Биология
Сабактын темасы: Клетканын органоиддери.
Сабактын максаты: а) Цитоплазма жана органоиддер жөнүндө кеңири маалымат берүү.
б) Клетканын түзүлүшү туурасындагы билимин өркүндөтүшөт. .
в) Башкалардын да эмгегин сыйлай билүүгө тарбияланышат..
Көрсөткүчтөр: Окуучулар максатка жетет деп билсек болот эгерде алар:
. а)Цитоплазма жана органоиддер жөнүндө маалымат алышса.
б) Клетканын түзүлүшү туурасындагы билимин өркүндөтүшсө .
в) Башкалардын да эмгегин сыйлай билүүгө тарбияланышса.
Сабактын жабдылышы:Окуу китептер,карточкалар,презентация,интернет булактары.
Сабактын ыкмасы: Тушундуруп айтып беруу,ангемелешуу,суроо-жооп.ж.б.
Сабактын тиби: Жаны билим.
Сабактын журушу: 1) Уюштуруу 2)Өтулгөн теманы кайталоо 3) Жаны тема
Мугалимдин иш аракети: Сабактын темасын,максатын айтат жана тушундурөт.
Окуучунун иш аракети: Окуучулар сабактын темасын,максатын угат жана тушунушөт.
Отулгон темаларды кайталоо:Мугалим окуучуларга суроо беруу менен кыскача ангеме жургузөт окуучулар берилген суроолорго жооп беруу менен өздөру билгендерин ортого салышат.
Жаны теманы тушундуруу:Мугалим окуучулардын билимин текшерип алуу максатында цитоплазма жана органоиддери жөнундө сурап окуучулардын оюн угат.
Балдар алгач “Клетка” деген сөзгө синквейн түзүп көрөлү.
1.Клетка
2.Кичинекей,жандуу.
3.Азыктанат,көбөйөт,өлөт.
4.Бардык тирүү организмдерге мүнөздүү.
5.Система.
Клетка негизинен 3 бөлүктөн турат:
чел кабыгы 2) цитоплазма 3) ядродон.
Клетка чел кабыгы сырткы катмардан жана анын астында жайгашкан плазма мембранасынан турат.Өсүмдүк клеткасында чел кабыктын сырткы катмары калың болот дагы,негизинен клетчаткадан турат.Бул катмар өсүмдүк клеткалары менен ткандарына тирөөч кызматын аткарып,аларды ар кандай зыянга учуроодон сактайт.Жаныбар клеткасынын сырткы чел кабыгы өтө эле жука жана ийилгич келет,ал полисахариддер менен белоктордон турат.Өсүмдүк менен жаныбар клетка чел кабыгынын ички катмарын түз эле цитоплазманын үстүндө жайгашкан плазмалык мембрана тузөт.
Цитоплазма-клетканын ички килкилдек чөйрөсү.Цитоплазма матрикси клетканын ички чөйрөсүн түзгөндүктөн,анда негизги зат алмашуу процесстери жүрөт.Анда клетканын негизги бөлүктөру,органоиддер,кошундулар жана ядро жайгашкан.
Органоиддер-бул цитоплазманын туруктуу,айрым кызмат аткарган ,белгилуу тузулүштөгү адистешкен бөлүгү.Жалпы маанидеги органоиддерге: эндоплазмалык торчо,рибосома,митохондрия,пластида,гольжи аппараты,микротүтүкчөлөр жана кыймыл органоиддери кирет.
Эндоплазмалык торчо-бул органоид микроскоп менен изилденгенде жаныбар менен өсүмдүк клеткаларынан табылган.Ал каналча менен көңдөйчө торчосун тузгөн мембранадан турат.Ал клетканын ички бетин көбөйтүп,физикалык абалы жана химиялык курамы менен айырмаланган бөлүктөргө бөлүп,реакциялардын шайкештигине зарыл болгон ферменттик системаларды обочолоп турат.
Рибосомалар-бул чоңдугу 13-35 нм келген,майда тоголок денечелер.Алар эндоплазма торчосунун мембранасында жана цитоплазмада жайгашат.Бардык эле организмдердин клеткасында миндеген рибосомалар табылган.Алар белок биосинтезин ишке ашырат.Рибосомалардын тутумуна белок жана рибосомалык РНК кирет.Ар бир рибосома бирдей эмес эки бөлүкчөдөн турат.Биринин көлөму чоң,экинчисинин көлөму кичинекей.
Гольжи аппараты-жаныбар менен өсүмдүктөрдун бардык клеткаларынан табылган.Ал көп маанилүү функцияларды аткарат.Клеткадагы белоктор,углуводдор,майлар эндоплазмалык торчосунун каналдары аркылуу гольжи аппаратына барат.Бул заттардын баары анда топтолушуп,концентрацияланат ,андан кийин ири жана майда исиркектер турундө цитоплазмага өтөт.
Лизосома-бул гольжи аппаратында пайда болгон тоголок денечелер.Ар бир лизосома мембрана менен курчалган.Ал андагы ферменттерди цитоплазмадан бөлүп турат.Анда клеткага келип түшүүчү татаал бирикмелерди ажыратуучу 40 ашык ферменттер бар.Ал ферменттери татаал заттарды жөнөкөй заттарга ажыратат.
Пластидалар-жашыл өсүмдүктүн клеткасына гана мүнөздүу органоиддер,жаныбар клеткасында пластидалар болбойт.Пластидалар 3 типке бөлүнөт:
Хлоропласттар-жашыл 2) Хромопласттар-кызыл,кызгылт-сары 3) лейкопласттар-түссуз.
Хлоропласттар-кеңири таралган жана тирүү жаратылышта өзгөчө маанилүү пластидалар.Хлоропласттын жашыл түсү өзгөчөпигментке-хлорофилге байланыштуу.Хлоропласттар өсүмдүк,жаныбар ж.б. жашыл организмдердин клеткаларында болот.Хромопласттар-өсумдүктүн ар кандай бөлүктөрүнүн :гулү,мөмөсү,сабагы,жалбырагынын клеткаларынын сары,жашыл түстүү болушу,хромопластка байланыштуу.Лейкопласттар-түссуз органоид.Алар өсүмдүктүн түссүз бөлүктөрүнүн,мисалы,сабак,тамыр,түймөкчө клеткаларынын цитоплазмасында болот.
Клетка кошундулары клетканын тиричилигинде пайда болот.Алар нык бөлүкчөлөр(граналар),суюк тамчылар,ошондой эле кристалл түрүндө да кезигет.
Сабакты бышыктоо: Суроолор берилет,карточкалар,эки бөлүктүү күндөлүктөр таркатылат.
Уйго тапшырма: Өтулгөн теманы боюнча маалымат топтоп окуп келуу.
Баалоо : “4”, “5”, “3”
Текшерилди________________________________________________________________