СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Клавиатура тууралуу маалымат

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Клавиатура тууралуу маалымат»



КЛАВИАТУРА

К
омпьютерге баштапкы маалыматтарды киргизүүдо жана анын иштешин башкарууда клавиатура пайдаланылат. Бүгүнкү күндөгү жеке компьютерлердин көпчүлүк басымдуу клавишалары 101/102, 104/105 же 108 клавишалуу клавиатуралар болот. Компьютердин клавишалары бир нече режимде иштеши мүмкүн, аны кээде регистирлер деп аташат. Төмөнкүдөй режимдерди атоого болот: чоң жана кичине тамгаларды киргизүү, орус жана латын тамгалары киргизуу, ичине коюу алмаштыруу, цифраларды киргизүү клавишалардын жардамында кирет. Орус/латын тамгаларын киргизүү режимин клавишаларды орундаштыруу деп аталат. Клавиатуранын бардык клавишаларын негизиненнегизги төрт тайпага бөлүшөт: аларга алфавиттик-цифралык, цифралык, функционалдык, жана башкаруучу клавишалары кирет. Алфавиттик-цифралык клавишалардын тобу тексттик маалыматтарды киргизүү үчүн кызмат кылат. Функционалдык F1-F12 клавишалары клавиатуранын жогорку катарында жайгашкан болуп, программа менен иштөө учурунда бул клавишаларды басуу менен аныкталат. Мисалы F1 клавишасы көптөгөн программаларда программа жөнүндө маалыматты көрсөтөт.



Функциялык клавишалардын Windowsто аткарган кызматтары:

  • F1-сурап билүү

  • F2-Windows Exloler, Microsoft Visual Studio жана башка программаларда файлдын атын өзгөртүү функциясын аткарат.

  • F3- адатта издөө функциясын активация кылат.

  • F4-учурда көбүнчө колдонулбай калды, мурда бул клавишва файлды редакциялоо функциясын аткарчу.

  • F5-Windows оперативдик системинде көбунчө кайра жүктөө же жаңылоо функциясы, файл менеджерлеринде көчүрүү функциясы анын мойнунда.

  • F6-браузерлерде даректи жазууга фокустайт, файл менеджерлеринде файлдарды жылдыруу.

  • F7-файл менеджерлеринде жаңы каталог түзүү.

  • F8-файл менеджерлеринде файлды өчүрүү, учурда анча колдонулбайт.

  • F9-файл менеджерлеринде менюга фокус берүү, учурда оюндарды тез жүктөө функциясын аткарат.

  • F10-программанын менюсун чакыруу (кээде табуу)

  • F11-толук экрандуу терезе режимге которуу

  • F12-кошумча меню



Айрым клавишалардын кызматын атоодон мурда тексттик курсор жана прокрутка (жылдыргыч) деген түшүнүктөрдү билүүбүз зарыл.



Тексттин кезектеги символун монитордун экранына чыгаруу ордун көрсөткөн белгини (значокту) тексттик курсор деп аташат.



Кандайдыр бир клавишаны басуу менен ага тиешелүү символдун кодун баскан болобуз, натыйжада ал символдун сүрөттөлүшү монитордун экранында пайда болот. Пайда болгон символдун жанында атайын формадагы белги чыгат, аны курсор деп аташат.

Киргизилген символдун сүрөттөлүшү орнотулгандан кийин, курсор экранда кийинки орунга чыгуучу символ ордуна жайгашат. Символдор менен жолчону толтуруп акырына жеткенден кийин курсор кийинки жолчонун баш жагына жайгашат. Акыркы жолчонун акыркы орду символ менен жазылган экранды текст менен толук толтурулган дешет.

Мындан кийин да текстти киргизүү процесси улантылса экрандагы жазууларды айландыруусу башталат. Бул деген тексттин эң жогорку жолчосу экрандан сыртка чыкканын билдирип алар көрүнбөгөн абалда болушат. Зарыл учурда тексттин каалаган жерине баруу үчүн өйдө, төмөн, оңго, солго жылуу менен жетүүгө болот. Жылдыргыч (прокрутка) автоматтык түрдө же колдонуучунун көрсөтмөсү аркылуу ишке ашат.

Жылдыргычтар өйдө, төмөн (вертикалдык) жана оңго солго (горизонтук) болуп экиге бөлүнөт. Өйдө, төмөн жылдыргыч экранда оң жагында ал эми оңго, солго жылдыргычтар экранды төмөн жагында жайгашат

Экрандагы сүрөттөлүштү которуштуруунун натыйжасында экрандын көрүнбөгөн жагын, мурда көрүнгөн жагын алып барып көрсөтүүнү жылдыргыч (прокрутка) дап атайбыз.

Колдонуучу тез-тез пайдаланып туруучу клавиатуранын башкаруу клавишаларынын негизги кызматтарына токтололу. Өзубүзгө ынгайлуу болсун учун клавиатуранын сол жаккы жогорку бурчунда жайгашкан клавишасынан баштап, бул катарды биринчи деп эсептейли.

  • Esc-клавиатуранын сол жактагы жогорку бурчунда жайгашып, мурда ар кандай жасалган аракеттерди алып таштайт.

  • Tab-(табуляция) үчүнчү катардын сол жагындагы биринчи клавиша. Ар кандай жадыбалга берилгендрди киргизүүдө пайдаланылат. Киргизилген менен берилгендерди сол жакка ыктатып тегиздейт. Бул клавишаны башка максатка да колдонууга болот, мисалы обьектен өтүүдө.

  • CapsLock-тизмелерди белгилөө. Төртүнчү катардын биринчи клавишасы. Клавиятурадагы тамгалардын чон тамгасын кичине тамга, кичине тамгасын чон тамгага алмаштырууда пайдаланылат. Клавиатуранын жогорку катарындагы он жакта жайгашкан үч чырак (кичинекей лампочка) (Num Lock, Caps Lock, Scroll Lock) бирөсу күйсө ушул режим орнотулгандагын билдирилет

  • Shift-клавиатуранын клавишаларынын ордун убактылуу алмаштыруу кызматын өтөйт. Shift клавишасы клавиатурада бешинчи катардын оң жана сол катарында жайгашып, экөө тең бирдей кызматты аткарат.

Клавиатурадагы эки же андан көп клавишаларды бирдей басуу менен аткарылган кызматты клавиатурадагы айкалыштыруу деп атайбыз.



Клавишаларды айкалыштыруу «+» белгиси менен белгилешет, бул белги басыла турган эки клавишанын ортосуна коюлат, мисалы shift+F1 мында биринчи көрсөтүлгөн клавиша коё бербестен экинчиси басылат.

  • Ctrl-клавишасы алтынчы катарда болуп, алфавиттик-цифралык клавишалар тобунун экинчи жагында жайгашат. Клавиатуранын бул эки клавишасы клавишалардын негизги маанисин өзгөртүү менен башка клавишаларга орун алмаштырууда кызмат кылат.

  • Alt-(alternate-кошумча) кошумча. Клавиатурада мындай клавиша экөө, ал негизги клавишалардн маанисин башка клавишаларга алмаштырат, жана дагы тилдерди алмаштырууда, которууда колдонулат.

  • Клавиатурадагы “Windows”тун сүрөтү бар клавиша алтынчы катарда болуп аны басуу менен негизги менюну экранга чакырат. Айрым клавиатураларда мындай клавиша жок.

  • “Контекст” клавишасы ошол эле алтынчы катарда жайгашат, жана аны басуу менен экранда контексттик терезе чакырылат, колдонуучу аны менен ар кандай амалдарды аткарат. Кээ бир клавиатураларда мындай баскыч жок.

  • Spacebar-аттамак (пробел). Тексттеги сөздөрдүн арасындагы аралыкты сактоо үчүн кызмат кылат.

  • Enter-пуск (аракетке келтирүү).Мындай клавишаны басуу менен компьютер берген түрдүү буйрукту аткаруу аяктоосун билдирет.

  • Backspace-бир кадамга артка (кайтуу). Алфавиттик-цифралык клавишалардын тобунда болуп, Enter клавишасынын үстүндө жайгашат, жана узун жебеси бар клавиша болот. Аны басуу менен сол жактагы бир символду өчүрөт.

  • Insert-салуу/алмаштыру (вставка/замена). Салуу режиминде жаңы киргизилген белги эски киргизилген текстти оң жакка жылдыруу менен орнотулат. Ал эми алмаштырүү режиминде оң жактагы тестти өчүрүү менен жаны символдор киргизилет

  • Delete-жоготуу. Курсор көрсөткөн жерден баштап символдорду жоготуп өчүрө баштайт. Delete клавишасын басып коё бербеген абалда белгилерди удаалаш түрдө жогото баштайт.

  • Home-жолчонүн баш жагына өтүү. Курсор тексттеги жолчонун каалаган жеринде жайгашпастан анын баш жагына тез өтүү кызматын аткарат.

  • End-жолчонун аягына өтүү. Курсор жолчонун кайсы жеринде болбосун бул клавишаны басуу менен жолчонун аягына келет.

  • Page Up-(page-барак, up-жогору) экрандагы бир баракты түзгөн тексттен керектүү сандагы жолчолорго өткөрүлөт же аткарылып жаткан программанын экрандык барактын башынан көз каранды болот.

  • Page Down-текст боюнча экрандык барактын төмөн жагын карай жылдыруу менен барактын акырына курсор барат.

  • Багыттама клавишалар. Бул жебече көрүнүшундөгү клавиатуралардынкаалаган бирин басып, анын көрсөткөн багыты боюнча жылып каалаган орунга барып токтотууга болот.

  • Print Screen-экран ичинде кармалган баардык маалыматты кагаз түрүндө басылмадан чыгаруу жана экрандык сүрөттөлүштү алуу кызматын аткарат.

  • Scroll Losk-жылдыргычтарды блакировкалоо. Ms Excel электрондук жадыбал программа менен иштөөдө колдонулат.

  • Pause-кандайдыр бир програмды токтотуп туруу кызматын аткарат.

  • Num Lock-сан ариптерин чыгаруу режимин токтотот. Сан ариптери бар клавишалардын тобу санариптерди чыгаруу жана башкаруу режиминде иштейт.

Төмөнкү клавишалар 108 клавишасы бар клавиатурада кездешет.

  • Power-компьютердин өчүрүү кызматын аткарат.

  • Sleep-күтүү режимине өтүү кызматын аткарат.

  • Wake-компьютердин нормалдуу иштөө режимин калыбына келтирүү кызматын аткарат.