайган кезде витаминди өздөштүрүү начарлайт. Түрдүү тамак-аштагы витаминдин бардыгы эле туруктуу эмес жана алар сырткы факторлордун таасиринен анча-мынча бузулушу мүмкүн. Консерваланган азыктарга караганда жаңы даярдалган тамактар витаминдерге бай; продуктуларды узакка сактоо, аларды кургатуу, ошондой эле бышыруу витаминдин бузулушуна алып келет. Ошондуктан витаминди сактап калуу үчүн түрдүү тамак-аш азыктарын сактоо жана аны даярдоо эрежелерин билүү зарыл.

Витамндин көпчүлүгү латын алфавитинин тамгалары менен белгиленет (мисалы, А, В, С жана башка), мындан тышкары алардын химиялык структурасын көрсөтүүчү атайын аттары бар. Дарылоо максатында Витаминди колдонуу витамин менен дарылоо деп аталат. Сууда эрүүчү витаминдер.

Сабактын темасы: Тазалык ден соолуктун булагы.

Cабактын  максаты:   

1.     Тазалык  жөнүндө  маалымат  алышат.

2.     Жугуштуу  оорулардын  алдын  алууну  үйрөнүшөт.

3.     Дене  боюн  таза,  тыкан  алып  жүрүүгө  тарбияланышат.

Күтүлүүчү  натыйжа.    Таза  болуу  бул   көп  жашоого  өбөк  болорун  билсе;

                                  Жугуштуу  оорудан  алдын  алуу  тазалык  экенин  билсе;

                                  Таза,  тыкан  жүрүүгө  тарбияланса;

Сабактын  жүрүшү:     а)    Уюштуруу

                                       б)    Жаңы  теманы  түшүндүрүү.

     Тазалык  деген  эмне?  Тазалык – бул   адептүүлүк.  Адептүү  бала  ар  убак  өз  боюн  таза  алып  жүрөт.  Таза  жерлерди  басып, кийимдерди  кир  кылбайт.  Ар   убак  самын  колдонуп,  өзүнүн  тиш  щеткасы,  сүлгүсү,  жүз  аарчысы  болушу  керек.  Колунун,  бутунун  тырмагын  алып,  чачтарын  тартипке  келтирүү  зарыл.Эгер  жаныбарларды  кармаласаң,  сөзсүз  колуңду  жууп  тамактан.  Окуу  куралдарыңды  таза  кармап,  барактарын  чийбей,  булгабай  сакта.  Үй  ичиндеги эмеректерди  иретке  келтирип,  тазалап  тур. 

    Анда,  тазалык  жөнүндө  ырлардан  билесиңерби?

Бөбөккө

1-окуучу:

Кийинип  жүр  жасанып,

Досуң  болсун  тазалык.

Чач  тарабай  мыш  болбо

Тазалыктан  жаза  алып.


2-окуучу:

Эсте  эжей  кептерин,

Кир  болбосун  дептериң.

Бүктөп,  чийип  булгаба

Китебиңдин  беттерин.

3-окуучу:

Оркойбосун  тырмагың,

Эске  сакта  бул  жагын.

Кол,  бетиңди жуу  десе

Тартынчыктап  турбагын.


4-окуучу:

Адаттарың  таштагын,

Кийимиң  таза  сактагын.

Апаң  көрүп  кубансын

Акыл  кирген  аппагын.

 

    Эми  силер  эрежелерди  сактабасаңар,  эмне  болооруңарды  билесиңерби?   Анда  келгиле  баарыбыз  буга  күбө  болуп  билели.

                    Тазалык  ден  соолуктун  булагы

     Азат  жашы  тогузга  чыкса  дагы  өзү  теңдүүлөрдөн  кичине  көрүнөт.  Мектепте  орто  окуйт.  Бирок  жаныбарларды  аябай  жакшы  көрөт.  Талаадан  кирпичечен  кармап  алып  анны  багат.  Ит,  мышыкты  тим  эле  өөп,  жыттап  табагынан  тамак  берет.  Анысы  жакшы  дечи,  бирок  өзү  тазалыкты  сактабайт.  Жуулбаган  колу  менен  тамак  жейт.  Кээде  өзөндөгү  суудан  суусагандан  ичип  алат.  Балдар  бул  жоругуна  сын  айтса  мен  дайым  эле  ичип  жүрөм,  эч  нерсе  болгон  жокмун, анан  чоң  энем  айткан «аккан  сууда  арам  жок»  деп  жооп  берет. 

        Мына  ушинтип  ал  күндөрдүн  биринде  ооруп  калды.  Эч  нерсеге  көңүлү  келбей,  өңү  керсары  тартып,  тамак  ичпей  жалдырап жаты. 

        Ата-энеси  тынчсызданып  доктур  чакыртышты.  Доктур  келип, «тезинен  ооруканага  алып  баргыла,  ал  жерден  текшерип  оорусун  аныкташ  керек»  деди. 

         Азатты  ооруканага  жаткызышты.  Доктурлар  текшерип  көрүп,  «сарык»  деген  жугуштуу  оору  экендигин  аныкташты.  Бул  оору  таза  эмес  жүргөндүктөн,  абада  тараган  микробдордон  жуккан  деген  жыйынтыкка  келищти. 

         Азат  ооруканада  бир  айдай  жатты.  Дагы  бир  нече  убакыт  доктурдун  атайы  көзөмөлүндө  текшерилип  турушу  керек  болду.  Балдар,  ден  соолукту  сакташ  үчүн  тулку-боюңарды  таза  тутуп,  дене  бойду  чыңдоочу  көнүгүүлөрдү  жасагыла.  Спорт  менен машыгуу  абдан  жакшы,  ден ссолукка  ийгилик  алып  келет.  «Тазалык – өмүр  булагы»  деп  бекеринен  айтылган  сөз  эмес. 

     Көрдүңөрбү  кир  жүрүү  эмнеге  алып  келет?  Гепатит  оорусу.   Кичинекей  көнүгүү  жасайлы. 

                   

Кичинекей  көнүгүү

Ийилгин  да  сол  жакка,

Өйдө  көтөр  оң  колду.

Шашып  кетип  унутпа

Бутуңду  түз  койгонду.

Эми  кандай  болчу  эле?..

Оңго  ийилмей  албетте.

Бөйрөктөгү  сол  колуң

Өйдө  болот  ал  кезде.

Көргөндүрсүң  көп  ирет

Куштар  канат  какканын.

Колду  шилте  өйдө  ылдый,

Кана  эми  баштагын.

«Бир»  дегенде  кош  колду,

Жайгын  эки  тарапка.

«Эки»  болсо – капталга

Келе  калсын  заматта.

Сол  колуң  ал  бөйрөккө,

Оң  колуңду  алга  сунн.

Кезектешүү – учуру

Унутулуп  калбасын.

Эми  болсо  -отуруп,

Колуңду  артка  таягын.

Чалкала  да,  эсиңе  ал

Буттун  өйдө  барарын.


 

 




















Сабактын темасы: Токсикомания же целлофан баштыкка катылган өлүм

Сабактын максаты: Окуучуларга уулуу заттарды жыттап токсикоманга айлануу жана эмне үчүн бул жорукка барып жаткан себептери менен таанышышат.

Токсикомания-байыркы грек сөзү, токсикоз-“уулуу”, мания-“кумарлык,жиндилик, алагдылануу” дегенди билдирет. Токсикомандар башты айлантуучу же галлюцинациялык таасири бар уулуу заттарды (тиричилик жана өнөр жай химиясынын каражаттарын) жыттайт. Андыктан кээде “балдар наркоманиясы” деп аталып жүрөт. Лак, краска жана аларды эритүүчү эритме, бензин, ацетон, желим, унаанын карбюраторун жууп тазалоочу карб каражатын жана башкаларды жытташкандыктан өздөрүн “нюхач”, “пыхач” деген сөздөр менен аташат. Кээ бир заттарды целлофан баштыкка куюп жытташса, айрымдарын оозуна, жеӊине чачып жытташат. Тиричилик жана өнөр жай химиясынын каражаттарын наркотикалык психотроптуу заттардын реестрине киргизилген эмес. Андыктан ал бардык жерде сатыла берет. 18 жашка чейинкилерге сатылбасын деген мыйзам жок.

Балдардын ден соолугуна кандай зыян келет?

Алгач жыттаганда башы, көӊүлү айланат, жүрөгүнүн кагышы ылдамдайт, кусат. Кыймылы жана сүйлөө речи бузулат. Белгилүү убакыттан кийин көзүнө ар нерселер көрүнүп баштайт. (галлюцинация). Айрымдары айткандай, “мультфилим” көрүшөт, каармандар менен сүйлөшүшөт. Галлюцинацияны кайра көрүү үчүн эртеси кайра жытташат. Жыттоо жагынан стажы барлардын уулуу заттардан нерв системине доо кетип, мээси акырындап кургай баштайт. Акыры кем акыл болуп калышат. Дем алуу жолдору химиялык заттардан улам күйүккө учурайт. Боор, өпкө, жүрөк, бөйрөк оорулары жаралат. Мисалы өпкөнүн рак оорусу жана абсцесси, инфаркт,гипертония жана башка. Кусканда кусундусу дем алуу жолдоруна кирип кетип, же уулуу заттан мерцателдик аритмия жаралып, же газдан муунуп, башына целлофан баштыкты кийип отурган боюнча өлүп калгандар бар. Негизги токсикомандар өмүрү кыска болуп каларын билишпейт.

Статистика:2017-жылы Республикалык наркологиялык борбордо токсикоман 150 бала катталып, дарыланган. Ай сайын болжол менен 15тей уулуу зат жыттап ууланып калгандар түшөт.

Ата-эне кайсы учурда баладан шекшиши керек? Бала уулуу зат жыттанса, башынын ооруганы жана уктабай калышы көбөйсө; Мүнөзү, жүрүм-туруму өзгөрүлүп, ата-энени укпай, жини бат келме болуп баратса; Ой жүгүртүүсүнүн жана эс тутумунун начарлаганы, окуудан жетишпей баштаганы билинсе; Бөлмөгө бекинип, элге көп кошулбоону адат кылса, көздөрү кызарып кала турган болсо.





Мен жана менин укугум

Ар бир адам жарык дүйнөгө келгенден баштап ар түрдүү укуктарга ээ. Анын бардыгы эл аралык коомчулук аркылуу кабыл алынган Адамдардын укуктары декларациясында жазылган. Таң калычтуу, бирок адам затына өзүнүн укуктарын түшүнүп жана аны бекитүү үчүн жүздөгөн жылдар талап кылынган. Бирок, ал укуктар ушунчалык жөнөкөй жана ачык. Эгер дүйнөдөгү бардык адамдар өзүнүн жана башка бирөөнүн укуктарын сыйласа жер шарында адилетсиздик, ар кандай түшүнбөстүк бир кыйла азаят.

Адамдын башкы жана биринчи укугу - бул жашоого болгон укугу. Бул укук бардыгына бирдей жана ыйык. Ошондой эле ар бир адам өз жашоосун жөн эле жашабастан, татыктуу жашаганга укуктуу. Башкача айтканда, бир адам экинчисин моралдык да, физикалык да жактан кемсинтпөөсү керек. Эч ким эч кимди урбашы, коркутпашы, кайсы бир нерсеге мажбурлабоосу керек. Анткени адам жеке кадыр-баркка жана эркиндикке укуктуу. Ошондуктан адам эркин тандоого дагы укуктуу, кайда барып окуйт, кайда иштейт, кимди сүйөт мунун баары адамдын жеке укугу.

Албетте, ар бир адам дагы бир укукка ээ бул - жеке мүлккө болгон укук. Адам табияты ушундай экен, үй болобу, автомобиль болобу же каалаган башка нерсе болобу эгер ал нерселер адамдын жеке мүлкү болсо, эч ким аны тартып алууга укугу жок

Өкмөт жана анын мыйзамдары адам укуктарын коргошу керек. Бирок көбүн эсе адамдарга өз укуктарын өкмөттөн жана анын кээ бир адилетсиз башкаруучуларынан коргоого туура келет. 70-80 жыл мурун эле биздин өлкөдө жаман көзүң менен карап койгонго эле адамдар атууга кетишчү. Ошол эле Европада улуттун тазалыгы үчүн ден-соолугу начар аялдарга төрөгөнгө тыюуу салынчу.

Айтылган мезгилдердин өтүп кеткендиги абдан жакшы, адам заты кичине болсо дагы акылдуу жана адилеттүү боло баштады. Бирок адам укуктары толугу менен сакталууда деп айтуу дагы болбойт, биздин өлкөдө дагы. Кээде бай адамдарга укуктар кеңейип, ал эми социалдык деңгээли төмөн адамдарга укуктар азыраак берилгендей сезилет.

Жеке менин оюмча, ар бир адам өзүнүн укуктарын ашап чаап колдонбой элеби же өзүнүн укуктары бузулбай элеби, өзү карашы керек. Жана албетте, өзү өзүнүн укуктары үчүн күрөшүүсү зарыл. Ошондой эле жана башкысы, башка адамдардын укуктарын өзүнүн укуктарындай эле сыйлоо. Ошондо өлкөнү укуктуу өлкө деп атоого татыктуу болот го?...

1948-жылдын 10-декабрында БУУ (Бириккен Улуттар Уюму) адам укуктарынын жалпы декларациясын кабыл алган. Бул адам тарыхындагы бирден-бир маанилүү окуя болгон, анткени адам укуктарынын декларациясын кабыл алуу мамлекет менен анын жарандарынын ортосундагы мамилелердин жаңы доорунун башаты болуп калган. Укуктук өлкөлөрдүн бардык тарыхын эки мезгилге бөлсө болот: биринчи мезгил 1948-жылга чейинки мезгил. Албетте, адам укуктарынын жалпы декларациясы, ошондой эле ага байланышкан документтер мурда эле Сократ, Платон, Фома Аквинский деген атактуу ойчулдар түптөп коюшкан. Көп жагынан учурдагы укуктук өлкөнүн модели өзүнүн пайда болуусуна Рим республикасына милдеттүү. Азыркы мезгилдин адамына байыркы дүйнөдөгү рим укуктарынын пайда болуусу эле кызыктай көрүнүшү мүмкүн.



































Сабактын темасы: “Кыргыздын атактуу айымдары”

Сабактын максаты: Окуучулар Кыргыздын атактуу айымдары жана алардын эмгектери жөнүндө маалымат алышат

"Адам өлсө, сөзү калат артында,
Жакшы атагы жашай берет калкында".
(Жусуп Баласагын)

Дүйнөнүн түркүгү – эне дешет элибиз. Алар жөнүндө укмуштай уламыштар, макал-лакаптар, сындар, ырлар, санаттар, казалдар, дастандар бар. Байыркы Энесай доорунда элибизден Муңайбас, Айнуру, Кызалма деген баатыр, акылман аялдар чыккан. Чыгыш менен батыштын хандары жана падышалары кыргыздардан кыз алып, куда-сөөк болууга кызыгышкан. Баскынчылары сулуу келин-кыздарын тартып кетишип, күң кылышкан. Энесайда эки кылымдай ордону бийлеген түрк кагандары кыргыз кыздарын аялдыкка алышкан, ал тургай, башка өлкөлөргө, Византия падышачылыгына чейин тартууга беришкен. Кыргыз тарыхында Каныкейдей акылдуулар, Айчүрөктөй сулуулар, Жаңыл мырзадай, Кыз Сайкалдай айбаттуу баатырлар болгон.

"Эки түрлүү адам баалуу башынан, бири бек да, бири акылман деп угам", – деп Жусуп Баласагын айткандай, акылмандыгы, адилеттүүлүгү менен эл башкарып, "Алай ханышасы" атыккан Курманжан даткадай эл башчылары, Бурулчадай, Ак Шербеттей өткүр акындары болгону белгилүү. Айрыкча, ХХ кылымда кыргыздардын ичинде нечендеген эмгек баатырлары, эл артисттери, депутаттары, коомдук ишмерлери, акындары, жазуучулары, ырчылары чыккан. Алар жөнүндө Кыргызстандын басма сөз беттеринде кыйла ырлар, очерктер, поэмалар, повесттер, романдар жазылган. Ошолордун арасынан ооздон түшпөй келаткан айымдарыбыздын айрымдарына токтоло кетели. Эмгеги менен элге таанымал болгон Зууракан Кайназарова Кыргызстандагы колхоз курулушунун көрүнүктүү ишмери, атактуу кызылчачы катары республикабыздын айыл чарбасынын өнүгүшүнө зор салымын кошкон. Зууракан апабыз эмгек жолун алгач колхозчу болуп иштөөдөн баштап, көп өтпөй эле кызылчачылар звеносун жетектеп, мамлекетке көп түшүм берип турган. Айрыкча кан күйгөн согуш жылдарында, согуштан кийин да күнү-түнү бел байлап эмгектенген. Мээнеткеч дыйкандын эмгектик эрдиги жогору бааланып, Социалисттик Эмгектин Баатыры деген наам алган. Бирок андан кийин да ал кызылчанын түшүмүн жогорулатуу үчүн талбай иштеп, экинчи ирет Социалисттик Эмгектин Баатыры болгон. Зууракан Кайназарованын эмгектик эрдиги азыр да дыйкандарга сабак, жаш муундарга үлгү болот деген ишеничтебиз.

Ал эми Уркуя Салиева эжебиз Совет бийлигин чыңдоо үчүн күрөшкөндөрдөн. Кыргыз кыз-келиндеринин ичинен биринчилерден болуп комсомолго, кийин партияга өткөн. Эзүүчү таптарга каршы жана аялдарды азаттыкка чыгаруу үчүн күрөшкөн. Мүркүт айыл кеңешинин төрайымы болуп шайланган. Уркуя жаш болсо да, эл башкарып, басмачыларга сес көрсөткөндүгү, тайманбастыгы менен эле канча таалим-тарбия көрсөтүп турат. Элдин ырыскысын уурдашып, өз кара жандарын гана ойлогон басмачыларга каршы туруп, элдин таламын талашкандыгы үчүн акыры ошол тап душмандарынын колунан курман болгондугу тарыхта жана элдин эсинде калды.

Маданият тармагында эмгектенип, эл сүймөнчүлүгүнө ээ болгон, эл үчүн кызмат кылган көптөгөн улуу актрисаларыбыз да бар. Алардын айрымдарын атай кетсем, Сабира Күмүшалиева, Даркүл Күйүкова, Бакен Кыдыкеева, Таттыбүбү Турсунбаева, Сайра Кийизбаева эжелерибиздин кыргыз театры менен киносундагы ээлеген орду, XX кылымдагы улуттук көркөм маданияттагы баасы жөнүндө улам бир жаңы көз караш жаралып турарында шек жок. Бул инсандардын таланты улуттук тарыхта өз баасын алды.

Сабира Күмүшалиеванын өмүрү да театр менен тыгыз байланышкан. Актрисанын аты республиканын учу-кыйырына эбактан белгилүү. Жаштайынан театрда иштөөнү алдына максат кылгандыктан, ал мугалимдик кесипке окугандыгына карабастан, Кыргыз мамлекеттик музыкалык драма театрына келип кирген. Ошол күндөн тартып ар кыл ролдордун үстүндө талбай эмгектенип, унутулгус образдарды жараткан. Аны менен катар эле кинодо да ондогон ролдорду аткарган. Актрисабыздын эмгеги жогору бааланып, Кыргыз Республикасынын Баатыры деген наам ыйгарылган жана Эмгек Кызыл Туу, "Ардак Белгиси" ордендери менен сыйланган.

Ак кууну көрсөң атпай жүр дегендей, кер маралдай керилген, бул дүйнөдө бир гана жолу жаралуучу перизаада Таттыбүбү Турсунбаева Соң-Көлдө төрөлгөн эле. Бирге ойноп, бирге өскөн агасы Нуркан Турсунбаев экөө чыгармачылыкка да бирге аттанышкан. Экөө эгиздей ээрчишип алып республикалык кароого келип, Таттыбүбү "Гүлкайыр" деген ырды аткарып, 1-орунду ээлеген. Экөө ээрчишип жүрүп Таттыбүбү үчүн жазылган кыска метраждуу "Салиманын ыры" деген фильмге тартылышкан. "Кылдай арамдыгы болгондо Таттыбүбү тирүү калмак", - дейт агасы Нуркан Турсунбаев. Таттыбүбүнүн ырчылык өнөрүнө элибиз 1963-жылы радиого жаздырылган "Ай баратат" аттуу ырды укканда күбө болгон. Анын "Уркуя", "Ак Мөөр" көркөм тасмаларында аялзатынын ажайып сулуулугун даңазалаган, кыргыз элине бир келген ажайып сулуу экендигин убагында эч ким элебесе керек. Таттыбүбүнүн өлгөнү – бир арман, сулуулугу – бир арман болуп атпайбы.

Таттыбүбү өлгөн түнү кар аралаш мөндүр жаап, эртеси асман чайыттай ачылып кеткен дешет. Асманда ак чардактар пайда болуп, айланып учуп, кыйкуулап, анан кайдадыр канат кагып кетишкен, бир укмуштай кыйкуулашып, адамдар Таттыбүбүнү эмес, жер үстүндөгү Сулуулукту жер астына биротоло көмүп жаткандай болгон дешет.

Эгемендүүлүк жылдарында мамлекет жакырчылыктын сазына батып, мектепке барбай, кароосуз калып, жертөлөдө жан баккан балдар көбөйдү. Эл кызыкчылыгынан өз кызыкчылыгын өйдө коюп, акыры элдин жаалынан коркуп качкан эки президентибизден айырмаланып, кыйчалыш кырдаалда мамлекеттин эки тизгин, бир чылбырын колуна алган Роза Отунбаева кыска аралыкта эркектерге үлгү көрсөтүп, элдин ынтымагы, мамлекеттин чыңдалышы үчүн алгылыктуу иштерди жасады.

Тарых тастыктап тургандай, эң кыйын, эң оор шарттарда бүт кыйынчылыктарга аялдар гана түтөт. Андыктан сөзүмдүн акырында Кыргызстандын айымдарына бардык жакшылыктарды каалап, ар дайым атак-даңкка жетип жүрө беришине тилектештигимди билдирем.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!