информатика
Жумагулова Жазгул
5-класс
Жагымдуу маанай
акылдуу
ынтымактуу
5-класс
билимдүү
сабырдуу
аракетчил
жоопкерчиликтүү
Үй тапшырмасы: 3-чейректе өтүлгөн темаларды кайталоо 1.Компьютердин бардык программаларынын жыйындысы эмне деп аталат? Программалык камсыздоо 2.Кайсы программалардын жардамы менен компьютерде чыныгы тапшырмалар текстти киргизүү,сүрөт тартуу,эсептөө ж.б.аткарылат? Колдонмо программалар 3.Ишке даяр компьютердин мониторунун экранындагы сүрөттөлүшү эмне деп аталат? Жумушчу стол 4.Картинкаларды,куттуктоо баракчаларды,жарнамалык кулактандырууларды, чакырууларды,докладдарга иллюстрацияларды жана башка сүрөттөрдү жаратууга арналган программа эмне деп аталат? Графикалык редактор 5. Компьютердин негизги(базалык) бөлүгүн айтып бергиле. Монитор,системдик блок,клавиатура,мыш. 6. Информацияны кагазга чыгаруу үчүн кайсы түзүлүш колдонулат? Принтер
тексттик информация 1-сабак. Тема: Текст информацияны берүү формасы катары.
Максаты:
Текст,тексттик информация деген эмне
экенин жана алардын мааниси жөнүндө
маалымат алып түшүнөсүңөр.
Турмушта аны туура колдонууну билесиңер.
Аракет :
Сабакты кунт койуп угуп, берилген тапшырманы аткарып ,суроолорго туура жооп берип, жоопкерчиликтүү мамиле жасасаңар.
Койгон максатыбызга жетип, көп ийгиликтер жаратабыз.
Текст -бул бастырылган,жазылган же оозеки формадагы ар кандай сөз түрүндөгү билдирүү(айтылыш).
Жазылган текст формасында берилген информация тексттик информация деп аталат
Ар бир жазылган текст-бул символдордун белгилүү ырааттуулугу. Текстте бир эле символду жоготуу,алмаштыруу же кайра коюу анын маанисин өзгөртөт. Мисал келтирип көрөлү:
Алба
Кандайдыр нерсегни алууга мумкун эместигин түшүнүү
Алма
Амал
Алга
Матиматикалык эсептөө
Мөмө жемиш
Ураан же чакырык
Тексттеги символдор тамгалардан(а,б,я) гана эмес сандардан(1,2-90) жана ар кандай белгилерден (.,;?)!»+-*/%ж.б.)турат. Бири-биринен акыркы бир эле символу менен айырмаланган эки фразаны карайлы.
Бизге ким келди! Кирип келген кишини көрүштү жана таанышты
Бизге ким келди? Жагдайдын белгисиз-дигин жана аныкталбагандыгын көрсөтөт
Бирок, эң башкы нерсе өзгөргөн эмес,ал: текстке өзгөртүү киргизүү үчүн аны кайрадан жазып чыгуу керек болгон. Бул абдан узак жана көп эмгек талап кылган процесс.
Информацияны эмнелерге жазган?
Информацияны жазууда кандай жазуу куралдарын колдонгон?
Азыркы убакта информацияларды жазуу үчүн эмне колдонобуз?
Албетте компьютерди .
Анын пайда болушу жазуу технологиясын түп тамырынан өзгөрттү.Атайын компьютердик программалардын жардамы менен каалагандай текстти терсе болот. Зарыл болгон учурда ага өзгөртүү киргизе алабыз. Узакка сактоо үчүн компьютердин эсине текстти жазууга болот. Каалаган санда көчүрмөсүн принтерден чыгарып аласын. Алыскы аралыкка почтанын жардамы менен башка компьютер-лерге жөнөтүүгө болот.
Өтүлгөн теманы бышыктоо
Текстте бир символду жоготуу,алмаштыруу анын эмнесин өзгөртөт?
Көлөмүн
Санын
Маанисин
Бастырылган,жазылган же оозеки формада болуучу ар кандай сөз айтымы эмне деп аталат?
Аңгеме
Сүйлөм
Текст
Жазылган текст формасында берилген информация кандай информация деп аталат?
Басма
Тексттик
Графикалык
Компьютердеги информацияны кагазга басып чыгарууда кайсы түзүлүш колдонулат?
Принтер
Клавиатура
Сканер
Өтүлгөн сабакты бышыктап,эсте калтыруу үчүн сылканы басып кирип тестти иштегин.
Үйгө тапшырма
- Байыркы адамдар маалыматты кантип бири-бири менен алмашышкан жолдорун интернет булактарынан издеп келесиңер.
- Бүгүнку өтүлгөн теманы окуп, түшүнүгүңөрдү дептерге жазасыңар.
келечек жаштардын колунда!